Толеранттуулук жана диалог жүргүзүү жолу жана прогресс

Татаалдашып, бир кризистик абалдан дагы бирөөнө кирип бараткан азыркы дүйнөдө туруктуу өнүгүү үчүн эмне зарыл деген суроо адамзаттын түйшөлткөн проблемага айланып баратат. Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн көптөгөн мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар менен кошо эле коомчулукка таасири бар, өз алдынча ой жүргүзө ала турган инсандын да өз салымын кошууга убакыт жеткени байкалууда. Буга чейин деле дүйнөлүк коомчулуктун алдынкы адамдары соңку убакта жекемендүүлүккө, өз алдынча бөлүнүп, чектелүү гана турмуш жүргүзүп, башкалардын көйгөйлөрүнөн алыс болууга болгон аракеттерине кандайча каршы турууга мүмкүн экендигин көтөрүп келгендер болгон. Бирок алардын аракеттери негизинен коомдук өнүгүүнүн бийик деңгээлине жеткен өлкөлөрдө гана коомчулукка таасир кылып, адамдардын аң-сезимин ойготууга жана келечекте өз-ара мамилени жакшыртууда өбөлгө болууда. Ал эми коомдук өнүгүүнүн алдынкы катарына негизинен Европа менен АКШ, Японияга окшогон мамлекеттер кирери талашсыз. Калган аймактагы экономикалык өнүгүү деңгээли дале болсо жетишээрлик деңгээлге жетелектигинен, алардагы коомдук аң-сезимдин да деңгээли учурдагы талаптарга дал келбей жатканы белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн улуттардын өз-ара достук жана бирин-бири түшүнүү негизинде жашоосу үчүн көптөгөн тоскоолдуктар турганы талашсыз. Алардын арасында бай түндүк – жарды түштүк, расалык жактан бөлүнүү, кен байлыктарга ээ болгондор менен ага жардылар жана башка дагы бир далай ажырымдар коомчулукту бөлүп- жарып, тирешүүнүн себепкери болууда. Буларга кошумча түрлүү диний агымдардын арасындагы пикир келишпестиктин айынан диний тирешүү учурда христиан дүйнөсү менен ислам дүйнөсүнүн ортосундагы ажырымды арттырып, куралдуу тирешүүгө чейин жеткирип, азыркы маалда арабдар менен еврейлердин ортосундагы кагылышуу токтобой келалатат.

Ушуга окшогон көптөгөн ажырымдарды кандай болгондо жоюуга болот, кандай шарт түзгөндө ар кандай коомдогу адамдар ортосундагы айырма азайып, алар бир ынтымакка келип, бири-бирин сыйлап, кемчилигин кечирип, колдон келген колдоосун көрсөтүп, глобалдык деңгээлде күчөп бараткан маселелерди чечүүгө бирге аракет кылууга боло тургандыгын табуу маселеси күч алууда. Ушундай маселеге арналган көптөгөн жыйындар менен диалогдор, конференциялар менен изилдөөлөр көбөйүп баратканы да бекеринен эмес. Алардын бири болсо да, мааниси жагынан өзгөчөлөнүп турган иш-чаралардын бири катары Берлиндин жанында жайгашккн Потсдам шаарында өткөрүлгөн эл аралык конференцияны атаса болот. «Салт менен заманбап өнүгүүнүн ортосундагы мусулманчылык. Гүлен кыймылы  - маданияттар арасындагы көпүрө» аттуу Эл аралык Конференцияга дүйнө жүзүнөн 31 мамлекетинин, баардык расалардын жана дүйнөлүк 4 негизги диндин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында уюштуруучулар катары Германиянын Эл аралык маданият үчүн диалог Форуму жыйынды каржыласа, Түркиядан аларды «Диалог Евразия» Платформасынын өкүлдөрү да уюштуруу маселесин кол-кабыш кылып, өз мүчөлөрүнүн өкүлдөрүнө Конференцияга катышууга шарт түзүп беришти. Чоң жыйындын меймандары катары алыстан келген коноктор менен кошо Германиянын бийик деңгээлдеги расмий өкүлдөрү да катышып, өз сөздөрүндө конференциянын алдыга койгон максаты менен вазийпасы учур талабына дал келээрин бышыктап сөз сүйлөштү. Германиянын парламенти болгон Бундестагтын спикери Рита Сюзмут да өз сөзүндө жыйындын мааниси менен маңызына көңүл бурула турган маал келгенин баса белгилеп, толеранттуулук күчөсө ар-кайсы улуттар менен диний багыттар ортосундагы достук да бекем болоорун айтты. Конференцияда ааламдашуу мезгилиндеги миграция маселеси да көтөрүлүп, батышка сүңүп киреп келген чыгыш элдеринин, алардын арасында мусулмандардын саны жыл сайын өсүп бараткандыгысын көрсөткөн мисалдар арбын экендиги белгиленди. Утрехт шаарынан келген окумуштуу Карел Стеенбринк Голландиядагы мусулмандардын саны акыркы 40 жыл ичинде 1 миллиондон ашканын айтып, алардын 10 млн. адам жашаган чакан мамлекеттеги орду менен коомдо ойногон ролу күч алып баратканын көрсөткөн далилдерин жыйындын катышуучуларына тартуулады. Окумуштуунун айтуусунда Европага мусулмандардын келе башташы 3 этапка бөлүнөт. Биринчиси, 1960-жылдары башталган жана мигранттардын келүү себебин пост-колониялык шарт жана укуктук эркиндик түзгөн. Экинчи этабы 1980-жылдарга туш болуп, кедей өлкөлөрдөн жакшы турмушту издегендердин саны өсүп, көпчүлүгү Европага келе башташкан. Мигранттардын негизги бөлүгүн түрк менен марокколук мусулмандар түзгөн. Үчүнчү этап 2000-жылдары башталып, Европага келген мигранттардын негизги бөлүгүн саясый баш-паанек сурагандар түзө баштаган. Алардын бир тобу КМШ өлкөлөрүнөн болуп, арасында Өзбекстандан чыккандар арбын болгон.

Европага келген мигранттардын жашоо-шарты учурда байкалаарлык өзгөрүп, көптөгөн өлкөлөрдө мусулмандар үчүн мечиттен баштап атайын билим берүү мектептери иштеп жатканын, коомдогу мыйзамдарга ылайык толеранттуулук орноп, кооптонууну жарата турган пикир келишпестиктер аз экендиги жыйында баса белгиленди. Германиянын өзүндө эле мусулмандардын саны 3,5 млн адамды түзсө, алардын 2,3 млн түрк улуттундагылар экендиги жыйында өзгөчө белгиленип, Конференциянын дал Германиянын борборуна жакын өтүп жаткандагысы да кокусунан эместиги айтылды. Берлиндин калкы 3,5 млн адамды түзсө, алардын 250 миңи түрк улутундагылар экендиги көңүл бурбай койбойт. Алардын таасири астында шаарда мусулмандар жечү халал тамагын табуу туристтер үчүн эч кыйынчылык түзбөйт.

Жыйындын катышуучулары түрк маданияты менен салты, Түркиядан Европага келген тургундар акылуу тарап жаткандыгы Глобалдашуу процессинин бир бутагы экендигин белгилешти. Алардын арасында түрк элинин атактуу уулу, толеранттуулук менен диалог негизинде жашоого элди чакырган Фетхуллах Гүлендин учурда ойногон ролу арбын экендиги да баса белгиленип, айтылды. Конференциянын маанисин жакшы түшүнгөн, учурда жашына ылайык АКШда жашап жаткан  Ф. Гүлен ден соолугуна байланыштуу Германияга келе албаса да, Конференциянын катышуучуларына атайын арналып жазылган кат жиберип, анын ойлору менен чакырыктары дүйнөгө тарап бараткандыгына кубанычта экендигин билдирип, жыйынга ийгилик каалаганын катышуучулар кызуу кол чабуу менен кабыл алышты. Жыйын бир нече багыттарга арналып, панелдик бөлүнүү түрүндө өткөрүлдү. Алардын бири катары «Европалык проблемалар үчүн түрк чечими» темасына арналып, анда чыгып сүйлөгөн белгилүү түркологдор, изилдөөчүлөр Европада жашап жаткан мусулмандардын арасында түрк элинин өкүлдөрү учурда ойноп жаткан ролу жана мааниси тууралуу сөз сүйлөштү. Ф. Гүлендин ойлору Германияда иш жүзүнө ашып жаткандыгын далили катары ал жерде Гүлендин сунушу менен ачылып, иштеп жаткан атайын орто мектептерде толеранттуулук менен чыдамдуулук, бири-бирине кас эмес, дос мамиле кылууга чакырык, диний жактан бөлүп-жарууларга бөгөт коюу керектиги жаш муунга түшүндүрүлүп, окутулуп жаткандыгы айтылды. Андай мектептер дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп жаткандыгы белгилүү. Кыргызстанда мындай мектептердин саны 13 жетип, ондон ашык колледж жана «Ататүрк-Алатоо» университети иштеп жаткандыгы маалым. Кийинки панелде болсо Фетхуллах Гүлендин иши менен сунуштарына арналып, эл аралык гана толеранттуулук эмес, диний карама-каршылыктарды да чечүүгө арналган ой-насаатарына арналган маалыматтар айтылып, кызуу талкуу жүрдү.

Үч күнгө созулган жыйында мусулманчылык жана Куранга да арналган талкуу жүрүп, батыш менен Америкадан келген окумуштуулар менен ой жүгүртүүчүлөр жаңы көз караш менен Куранга болгон мамиле тууралуу сөз кылышты. АКШдан келген профессор Томас Мишелдин айтуусунда учурда эл аралык коомчулук бир нече маселе-проблемага такалууда. Алардын бири – коом үчүн маанилүү маселе болсо да, аларды тоготпоо, эске албоо же четке кагуу маселеси. Мисалы, учурда батыш коомчулугунун бир бөлүгү ислам дүйнөсүнүн ойногон ролун түшүнбөстөн, этибарга албоо позициясын ээлеп алышкан. Мындай шартта албетте аркы тараптагылар да айкаш келген позицияга чыгышат жана андан тирешүү курчуп, диний фанатизм күчөйт. Андыктан мындай позициядагылардын көзүн ачып, жалпы маалымат берүүгө, башкалар менен бирге жашоого үндөө маселеси турууда. Андан да маанилүү маселе – жакырчылык. Дүйнө жүзүндөгү элдердин арасында жакырчылыкта жашаган мусулмандар да аз эмес. Алардын абалы оор болгондуктан, диний жактан таасир кылган күчтөрдүн айырмасын билбей калышы мүмкүн. Анын кесепетинен дагы да болсо диний фанаттар көбөйүп, экстремисттик топторго кошулгандар көбөйөт. Мунун натыйжасында бир эле мусулмандар дүйнөгө жаман көрүнбөстөн, бүт Ислам дини менен Ислам дүйнөсү жаманаттуу болууда. Андыктан ар-бир коом жакырчылык маселесин чечүү менен бирге, алардын билим деңгеелин да көтөрүү проблемасын чечүү зарыл.

Түшүнгөн адамдар үчүн мындай маселелерди чечүү абдан маанилүү. Ф. Гүлен дал ушундай проблемаларды көтөрүп чыгып, коомчулуктук астында чече турган жолдорду көрсөтүп келет. Анын бири катары ар кандай тарыхка жана маданиятка, дини менен ички дүйнөсүнө ээ болгон коомдордун ортосунда көпүрө куруу зарыл деп баса белгилеген. Андай көпүрө куруу үчүн албетте диалог жүргүзүү, баарлашуу зарыл. Аны менен кошо эле коомдун, өзгөчө диний коомчулуктун арасында, диний билим берүү тармагын өнүктүрүү зарылдыгын баса белгилеген.  Конференциянын катышуучулары ушундай маселелерди чечүү багытында Ф. Гүлендин ролу абдан зор экендигин белгилешип, цивилизациялар ортосунда көпүрөнү куруучу вазийпасы менен алгачкы ойду, алгачкы кадамды жасаган инсан катары билишээрин баса белгилешти.

Татаал убакта жана катаалдашып бараткан шартта толеранттуулук жана эл аралык деңгээлде диалогдун зарылдыгы күн өткөн сайын курчуп баратат. Кыргызстанда бул  маселе акыркы убакта диний түрлүү багыттарга берилип кеткендердин саны өскөн сайын курчуудо. Андыктан Ф. Гүленге окшогон терең ойчул, тынчтык аркылуу өнүгүү жолун тандап алган саясатты жүргүзгөндүрдүн кебине кулак түрүп, бир пикирге келип, туруктуу деңгээлде өнүгүү жолуна өтүү зарылдыгы талашсыз. Прогресске жетишүү үчүн мындан артык жол табуу кыйын.

Конференциянын катышуучулары:
К. Таабалдиев, О. Молдалиев, Э. Момункулов
Берлин-Стамбул-Бишкек

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.