Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Улуу ойчул Фетхуллах Гүлен, төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алды

Фетхуллах Гүлен, кечээ күнү кечинде Түркияда башталган төңкөрүштүк аракетти катуу сынга алган билдирүү жарыялады.
Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылуусун билдирген Фетхуллах Гүлен “Бул аскердик төңкөрүштүк аракетке өтө катуу түрдө наалат айтам” деди.

Нью-Йорк борбордук Орток баалуулуктар бирикмеси (AfSV) тарабынан жарыяланган билдирүүдө мындай деп айтылат:
“Түркияда башталган аскердик төңкөрүштүк аракетти өтө катуу түрдө сындаймын. Бийлик күч колдонуу менен эмес, адилеттүү түрдө, эркин шайлоо жолу менен алмаштырылууга тийиш. Түркия, түрк калкы жана ушул таптагы Түркиядагы жарандардын баарына дуба кылып жатам. Бул көйгөйдүн өтө тез арада тынчтык жолу менен чечилүүсүн Мээримдүү Алладан жалбарып суранам.

Акыркы 50 жылдан бери болуп келаткан бардык аскердик төңкөрүштүн азабын тарткан адам катары мындай аракетке байланыштырылышым да өтө өкүнүчтүү. Мындай куру дооматты, жалааны ачык-айкын, эрктүү түрдө жалган жана туура эмес деп эсептеймин”.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.