Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги терракта байланыштуу көңүл айтуу

Париждеги жүздөн ашык бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган жана жарадар болгон адамдар жөнүндөгү суук кабарды угуп терең кайгыга баттым. Бул ишти ким кылбасын, кандай гана максатта кылбасын, мындай террордук жол менен кан төгүүгө дагы бир жолу наалат айтам.

Бардык террордук иш-аракеттер тынчтык менен бейпилдикке карата урулган катуу сокку болуп саналат. Бул кечирилигис оор кылмыш “бирок”, же “бирок, анткени” деген шылтоосу жок айыпталышы керек.

Терроризм – эң ыйык деп саналган адам баласынын өмүрүнө коркунуч келтирүү жана жер жүзүндөгү эң чоң кара өзгөйлүк, жексурдук болуп саналат. Кайсыл дин болбосун, же кайсы бир дүйнө тааным, идеология бул кылмышты актай турганчалык наадандыкка барбайт.

Адамдын өмүрү Алла Тааланын алдында эң баалуу болуп саналат. Ыйык Куранда кайсы бир дин, же улутуна карабай: “Бир адамды өлтүрүү - жер жүзүндөгү адамдардын баарын өлтүргөн менен тең”,- деп адамдын өмүрү кол тийгис экендиги баса белгиленет. Мусулман, тынчтыктын бакубаттыктын гана символу жана дайыма ошондой болушу керек. Мына ошондуктан, бир дагы террорист мусулман болбогондой эле, мусулман да террорист болушу мүмкүн эмес!

Франциянын борбору Париждеги жырткычтык, аёосуздук менен жасалган теракта жаралангандарга шыпаа тилеп, ал эми жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана Франциянын Президенти Франсуа Олландга, бардык Франция элине көңүл айтам.

Урматым менен,

М. Фетхуллах Гүлен.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.