Ислам дини Алла Таала тарабынан адамзаттын пайда­сы үчүн жиберилгендигине эч кандай шек күмөн жок. Ан­дай болсо, бул дин кулчулукка кантип уруксат берүүдө?

Бул негиздин тарыхый, коомдук жана психологиялык өңүттөрү бар. Оболу, кулчулук, кул ээлөөчүлүк дегенде ачуубузду келтирген нер­сенин эски жана жаңы кээ бир себептерин айта кетели:

1) Тарыхый материализмдин тарых менен дүйнөгө болгон көз карашы, тактап айтсак, кожоюн-жумушчу, бай - кедей, эзилген - эзген сыяктуу ой-пикирлер... Анан коомдун өнүгүшү ичинде табият жана жаратылыш, кулчулук жана туткунчулук, кийинчерээк жумуш жасоо жана адилеттүү болбогон акы төлөө сыяктуу негиздер жеке кызыкчы­лыкка пайдаланылды.

2) Тарыхтын байыркы доорлорунда, өзгөчө Римде жана Еги­петте кулдарга кылынган зулумдуктар көкүрөгүбүздө аларга карата жек көрүүнү пайда кылат. Ошол себептүү кылымдар өткөндөн кийин болсо да, кулдардын пирамидаларды (фараондор жаткан күмбөз) ку­руу үчүн таш ташыганын, саман сыяктуу таштардын арасына коюл­ганын, заалим башкаруучулардын көңүлүн ачуу үчүн, ареналарда арстандар менен согушканы тууралуу окуп, укканыбызда, кул ээлөө­чүлүктү да, кул ээлөөчүлөрдү да жек көрөбүз.

3) Жакынкы тарыхта туткундарга жасалган адамгерчиликсиз мамиле баардык абийирдүү адамдарды ачууландыргандай эле биздин да ачуубузду келтирген.

Мына ушул себептерден улам биздин муун кул ээлөөчүлүктү жек көрүп, аны жактаган системаларга душман болгон. Бул ой-пикирде кул ээлөөчүлүккө каршы чыгуу туптуура. Бирок исламды сынга алуу чоң адилетсиздик. Анткени бул кул ээлөөчүлүк менен исламдагы кул­чулуктун айырмасы асман менен жердей.

Кулчулук согуш аркылуу пайда болот жана кээ бирлери тарабынан уланат. Рим империясы дайыма жыргал турмуш сүргүсү келген мам­лекет болчу. Кийимдердин эң мыктысын кийип, дасторкондорун дүр -дүйнө тамак-ашты жайышып, адам баласы уяла турган кылык-жо­руктарды жасоо менен айбанча жашашчу эле. Бул ысырапкерчиликтин уланышы үчүн бүтпөс-түгөнбөс байлык, согуштан түшө турган олжо, туткундар керек болчу. Римдиктер ушундай максат менен согу­шуп, колония түзүшкөн жана бул жол аркылуу дүйнөгө өкүмдарлы­гын орноткусу келген.

Мусулмандар Египетти жеңип алышканда өтө жийиркеничтүү абалдарга күбө болушкан. Буюм-тайым сатылган соода базарла­ры сыяктуу кул базарлары... Аял-эркек жылаңаяк-жылаңбаш болуп ошол базарларга алынып келип, кардарларга көрсөтүлүшү... Кечки­син базардан кайтканда кир жана сыз жерлерге камалышы... Атүгүл ошол жерден да жандарын тынч койбошу... Жүзгө жакын кулдун бир бөлмөгө тыгылышы мусулмандар көрбөгөн, билбеген нерселер бол­чу. Алар бул нерсеге абдан кайгырышкан. Мусулмандар жеңип алган бардык жерлерге исламдын негиздерин орнотсо, батыштыктар ба­йыркы Рим жана Египеттин ошол жийиркеничтүү мурасын алышкан. Батыштыктардын түшүнүгү боюнча кул алардын көңүлүн көтөрүш үчүн согушуп, өлүшү жана өлтүрүшү керек болчу.

Ислам оболу муну бир адат катары кабыл алган. Анан кулдардын сатыла турган мал жана көңүл ачуучу буюм эмес экенин эскертип, алардын да инсан экендерине көңүлдөрдү бурду: «Бириңер – бири­ңерденсиңер.» (тагыраак айтканда, баарыңардын өзөгүңөр-негизи­ңер бир) (Ниса/25). «Ким кулун өлтүрсө, аны өлтүргүлө, ким аны ка­паска камап, же болбосо тамак-аш бербей койсо, аны да камап, та­мак бербей коёбуз.» (Бухарий, Муслим, Тирмизий) сыяктуу Кудайдын буйруктарын жарыялап, көз-караштарды оңдоп, туура эмес жолдун алдын алган.

«Силер Адам уулдарысыңар. Адам болсо топурактан.» (Муслим). «Билгиле, арабдын араб эмеске, араб эместин да арабга, актын кара­га, каранын акка үстөмдүгү жок. Улуулук такыбаалыкта.» Тактап айт­канда, бардык үстөмдүк менен жакшылык Жараткандын адамга бол­гон ою жана адамдын бул боюнча мамилесин оңдоосуна байланыш­туу. Исламдын бул жумшак атмосферасы аркылуу өмүр бою кул бо­луп келгендер дайыма ээлеринен кордук көрүп келген. Азирети Умар (РА) «Билалды Абу Бакир эркиндикке чыгарды.» - дегенде жогору­дагыны билдирген. Ислам аларды да боордош катары карап: «Кыз­матчы менен кулдарыңар – силердин боордошуңар. Боордош болгон­дон кийин жеген тамагыңардан жедиргиле, кийгениңерден кийдир­гиле. Алардын колунан келбей турган ишти буйруп, аларга жүктөбө­гүлө. Эгер кыйын иштерди кылдыра турган болсоңор, аларга өзүңөр да жардам бергиле.» (Бухарий). «Эч кимиңер «Бул менин кулум, күңүм.» - дебегиле. «Кызым, же уулум, же болбосо бир тууганым.» - де­гиле.» (Муслим, Абу Давуд). Бул хадистин урматына Азирети Умар (РА) Масжидуль Аксаны алыш үчүн келаткан жолдо кызматчысы ме­нен унааны алмак-салмак минип келишкен.

Азирети Усман (РА) мамлекет башчысы болгон доордо кулунун ку­лагын чойгон кишинин кулагын ошол кулуна элдин көзүнчө чойдур­ган. Абу Зар (РА) сатып алган кийиминен кызматчысына дагы кий­дирген.

Ислам дини кулдарга жогорудагыдай мамиле кылууну үйрөтүү ме­нен алардын дагы инсан экендигине көңүлдөрдү бурган. Азирети Му­хаммед (саллаллоху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз айткан бул ха­дис дүйнөдөгү бүткүл кулдар үчүн адам ишенгис жомоктой нерсе эле. Анткени ошол учурдагы элдер жана мамлекеттер кулдун укугу тууралуу ойлоп да коюшкан эмес, тескерисинче ареналарда кулдарды арстандар менен уруштуруп, иш учурунда камчы менен сабап, алар­ды шылдыңга алып турушкан.

Бул оң жана пайдалуу мамиле кулдарга абдан таасирин тийгизген. Кул теңчиликтин мыйзамы аркылуу эркиндикке жетип, бош калты­рылганына карабастан ээсинен ажырагысы келген эмес. Зайд бин Ха­риса менен башталган бул абал андан ары уланган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Зайдды азаттыкка чыгарып, атасынын колуна тапшырганда, ал Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва­саллам) жанында калууну тандаган. Андан кийин көптөгөн кулдар Зайддын кылганын кылышкан. Анткени алар абдан жакшы мамиле көрүшкөн, өздөрүн ээлеринин үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү катары се­зишкен. Ээлери да аларды өз балдарындай кабылдап, алардын укугун тебелебешке аракет кылышчу. Ээлери чынында башкача мамиле кы­ла алышмак эмес, анткени ислам койгон принцип бир топ күчтүү бол­чу: «Ким кулун өлтүрсө, аны өлтүргүлө, ким кулун камап, же тамак бербей койсо, аны да камап, тамак бербей коёбуз.» (Бухарий, Мус­лим). Бул принципке кожоюн этият мамиле жасаган, кул болсо бейка­пар жашаган. Булардын бардыгы тарыхта теңдеши жок окуялар бол­чу. Бул исламдагы кулчулуктун биринчи этабы болчу.

Экинчи этап – кулду азаттыкка чыгаруу маселеси. Адам баласы не­гизинде эркин. Эркин кишини кулга айлантуу – чоң күнөө жана бул аркылуу түшкөн пайданы колдонуу – арам. Эркиндикке коюлган бар­дык бөгөттөр исламда сынга алынат, ал эми эркиндикке кызмат кыл­ган ар бир нерсе жакталат. Бир кулду жарым азаттыкка чыгаруу – аны азаттыкка чыгаргандын денесинин жарымын кабыр азабынан куткарат, бир кулду толугу менен азаттыкка чыгарган адам акыретте де­неси толугу менен азаптан куткарылат. Исламда кулдарды азаттыкка чыгаруу жарышы башталган. Ислам орду келгенде аны милдет ката­ры көрөт, орду келгенде жакшылык катары көрөт жана кээ бир учур­да кул менен кожоюнунун ортосундагы мамилерди жакшыртат.

Бул темада кылынган ар бир аракет исламдын келиши менен баш­талган жана уланып кете берген. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жана Азирети Абу Бакирдин (РА) кул алып, аны азаттыкка чыгаруу туурасында жасаган иш-аракеттери жана бул үчүн сарптаган байлыктары бардыгына маалым болгон нерселер.

Оболу жеке менчик мал-байлыктар аркылуу жүргүзүлгөн бул иш-а­ракеттер кийинчерээк мамлекет тарабынан жүзөгө ашырыла башта­ган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) он кишиге окуп- жазууну үйрөткөн туткунду эркиндикке чыгарган, муну болсо ошол материалдык жетишсиздик учурунда ишке ашырган.

Кийинки этап Умар бин Абдулазиз доорунда зекеттин бир түрү ка­тары кул жана туткундарды азаттыкка чыгаруу аркылуу уланган. Бу­лардан башка кээ бир диний милдеттердеги жаңылыштыктардын жа­на кээ бир күнөөлөрдүн жазасы кулду азаттыкка чыгаруу болуп бел­гиленген.

Ант ичип, анан аны бузууда, зихар мамилесинде, киши өлтүрүү кылмышында дайыма бир туткундун азаттыкка чыгарылышын су­нуштаган. «Кимде-ким бир момунду билбестен өлтүрүп алса, анын каффараты (жазасы) – бир момун кулду азаттыкка чы­гаруу жана өлүктүн ээлерине төлөнүп бериле турган кун.» (Ни­са/92).

Бир кылмыштын коомго жана өлтүрүлгөн маркумдун үй-бүлөсү­нө тиешеси болгону үчүн, кун - өлгөндүн ээлерине берилген сооро­туу болгондой эле, туткунду азаттыкка чыгаруу да коомго келтирил­ген пайда. Ошондуктан, бир өлүккө бир кишинин эркиндикке чыга­рылышы өлгөн кишини тирилткен менен барабар.

Булардан башка, исламда «мукатаба» жана «тадбир» жолдору ар­кылуу да кулдар азаттыкка чыгарылат. «Мукатаба»– кул менен ко­жоюндун өз ара жазуу түрүндө түзгөн келишими. Бул келишим аркы­луу кулга эркиндик жолу ачылат.

«Тадбир» кожоюндун өлүмү, же болбосо тигил, же бул окуяга ка­рата берилген азаттык убадасы, «Мен өлгөндөн кийин, сен эркин­сиң.» - деген сыяктуу. Мындан башка, сооп табууну көздөп, кулдарды азаттыкка чыгаруу түрү бар. Өткөн замандарда жүздөгөн туткундардын баарын бошотуп, бул аркылуу Кудайдын рахматынан үмүт кы­лынгандай эле, берекелүү айлар менен күндөрдө туткундарды сатып алып, аларды азаттыкка чыгарган доорлор да өткөн.

Бул жерден төмөнкүдөй суроо туулушу мүмкүн: «Кулдар азаттык­ка чыгарылып, аларга канчалык адамгерчиликтүү мамиле жасалса да, атүгүл бардыгы бир убакта азаттыкка чыгарылса да, болбой эле кул­чулуктун кабыл кылынганын, өкүмдөрдүн буга карай орнотулушун жана фикх (ислам дининин мыйзамдары) китептеринде өкүмдөрдүн бул жолдо жүзөгө ашырылышына күбө болуудабыз, бул болсо кул­чулукту кабыл кылуудан башка эч нерсе эмес. Адамзаттын канына сиңип калган көптөгөн жаман мүнөз менен каада-салттарды бат эле жойгон ислам кулчулукту жоё албашы мүмкүн эмес. Жойгонго күчү жетип турса да жойбошу адамды төмөнкү даражага түшүргөндүккө жатпайбы?»

Баарыдан мурда муну билип коюш керек, ислам кулчулукту түзбө­гөндөй эле, анын жактоочусу жана улантуучусу да болгон эмес. Кул­чулук – мамлекеттердин ортосунда болгон согуштар аркылуу пайда болгон түзүлүш. Мамлекеттер аралык согуштар улана берген сайын туткун жана кул ээлөөчүлүктүн алдын алуу эч бир элдин колунан кел­бейт. Эми ойлонуп көрөлү, биз бир мамлекет менен согуштук, тут­кунга түшүрдүк жана бизден да алар туткунга алышты. Бул туткун­дарга кылына турган түрдүү мамилелер бар:

  • Кээ бир заалым башчылар кылгандай, баарын өлтүрүү.
  • Туткун лагерлерин ачып, аларды ошол жерге камап багуу.
  • Алардын өз мекендерине кайтышына шарт түзүү.
  • Аларды инсандарга таратып берип, олжонун бир бөлүгү ка­тары эсептөө.

Эми, артка кайрылып булардын ар бирин бирден карап чыгалы:

1. Оболу кайсы абийирдүү жана ынсаптуу киши аял-эркек, бала- бакыра: бардык адамдарды аёосуз кырууга макул боло алат? Арадан кылымдар өтсө да кээ бир улуттардын дагы эле аёосуз түрдө кыры­лышы... Балкандарда түрктөрдүн азап тартышы, Советтер Союзунда курман болгондор, II-дүйнөлүк согушта улутчул немистер тарабынан кырылган калк... Муну кандай адам жакташы мүмкүн?

2. Туткундар лагеринин жийиркеничтүү тарабы да мындан кем ка­лышпайт. ХХ-кылым туткундар лагеринин эң жийиркеничтүүсүнө күбө болду. Америкалыктар жапон лагерлериндеги кыйноолорду чек­сиз зулум деп айтышат, эгер аялдардын эмчектеринин кесилип, на­мыстарына кол салынган, эркектери дарактын кабыгын жеп, ачкадан  өлүүгө ташталган жерлерди, Азербайжан жана Россиядагы бечаралар көргөн зулумдарын көрүшкөндө, жапондор кылган зулумдук мунун жанында эч нерсе болмой калмак. II дүйнөлүк согушу аркылуу Евро­па да, Азия да туткун лагерлеринин эң азаптуусун көрдү. Демек, бул жолду ээрчүү, бул усулду жүзөгө ашыруу ынсап жана адамгерчилик­ке жатпайт, бул канкордуктун жеткен чеги!

3. Туткундарды өз өлкөлөрүнө өткөрүп берүү сыяктуу адамгерчи­ликтүү жолду кош колдоп колдойбуз, бирок алар бизден алган тут­кундарды бизге кайра өткөрүп беришпесе жана аларды өлтүрүшсө, анда бул жол өз адамдарыбызга каршы кылынган кайрымсыздык бо­лот. О.э. биз бош коё берген адамдар биз тууралуу кээ бир маалы­маттар менен мекендерине кайтуулары душманга сырыбызды ачка­ныбызга себеп болот, ошондой эле өзүбүздүн жоокерлерге моралдык жактан сокку болот, мындан тышкары, душмандын чырагына май та­мызуу болуп саналат. Анан душман кайрадан жаңы план куруп келип кол салат. Бул аскерлерди кайра өз мекендерине тапшыруу жолу жал­гыз мамлекеттердин өз ара түзгөн келишимдери аркылуу жүргүзүлөт, бул болсо өткөн тарыхта жана учурубузда аткарылууда, мындан ки­йин да аткарылса болот.

4. Булардын баарын айтп өткөндөн кийин, туткундарды согуш­ка катышкандарга бөлүштүрүп берүү маселеси калды, ислам ушул убактылуу туткунга алуу жолун тандап алган. Өлтүрүүнү да, түгөл кырууну да эмес... Туткун лагерлерин да эмес, душмандын чырагы­на май тамызган туткундарды кайтарып берүүнү да эмес, адамзаттын табийгатына ылайык жолду тандап алган.

Ар бир момундун үйүндөгү туткун тууралыкка, жакшылыкка жа­кындан күбө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көргөн жакшы мамиле жана адамгерчилик аркылуу көкүрөгү ачылат, бул чынында эле миң­деген үлгүлөрү менен жүзөгө ашкан, анан азаттыкка чыгарылып, му­сулмандар пайдаланган бардык укуктардан пайдалануу мүмкүнчүлү­гүнө ээ болот. Бул жол менен миңдеген улуу инсандар тарбияланып чыккан. Мисал катары, Имам Маликтин шейхи Наафиден баштап Та­вус бин Кайсан жана Масрук сыяктуу жүздөгөн табиин (сахабалар­ды көрүп калган мусулмандар) имамдары кирген улуу мавалий (эр­киндикке чыгарылган туткундар, кулдар) жамааты ушул жол аркы­луу пайда болгон.

А бирок биз бул жолго убактылуу дедик, анткени бул жол дайы­ма уланып турса да, исламда эркиндиктин негиз болушу, туткунчу­луктан кутулуу боюнча пайдаланыла турган жолдордун көптүгү жана диндин түрдүү жолдор аркылуу бул темада кылган иштери менен сунуштары исламдагы кулчулуктун башынан эмес экенин, кийинче­рээк пайда болгонун көрсөтөт.

Дагы бир маселе калды, бул – белгилүү доорлордо эркиндикке чы­гаруу жолдору бар болсо да көп убакыттан бери момундардын кол­дорунда туткун менен кулдардын болушу. Бул жогоруда айтылгандар менен иш жүзүндө аткарылган нерселер бири-бирине карама-каршы келгендей болуп көрүнүшү мүмкүн.

Ырас, алгачкы кылымдардан баштап, белгилүү доорлордо момун­дардын бул жолдо иш алпарганын көрүүдөбүз. Бирок бул жерде эки маанилүү себеп бар: Бири кулдун ээсине тиешелүү, экинчиси кулга тиешелүү. Бир аз мурун айтылгандай, ислам практикада улуу инсан болуунун кепилдигин адамдын эрки жана эркиндигине байланыштуу деп белгилейт. Ошондуктан, кемчилиги көп адамдар улуу инсандар­га тиешелүү кээ бир иштерди кемчиликсиз аткара алышпайт. Мына ушундай инсандар Азирети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васал­лам) динин толук сиңирип, анын негиздери менен чыныгы инсанга айланганга чейин, бул нерсенин ишке ашпашы белгилүү. Бир-эки ка­таны көрсөтүү аркылуу ислам динин бүтүндөй каралоо туура эмес жана бул адилетсиздик болуп саналат.

Эми, кулдарга тиешелүү болгон жагдайды карап көрөлү. Бул жерде да исламдын өкүмү адамзаттын табиятын эсепке алуу менен иш жүр­гүзөт. Алгачкы мусулмандар кулдарды оболу эркин инсандар сыяк­туу эле адам экендиктерине ишендирүү, эркиндикке болгон түшүнүк­төрүн калыбына келтирүү, үй-бүлө куруу жолун көрсөтүү жана жа­шоого көндүрүү сыяктуу тарбия эрежелерине көңүл бурушкан.

Көнүмүш адаттар адамда экинчи табиятты (мүнөздү) пайда кылат. Буларды жоюу жана табиятын калыбына келтирүү – жапайы айбанды колго үйрөткөнчөлүк кыйын. Кулду үйрөтүү ушундай кыйын. Кулду калыбына келтирүү узун убакытты талап кылат. Момун-мусулмандар ушул оор ишти аткарышкан.

Ар бир момун «боордошум» - деп бооруна кыскан кулуна өз алдын­ча иштөө, өз алдынча акча табуу, үй-бүлө куруу жана аны башкаруу сыяктуу негиздерди бир бирден үйрөтүп, биротоло көнгөндөн кийин, карашкан, эгер чындап эле жашап кете алаарына көзү жетсе, азаттык­ка чыгарышкан.

Эгер бул иштерди аткаралбаса, ошол жөндөмдөрү мокогон киши­лер «кул» аты толук өчө электе эле коомго аралашканда, аквариум­дагы балыктарга же болбосо капастагы куштарга окшоп, коомдун татаал эрежелеринен башы айланып, мурдагы ээлерине кайта башта­шат. Бул болсо, кулдарга эч кандай пайда келтирбейт. Айткандай эле, турмуштун мыйзамдарын такыр билбеген көптөгөн кулдар жогоруда айтылган түрдө кылышкан. Американын президенттеринен Авраам Линкольндун бир эле учурда бардык кулдарды азаттыкка чыгарган­да, баары кайра мурдагы ээлерине кайтышкан. Өмүр бою, же болбо­со турмушунун белгилүү учурунан баштап туткун болуп жашаган ки­ши дайыма буйрук алганга көнүп калат. Балким абдан сонун иштерди аткарышы мүмкүн, бирок машина сыяктуу башкарылганы үчүн элүү жашта болсо да, кичинекей бала сыяктуу болот. Турмушту көргөн, билген бирөөнүн жанында таалим-тарбия көрүүгө, турмуштун мый­замдарын көрүүгө муктаж. Бул нерсе эркиндигинен ажыраган кулдар үчүн гана эмес, колонияга айландырылган мамлекеттерде да пайда болгон оору. Ырас, бул элдерге да таалим-тарбия берип, ким экенин үйрөтпөсө, чет мамлекеттердин көзүн карап, жан багып калат.

Мына, ислам кулдарга өздөрүнүн адам экенин билдирүү менен баштап, дилине эркиндик түшүнүгүн орнотуп, анан турмушка эр­кин коё берген. Зайд бин Харисанын жетилип азаттыкка чыгарылы­шы, анан аксөөктүн тукумунан келген аял менен үйлөнүшү, андан ки­йин курамында аксөөктөр да бар болгон ислам кошуунуна колбашчы болуп дайындалышы - акырындап пландалган максаттын көзөмөлгө алынышынын натыйжасы.

Билали Хабашийдин (РА) алгачкы эле этапта азаттыкка чыгарылы­шы, Хузайфанын кулу Салимдин (РА) суктанаарлык орунга ээ болу­шу, Салмани Фаарисинин ахли байттан (Пайгамбарыбыздын (саллал­лоху алейхи васаллам) үй-бүлөсүнөн деп саналгандар) деп саналышы – кулдун мусулманчылыкта жана мусулмандардын үйлөрүндө кандай абалга келгенинин жандуу үлгүлөрү. Буга окшош дагы жүздөгөн ми­салдарды айтсак болот.

Акыркы сөз катары, мындай демекчибиз, ислам кулчулукту пайда кылган жок, тескерисинче, аны жоюнун жолдорун көрсөткөн. Кулчу­лук белгилүү шарттарда гана пайда болуп, аны жоюу үчүн көптөгөн аракеттер көрсөтүлгөн.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.