Бүткүл пайгамбарлар араб жарым аралынан чыккан, ал эми пай­гамбар жөнөтүлбөгөн башка материктерде жашаган элди ыйман жа­на аткарган иштеринен жоопкер деп айтуу кандай адилеттүүлүк болот?

Бул суроонун эки жагы бар:

1. Пайгамбарлардын бир гана Араб жарым аралынан чыгышы жана башка эч бир материктен эч кандай пайгамбардын чыкпашы.

2. Пайгамбар жөнөтүлбөгөн элдердин азапка (тозокко) ташталуусу­нун адилеттүү болбой турганы тууралуу.

Эми, кезеги менен ушул эки негизди карап чыгалы.

Пайгамбарлык – эң ыйык, эң улуу милдет. Пайгамбар тандалат, анан даражасы жогорулатылат, анан инсандарга жиберилип, аларды туура жолго баштоо милдети жүктөлөт. Вундеркингдерде болгондой пайгамбар жалгыз акылы жагынан гана өзгөчө эмес. Ал баардык се­зим жана жөндөмдөрүн колдонуп, Кудай тараптан дайыма вахий күт­көн инсан.

Пайгамбардын денеси рухуна, акылы жүрөгүнө баш ийет. Бардык сезими өркүндөгөн, өзгөчө көрүү, сезүү жана билүү сезими таби­гый чектен алдаганча ашып кеткен. Адамзат пайгамбар аркылуу га­на чындыкты таба алат. Пайгамбар бизге турмушту үйрөтөт, бардык нерсени жараткан Жаратуучуну, Кудурет жана Эрк Ээси болгон Ал­ланы ысым жана сыпаттары менен чогуу айтып, үйрөтөт.

Андай болсо, жер шарынын эч биринде пайгамбардын үнү жана нуру жеткен жок деп ойлобош керек. Бир музейде жол көрсөткүчкө муктаждык сезилгендей эле бул ааламдын да тааныштыруучусу, жол көрсөтүүчүсү болууга тийиш. Ушул укмуштай кооз аалам сарайын аны көрүүгө келген көрүүчүлөргө айтып түшүндүрө турган, билин­беген сырларды чечмелеп бере турган жол көрсөткүч инсанга мук­таждык бар.

Дүйнөдө христиандык, жөөттүк сыяктуу көптөгөн бузулган диндер бар жана булардын алгачкы пайдубалындагы тазалыкты кабыл кы­лышыбыз керек. Куран «(Сенин үммөтүңдөн мурдагы) ар бир үм­мөт ичинде да албетте бир эскертүүчү – пайгамбар өткөн.» (Фаатир/24) – деп жалпы өкүм берүүдө. Бирок биз дүйнөнүн бардык жа­гынан чыккан жана саны 124 миңге жеткен пайгамбарлардын 28ин гана билебиз. Булардын көбүнүн качан жана кайсыл жерде жашага­ны тууралуу маалыматка ээ эмеспиз. Негизи бардык пайгамбарды би­лүүгө тийиш эмеспиз. Куран: «Алардан Биз сага икая кылып бер­ген кишилер да бар, жана алардан Биз сага икая кылбаган ки­шилер да бар.» (Гаафир/78) – деп, ысмы айтылбагандарга өтө маани бербөөнү эске салууда.

Дагы бир нерсе, бүгүн диндер тарыхы, философия жана антропо­логия изилденгенде, бири-биринен абдан узак болгон коомдордо да­гы бир топ окшош жактар байкалууда. Жыйынтыктап айтсак, баары тең «көп кудайлыктан» «бир Кудайга» ыкташкан, ар кандай апаат келгенде, бардык «кудайларды» таштап, Бирөөнө гана алакан жайып, жалбарышкан. Канарья Аралдарында жашагандардан кызылтерилер­ге чейин бардык коомдордо окшош ишенимдер бар.

Проф. Др. Махмуд Мустафанын жапайы эки уруу тууралуу жаз­ган эмгектери бул негизди ырастайт. Доктордун айтканына караган­да мавмавдар «Мужай» - деген Кудайга ишенишет. Бул Кудай - бир. Эч кимди тууган да эмес, бирөө тарабынан туулган да эмес. Жубайы, теңдеши жана окшошу жок. Ал көрүнбөйт, билинбейт, кылган иште­ри, жараткан нерселери аркылуу гана таанылат.

Экинчи Неямнеям уруусу тууралуу да дээрлик ошол эле нерселер­ди айтат: Алар да сөзү бардык нерсеге өткөн, токойдогу бардык нер­сени өз эрки менен иштеткен жана жаман кишилерди чагылган менен урган Кудайга ишенишет.

Бул жерден эмнени түшүнсөк болот? Алардын Кудай тууралуу тү­шүнүгү менен Курандагы Кудай тууралуу баяндын ортосунда дээр­лик айырма жок. Керек болсо, мавмавдар Ихлас сүрөсүнүн мазмунун­дагы Кудайга ишенишет десек жаңылышпайбыз.

Маданияттан ушунчалык узак жана биз билген пайгамбарлар­дын таасир алкагынын тышындагы бул коомдор али турмуштун эң жөнөкөй мыйзамдарын билбесе да, бул эң терең диний ишенимди кайдан билишет! Демек, «Ар бир үммөт үчүн пайгамбар болот. Анан, качан пайгамбарлары келгенде, ошол үммөттөргө зулум­дук кылынбастан, алардын ортолорунда адилет өкүм кылынат.» (Юнус/47) деген баян илахий жана бүткүл ааламдык чындык, эч бир материк бул чындыктан сыртта калбайт.

Др. Махмуд Мустафа айткан нерсеге окшош окуяны 1968-жылы Керкуктук математика профессору Др. Адил Мырза да айтып берген  эле. Аспирантурасын Америкадан окуп жүргөн жылдары жергилик­түү калк менен көп көрүшүп турчу экен. Аны алардын ишенген ына­нымы абдан таңгалдырыптыр, анткени ошол жергиликтүү калк (кы­зыл терилер) бир Кудайга ишенип, Кудайды жебес-ичпес, убакытка көз каранды болбогон Зат катары карашып, ааламда болуп жаткан бардык окуянын Анын эрки менен болорун көп айтышчу экен.

Мындан сырткары Алла Тааланын көптөгөн салбий жана вужудий (Алла Тааланын кандайдыр бир материалдык денеге ээ болбогонун, көп эмес, Бирөө гана экенин жана башталышы, аягы болбогонун бил­дирген сыпаттары) сыпаттары тууралуу айтышыптыр, андай болсо Кудай тууралуу ойлогон бул ой-пикирлери үчүн аларды жапайы деп айтыш туура болбос...

Демек, чыгыш-батыш, дүйнөнүн бардык жеринде жогоруда айтыл­ган ынаным биримдиги жалгыз Ааламдын Ээси тарабынан гана ошол жерлерге жөнөтүлгөн элчилер аркылуу гана болушу мүмкүн. Антке­ни эң кыйын философтор да түшүнө албаган Жалгыз Кудайга ишенүү ынанымын жапайы туземдик элдерге ыйгаруу мүмкүн эмес. Демек, кумурска менен аарыны унутпаган Чексиз Ырайымдуу Кудай, адам­заттын бардык түрүн да унуткан эмес, пайгамбарсыз калтырган эмес.

Эми, суроонун экинчи тарабына өтөлү, тактап айтканда, пайгамбар жөнөтпөгөн кишилерге азап берилеби, берилбейби, ушул негизди аныктайлы.

Оболу, биринчи бөлүмдө айтылгандай, жер жүзү пайгамбардын ну­рунан куру калган эмес, убактылуу «пайгамбар рахматы» жаабай кал­са да, аз бир убакыт өткөндөн кийин көнөктөп төгүлүп турган. Ошон­дуктан, ар бир адам баласы аздыр-көптүр бул рахматты көргөн, ук­кан. Тилекке каршы, дин бузулган жерде фатрат (эки пайгамбардын ортосундагы убакыт) доору өкүм сүрүп, пайгамбар нуру өчүп калган. Ар бир караңгылыктан кийин бир нур, ар бир нурдан кийин караңгы­лык басып турганда өз эрктеринин тышында калгандарга Алла Таа­ла рахматын сүйүнчүлөгөн: «Биз пайгамбар жибермейинче (ал ар­кылуу Өзүбүздүн буйруктарыбызды жиберип, ага моюн сунуудан баш тартмайынча, бир да адамды) азаптоочу эмеспиз.» (Ал-Ис­ра/15)

Демек, оболу эскертүү, анан жоопкерчилик, анан кийин гана азап, же рахмат...

Мазхаб имамдары тафарруатта (Ислам дининин деталдары) бир аз башкача ой жүгүртүшөт. Мисалы, Имам Матуридий жана аны жакта­гандар ааламда ар бири бир китеп сыяктуу миңдеген далилдер болгондон кийин Кудайды билбеген кутулалбайт дешет. Ашаарийлер болсо, «Бир пайгамбар жөнөтпөй туруп, азап бербейбиз.» - деген маа­ниге келген аятка таянышып, төмөнкүдөй ой жүгүртүшөт: «Бир ки­шиге Кудайды тааныткан киши барбаса, анда тозок азабынан куту­лат.»

Бул эки имамдын көз караштарына түшүндүрмө бергендер да бар: Бир киши эч бир пайгамбарды көрбөсө (билбесе, укпаса), бирок Ку­дайды танбай, буттарга сыйынбаса – анда, ал ахли нажаат (куту­луучу). Анткени адамдардын ичинде кээ бирлери бар: өз акылы ме­нен ааламда болуп жаткан нерселерден Кудайды таба алышпайт. Ошондуктан, мындай жаратылыштагы кишилерге оболу Кудай туу­ралуу бирөөлөр айтышы керек, анан кийин кылган иштерине жара­ша, же жаза, же сыйлык берилет.

Бирок бир инсан атеизмди кесип катары көрүп, анын философия­сын сүйлөп, билип туруп «Кудайга каршы согуш ачса», дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да жазасын көрбөй койбойт.

Натыйжа катары төмөнкү нерсени айта алабыз: Кудай пайгамбар жөнөтпөгөн бир да материк болбогондой эле, ичинде пайгамбар кел­беген узун бир фатрат доору да жок. Дээрлик бардык доордун өкү­лү аздыр-көптүр пайгамбар рахматынан өз насибин алган. Пайгамбар ысмы таптакыр унутулган жерде экинчи пайгамбар жөнөтүлгөнгө че­йин ошол доор «фатрат доору» - деп аталган жана ушул фатрат доо­рунда өтүп кеткен кишилердин тозок азабынан кутула турганына аныктама берилген. Эң негизгиси, билип туруп Кудайды жокко чы­гарбаса болду...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.