Жер эне

Сыртынан караганда топурак, жер жер бетинин аба катмары менен тийишип турушунун натыйжасында түрдүү-түрдүү сырдуу көрүнүшкө ээ болушу, өсүмдүк жана айбанаттарга жашоого шарт түзүлө тургандай жылуулугу, бир миллиграмында миллиарддаган жандуу жашай тургандай байлыгы, бир гектар жана он сантиметр тереңдиктеги бөлүкчөсүндө тонналаган бактерияларга жашай турган жай болуп берген кеңпейилдиги, бактериялардын табигый милдеттерин аткара алуулары үчүн кичинекей курт-кумурскалардын жана сөөлжандардын иштеп чыгарып, майдалап, бактерияларга сунуулары Улуу Жаратуучунун чебердигин чагылдырып тургандыктан өтө баалуу...

Ушул себептен, топурак, бүтүндөй ааламдын жана өзгөчө жер шаарынын эң баалуу элементи болуп саналат. Аба-суу-жарык бир жагынан караганда топурак үчүн жаратылган. Анын бул маанилүүлүгүнөн, койнунда биз жана биз менен байланышкан миллиондогон макулуктар өсүп-өнгөн бул карапайым бирок, өтө ыйык нерсе, Курани Каримде дагы көп айтылып, бүтүндөй асмандарга тең баяндалат, биздин башталышыбыз катары баркталат, акыретке алып өтө турган көпүрө, аялдама катары ага көңүлүбүз бурдурулат. Куранда: “Жана ушундан кийин жерди жайып, тегиз кылды. Андан сууларын, жайлоо-чөптөрүн чыгарды. Жана ал (Жерге) тоолорду орноштурду.” деп жер шары менен аба катмарынын ортосундагы байланышты, жер шарынын өз ичиндеги сууларды сактоосу, андан кийин белгилүү бир өлчөм жана тартип менен ал суулардын сыртка бүркүлүшү, андан дарыялардын пайда болушу, ал дарыялардан бакчалардын сугарылышы, андан кийин бул суулардын түрдүү жерлерде буулануусу тууралуу айтылат. Курани Каримде бул туурасында түшүрүлгөн көп аяттар бар.

Топурактын курамы жана байлыгы жагы менен өзгөчө маани берилиши жана жашоо тартууланышы, өзгөчө адам баласынын жашоосу менен эң жогорку баага жетиши жер шары менен байланышкан окуялардын эң маанилүүлөрүнөн болуп эсептелет. Бүгүнкү күнүбүздө бул өзгөчөлүктөрдү камтыган түзүлүш жана тартиптин даанышмандыгы толук түшүнүктүү болбосо дагы Алла Таала Куранда бул өзгөчөлүктөрдү түрдүү жагынан алып белгилейт, бизге жана башка чексиз тартууларын эскертет, зээнибизде жаратылышка жана жаратылыштын бизге көрүнбөгөн жактарына терезе ачат жана бизди ыймандын ырахаттуу дүйнөсүндө саякаттатат: “Ал Жерди жайык кылып жаратып, анда тоолор жана дарыялар пайда кылган зат. Ал жердеги ар бир мөмөнү экиден жуп-жуп (тактап айтканда эркек-ургаачы) кылып жаратты. Ал түндү күндүз үстүнө жаят (тактап айтканда, түн менен күн да бири-бирине жуп). Албетте, бул (мисалдар) да пикир кыла турган коом үчүн аят-үлгүлөр бар.” (Назият сүрөсү 30-32)

Курани Каримде жер жүзүнүн бул өзгөчөлүктөрүн түрдүү жолдор менен баяндаган көп аяттарды көрсөтүүгө болот. Бул аяттардын дээрлик баары, дүйнөнүн адам баласынын жашоосу үчүн ыңгайлуу абалга келиши үчүн, жер жүзүнүн ар дайым өзгөрүш жана кубулуштардан өткөрүлүп тургандыгын көрсөтүп турат. Бул узакка созулган өзгөрүш жана кубулуш мөөнөтүнүн ар бир этабын Кудурети Чексиз, кээде бири-биринен башкача кээде бири-бирине окшош көрүнүштө жандандырган. Илим, ирада (каалоо, эрк) жана жашоо сыпаттарынын түрдүү көрүнүштөрү менен деңиздерди, дарыяларды жандуулар дүйнөсү жана өзгөчө топурак катмарынын алдын жана үстүн жандуулардын жашоо майданына айланткан.

Топурак, ар дайым түркүн-түстүү кулпурган өрөөндөрү, кооз бакчалары, сүрдүү көрүнгөн тоо-таштары менен, деңиздери-дарыялары менен бизге жоготулган бейишти эстетет жана бизди сооротот.

Жер жүзүндө топурак, Кудурети Чексиздин кудурети алдында азыркы абалга келиши үчүн-бул дүйнөдө баардык нерсе себептерге көз каранды болгондуктан ушундай-миллиондогон жылдар өткөн. Анын өсүмдүктөргө оролуусу, жандуулар менен шаңданган абалга келиши үчүн дагы миллиондогон жылдар өткөн.

Азыр, бейиштин кооздуктарын чагылдыра турганчалык абалга келген учурда, андагы айкаштыкты кыйраткандар миллиарддаган жылдардын мөмөлөрүн жок кылып жаткандыктарын билишээр бекен? Кээ бир түрлөрдү жок кылуу менен гана чектелип калышсачы, аттиң! Кыйратуу элестете албай тургандай абалга келди жана жер бетиндеги кээ бир маанилүү элементтердин жок болушу менен, башка жандуу, жансыз нерселердин ортосундагы тең салмактуулуктар бузулду жана жер эне дагы бир жолу өз балдарынын кыянатчылыгына кабылды.

Ооба, жер жүзүндө бир топ жандуу-жансыз түрлөрдүн жок болунушу менен жалпы тең салмактуулуктун бузулушу, атайын болсун, же экономикалык зарылчылыктардын себебинен болсун же түркөйлүк жана сабатсыздыктын кесепетинен болсун, бул биз өнүп-өскөн топуракка ачык кыянаттык жана өз дүйнөбүздү жана өз үйүбүздү жашоого мүмкүн болбой турган абалга алып келип жатабыз деген мааниге келет. Эртеби-кечпи жаратылыш мыйзамдары бул кыянатттыгыбызга жооп берет жана зулумубуз үчүн бизди жазалайт: атмосфера зыяндуу газдар менен булганып, асмандан кислоталуу жамгырлар жаайт, таза жамгыр жааса дагы топурактарды агызып барып, деңизге куят, өсүмдүктөр жаздын келиши менен кулпурбастан, күзгө калгандай саргарып, соолуп, чачылат жана ар дайым энеден дагы мээримдүү болгон жер жүзү, Исрафийлдин сурнайынын үнүн угуп корккондой өз балдарын жээрип, өзүн тозок сыяктуу жагымсыз кылып, чөлгө айланат.

Топурак жаратылгандан бери ар дайым, аба менен, суу менен кучакташып, милдетине ылайык өрөөндөрү, бакчалары, дарыялары менен эне сыяктуу бизге мээримин төгүп, жаңылыштыктарыбызды ата сыяктуу айкөлдүк менен кечирип, бир учурларда жоготуп алган бейишибизди эске салып турган мээримдүү жашоо булагы. Анын оопалуу жана кайрымдуу көрүнүшүн биздин кызматыбыз үчүн милдеттендирилген кызматкер экендигин туура баалай албай, аны ыйык тутууда аша чаап, Ганж дарыясынын жээгинде жашагандар Ганж дарыясына, Амазона калкынын Амазона дарыясына, Канадалыктардын Ниагара шаркыратмасына сыйынуулары жана аларды кудай тутунуулары сыяктуу аны дагы жаратуучу катары карашкан.

Чындыгында, жер шары жана топурак катмары Алла Тааланы чагылдырып турган кереметтүү жаратылыш. Бул маанилүү чындыкты Бадиуззамандын баяны менен корутундуласа болот: “ Жер жүзү ааламдын жүрөгү болгондой эле, топурак дагы жер бетинин жүрөгү. Адам баласын кичипейилдүүлүк сыяктуу улуу сапатка ээ кылган жолдордун символу топурак. Топурак Алла Тааланы тааныта турган кыска жол. Себеби, топурак жаратылышта Алла Тааланын жаратуучулугун, чексиз кудуретин чагылдырып турат. Алла Тааланын ырайымы суу менен болгондой эле, жашоо жана тирилтүүсү дагы топурак үстүндө көрүнөт жана топурак Алланы чагылдырып турган тунук күзгү.”

“Топурак бол, топурак болсоң, гүл өстүрөсүң; себеби, топурактан башкасы гүл өстүрө албайт” деп айтылат.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.