Кээ бир адамдар: «Биз эмне үчүн Алланы көрбөйбүз» дешет. Буга кантип жооп бериш керек?

Негизинде бир нерсени көрүү – бул, аны толугу менен камтуу жөндөмүнө байланышкан нерсе. Мисалы, адамдын денесинде микробдор бар, бир эле тиштин түбүндө миллиондогон бактерия бар. Булар мүмкүнчүлүгүнө жараша адамдын тишин бузганга аракет кылышат. А бирок адам баласы булардын эмне кылып жатканын укпайт, бар экенин деле билбейт. Алар да адамды толугу менен көрө албайт. Адамды көрүш үчүн адамдын сыртында болуулары жана адамды камтый ала турган чоң көздөрү болушу керек. Демек, алардын көрүүлөрүнүн адамды камтый албоосу адамды көрүшүнө тоскоол болууда. Алар болсо, ошол учурда эмненин тушунда турса, ошону көрө алат.

Микро ааламга тиешелүү бул мисалга окшош дагы бир мисалды макро ааламдан берели. Мисалы, биз чоң телескоптун жанында отуралы дейли, бул телескоп жарык жылы менен төрт миллиард жылдык аралыкты көргөзө алат. Бирок дагы эле, бүтүндөй аалам тууралуу алган маалыматыбыз «дарыядагы бир тамчы» сыяктуу. Балким, болгону ошол телескоп аркылуу кээ бир бүдөмүк маалыматтарга ээ боло алабыз.

Бирок, биз ааламдын жалпы түзүлүшүн, ички жүзүн көрө албайбыз жана түшүнө албайбыз. Анткени, микро ааламда болгондой эле, макро ааламда да толук түшүнүккө ээ эмеспиз.

Колубуздагы микроскоп, же X нурлары аркылуу микро ааламды толугу менен көрө албаганыбыздай эле, макро ааламды да толугу менен көрө албайбыз. Эми Алланын улуулугу тууралуу ой жүгүртөлү: Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мындай деген: «Алланын күрсисине салыштырмалуу бардык жерлер, б.а. жарык ылдамдыгы менен триллион көбөйтүү триллион тереңдиктери болгон мейкиндиктер чөлгө ташталган алкакча сыяктуу. Анын аршына салыштырмалуу күрси чөлгө ыргытылган бир алкакча сыяктуу». Арш жана күрсини карап, аларды башка нерселерге салыштыруу менен бул кандай зор жана алп нерсе деп ойлойбуз. Алла Таала буйрук менен өкүмү ошондой улуу жерден ишке ашууда.

Эми ааламдарга салыштырмалуу бир микроб сыяктуу кичинекей болгон адам баласынын бүткүл ааламды камтып түшүнө алышы кандай акылга сыйгыс нерсе болсо, баардык ааламдар Ага салыштырмалуу микробдой кичинекей болгон Аршты түшүнүүгө аракет кылууңар дагы ошондой нерсе. Ал эми Арш болсо болгону, Алла Таала буйруктарын жана өкүмдөрүн жүргүзө турган гана жер. Абал мындай болсо, Кудайды кантип көрө алмак эле?..

Ошон үчүн Куранда «Көздөр Аны камтый албайт, Анын илими болсо бардык көздөрдү камтыйт» - деп айтылууда.

Ырас, бардык көздөр Аны көрө албайт. Көрүү үчүн көрүлө турган нерсени көздүн камтый алуусу керек. Ал бүткүл көздөрдү көрөт, бирок көздөр Аны көрө албайт (камтый албайт)(Анаам-103). Тема түшүнүктүү болушу үчүн бул өңүттүн ушундай билиниши шарт.

Дагы бир жактан алып караганда, нур – бул, Кудайдын пардасы. Биз нурду дагы көрө албайбыз. Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) мираждан келгенде, Андан сурашат: «Раббиңди көрдүңбү?». Бир жолкусунда мындай дейт: «Ал – Нур, аны кантип көрмөк элем?». Дагы бир жолкусунда мындай деген: «Мен нур көрдүм». Ал эми нур – бул, макулук, жаралган нерсе.

Нур Кудай эмес. Дагы бир хадисте мындай деп айтылат: «Кудайдын пардасы – нур». Б.а. биз менен Анын ортосунда бир нур парда бар.

Алла Тааланы таанууга байланыштуу маселелерге келсек, тема барган сайын тереңдеп, оорлошуп, татаалдаша берет...

Натыйжа катары мындай демекчибиз: Кудай көрүнбөйт. Анын пардасы – нур. Биз нурду гана көрүшүбүз мүмкүн. Мисалы, нафси аммара сырын ачууга аракет кылганда, кызыл нур көрүнөт, нафси лаввамага келгенде, көк, нафси мутмаиннага келгенде жашыл бир нур көрүнөт. Андан кийин дагы бир даражага келгенде, ал жерде көргөн нуруңардын түсүн аныктап, тактай албайсыңар. Бул, олуялар көрө ала турган абал жана бир гана напсисин тазартып көкүрөктүн аруулугуна жеткендерге байланыштуу.

Бир ой-пикир айтуу үчүн темага бул түстөр менен баштадым жана түшүндүрүүгө аракет кылдым. Андыктан силер дагы бир гана Алла Тааланын нурунун шооласынын шооласын гана көрө аласыңар. Бул себептен улам, Аны көргөн болуп саналбайсыңар.

Эми болсо, теманы дагы башка бир жагынан алып карайлы. Ибрахим Хаккы мындай дейт:

«Табылбайт Раббимдин теңдеши, ааламда,

Көрүнүштөн жана тулку бой дегенден алыс Алла Таала».

Оболу, Жараткан Раббибиздин терси (карама каршылыгы) жок. Бул абдан маанилүү бир маселе. Бир нерсени терси болгондо гана көрүнөт. Б.а. сен жарыкты көрөсүң, анткени анын терси болгон караңгы деген бар. Ушул сыяктуу эле, кээ бир узундуктар тууралуу ой-пикир айта аласың, мисалы, бул эки метр, тигил үч метр ж.б. Терси болгондуктан ушундай тартипке салынат.

Караңгылык жарыктын терси болгондой, Алланын терси жок.

Эми бул маселени физикалык жагынан карайлы. Адам баласы, жаратылыштын канча пайызын көз менен көрүүдө? Ооба, силер көргөн нерселер тууралуу бир сан айта аласыңарбы?

Мисалы, мындайча ойлонуп көрөлү, көрүнө турган нерселерден миллиарддаган нерселер көргөзмө сымал бул ааламда биздин назарыбызга тартылып: «Келгиле, көргүлө, сабак болсун силерге. Жаратканды алкагыла!» деп айтылган. Чындыгында назарыбызга тартылган бул нерселердин миллиондон бешин гана көрө алабыз, калгандарын билбейбиз. Ооба, белгилүү бир өлчөмдө, белгилүү жарык толкундарынын ичинде гана көрө алабыз. Андай болсо, көңүл бургула: «Мен эмне үчүн Алланы көрө албайм?» деген киши миллиондон бешин гана көргөн бул тар ааламдын ичине бардык ааламды башкарган Алланы сыйдыргысы келет! Бул кандай гана кем акылдуулук!

Ырас, жаратылыш тууралуу миң ойлонуп-толгонгон адам гана Аны акыретте көрө алат. Улуу Пайгамбар Азирети Муса менен пайгамбарлардын мырзасы Азирети Мухаммед (саллалоху алейхи васаллам) өз абалдарына жараша сөзсүз түрдө аны көрөт. Калгандары болсо өз деңгээлдерине жараша. Мында изилдөө, ой жүгүртүүгө үндөп, шыктандыруу бар. Акыретте жакшы жашоого аракет кылат, тагыраак айтканда, ал жерде пикир жана рухий жактан жогорулаган кишилерге жараша турган түрдө Алланы көрүп, сезүү үчүн бул жерде ички руханий дүйнөсүн байытат. Албетте, шык жөндөмдөрүнө карайт. Алсыз (дайиф) бир хадисте (Ибрахим Хаккы алсыз болгонуна карабастан) мындай деп айтылат:

«Жер-асманга сыйбаймын, Жүрөктөрдөн гана Өзүмө жай табамын», - дейт Алла Таала

Анын улуулугунун жанында он сегиз миң аалам кыпынчалык дагы болбой кала турган Жаратуучу кандай мээримдүү, ар бир момундун жүрөгүндө купуя сезилет жана анын жан дүйнөсүнө бейпилдик тартуулайт.

Албетте, бардык нерсенин акыйкаты Аллага белгилүү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.