Бир табигый кырсык-апаатта өлгөндөрдүн бардыгынын ажалы бир учурда келген?

Ажал бир макулуктун жашоо мөөнөттүн соңу. Жаратылган макулуктардын баарынын ажалы бар.

Жаратылышта башталуу менен бүтүүнү бири-биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бардык нерсе бир тамчы сыяктуу акыры топурактын ичине түшүп сиңип кетет жана өзөн сыңары агып, акыр түбү бир деңизге куят.

Бул бардык макулуктардын ортоктош тагдыры. Бардык макулуктар маңдайга жазылган ушул жазуусу менен келип, ушул жазуусу менен келген сыңары кайра кетет.

Башталган нерсе аяктайт, жаралган нерселердин соңу бар. Башталышы болбогондун соңу да болбойт. Эзелий болгон гана түбөлүктүү боло алат.

Жаратылган бардык макулуктарга өкүм жүргүзгөн, аны белгилүү бир программа менен бул ааламга жөнөтүп, бардык нерсесин көрүп, көзөмөлдөгөн Улуу Жаратуучу бар. Ал Өзү өзгөрүп туруучу бул ааламдын сыртында. Ал убакытка көз каранды эмес.

Ушул себептен, бул дүйнөгө келүүнү жана бул дүйнөдөн кетүүнү «табигый» деп айтуу туура болбогондой эле, апаат-кырсыктар жана аларга байланыштуу окуяларды да «табигый» деп айтуу туура эмес. Макулуктардын жаратылышынын максаты сырткы буйрук жана эркке баш ийип, жүктөлгөн милдетин орундатуу.

Адамзат, айбанат, өсүмдүк жана башка бүткүл макулуктар аларга өкүм кылган бир кудурет менен бул дүйнөгө келип, Жаратуусун чагылдырып, көрсөтүү милдетин аткарат. Андан кийин орундарын башкаларга бошотуп кете беришет.

Бул дүйнөдө төрөлүү, өлүү бир сыноо сыяктуу жүрүп турат. Баардык нерсенин бул дүйнөгө келиши купуя бир Затты көрсөтүп турган ачык далил болгондой эле, өмүрү бүткөндө бул дүйнөдөн кетүүсү, барлыгынын башталышы болбогон Ал Улуу Заттын түбөлүктүүлүгүнө жана өлбөстүгүнө далил боло алат. «Ал Зат, силерден кайсыңар дагы жакшыраак иш аткара тургандыгыңарды сыноо үчүн жашоону жана өлүмдү жараткан» (Мүлк сүрөсү-2).

Бул дүйнөгө келүүнүн сырын түшүнүү, бул дүйнөдөгү жашоонун сыноосунан өтүү жана бул дүйнөдөн көчүп кетүүгө даяр болуу адам баласы үчүн өтө маанилүү.

Тема тууралуу баштапкы түшүндүрмө берилгенден кийин «Бир убакта өлгөндөрдүн бардыгынын ажалы бир келгенби?» деген суроону талдоого алалы:

Ооба, бардыгынын ажалы бир келген жана мындай болушуна олуттуу эч кандай тоскоол жок. Ааламды бүтүндөй колунда кармап турган Улук Зат атомдордон зор системаларга чейинки бардык нерсени жана адамзатты өз тагдырына карата бир убакта жараткандай эле, бир убакта өлтүрө алат. Алардын ар кайсыл жерлерде, ар түрдүү сыпат жана абалдарга ээ болуулары буга эч кандай тоскоол боло албайт.

Кудурети Чексиз Улуу Жаратуучу Өз эркине жараша ааламды жаратып, жаңылап жана өзгөртүп тургандыгын көрсөтүү үчүн, ошол кудуретти толугу менен чагылдыра турган мисалды таба албайбыз. Ошону менен бирге, Ага күзгү боло турган, ой-жүгүртүүгө негиз боло турган көптөгөн нерсе тууралуу айтууга болот.

Кыскасы, Күн нурунун астында жашап жаткан түрдүү макулуктар эч кандай башаламандык жаратпастан жашоосун улантат, анын нурунун астында түрлөнөт, анын чыгып, батышы менен картайып, соолуп жок болот. Мына ошол сыяктуу, бардык нерсе ошол жаздын кучагында төрөлүп, жай бою бой керип өсөт жана күздө саргарат. Бирок, алардын ар биринин тагдыры ар башка. Баары ошол ааламды кучагына алган илимдин план, программасы, чексиз эрк жана каалоосуна жараша өмүр сүрөт. «Ал жерде жана деңизде болгон бардык нерсени билет. Ачык баяндалган китепте болбогон Түшкөн бир жалбырак жана караңгылыктардын ичине көмүлгөн эч бир дан жок».

Дарактардын, чөптөрдүн, үрөндөрдүн, дандардын жашоосуна жана өлүмүнө, өнүп-өсүшүнө жана мөмөлөрүнө жакшы көңүл бурулуп, Алланын эң улуу жаратканы болгон адам баласы кайдыгер калтырылабы? Бир нерсени көрүүсү башка нерсени көрүүсүнө, бир нерсени угуусу башка нерсени угуусуна тоскоол болбогон ааламдын Улук Ээси, албетте, жараткандарынын эң улуусу болгон инсандын ар бир абалына маани берип, адамзаттын бир эле мүчөсүнө башка жалпы макулуктар ээ болгон нерселерди берип, ааламдын мазмуну жана маңызы болгон адамга өзгөчө сый көргөзөт.

Бул чакыруу кээде төшөктө жатканда, кээде согуш майданында, кээде бир апаат-кырсык учурунда келиши мүмкүн. Атүгүл бул чакырык башка-башка жерлердеги адамдардын жалпысына же жеке инсандарга келиши ыктымал. Улуу Жаратуучу жалпы адамзатка өкүм жүргүзүп, баардык жандууну Өзү каалагандай мөөнөткө чейин жашатып, андан кийин алардын жанын алуусу акылга сыярлык нерсе. Мындан мурда дагы баяндалгандай, бул нерсе күн мурунтан эле аскердик кызматы аяктай турган убакыты белгиленген аскерлер убактысы келгенде, улуу колбашчы тарабынан аскердик кызматтан бошотулуусуна окшойт.

Ошондой эле, рухтарды алуу милдети менен милдеттендирилген периштелер тууралуу айтылган темада баяндалгандай, рухтарды алуу милдетин алган өтө көп периште бар, бир эле учурда миңдеген кырсыктар болгон жерлерде Алланын буйругу менен ар бир каза болгон адам менен бир эмес бир топ периште жолуга алат жана колдорундагы китептерине жараша бул дүйнөдөгү өмүрү бүткөндөрдү ар кандай көрүнүштө тосуп алат.

Мындай апааттарды жакшылап изилдеп карап көргөндө Алланын тагдыр кылган нерсесин жана жан таслим болгондордун ажалы бирдей жеткендигин көрүүгө болот. Бул тууралуу кызыктуу жана укмуш окуялардын баарын аныктап, тактоо үчүн ондогон томдук китеп жазуу керек. Ошондой эле жазылгандар томдорго дагы батпай турганчалык көп. Күн сайын китептерге тема боло турган укмуштуу мындай окуялардын китеп, газеталарда жарык көрүп жаткандыгына күбө болуудабыз.

Мисалы, шаарларды астын¬үстүн кылып кыйраткан күчтүү жер титирөөдө ар кандай чаралар көрүлгөндүгүнө карабастан миңдеген адамдар куткарыла албай калат. Бирок ошол эле жер титирөөдөн көп күн өткөндөн кийин өзүн коргой албаган жүздөгөн алсыз балдар эч кандай зыянга учурабастан чыгат. Чоң сууга кулаган машинанын ичиндеги адамдар чөгүп өлүп, башка бир жерде суунун үстүндө сүзүп бараткан бешиктин ичиндеги бала эч зыян тартпастан куткарылышы, жерге кулап түшүп, күйүп кеткен учактагы баардык адамдар каза таап, бир канча метр алыстыкка учуп барып түшкөн наристенин аман калышы сыяктуу жүздөгөн окуялар тастыктап жаткандай, жашоо жана өлүм өз алдынча болбостон, көргөн, билген Бир Улуу Заттын планы менен жүзөгө ашып жатат.

Дүйнөгө бир бирден, же тобу менен келген ар бир макулук тагдырларына жазылган милдетинин бүтүшү жана ажалынын жетиши сыяктуу жаратылыштын купуя сырларын түшүнүү, бизди жана аларды жараткан Улуу Затка күзгү жана тилмеч болуу жоопкерчиликтери менен өмүрлөрүн өткөрүшөт, бир бирден, же чогуу абалда бул дүйнөдөн көчүрүлөт.

Жаратылыштагы баардык макулуктардын абалын билүү жана аларды кээ бирлерин тобу менен бир учурда жандарын алуу Улуу Жаратуучу үчүн абдан эле оңой. Ошондой эле ар бир адамдын айланасында бир топ периштелердин бар болуштугу тууралуу маалыматты дагы Жалгыз Улуу Заттын баяндарынан алуудабыз.

Бул темада, мындан тышкары төмөнкүдөй кээ бир пикирлер айтылышы мүмкүн: Ушундай кырсыктарда жазага ылайыктуу болгондор менен бирге көптөгөн бейкүнөө адамдар каза болууда. Буга эмне дейсиз?

Дароо айтып коюу керек, бул суроо дагы ишеним жана ой жүгүртүү жаңылыштыгынан улам келип чыгууда. Эгерде жашоо бул дүйнөдөгү жашоо менен гана чектелсе жана адамзаттын түбөлүк журту ушул жер болгондо бул суроо негиздүү болмок. Ал эми чындыгында адам баласы үчүн бул дүйнө эгин талаа же күтүү залы, тигил дүйнө түшүм жыйноо жери жана баардык көйгөйлөрдөн кутулчуу бактылуулуктун мекени. Ушул себептен улам, бул жерде жакшынын жаман менен, күнөөкөрдүн күнөөсүз менен бирге өлүүсүндө эч кандай таң калыштуу эмес. Тескерисинче, мындай болушу акылга сыярлык нерсе. Анткени кайра тирилүүдөн кийин ар ким ниетине жана жасаган иштерине жараша ар кандай мамиле көрөт, алардын кээ бир жазаланса, кээ бири өтө суктанаарлык сыйлыктарга жана жашоого ээ болот.

Кыскасы, өлүм менен ажал бул дүйнөдөгү жашоонун жана кызматынын мөөнөтүнүн бүтүшү болуп эсептелет. Жашоонун бул учуру – адам баласынын эрки менен байланыштырылып, мурдатан эле Алла Таала тарабынан түзүлүп, даярдалган жана убагы келгенде жүзөгө ашырылган план. Бул нерсенин жалпы адамзатты камтышы же жеке инсандарга байланыштуу болушунун арасында айырма жок.

Менин оюмча, көптөгөн маселелерде болгондой эле, бул жерде да Улук Жараткандын чексиз илими, кудурети жана эркинен кабарсыз болуу -адашуунун башкы себептеринин бири болуп эсептелет. Мындан башка дагы бир себеп жаратылыш жана анда болуп жаткан кубулуштарга карата ой жүгүртүүнүн жаңылыштыгы. Жаратылышта болуп жаткан кубулуштарды кокустуктан деп жооруй берсек, жан дүйнөбүз алсыз ишеним менен шайтан азгырыгынын согуш майданына айланат.

Ошондой эле, жан¬дүйнөбүздүн жардылыгы жана шек күмөндүү ойлордун чабуулу өтө чоң балээ. Ушундай абалда инсандардын туура багытынын бузулушуна эмес, дагы эле болсо, туура багытын сактоодо ийгиликке жетишип жаткандыктарына тен берүү керек.

Маанисиз болуп көрүнгөн мындай маселелерде ашыкча кызыктыруу жана үндөө болду деп айтууга болот. Бирок ыйманга байланыштуу негиздердин баарында ушул нерсе талап кылынат. Биздин көз карашыбыз боюнча ишенимге байланыштуу ар бир маселе биз үчүн өтө чоң мааниге ээ. Ушул себептен, аны канчалык терең баяндаса дагы жарашат.

Ушуларды эске алган окурмандарыбыз бизди түшүнүү менен карайт деген ойдобуз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.