Азрейил периште жалгыз болуп туруп, бир эле учурда көптөгөн адамдардын жанын кантип алууда?

Бул суроодон адам баласынын ой жүгүртүүсү аны жаңылтканын көрүүдөбүз. Периште эч качан адам баласындай болбойт. Периштени адамга окшоштуруу таптакыр туура эмес. Оболу периште эмне, адам деген эмне, экөөнүн айырмаларын билип алганыбыз оң.

Периште – ал жаралган аалам жана анын өзүнүн жаратылышы, жоопкерчилиги жана милдеттери жагынан алып караганда адамзаттан таптакыр башкача. Анын бул өзгөчөлүктөрүнө карабастан өкүм берүү жаңылыш. Ошондуктан эң оболу периштенин жогоруда айтылган өзгөчөлүктөрүн билүүнү зарыл деп эсептейбиз.

Периште (малак) – «күч-кубат» - деген мааниге келген «малк» - деген сөздөн, же болбосо, «элчи» - деген мааниге келген «мал’ак» - деген сөздөн алынган. Биринчи мааниси боюнча периште абдан күчтүү, ал эми экинчи мааниси боюнча Кудайдын буйруктарын алып, кулдарына жеткирүүчү элчи дегенди билдирет.

Бул улуу сапаттар Алла Таала жараткан баардык периштелерде бар. Өзгөчө вахий алып келген периштелерде бул сапаттар өтө жогорку деңгээлде. Бул улуу периштелер жашоого жана өлүмгө байланыштуу милдеттерден баштап Алла Таала жүктөгөн баардык милдеттерди аткарышат.

Макро ааламдан микро ааламга чейин бардык өзгөрүүлөр, бүткүл кубулуштар периштелердин көзөмөлүндө болгондуктан Кудайдын «калаам» сыпатынан адамзатка келген шарият буйруктары дагы ушул периштелер аркылуу жеткирилет. Бүткүл дүйнөгө таандык тартылуу жана түртүлүү күчүнөн электрондордун ядролоруна чейинки бардык иштерди жөнгө салуу дагы периштелердин милдети.

Периштелер бул ааламда болуп жаткан бардык иштерди орундатканы үчүн, аларсыз жамгырдын бир да тамчысын, же болбосо чагылгандын чартылдашын көз алдыга элестетүү мүмкүн эмес. Периштелер - ааламда коюлган мыйзамдар боюнча ушул аң-сезимдүү күчтөргө өкүм жүргүзүп турган Алла Тааланын чексиз күч-кудуретин чагылдырат. Алар даражасы эң улуу болгон адамзаттын жашоо таризин жөнгө салуу үчүн вахий менен жоопкерчилик жана милдеттерди камтыган кабарларды алып келген.

Ошондуктан, периштелерди адамзатка окшоштуруу – караңгылыктын белгиси. Ырас, эгер периште да адамзат сыяктуу материалдык денеге ээ болуп, убакытка көз каранды болуп жаралганда, анда аны адамзат сыяктуу элестетүүбүз туура болмок. Бирок периште менен адамзат бири-бирине эч окшобойт.

Периштелер жаратылышынан эле адамзаттан айырмаланып турат. Бул айырма алардын абдан кенен алкактагы милдеттерине байланыштуу. Бир эле учурда көптөгөн адамдарга көрүнүү жана бир эле учурда бир канча рухту алуу сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ болгон периштелер Азирети Айша (РА) риваят кылган бир хадис боюнча нурдан жаралган. Ошондуктан, периштелер нурдун өзгөчөлүктөрүнө да ээ.

Күн сыяктуу жарык чыгаруучу нерселер жалгыз болсо да ар бир жалтырак нерселерде чагылып көрүнгөндөй, нурдан жаралган периштелер да бир эле учурда көптөгөн рухка таасирин тийгизе алат.

Ошону менен бирге руханий жандыктар болгон периштелер Күн сыяктуу материалдык нерселерден дагы таптакыр башкача. Алар бир эле убакта бир канча көрүнүшкө өтө алышат. Мурдараак диндарлардын арасында, акыркы учурларда болсо жалпы светтик чөйрөдө периштелер тууралуу маалыматтар кеңири таралган. Бул маселе тууралуу көп эле гезит-журналдарда жазылды. Кыскасы, маселе кандай болсо да, периштелер материалдык нерселерге салыштырмалуу активдүүрөөк жана күчтүүрөөк экени чындык.

Периштелердин жана рухтардын кээ бир кейиптерди кийиши мурдатан бери эле билинген нерселер. Пайгамбарлар баш болгон көптөгөн олуя адамдар бул туурасында күбө болушкан окуяларын айтып келишкен.

Жабрайил Периштенин (СА) келүү максатына жараша түрдүү көрүнүштө келиши, мисалы, вахий алып келген учурда элчилик милдетине ылайык түрдө, согуш учурунда согушчандын кейпин кийип келиши сөзүбүзгө мисал боло алат. Анын сахабалардан Азирети Дихьянын (РА) кейпинде көрүнгөндөй эле, биз ысмын билбеген дагы бир периште «Ухуд» согушунда Мусаб бин Умайрдын кейпинде Азирети Расулалланын (СА) жанында кечке чейин салгылашат. Дагы көптөгөн периштелер Зубайр бин Аввамдын кейпинде «Бадр» согушуна катышышып, мусулмандарга материалдык-моралдык күч болуп беришкен.

Олуя адамдардын периштелер менен жолуккандыктары тууралуу окуялары көп эле. Айрыкча, руханий нерселердин түш аркылуу жалпы катардагы адамдарга көрүнүшү, биздин айткандарыбызды тастыктап, бекемдеп турат.

Периштелер жана руханий нерселер тууралуу маселени ошолор жөнүндө кеңири баяндалган китептерге тапшырабыз. Натыйжа катары төмөнкүдөй демекчибиз: бардык нерсе күзгүлөрдө чагылып көрүнгөндөй эле, периште да өзүнө күзгү боло турган бардык жерде көрүнүшү мүмкүн, болгондо да жалгыз сүрөт катары эмес, бардык иш-аракеттери менен бирге көрүнө алат.

Бул нерседе анын жалгыз болушу анын көп иш-аракеттерди жасашына тоскоолдук кыла албайт. Турган жеринен нур сыяктуу чачырап, каалаган жерге колун сунуп, каалаган ишти жасай алат. Ага аралыктын алыстыгы, адамдардын көптүгү тоскоол боло албайт. Күн жалгыз болгонуна карабастан ачык жерде турган бардык күзгүлөрдө чагылып көрүнгөндөй эле, нурдан жаратылган периштелер дагы бардык жерде өз иштерин аткара алышат.

Чындыгында жандарды алуучу – Алла Тааланын Өзү. Азрайил Периште болсо рухтардын алынышында байкоочу катары кызмат кылат. Улуу Жаратуучу ойго келгис, эсепсиз көптөгөн иштерди бир эле убакта кыла алгандай, миллиарддаган жандарды бир эле убакта бар, же жок кыла алат. Мына ушул акылдарды айран-таң калтырган кудурет жана чексиз илимдин ээси ааламда канча атом бар болсо ошончолук иштерди бир эле учурда аткарып, бардык жерде өлгөндөрдүн рухтарын ала алат.

Бул тууралуу төмөнкү мисалды берсек маселе түшүнүктүүрөөк болот деген ойдобуз. Мисалы, бир эле жыштыктан толкундарды тартып, иштеп жаткан миңдеген радиоприёмниктер тууралуу ой жүгүртүп көрөлү, ошол радиоприемниктерге толкундарды тарата турган аппараттын кулагын буроо менен бардык радиоприомниктерде бирдей үн угула баштайт. Так эле ушул мисал сыяктуу, убактысы бүткөндө миңдеген рухтарга бир эле учурда Алла Таала тарабынан «өлүм» сигналы келип, бир эле учурда баары өлөт, тактап айтканда, бир эле учурда Алла тарабынан баарынын жаны алынат. Алсыз адам баласы пульттук башкаруу аркылуу көптөгөн километрлик аралыктан башкара алгандан кийин, эмне үчүн биз ээ болгон бардык кемчиликтерден оолак болгон Азрайил Периште каалаган учурда адамдардын рухун ала албасын?

Башта айтып кеткенибиздей, периштелердин табияты тууралуу маалымат болбогондуктан ушундай суроо туулат. Тактап айтсак, периште менен адамзатын бири-бирине окшотуу катачылыгы. Ал эми чынында периште адамзатынан жаратылышы жагынан айырмаланып турат.

Мындан башка рухтардын алынышы тууралуу түрдүү көз караштар бар:

1- Биз айтып кеткендей, ар бир жандууга жашоону берген Алла Таала болгондой эле, аны алган да Алла Таала.

2- Алланын буйругу жана уруксаты менен ар бир рухту Азрайилдин алышы боюнча, бир макулуктун жалгыз өзү мынчалык көп нерсени орундатуусу мүмкүн экенине кээ бир мисалдарды келтирип, маселени ачыктоого аракет кылдык.

3- Ааламда жүрүп турган бардык иштерди бир өкүлдүн башчылыгы астында бир канча периштелер көзөмөл жүргүзгөндөй эле, рухтарды алуу милдетинде дагы Азирейил периштеге жардамчылык кылган көп периштелер бар жана алар топ-топко бөлүнүшөт. Алардын кээ бирлери пенделердин жанын алышат, башка бир тобу алынган жанды булут сыяктуу көктө сүзүп, Алла Таалага жеткизет. Куран Карим алардын бардыгына ишарат кылат:

«(Каапырлардын жандарын денелеринин) ич-ичинен катуу сууруп ала турган (периште) лерге жана (асмандар менен жер ортосунда) сылык сүзгөн (периштелер) ге ант болсун» (Наазиат/1-3)

Ушул себептен руху алына турган ар бир пендеге бөлөк бөлөк жөнөтүлө турган көптөгөн периштелер бар жана алардын бардыгы Азирети Азрайилдин башчылыгы алдында бул милдетти аткарышат. Ал Алланын буйругу менен жакшы жана жаман инсандарга түрдүү периштелерди жөнөтүп, рухтарды алдырат.

Жыйынтык катары айтыла турган нерсе, баштагы суроого түрткөн түшүнүктүн тардыгы. Б.а. периштелерди адамзатка окшотуу жаңылыштыгы. Бул нерсенин акыйкатына карап, периште жаратылышында жана аткарган иштеринде адам баласына эч окшошпогондугун көрдүк. Ал бир эле убакта бир канча көрүнүштө жана бир канча жерде боло алат. Учурубузда рух чакыруу, көрүнбөгөн нерселер менен байланыш түзүү, атүгүл спиритизм жана магнитизм сыяктуу нерселер, физикалык чөйрөнүн сыртына чыгып, адаттан сырткаркы иштерди жасап жаткандыгына күбө болуудабыз. Ошондуктан, ушулар сыяктуу руханий макулуктар болгон периштелер булардан алда канча зор иштерди аткара алат. Бардык нерсенин туурасын Алла билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.