Кудайды сүрөттөө аркылуу билсе болобу?

Биз Алла Таала тууралуу бизге үйрөтүлгөндөн, билгизилгенден башкасын билбейбиз. Акыл бул тууралуу эч нерсе айта албайт. Бул маселеде акыл вахийдин жетегинде болушу керек. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен ачыктоого болот:

Мисалы, биз бир үйдүн ичинде отурабыз. Анан бир убакта каалга кагылды. Чындыгында, бул каалганын эле кагылышы болчу. Бирок, биз менен отурган кээ бир адамдар, ар кандай ой-пикирлерди айта башташты: «Эшикти каккан баландай киши, түкүндөй киши ж.б.». Биз муну элестетүү дейбиз. Башка бирөөлөр болсо: «Мындай маселеде элестетүү туура эмес. Акылдын милдети каалганын кагылышынан анын артында турган бирөөнүн бар экенин тастыктоо, бирок каалганын артында турган ким экендиги каалганы каккан адамдын өзүнө гана маалым», - дешти. Биз муну түшүнүү дейбиз.

Бул мисалды темабызга төмөнкүчө байланыштырсак болот: биз Алланы жараткан нерселеринен ысымдарына, ысымдарынан сыпаттарына, сыпаттарынан Затынын чагылышына жогорулап, Аны таанууга аракеттенебиз.

Башкача айтканда, жараткан нерселеринде чагылып турган Алланын ысымдарын жана сыпаттарын көрүү менен ырахаттанабыз. Кээде мээримине күбө болуп, кубанабыз, кээде айбат сүрүн көргөндөй коркобуз.

Жогорудан белгилүү болгондой, биз Улуу Жаратуучуну толук тааный алабыз деп айта албайбыз. Анын билинишин өзүнө таандык тил менен биз көрүп турган аалам жана кайып ааламынын биригүү чекити болгон жан¬дүйнөгө калтырабыз. Ырас, Алла ысымдары менен, сыпаттары менен белгилүү Зат. Азирети Абу Бакр Сыддык айткандай: «Алла тааланы таанып-билүү дегендик – пенделеринин таанып-билүүгө алсыз экендигин моюнга алуу» болуп саналат. Же болбосо Пайгамбарыбыздын сөзү катары белгилүү болгон бир сөздө айтылгандай: «Сени татыктуу түрдө биле албадык, эй, Маруф!» дейбиз.

Куран Каримдин Анын иш аракеттерине байланыштуу аныктамаларында, Аны кыймыл аракеттери жана сыпаттары менен бир Мабуду Мутлак деп таанып, баардык кемчиликсиз сыпаттар менен билине ала тургандыгына дилибиз менен ишенип, Анын сулуулукта дагы кемчиликсиз экендигине күбө болобуз.

Андай болсо, Жаратуучуга берген убадабызды дагы бир жолу жаңылап, мындай дейбиз: Оо Мабуду Мутлак! Сени татыктуу түрдө биле албаганыбыз чындык. Бирок бизге күрөө тамырдан да жакын болгон жана ааламдагы бул жакындыктын ичинде бүткүл ааламды китеп барактарындай ачып, жабуудагы улуктугуңду, микро аалам менен макро ааламдын ортосундагы байланышты карап, сага таандык чыгармалар менен Затыңды тааныйбыз.

Мабуду Мутлак – сыйынып, кулчулук кылууга татыктуу бир гана Кудай.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.