Беш убак намаз парз. Уюлдарда болсо, кээде алты ай түн, алты ай күндүз болот. Мындай жерде намаз кантип оку­лат?

Бул суроону сурагандар чын дилден сурап жатабы, билбейбиз. Ант­кени ушул учурга чейин бул суроо дайыма исламдын бүткүл дүйнө­лүк дин экенин жокко чыгарууга аракет кылган динсиздер тарабынан суралып келген. Бул суроо аркылуу алар мындай дегилери келишкен: Силер исламды бүткүл дүйнөлүк деп эсептейсиңер, бирок алты ай түн жана алты ай күндүз болгон кээ бир жерлерде намаз окуп, орозо кармап, жашоо кантип мүмкүн болот?

Дароо айтып коюшум керек: Дүйнөдө эч бир система, атүгүл бул система экономикалык система болсо да, эч качан ислам жеткен дең­гээлге жете албайт. Мына учурдагы миң кемчиликтүү системаларды алалы, аларды система деп айтуудан уяласың. Атүгүл алардын ичин­де али ал системанын негиздөөчүсү тирүү кезде бир нече жолу кайра­дан түзүлүп чыккандары бар... Мисалы, Маркстын экономика систе­масы Энгельс менен бирге бир нече ирет каралып, түзөтүлгөнүнө ка­рабастан, бирибиринин артынан келген интернационалдарда кээ бир жерлери өзгөртүлүп, түрдүү формаларга салынган.

Бул негиз учурдагы ар экономика системасында ушундай болгон­дой эле, бардык убактарда жана түрдүү системаларда көбүрөөк бай­калган табигый кемчилик болуп саналат.

Муну да дароо кошумчалай кетейин, менин мындай салыштыруу менен ишти чампалап бүтүрө салуу ниетим жок. А бирок душманда­рыбыздын кесиби диалектика болгондуктан, биз да убактылуу төмөн түшүп, жаш баладай сүйлөөгө мажбур болуудабыз...

Экинчиден, бүткүл дүйнөлүк динди сынга алгыдай дүйнө эли­нин канча пайызы мындай жерлерде жашайт болду экен? Ооба, муз­дуу жерлерде жашагандар адамзаттын канча пайызын түзөт? Бал­ким миллиондон бири да болбойт. Андай болсо, жер шарынын бар­дык жагын жана бүткүл адамзатты көңүлгө албастан, бирэки мада­ниятсыздардын абалына карап, шеккүмөн пайда кылууга аракеттенүү кантип чын жүрөктөн болушу мүмкүн?!

Үчүнчүдөн, мусулмандардын намаз маселеси суралгыдай уюлдарда мусулмандар жашайбы? Эгер бир күнү адамдар уюлдарга жайгаш­кан соң, кээ бир кишилер ибадат тууралуу суроо берсе, ошондо гана мындай суроо кандайдыр бир мааниге ээ болот. Болбосо азырынча мындай суроону бир гана таза жүрөктөргө шеккүмөн салуу үчүн ата­йын ойлоп табылган деп эсептейбиз.!

Эми болсо, ислам бул темада эмне айтканы тууралуу баяндайлы. Калетсиз, эч бир теманы кур калтырбаган ислам муну да унут кал­тырган эмес. Ооба, бул негиз бир окуя себептүү тээ алгачкы кылым­да эле такталган. Имам Бухаринин Сахихи менен Ахмад бин Ханбал­дын Муснадында Пайгамбарыбыз менен сахабаларынын ортосунда төмөнкүдөй бир диалогдун болуп өткөнүн көрөбүз: Пайгамбарыбыз: «(Көпчүлүк инсандар) динден кайтканда, Дажжал чыгат.» Дагы бир риваятта: «Ал чыгыштан пайда болуп, кырк күндө жерди баштанаяк кыдырат. Анын бир күнү силердин бир жылыңар. Бир күнү бар си­лердин бир айыңар. Жана дагы бир күнү бар силердин бир аптаңар, калган күндөрү силердин күндөрүңөрдөй.» деген. Сахабалар сурайт: «Өлчөмү бир жыл болгон ошол күндө бир күндүк намаз жетеби?» Ал жооп берет: «Жок, эсептейсиңер.» Башкача айтканда, жалаң түн жана күндүз болгон айларды, апталарды жыйырма төрт сааттык күндөргө бөлүп, ибадаттарыңарды ошого карай кыласыңар.

Маселе факихтердин колуна өткөндө, туура эмес түшүнүккө жол бербей турган таризде Имам Шаафиинин «АльУмм» китебинен маз­хабындагы «Манхажга» чейин жана ханафийлердин эски китептери­нен «Тахтави» түшүндүрмөсүнө чейин токтолуп, иштелип отуруп, бардыгы биле турган бир маселеге айланган.

Бул тема убакыттардын намазга себеп болуусунда каралып, түшүн­дүрүлөт. Биз бул темада бир гана маселебизге байланыштуу бөлүгү­нө токтолобуз.

Убакыттар намаздардын парз болушунун шарттары. Убакыт бол­босо, намаз парз болбойт. Мисалы, бир жерде куптандын убактысы кирбесе, куптан намазы парз болбойт. Бирок бул күндүн бир убакты­сы болбогон жерлер үчүн, болбосо дажжал хадисинде айтылгандай, жылдын көбү түн, же күндүз болгон жерлерде ошол узун күн, же түн­дү биздин күндөрүбүздүн жана түндөрүбүздүн өлчөмүнө карай, эсеп­теп, ибадаттарыбызды аткарабыз. Башкача айтканда, ошол чөлкөм­гө эң жакын болгон жердин намаз убакыттарын колдонуп, түн менен күндү белгилүү бөлүмдөргө бөлүп, түнкүсүн түндө кылынган иба­даттарды, күндүзү күндүз кылынган ибадаттарды аткарабыз. Бул та­мактануу, жатыптуруу ишин табигый түрдө бөлүштүргөнүбүзгө окшош...

Ооба, айлар бою күн батпаган жана күн чыкпаган жерлерде жара­тылыш мыйзамдарына кандай баш ийсек, орозо, намаз жана ажы­лык сыяктуу ибадаттарда да биз жашаган жашоого ыңгайлаштырууга мажбурбуз.

Сөздүн кыскасы, ислам бул негизди да эч качан көз жаздымда кал­тырган эмес: уюлдарга эң жакын жерлерден беш убакыт болгон жер­ге таандык намаз убакыттарын колдонуу керектигин маалымдаган.

Бул жерде дагы бир маселени кароо керек. Бул убакыт болбогон жерде намаздын кылынбай турганы. Ырас, чынында убакыттар на­мазга себеп катары көрсөтүлсө да, намаздын чыныгы себеби Алла­нын буйругу. Ошондуктан, убакыт кирбеген жерлерде окулган намаз­дын казасын башка учурларда окуу этиятка ылайык болот.

Иштин аныгын Алла билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.