Көңүл

Көңүл, адам баласынын эң маанилүү тарабы, анын руханий дүйнөсүнүн маңызы, сезим жана ишенимдерининн булагы жана инсандык улуу сыпаттарга алып бара турган жол, жана ошондой эле ал жолдун алгачкы аялдамасы. Көңүл жолунда сапар тарткандар караңгылык дегенди билбейт; көңүлү менен обологондор эч нерсеге такалып калбайт. Баардык инсандык баалуулуктар көңүл кырларында бой керип өсөт. Ыйман, сүйүү, руханий ылаззаттар толугу менен көңүл бакчасынын мөмөлөрү.

Жан дүйнөсү чөлгө айланган инсандарда сезим, көз-караш, ой жүгүртүү жана илим түшүнүгү болбойт. Ой жүгүртүү жүрөккө көз каранды болгон учурларда эң салтанаттуу доорлор өткөн жана көптөгөн өлбөс чыгармалар мурас калган. Ал учурларда рух материяга өкүм жүргүзүп, дүйнө акырет түшүнүктөрү жанаша талдоого алынган жана бул дүйнөгө таандык нерселер дагы тигил дүйнөдө баалана тургандай улуу баага жеткен.

Мына ушундай чөйрөдө ар бири жол каракчысына айланган дене кумары сыяктуу нерселер, узак жылдар бою жолдордо буктурмаларды куруп, руханий дүйнөсү тайыз инсандарды аңдып отурду жана аларга түрдүү-түрдүү уулуу шараптарды сунуп, аларды акылдан адаштырды. Окуяларды талдап, ой-жүгүртө албаган, түшүнбөгөн инсандардын топторун пайда кылды...

Ошондуктан, башка убактарга салыштырмалуу дагы көбүрөөк жан дүйнө маегин угууга муктаж экендигибизди сезип турабыз жана анда Азирети Масихтин (Иса пайгамбардын) деми туюлат. Бул дүйнө жаралгандан бери ар дайым көк үстүндөгү ааламдарда обологон бактылуулар, дене туткунунан чыгып, периштелер сыяктуу канат бүткөн жана ар дайым руханий дүйнөсү терең болгон адамдардын арасынан чыккан. Эки дүйнөнүн бактылуулугуна ээ болгон бул азаматтар, эшик кыдырып, кайырчылык кылып жүргөн учурларда, бейиш байлыктары жайылган кырларда кезип, кайырчылыктан алыс болуу менен жогоруларда оболоп учушкан. Бул дүйнөнүн терс жактары аларды үмүтсүздүккө сала албагандай эле, Бейиштин түркүн-түстүү, кулпурган кооздуктары алардын башын айландыра алган жок. Баардык иштеринде Алланын достугун пайдалануу менен эң кирешелүү сооданы тандап алып, жакшы пайда көргөн.

Көңүл, Хакктын (Алланын) жардамына инсандык маңыздын айкашынан жаралган. Ошондуктан, Алла деп соккон жүрөк, руханий жана материалдык ааламдарга ачык. Инсандын руханий дүйнөсүнүн тереңдиги жана ички-сырткы сулуулугу анын көңүлүнүн эки жагы. Ал гана эмес, анын сырткы сулуулугу дагы толугу менен жүрөгүнүн тазалыгына байланыштуу. Жүрөктөн чыккан сөз кулкунга келгенде мээнин чырагы күйөт жана инсандын жан дүйнөсү жарыйт. Рух жүрөккө жүзүн бурганда сезимдер кылдары чертилгендей үн чыгара баштайт.. ошол учурда, көңүл кубанып, көздөр күлүңдөйт.

Инсандын жан дүйнөсү ээ жаа бербей, толкуганда сезимдер жолдон адашса да, көңүл ар дайым тизе бүгүп, Алланын алдында таазим кылып турат. Инсан, көңүл дүйнөсүндө саякаттап жүргөндө адашып, жолдо калбайт. Жан дүйнөсү бай адам тоскоолдуктарга такалып калганда, сүйүү, Кызыр сыяктуу ага жардамга келип, ал тоскоолдуктан чагылган тездиги менен алып өтөт.

Адам баласындагы ички жана сырткы сезимдер катардагы жоокер, жүрөк болсо аскер башчы. Сезимдер жарыктын айланасында чарк айланган сокур көпөлөк болсо, көңүл айланасына жарык чачкан чырак. Жүрөк ар дайым бийик жерде туруп буйрук берип, башка сезимдер ага моюн сунуулары керек. Ал ар дайым Чолпон жылдызы сыяктуу өз огунда айланып, инсандык сезимдер анын айланасында тооп кылып туруулары керек.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.