Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммеддин (С.А.В) көп аял алышын сынга алышууда. Ушул тууралуу айтып берсеңиз

Оболу айта кетчү нерсе, бул тууралуу өйдө-төмөн сүйлөгөндөр эч нерсе окубаган жана ой-жүгүртпөгөн адамдар. Эгер пайгамбары­быздын өмүр-баянын бир аз болсо да маани берип окуп коюшкан­да, өз абройлорун төмөн түшүрө турган мындай суроолорду бериш­мек эмес.

Ушул суроону бул убакытка чейин, беш-алты жерде менден сураш­ты. Мен ар жолкусунда аздыр-көптүр бир нерселерди айтууга аракет кылдым. Бул жолу дагы ошолордон эсимде калгандарын кайталап, айтып өтөйүн.

Пайгамбарлар Султаны Азирети Мухаммеддин (саллаллоху але­хи васаллам) үй-бүлө куруусунун көп түрдүү жактары бар: атап айт­канда Анын өзүнө тиешелүү болгон себептер, жалпысынан үй-бүлө куруусунда көздөлгөн негизги максаттар; бир канча зарылчылыктар жана ал үйлөнгөн аялдардын өзгөчө абалдарына жараша себептер... Эми катары менен ушул себептерди талдоого алалы.

Оболу, анын жеке кишилигине тиешелүү жагын карайлы. Баарынан мурун биле турган нерсе, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васал­лам) 25 жашка чейин такыр үйлөнгөн эмес. Ошол климаты ысык өл­көнүн өзгөчө абалы дагы назарга алынса, 25ке чейин моралдык аруу­лугун сактоо менен жашашы жана мунун кечээ да, бүгүн да барды­гы тарабынан кабыл кылынышы – Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) турмушунда намыстын эң маанилүү негиз болушун жана эркинин абдан күчтүү болуп, напсисине ээ болгондугун көрсө­төт. Эгерде бул темада кичинекей эле бир жаза таюу болгондо, Анын кечээки жана бүгүнкү душмандары муну ааламга жаюудан кайра тар­тышмак эмес. Ал эми мурдагы жана азыркы душмандары Ага жалган жалаа жабышса да, бул темада эч нерсе айууга батына алышкан эмес.

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) өмүрүндө бирин­чи жолу 25 жашында үйлөнгөн, бирок өзүнөн 15 жаш улуу бир же­сир аял менен баш кошкон. Бул бактылуу үй-бүлө турмушу туура 23 жылга созулуп, пайгамбарлыгынын сегизинчи жылы аялынын түбө­ лүк дүйнөгө сапар тартышы менен аяктаган. Бул жолу пайгамбары­быз 25 жашына чейин кандай жалгыз болсо, ошондой жалгыз калган. Үй-бүлө, бала-бакыра болуп 23 жыл бактылуу турмуш сүргөндөн ки­йин 4-5 жыл бойдок жашаган, жашы болсо элүү үчкө келген эле.

Жыныстык катнаш жалпысынан солгундай баштаган бул жаштан кийинки үй-бүлө куруулардан шахавийликти (өз напсисине ээ боло албоочулук) издөө ынсапка да, акылга да жатпайт.

Бул жерде ойго келген дагы бир маселе бар:

1. Оболу, төмөнкү нерсени билип алуу керек: ушуга окшош суроолорду берип жаткандар эч бир дин жана эреже кабыл кылба­гандар. Алардын мындай бир нерсени сынга алууга таптакыр акы­сы жок. Анткени алар, каалаган эрежесине баш ийип, каалабаганына баш ийишпейт. Булар өздөрү көп аялдар менен байланыш курушат, атүгүл махрамдары (никеге турууга болбой турган жакын тууганда­ры) менен жыныстык байланыш куруудан баш тартышпайт. Же бу­лар христиан жана жөөт сыяктуу ахли китаптар (Кудай китеп жөнөт­көн элдер). Булардын пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васал­лам) кылган ынсапсыз чабуулдары алардын өздөрүнүн зыянына гана болот. Анткени өздөрү кабыл кылган Инжил (Библия) менен Тоорат­та эчен эчен пайгамбарлар бар: булар да көп аял менен никеге турган. Алардын китептериндеги Сулайман жана Давуд Пайгамбар тууралуу ойлосок, маселе түшүнүктүү болот. Анткени алар дагы көп аял менен никелешишкен. Ошондуктан, көп аял алууну Пайгамбарыбыз Азире­ти Мухаммед (саллаллоху алейхи васаллам) баштабагандай эле, пай­гамбарлыкка дагы терс келе турган нерсе эмес.

Ооба, көп аял менен никеге туруу, өзгөчө, өкүмдөрдү алып келген бир пайгамбар үчүн абдан зарыл болгон нерсе. Анткени диндин үй- бүлө махрамияты (ачыктан ачык айтууга болбогон жашыруун негиз­дер) ичинде болгон көптөгөн жактары бар, аны үйрөнүшкө жалгыз никеге турган аялы гана ылайык. Ошондуктан, диндин бул жакта­рын элге түшүндүрүш үчүн шарият илимин билген мугалим аялдар­га муктаждык болгон.

Мына, баарынан мурун Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндөгү бул таза жана пакиза аялдар аялзат дүйнөсүнө исламды үйрөтүш үчүн жоопкер болуулары менен бирге пайгамбар үчүн да, пайгамбарлык үчүн да, аялзаты дүйнөсү үчүн да абдан за­рыл.

2. Экинчи нерсе жалпы мааниде Пайгамбарыбыздын зайыпта­рына тиешелүү абал:

  • а) Зайыптарынын арасында улгайган, жашы ортолоп калган жана жаштары болгону үчүн ар бир жаштын өзгөчө абалы (аялзатка тие­шелүү) болот жана буларга карата түрдүү диний өкүмдөр берилиши керек. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндө жа­шаган зайыптары аркылуу бул диний өкүмдөр жүзөгө ашкан.
  • б) Зайыптарынын ар бири түрдүү уруу жана улутка таандык болго­ну үчүн, эң оболу Пайгамбарыбыз зайыптары аркылуу түрдүү уруу­лар менен туугандык байланыш түзгөн. Ал учурда уруучулук өкүм сүрүп тургандыктан, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) уруучулук байланыш аркылуу да исламдын жайылышына шарт тү­зүлгөн. Зайыптарынын уруулары Аны өздөрүнүн жакыны катары се­зип, диндин ортомчулугундо болгон байланыш менен бирге күйөө баласы катары Аны өзгөчө урматташчу.
  • в) Түрдүү уруудан алган ар бир аялы Анын көзүнүн тирүүсүндө жана көзү өткөндөн кийин да өз жамаатына абдан маанилүү кызмат өтөп, алыскы-жакынкы бардык туугандарына Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) баардык жактары тууралуу маалы­мат берген. Бул маалымат аркылуу зайыптарынын теги болгон ар бир уруунун аялдары да, эркектери да Куранды, хадисти, тафсирди андан үйрөнүп, динди толугу менен кабылдашты.
  • г) Бул үй-бүлө куруулар аркылуу Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) дээрлик жалпы арап жарым аралына туугандык жа­кындыкта болду. Мындан сырткары, ошол уруулардын ар бири Пай­гамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) алардын күйөө балдары болгону үчүн аны өздөрүнө жакын сезишип, сыймыктанышчу. Мах­зум уулдары Умму Салама (РА) аркылуу, амавийлер Умму Хабиба (РА) аркылуу, хашимийлер Зейнеп бинти Жахш (РА) аркылуу өздө­рүн Ага жакын деп эсептеп, бактылуу сезишчү.

Бул жерге чейин жалпы зайыптары тууралуу кеп козголду, азыр болсо ар бир зайыбын жекече карап чыгалы:

I. Биринчи жубайы – сеййидетинаа – Азирети Хадийжа. Өзү­нөн 15 жаш улуу бул аял менен курулган үй-бүлөлүк турмушу ар бир үй-бүлө үчүн үлгү боло тургандай сапатка ээ. Ал бүткүл өмүр бою бул зайыбына берилген бойдон калуу менен бирге анын көзү өтүп кеткенден кийин да аны эч качан унуткан эмес, мүмкүнчүлүк пайда болору менен ал тууралуу дайыма сүйлөчү.

Азирети Хадийжадан кийин Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) 4-5 жыл такыр үйлөнгөн эмес. Энесиз калган балдарына эне да, ата да болгон. Каапырлар айткандай аялдарга дене кумары  үчүн үйлөнгөн болсо, ушундай кылмак беле?

II. Кезеги менен эсептебесек да, экинчи зайыбы – Азирети Ай­ша. Эң жакын досунун кызы. Ачуу-таттуу бардык күндөрүн бирге өткөргөн бул улуу инсанга Пайгамбардын сыйы... Балдары дүйнө­дөн кайткандан кийин, дайыма жанында болгон Азирети Айша ме­нен атасы Азирети Абу Бакир бардык тараптан Аны колдоп, ага жа­кын болушкан.

Мындан сырткары, Азирети Айша абдан зээндүү, пайгамбарыбыз­дын идеологиясына толук мураскор боло ала тургандай жаратылыш­та эле. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) көзү өтүп кеткенден кийин кылган кызматы аркылуу биз анын эң улуу хадисчи, эң сонун тафсирчи жана ислам мыйзамдарын эң жакшы билген, Ази­рети Мухаммеддин (саллаллоху алейхи васаллам) ички дүйнөсүн жа­на анын кыймыл-аракеттерин коомго кемчиликсиз түрдө чагылдыр­ган улуу инсан экенин билебиз. Али ак-караны ажырата электе эле Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүндө чоңойгон, ушундайча ал Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) за­йыбы да, шакирти да болгон.

III. Кайра эле, кезеги менен эсептебесек, Анын үчүнчү зайыбы – Умму Салама (РА). Бул мубарек аялдын теги Махзум уулдары. Ал ал­гачкы мусулмандардан болгон. Меккеден запкы жеп, оболу Хабашис­танга (Эфиопия), андан кийин Мадинага хижрат кылган.

Өзү менен бирге бул узун жана түйшүктүү жолго чыдаган күйөө­сү да бар эле. Умму Саламанын (РА) назарында күйөөсүнө теңдеш эч ким жок болчу. Мусулмандар запкы тарткан исламдын алгачкы эта­бындагы бардык кыйынчылыктарды башынан бирге өткөргөн бул теңдешсиз өмүрлүк жубайынан Мадинада ажырагандан кийин, же­тим балдары менен жападан-жалгыз калган. Киндик кан тамган же­ринен узак жүргөн бул аялга биринчилерден болуп мээримдүүлүк ко­лун Абу Бакир менен Умар (РА) сунган, бирок ал бул сунуштарды ка­былдаган эмес, анткени анын ою боюнча Абу Саламанын (Умму Са­ламанын күйөөсү) ордун булар толтура алышмак эмес.

Акыры Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) үйлөнүү су­нушун киргизген. Бул үйлөнүү абдан табигый көрүнүш болчу, антке­ни ислам жана ыйман үчүн эч нерсесин аябаган бул куттуу аял араб­дардын ак сөөктөрүнүн арасында бир топ жашагандан кийин жалгыз калган эле. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) сунуш кы­лаарда мына ушуларды ойлогон. Ырас, жаш кезинен бери эле багар -көрөрү жокторду коргоо, жетимдерге камкордук кылуу ишин ошол  доордун шарттарына жараша жүзөгө ашырган.

Умму Салама да Азирети Айша сыяктуу өзгөчө баам-парасаттуу аял болчу. Анын да мугалима-муршида болуу жөндөмү бар эле. Бир жактан мээримдүү колдун коргоосуна кирип, бир жактан аялдардын дүйнөсүн пайгамбарыбыздан (саллаллоху алейхи васаллам) ала тур­ган илими аркылуу нурдандыра турган шакирти болду.

Болбосо, 60 жашка жакындап калган Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бир нече балдары болгон бир жесир аял менен үй­лөнүп, көптөгөн милдеттерин мойнуна алышын башка кандайча тү­шүнүүгө болот? Кантип анан пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) дене кумарына ээ боло албаган деп айыптоого дити бары­шат?

IV. Дагы бир зайыбынын аты – Умму Хабиба (Абу Суфьяндын кызы). Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) учурунда белгилүү бир убакытка чейин каапырларды жетектеген бирөөнүн кы­зы. Бул да биринчи мусулман болгондордон эле. Мусулмандар кы­йынчылык тарткан биринчи этапты башынан өткөрүүсү, Хабашис­танга көчүүсү, анан күйөөсүнүн өлүмү...

Ошол кезде сахабалар саны жагынан аз, экономикалык жактан ал­сыз эле. Башка бирөөгө карай турган мүмкүнчүлүктөрү жок болчу. Андай болсо, Умму Хабиба эмне кылмакчы эле, же христиан динин кабылдап, христиандардан жардам көрмөк, же болбосо каапыр ата­сына кайтмак, же болбосо үймө-үй кыдырып тиленмек. Бул динди эң сонун тутунган, тукуму жагынан үстөм болгон, үй-бүлө жагынан эң бай аялдын булардын эч бирин кыла алмак эмес. Бир гана вариант бар болчу, бул – Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) кийлигишүүсү...

Мына, Умму Хабибаны аялдыкка алуу менен бирге ушул сооптуу иш жүзөгө ашкан. Дини үчүн колунан келген баардык нерсени аткар­ган бул аял ата-журтунан алыс, башка элде, күйөөсү кайтыш болгон убактарда Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) менен ни­кесинин кыйылышы – ошол учурда эң табигый окуя болчу. Бул үчүн пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) сынга алуунун ор­дуна, Аны алкаш керек.

Ошол эле учурда, бул нике аркылуу Абу Суфьяндын үй-бүлөсү да Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүнө чоочурка­бастан киргенге мүмкүнчүлүк таап, ортолорундагы абал бир аз жум­шарган. Жалгыз гана Абу Суфьяндын үй-бүлөсү эмес, бүткүл ама­вийлерге оң таасирин тийгизген. Атүгүл исламга абдан терс көз-карашта болгон бул үй-бүлө Умму Хабибанын никеси аркылуу жумша­рып, бардык кайырдуу нерселерди кабыл кылууга даяр абалга келген.

V. Пайгамбарыбыздын (С.А.В.) куттуу үйүнүн киргендердин дагы бирөө – Зейнеп бинти Жахш (РА). Өзгөчө баам-парасатка, улуу кулк-мүнөзгө ээ болгон Азирети Зейнеп (РА) Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) жакын тууганы жана Анын көз алдын­да чоңойгон аял болчу. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васал­лам) аны Зайд (РА) үчүн сураганда, үй-бүлөсү ичтеринен каршы чы­гышкан, аны Пайгамбарыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) ыла­йык көрүшкөн. Акыры Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васал­лам) сурангандыгы үчүн, Зайд бин Харисага беришкен.

Зайд мурда эркиндигинен ажыраган кул болчу, кийинчерээк Пай­гамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) тарабынан кайрадан азат­тыкка чыккан. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул ни­ке аркылуу эмнени далилдегиси келген? Ал бул нике аркылуу адам­дардын ортосундагы теңдикти орноткусу келген. Бирок Зейнеп бул никени улантып кете алган эмес. Бул нике Зайдка дагы кыйноодон башка эч нерсе алып келген эмес.

Акыры ажырашышкан, бирок Пайгамбарыбыз (саллаллоху алей­хи васаллам) бул үй-бүлөнүн уланышын каалаган. Так ошол учурда Жабрайил Периште келип, Зейнеп менен Пайгамбарыбыздын (сал­лаллоху алейхи васаллам) үйлөнүшүн Кудай буйрук кылганын кабар­лаган. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) абдан оор абал­да калган, анткени андан ошол күнгө чейин тамыр алып калган каа­да-салтка каршы иш талап кылынган эле. Бирок буйрук деген буй­рук, бул буйрукту аткарбашка чарасы жок болчу. Акыры, кыйын бол­со да Кудайдын буйругун аткарган. Азирети Айша айткандай, эгер­де келген вахийди жашырууга уруксаат берилгенде Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) Зейнеп менен үйлөнүүгө буйрук бер­ген аяттарды жашырмак. Ырас, бул нике пайгамбарыбызга (саллал­лоху алейхи васаллам) болуп көрбөгөндөй оор келген.

Кудай болсо бул таза жана улуу аялды Пайгамбардын (саллаллоху алейхи васаллам) үйүнө киргизип, илим жана ирфанга (ыйман жана Куран негиздерине ээ болуу) ээ болуп, аны элге жаюу үчүн милдет­тендиргиси келген.

VI. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) куттуу үйүнө зайып, ошондой эле шакирт катары киргендердин бири – Жу­вайрия бинтуль Харис. Мусулман боло электе уруусу мусулмандар тарабынан колго түшүрүлүп, аял-эркектердин баары туткунга алынган. Сарайга тиешелүү бул аял Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алей­хи васаллам) алдына алынып келгенде Ага карата көкүрөгү жек кө­рүүгө толо эле.

Мына ошол учурда өзгөчө баам-парасатка ээ болгон Пайгамбары­быз (саллаллоху алейхи васаллам) бул маселени оңой эле чечкен.

Жувайрияга никени сунуш кылганда ал кабыл кылып, момундар­дын энеси деген даражага жогорулаган. Анан Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) «Пайгамбардын жакындары туткунга алынбайт.» - деп, колдорундагы туткундарды эркиндикке чыгарган­да, Жувайрия да, уруусу да абдан ыраазы болушкан.

Ошентип, Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) 60 жашында никелери аркылуу ушундай маселелерди бат эле чечип, со­гуш чыгып кете турган жерде тынчтыкты орноткон.

VII. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) зайыпта­рынын бири – Сафиййа бинти Хувай. Хайбар эмирлеринин биринин кызы. Атактуу Хайбар согушунда атасы, бир тууганы жана күйөөсү өлтүрүлүп, уруусу туткунга алынган эле. Сафиййа болсо өч алгысы келип, ичи күйүп жаткан. Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи ва­саллам) никеси сунуш кылынып, эгер кабыл кылса момундардан ур­мат-сый көрөрү айтылганда, Сафиййа бардыгын унутуп, Пайгамба­рыбызга (саллаллоху алейхи васаллам) зайып болгону үчүн сыймык­тана баштаган.

Мындан тышкары Азирети Сафиййа аркылуу көптөгөн жөөттөр Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) өздөрүнүн жакы­ны катары сезе башташкан. Бир нерседен көп нерсени, көп нерседен бир нерсени жараткан Кудай Таала Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) бардык никелеринде болгондой эле, бул никеде да кайырдуу бир иш кылган.

VIII. Бактылуу зайыптардын дагы бири – Савда. Исламдын алгач­кы этабында мусулман болгон, күйөөсү менен Хабашистанга көчкөн жана күйөөсү кайтыш болуп, жесир калган.

Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) бул аялдын да жара­луу жүрөгүн айыктырган, ага никесин сунуш кылып, аны оор абал­дан куткарган. Ансыз деле жалгыз Пайгамбарыбыздын (саллаллоху алейхи васаллам) никесинде болууну гана каалаган бул улуу аял дүй­нөдөн эч нерсе каалаган эмес.

Мына ушул никелердин бардыгында ушундай пайда жана кайыр болгону үчүн Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) эч ка­чан дене кумары үчүн гана үйлөнгөн деп айтуу туура эмес. Булардан башка, мынчалык аялдын жашай турган турак-жайын, жей турган тамак-ашын, кийим-кече сыяктуу муктаждыктарын эң адилеттүү түрдө бөлүштүрүп, алар менен болгон мамилесинде кара кылды как жаргандай калыстык кылышы, ортолорунда болушу мүм­күн болгон жамандыктардын алдын алуусу, пайда болгон маселелер­ди жеңилдик менен чечүүсү - Бернард Шоу айткандай «Эң чоң проб­лемаларды кофе ичип отургандай, оңой чечкен.»

Бир гана негиз калды, бул – зайыптарынын саны үммөтүнө урук­саат берген сандан көп болушу. Бул жекече пайгамбарга гана тиеше­лүү буйрук. Ырас, биз билген жана билбеген көптөгөн пайдаларды жана даанышман сырларды ичине камтыган жекече мыйзам. Бир уба­кытка чейин буга уруксаат берилген, андан кийин чек коюлган жана үйлөнүүгө тыюу салынган.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.