Ислам дини Алла Таала тарабынан адамзаттын пайдасы үчүн жиберил­генине эч кандай шек күмөн жок. Андай болсо, бул дин кулчулукка кан­тип уруксат берүүдө?

Реинкарнация деген «рухтардын бир денеден экинчи бир денеге өтүшү» - деген маанини билдирет. Бул түшүнүктө болгондордун ою боюнча денелер рухтардын калыптары сыяктуу. Рухтар бул калып­тардын ичине кирип, жашайт. Бир дене өлсө, башка денеге өтөт, ан­дан башкага деп отуруп, акыр аягына чыгып болбос.

Эң алгачкы коомдордо да бул ишеним бар болчу. Бирок бул ише­ним улуттук маданиятка жана жашаган жерге жараша өзгөрөт. Миса­лы, Египеттеги реинкарнация ишеними менен Ганждагы реинкарна­ция ишениминин ортосунда чоң айырмачылыктар бар. Ал эми афина­лык философтордун баяндоолору менен бул ишеним таптакыр башка түшүнүккө айланган.

Реинкарнация учурда да актуалдуу маселелердин бири. Бирок бул түшүнүк учурда ишеним системасына айланган жашоо таризи сыяк­туу. Кээ бир кишилер реинкарнацияга абдан ишенишип, Геродот айт­кан көбү жалган икаяларды чындык катары көрүшүүдө. Ушул ише­нимде болгон кээ бир адамдар рухтар жалгыз гана адамдардын дене­леринде эмес, айбанаттардын, атүгүл өсүмдүктөрдүн ичинде да болу­шат дешет. Бул ишенимди жактоочулар рухтардын бүткүл жараты­лыш дүйнөсүн камтый турганын айтышат. Кээ бир рухтар адамдар­дын денесинен айбанаттарга, алардан өсүмдүктөр дүйнөсүнө, жан­сыздарга жана кендерге... ушундайча кургактан сууга, суудан кургак­ка баш-аягы жок кирип-чыга берет. Рухтун бир кишинин денесинен экинчи бир кишинин денесине өтүшүнө «Насх», өзүнө ылайык бир жаныбардын денесине өтүшүнө «масх», өсүмдүккө өтүшүнө «расх» жана кендерге өтүшүнө «фасх» - деп айтышат.

Бул ишеним оболу Нил дарыясынын жээгинде жашаган инсандар­да пайда болуп, кийинчерээк Индияга, ал жерден Грецияга өткөн деп айтылат. Бул ишеним каббалисттер (Тоораттын тамгаларынан кээ бир маанилерди чыгарган жөөттөрдүн бир мазхабы) тарабынан иудаизм­ге, алардан христиандыкка жана башкаларга жуккан. Булар айткан ойлорун далилдеш үчүн кээ бир «далилдерди» келтиришке аракет кылышат. Мисалы, каббалисттер Тоораттагы Ниобинин мрамор таш­ка айлануусун, Азирети Луттун аялынын чаңдан жасалган айкелге айланышын, андан кийинкилер болсо кээ бир жөөттөрдүн маймылга, кээ бирин чочкого айланышын айтышкан. Ал эми кээ бирлери айба­наттардагы Кудай тарабынан коюлган инстинкт сезимин жана өсүм­дүк дүйнөсүндөгү укмуштай тартип менен мыйзамды даракка, же ай­банатка айланган адамдын руху менен башкарыла турганын айты­шып, элди ишендиргиси келишкен.

Бирок булар тууралуу аз гана ой жүгүртүп, карасак өсүмдүктөрдө да, адамдарда да реинкарнациянын жок экенин көрө алабыз.

Жансыздар жана өсүмдүктөрдүн программаланган түрдө жарал­гандыгы шексиз. Бирок алардагы өлчөм жана тартиптүүлүктү «алар­дын ичинде мурда жашаган рухтарга» байланыштыруу – күлкү ке­лерлик нерсе. Ырас, дарак жана өсүмдүктөрдүн өздөрүнө тиешелүү жашоолору бар, бирок бул эч качан адамдын руху болгон эмес, ошон­дой эле «адамга айлана турган» адамдын руху да эмес.

Ушул убакка чейин эч бир өсүмдүктөн өзүн башкара алган адам­дын руху пайда болоруна тиешелүү эч бир так далил айтылган эмес, ошондой эле эч бир адамдын руху айбанатка, же болбосо өсүмдүк­кө өткөнү илимий түрдө далилденген эмес. Дагы бир маселе бар, бул ошол «рухтар башка адамга өткөндө» мурда жашап өткөн турму­шу тууралуу берген маалыматы. А бирок бир-эки акылсыздын жөө­лүүгөнүнөн жана бирин-серин «сенсациялуу» кабарлардан башка бул тууралуу эч нерсе билбейбиз.

Тооратта баяндалган Ниобинин мраморго жана Азирети Луттун ая­лы Этидхенин чаңдан турган айкелге айланышы эч качан реинкар­нацияга далил боло албайт. Мындай нерсени кабыл кылсак да, бул баары бир рухтун денеден чыгып, дене болсо келген апаатка жара­ша күйгүзүүчү атмосферага туш келип, топуракка айланып калган же болбосо лавалардын астында калган жансыз денелер сыяктуу таш­ка айланган. Мындай катып калган денелер төгөрөктүн төрт бурчун­да кыйла көп кездешет. Мындай «ниобилерди» реинкарнацияга бай­ланыштыруунун өзү акылсыздык. Биз бул денелерди караганыбызда ошол доордогу адамдардын Кудайын тааныбай чектен чыгышканда аларга Алла Тааланын азабы келгенине күбө болуудабыз. Алла Таа­ла тарабынан адамдарга сабак болсун деп сакталган бул этнография­лык материалды реинкарнацияга байланыштыруу наадандык болуп эсептелет.

Египетте, Грециядагы бул ишеним негизинен акырет ишениминен кээ бир кара мүртөз адамдардын кийлигишүүсү аркылуу бузу­луп алынган түшүнүк. Египеттик Атендин ою боюнча адам баласы­нын бул дүйнөдөгү турмушу бүткөндө, асмандагы турмушу башта­лат. Адам өлөөрү менен руху асмандагы улуу сот майданына чыгары­лып, Осиристин алдына алып барылат. Осиристин алдына келген ар бир рух төмөнкүчө эсеп берет: «Алдыңа күнөөсүз келдим жана раб­банийлерди (Алла Таалага толугу менен берилген аалымдар) ыраазы кыла турган бардык нерсени кылдым. Кан төккөн жокмун, уурулук кылган жокмун жана жаман жорук-жосундарды жасабадым. Ойнош­тук кылган жокмун.» Буларды айта алган рух Осиристин жамаатына кошулат. Айталбаган жана сообу таразага оордук кыла албаган рух тозокко ташталып, ал жердеги азап берүүчү забанийлер тарабынан азапка дуушар болот.

Кайра эле ошол атен динине тиешелүү ыйман чындыктары туура­луу айтылган төмөнкү ишенимдерди учуратууга болот: «Сен кылган нерселердин көбүн биз көрө албайбыз. Эй, Жалгыз Кудай, сенин кү­чүңө эч ким тең эмес. Сен бул жерди каалаганыңдай жараттың жана сен жалгызсың. Адамдар, чоң-кичине жер бетиндеги бардык айба­наттар, асманда канаттары менен учкан бардык куштардын бардыгы­на ылайык болгон жерин бересиң жана алардын бардык муктаждык­тарын сен бересиң. Бардык кооз нерселер сенин каалооң боюнча жа­ралып, бардык көздөр булар аркылуу сени көрө алышат. Сен менин жүрөгүмдөсүң.» (A HISTORY OF EGYPT, 371-376 Prof. Breadsted) Биз тараптан эч нерсе кошулбаган бул ишенимдер мындан 4000 жыл мурун Египетте чындык катары кабыл кылынган нерселер болчу.

Грецияда да кайрадан тирилүү жана рухтун түбөлүктүүлүгүнө ише­ним бекем эле. Улуу философ Пифагор денеден бөлүнүп чыккан рух­тун өзүнө таандык жашоосунун боло турганын жана негизинен рух жер бетине келе электен мурун бул жашоого ылайык түрдө жаралга­нын жер бетине кээ бир жоопкерчиликтер менен келгенин, бул жерде кыла турган жамандыктары үчүн тозокко ыргытылып, забанийлер та­рабынан азапка дуушар боло турганын, эгерде жакшылык кыла тур­ган болсо, бактылуу турмушка жете турганын айткан жана мындан биз исламдагы кайрадан тирилишке болгон көз карашына абдан жа­кын ишенимге ээ болгонуна күбө болуудабыз.

Платондун «Жумхурият» аттуу китебиндеги баянынын мындан айырмасы жок. Анын ою боюнча «Денеден чыккан рух материал­дык турмушту таптакыр унутат. Анан ал башка ааламга көтөрүлүп, кемчиликтерден, каталардан, коркуулардан, атүгүл материалдык жашоодо аны кыйнаган сүйүүлөрдөн, ашыктыктардан, кыскасы адамга тиешелүү баардык жамандыктардан кутулуп, бакубат турмушка же­тет.»

Негизи ишениминде реинкарнацияга тиешелүү бир нерселер бар эл болсо, анда анын бузулган ишенимге ээ экендиги анык.

Кудайдан келген христиан дини Азирети Исага Кудай катары ише­не башташкандан кийин бузулууга учураган. Эгер Ыйык Курандын жол көрсөтүүчү баяны болбогондо, христиандыкка болгон көз караш атенизмден жана брахманизмден эч айырмасы калмак эмес. Ушул сыяктуу эле байыркы Египет диндери, инду жана грек диндери бел­гилүү бир убакыт өткөндөн кийин бузулууга дуушар болуп, реинкар­нация ишенимдери бул бузулуудан пайдаланып, аралашканга үлгүр­дү десек болот.

Египетте тамыр салган бул ишеним Нил өрөөнүндө дастандарга ай­лангандан кийин грек философторунун кийлигишүүлөрү менен мур­дагыдан да кененирээк түшүнүккө ээ болуп, жомокторго айланып жер бетине жайылган.

Бул түшүнүктүн «кулу» болгон индустандыктар материяны Брах­мандын акыркы чагылышы катары көрүп, рух менен дененин бири­гишин жамандык катары карашкан. Ал эми өлүмдү болсо адамдык кемчиликтерден кутулуу, жогорку даражаларга көтөрүлүү катары санашат. Индуизмдин эң маанилүү китеби болгон «Ведантада» рух Брахмандын бир бөлүгү катары кабыл кылынып, мунун калыптан ка­лыпка өтүп отуруп, түпкүлүгүнө кайтканга чейин кайгы-кападан ку­тулалбай турганы айтылат.

Бул ишенимди кийинчерээк жөөттөр да жактырышкан. Дүйнө де­генде эки көзү төрт болгон, рухтун түбөлүктүү болушун абдан каала­ган жөөттөр кайрадан тирилүү ишенимин жойгондон кийин реинкар­нацияны кабылдаган. Андан кийин каббалисттер тарабынан Искен­дерия сыяктуу кээ бир монастрларга киргизилген реинкарнация ына­нымы гуллатуш шиа (ишенимде өтө эле аша чаап кеткен шииттер) та­рабынан исламга аз болсо да киргизилген.

Реинкарнация ишеними ислам менен дал келбейт. Ахли суннат валь жамаат уламалары, хадисчисинен тафсирчилерине чейин бул ишенимдин ислам динине карама-каршы келээрин бир ойдо тастык­ташкан. Ислам дини боюнча ар бир адам баласы өз тагдыры менен жашайт, өз тагдыры менен өлөт, кайра тирилет, суракка тартылат, кү­нөөсү оор басса тозокко, сообу оор басса бейишке барат. Эч кандай реинкарнация деген нерсе жок. Төмөнкү негиздер реинкарнация ишенимин негизсиз деп жарыялап, жокко чыгарат:

  • Исламдагы кайрадан тирилүү ишеними боюнча алып кара­ганда ар бир кишинин эсеби өз жашоосунун жакшы жана жаман жак­тарына жараша болот. Ал эми реинкарнацияга ишене турган болсок, анда миңдеген денелерге кирип чыккан бир рух кайсы денеси менен тирилет жана кайсы жашоосуна жараша жаза, же сыйлык көрөт?
  • Бул дүйнө адамдарды сынаш үчүн курулган. Сынак болсо ка­йыпка ишенүү негизине таянат. Реинкарнация боюнча кылган күнөө­сүн айбанаттын бир түрү катары жашоо аркылуу тартат, бул болсо руханий түшүнүктөн чыгып калат, ошондой эле бул дүйнөдө тарткан кыйноолору үчүн (реинкарнация ынанымы боюнча) дайыма дене ал­маштырып, акыры бир денеге келип токтойт, мунун өзү реинкарна­ция ишенимин толугу менен жокко чыгарат.
  • Реинкарнация ишеними боюнча ар бир кишинин абсолюттук бакты-таалайга жетиши үчүн көптөгөн денелерге кирип, көп жолу кыйноо-запкы тартып жашайт, эгерде ушул туура болсо, анда Кудай­дын заалымдарга жаза, жакшы кишилерге сыйлык бере турганы ке­рексиз, бош болуп калат. Бул болсо, Кудай тарабынан таптакыр мүм­күн болбой турган нерсе.
  • Куран жана башка самавий (түшкөн) китептердин күнөөлөр­дүн кечириле турганына тиешелүү баяндары күнөөлөрү кечирилиш үчүн рухтардын азап-тозоктуу жана узун саякаттарын маанисиз жана негизсиз нерсе деп эсептейт. Ырайымы Чексиз Кудайга жараша тур­ган нерсе – анын бардык күнөөлөрдү кечире алышы.
    Исламда кечирилбей турган күнөө жок. Кудай Таала тообо кылган ар кимдин күнөөсүнүн кечирилишин убада кылууда. Бул тема боюн­ча күнөөнүн аз, же көп экенине каралбагандай эле, акыркы минута­ларда кишинин күнөө ичинде болгонуна да каралбайт. Бүткүл турму­шу Кудайга баш ийбестик менен өткөн күнөөкөр акыркы бир учурда тообо кылып, Кудайдын ырайымына бөлөнүшү мүмкүн.
  • Реинкарнация ишеними боюнча рухтун бир денеден миңде­ген денелерге кирип чыгышы Алла Тааланын жекече ырайымына ка­рама-каршы келет. Анткени эгерде Ал кааласа эң жаман нерседен эң жакшы нерсени жасай алат. Бул анын жекече ырайымы, жекече мээ­рими.
  • Пайгамбарларга баш ийгендердин арасында ыйман келтир­генге чейинки жашоолору жагынан алып караганда абдан жаман ки­шилер бар болчу. Бул кишилер узун жана ыпылас өткөн чактан кийин ислам динине кирүү менен, олуяларды да ашып, жогорку даражага чыгышкан. Бул чындык болсо реинкарнациянын керексиз экенин да­лилдейт.
  • Ар бир дене үчүн бөлөк рух кабыл кылуу Кудурети Чексиз болгон Кудайдын чексиз жаратуучулугуна ыйман келтирүүнү билди­рет. Ал эми мунун ордуна бир рухту көптөгөн денелерге киргизип чыгаруу – Кудайды алсыз деп эсептегенге тете. Бул жерде да реинкар­нациянын акылга сыйгыс нерсе экени ачык эле көрүнүп турат.
  • Мындан башка, эгер реинкарнация чын болсо, жер бетин­де жашаган 5 миллиард кишинин жок эле дегенде бир нече миллио­нунда «мурдагы денелеринен» калган кээ бир белгилер болушу ке­рек эмеспи? Жок дегенде кээ бир кишилерде бир нече жолу дүйнөгө келип кетүүдөн жыйналган маалымат болушу керек эмеспи? Мунун дүйнөдө жашаган элдин жалпы санына жараша миңде бири болушу эле кандай чоң цифраны берээри шексиз эмеспи? Бирок бул чынында эле барбы? Албетте, жок!
  • Коомдун ар бир бөлүгүндө «жашап чыккан» ар бир киши 3-4 жашка чыгаар замат мурдагы жашоосу менен бирге көрүнүшү керек эмеспи? Бул тууралуу эч кандай далил жок. Кээ бир вундеркиддер ук­муштай касиеттерге ээ болушу мүмкүн, бирок мунун реинкарнация­га эч кандай тиешеси жок, тактап айтканда даяр маалыматты колдоно салды деген натуура, бул болсо Кудайдын жардамы болушу мүмкүн.
    Ушул күнгө чейин бир-эки акылынан ажырагандардын саймедире­гендери менен бир-эки гезит жазып чыккан «сенсациялуу» кабардан башка рухтун көптөгөн денелерге кирип чыгышын акыл жолу аркы­луу далилдеш мүмкүн эмес.
  • Башка жандууларда адам баласына тиешелүү функциялар­ды көрсөткөн эч кандай белги жазылган эмес. Эгерде кишинин руху чындап эле айбанаттын денесине кирген болсо, анда ошол айбанатта адамга тиешелүү кээ бир касиеттер байкалмак. Илимий изилдөөлөр али реинкарнацияны тастыктай элек, тастыктабайт да.

Натыйжа катары, төмөндөгүдөй десек болот: реинкарнация ише­ними байыркы коомдордо ишеним бузуктугу катары болгондой эле учурда да бул түшүнүк шайтандын дагы бир алдоосу гана болуп са­налат.

Ыйык Куранда айтылгандай шайтан кан тамырыбыздын ичинде жүрөт, дил менен акылга таасирин тийгизе алууда, албетте, анан ой­го реинкарнация деген негизсиз түшүнүк тууралуу шек-күмөн кетпей койбойт. Эң улуу көрүнүштө жаратылган адам баласы мындай негиз­сиз ишенимдерге алданып калбай тургандыгына биз ишенебиз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.