"Жүрөктү ыймандын, акылды илимдин жарыгы жаркытыш керек…"

Улут жана дин аралык диалог, ынтымак маселеси азыркы учурда өзгөчө биздин өлкөдө абдан курч маселелерден болуп турганы анык. Өгүнү Чолпон-Атада өлкө башчысынын катышуусунда улут аралык ынтымак, диалог жана толеранттуулук темасын камтыган диний конфессиялардын, кызматчылардын жана чет өлкөлүктөрдүн катышуусундагы жыйыны ошондон улам өткөн эле. Чынында, мындай улут, дин аралык ынтымак, достук жана өз ара түшүнүүчүлүккө чакырган иш-чаралардын зарылдыгын ар бирибиз туюп келебиз. Ошондуктан, дүйнөнү толеранттуулукка, диалогго чакырган Фетхуллах Гүленди айтпай кете албаспыз.

Адам улутуна, динине жана көз караштары келишпей турганына карабай бири-бирин түшүнүү, урматтоо, тек адамгерчилик принциптеринде гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн дүйнө таанымдарда, көз караштарда жана ишенимдерде кайра-кайра кайталанат.

Биздин өлкөнүн жарандарынын басымдуу бөлүгү ыктаган ислам дининде ишенимдин түрдүүлүгүнө карабай толеранттуулук, гумандуулук негизги функция катары эсептелет. Бул тууралуу ислам дининин негизги таалимин туура түшүнгөн дүйнө ойчулдары, окумуштуулары да какшап айтат. Андай ишмерлерден өзгөчө баса белгилей кетүүчү инсан - Фетхуллах Гүлен. Ал өйдөдө айтылган чыр-чатактын, конфликтин булагы болгон көйгөй: өз ара түшүнбөстүк, ырксыздык, көрө албастык, тигил же бул тараптын жеке кызыкчылыгын гана көздөөчүлүк өңдүү кеселдерди чечүүнүн жолу. Сабатсыздыкты, жакырлыкты жоюу жана жогорку билим, адеп-ахлактуулук экендигин туура баамдаган идеяларын дин баалуулуктары менен илим-билимдин негизинде теориялык да, практикалык да түрдө ишке ашырып келет.

Чынында, адамгерчилик, диалог жана толеранттуулук өңдүү сапаттардан турган идея албетте, Гүлендин жеке ичинен чыккан идея эмес. Ал болгону исламдын көмүскөдө калып бара жаткан түпкү "тынчтык" деген маңызын гана жаңыртып отурат. Гүлен дин аралык диалог жана толеранттуулуктун практиги жана теоретиги катары: "Мен диалог жана адамгерчиликти, сабырдуулукту (башкаларга жол коюучулук) жана толеранттуулукту менин динимдин (исламдын) негизин түзүүчү принциптери катары карайм", - деп ислам жана башка диндерди тутунуучуларга кол кармаша жашашын эске салат.

Азыркы заманда өздөрүн мусулман атаган жактар бири-бири менен конфликтке кириптер болгон фактылар жашыруун эмес. Бул - Гүлен так баамдагандай, билимдин тайкылыгы, ыймандын алсыздыгы жана амбицияны ооздуктай албастык. Анте турган болсок, илим-билимге сугарылган адамдардын да бүлүк салуучулардан болуп кеткени тарыхта болобу, дегеле табылбай койбойт. Ошондуктан, Гүлен ыйман менен билимдин кошулуусу түшүнүүчүлүктүн түбүн түптөөрүн, ошондой эле өз ара алака жана диалогдун өзгөчө маанисин баса белгилеп: "Эгер сабатсыздык жана экстремизм ар кандай социалдык кеселдердин жана чыр-чатактардын негизи болуп кызмат кылса, анда дүйнөнү билим жана толеранттуулук сактап калат", - деп ырксыздыкта дагы эле билим менен түшүнүүчүлүк мыкты курал экендигин айгинелейт.

Ошол үчүн Гүлендин билим берүү концепциясынын негизи маданияттар, улуттар аралык диалогдун жана толеранттуулуктун идеясында жатат. Анын айтымында: "Толеранттуулук - башкаларга достугун арноого умтулуу, ар түрдүүлүктү турган абалындай кабылдоо, ар кандай дүйнө таанымды, диний ынанымды жээрибей, ага тоскоолдук кылбоонун өзү калыстык кылуу, башкаларга жол коюуучулук (толеранттуулук)".

Ушундай улуу, изги иштерде Фетхуллах Гүлен өзүнүн пикирлештери тарабынан ачылган ар кайсы социалдык катмарлардын диний, этникалык жана башка айырмачылыктарына карабай окуп жаткан билим берүү тармактарына чоң үмүт артат. Гүлен билим берүү концепциясын айтып жатып: "Бул бир процесстеги диний жана илимий окутуу билим берүүнүн жаңы формасы. Бул руханийликтин жана моралдын деңгээлин көтөрүп, чыныгы ар жактуу билимдүү адамдарды жаратат, "жүрөктү ыймандын жарыгы, мээни илимдин жарыгы жаркытат"… - деп, таалим берүүнүн ийкемдүү усулун сунуштайт.

Чынында, мындай Гүлендин идеясы менен ачылган мектептер - келечектин мектеби, анын негизги максаты, бир гана жогорку класстагы билим берүү гана эмес, балким көбүнчө дүйнөнүн толеранттуулук жана гумандуулук принциптерин жетекке алган жаңы жарандарынын тайпасы.

Гүлен чатакташуунун натурасын жана анын чыгышын талдап, айрыкча терроризмдин таркалыш себептерине деталдуу токтолгон. Ал көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө орун алган социалдык "оорулар": "Ал - жакырдык, сабатсыздык, класстык түрдүүлүк жана этникалык дискриминация. Мусулман өлкөлөрүндө мындай адам укуктары, билим алууга, информациялык технологияларга, экономикалык жетишкендик жана кирешелерди адилеттүү жумшабастык өңдүү базалык баалуулуктар туура реализацияланган эмес"- деп, ушул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун билим берүүдөн көрөт жана аны практикалык түрдө ишке ашырууда. Ошондуктан, жогоруда айтылгандай, Гүлен светтик окуу тармактарынын демилгечиси болгон. Ал башка маданияттарды жана диндерди урматтоо негизинде аракеттенет.

Гүленди айрымдар диний ишмер катары да билет. Бирок, бүгүнкү дүйнөдө анын ролун түшүнүү бул жетишсиздик кылат. Эгер терең үңүлсөк Гүлендин философиясы адамды сүйүүгө такалып; бул татаал жашоодо эң кымбат - бул адам жана анын жашаган жашоосу. Адамзатын сактап калуу үчүн ар кайсы маданият, улут өкүлдөрүнүн ынтымагы, алардын арасындагы чыдамкайлык сый-урмат жана диалогдун өкүм сүрүшү зарыл экендигин көрсөтүүгө умтулат. Мындай маселелерди чечүү инструменттеринин бири ыйманды сыйлаган, илим-билим. Ооба, Гүлен өзүнүн динин жашоосуна терең сиңирүүгө, ошондой эле ар кайсы улут, маданиятты жана диндерди сыйлаган чыныгы мусулман болууга аракеттенет. Ал чыныгы мусулмандын адамгерчилигин түзгөн, адеп-ахлактык түшүнүк, адамдардын өз ара кичи пейилдүүлүгү принциптерин реализациялоо жолдорун изилдейт.

Гүлен айтат: "Ким дүйнөнү өзгөрткүсү келсе, адегенде өзүн өзгөртүшү керек. Башкаларды жакшы жашоого алып баруучу жолго багытташ үчүн, ал өзүнүн ички дүйнөсүн жек көрүүчүлүктөн, көрө албастыктан жана суктануудан тазалаш керек, ошондой эле сырткы дүйнөсүн мүмкүн болгон бардык баалуулуктар менен кооздошу керек. Ким өзүн-өзү кармоодон жана өзүн-өзү тарбиялоодон качса, ким өзүнүн сезимдерин асылдандыра ала албаса, балким алар бир караганда жагымдуу да, көрөгөч да көрүнүшү мүмкүн. Бирок, андайлар көпкө чейин башкаларды шыктандыра албайт, алардын жасалма ыкыластары тез эле кайып болот…

Эгер адам өзү окуп, башкаларды шыктандырып окута алса, анда ал чыныгы адам. Окугусу келбеген жана түркөйлүктө жашаган адамды жетик адам деп айтуу оор. Бирок, билимдүү адам өзүнүн билимин жаңыртпаса, өзүн-өзү оңдоп турбаса жана башкаларга үлгү болуп кызмат кыла албаса, анын инсандыгы да кемел эмес…".

Асылбек
БЕКТЕНОВ
Көз карандысыз теолог , журналист

СПРАВКА

Фетхуллах Гүлен - азыркы замандын белгилүү дүйнөлүк ислам окумуштуусу, теолог, философ-ойчул. Ал өзүнүн тынчтыкка чакыруу, конфессия аралык диалог жана макулдашуу, толеранттуулук ошондой эле ар түрдүү маданият, коомчулуктун кызматташтыгы үчүн "толеранттуулук идеяларын" пропагандалаганы үчүн Юнесконун сыйлыгына татыган. Анын идеясынын негизинде пикирлештери тарабынан "Журналисттер жана жазуучулар Фонду", ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө билим берүү мекемелери тармагы уюштурулган. Негизги максаты конфессия жана маданияттар аралык диалог болуп эсептелет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.