«Орто жол» деген эмне?

Орто жол – аша чаап кетүү менен кайдыгерликтин ортосун тандап алуу. Орто жол көптөгөн жакшылыктарга себепкер болуш үчүн адам баласына берилген кээ бир жөндөмдөрүн Жараткан тарабынан белги­ленген багытта колдонулушу болуп саналат. Ооба, адам баласындагы дене кумары, ачуулануу, шеккүмөн жана акыл сыяктуу сезим менен жөндөмдөр жакшы башкарылса, орто жолдо болуу, ал эми аша чабуу же кайдыгерликтин натыйжасында адашкандык пайда болот.

Мисалы, адам баласынын дене кумары жалпы мааниси жагынан алганда, жеке адамдын жашоосунун жана адамзат тукумунун уланы­шына себепкер болгон каалоолорду билдирет. Бул сезимдин бир өңү­тү болгон жепичүү жана башка нерселер менен адам баласы мате­риалдык жашоосун уланта алат. Эми бул сезимге жогоруда айтылган­дан башкача карасаң, аны инсандык улуулукка жетүү жолунда жолу­бузду торогон желдеттей көрүп, кечилдер сыяктуу андан толугу ме­нен алыстайбыз. Бул нерсе ушул сезимге кайдыгерлик болуп саналат. Же болбосо учурубуздагы кээ бир адамдар сыяктуу бул сезимди ооз­дуктабастан ар кандай байланышты туура деп кабыл алабыз. Бул аша чапкандык болуп саналат.

Ачуулануу да ошондой. Майда барат нерселер үчүн буркан-шар­кан түшүп, элдин оозунда айылып жүргөн бир макалдагыдай, «Битке өчөшүп, көйнөгүн отко салуу» болсо аша чапкандык, ал эми эң ыйык нерселердин кыйрап, арнамыстын тебеленишин көрүп туруп унчук­поо кайдыгерлик болуп саналат. Орто жол, каапырдыкка, зулумдукка каршы туруу жана сабыр менен жакшылыкка себепкер боло турган жерлерде толеранттуу жана жумшак болуу абалы.

Ушул эле нерсе шеккүмөнгө да тиешелүү: болбогон эле нерселер­ден корко берүү, жашоону азапка айланткан бир аша чабуу; коркулу­шу, кабатыр болушу керек болгон нерселерден коркпоо, кабатырлан­боо – кайдыгерлик. Биринде ааламдагы ар нерседен коркуп, бардык нерсени кудай деп эсептөө пикири жатат: Ганж чөлкөмү бул кабатыр­лануудан улам пайда болгон буттарга толуп кеткен. Экинчиси болсо, асман менен жерде эч кимден коркпоо, өзүн жана өзүнө байланыш­туу болгондорду өлүмгө сүйрөй турган акылсыздык. Орто жол болсо, өтө маанилүү нерселерди эске алып, этияттануу менен бирге кээ бир нерселерге керегинен ашыкча маани бербөө болуп саналат.

Акыл үчүн да ушул эле нерселерди айтса болот: сезимдери менен күбө болгон нерселерге көңүл бурбай, бир гана акылга ишенүү аша чапкандык, ал эми акылды толугу менен жокко чыгарып, позити­визмге берилүү, же бир гана жан дүйнөгө маани берип, анын сыртын­дагы нерселерди жокко чыгаруу – кайдыгерлик. Биринчисинде мате­риализмди экинчисинде позитивизм жана христиандык мистицизмди көрөбүз. Акылды туура колдонуу – жан дүйнөдө сезилген нерселерди талдоо менен ой жүгүртүүнү өрчүтүп, жан дүйнө менен сезе албаган нерселерди түшүнүүгө аракет кылуу. Акыл вахийдин жарыгында га­на туура багытын таба алат.

Сезимдерибизде аша чаппай орто жолду тандообуз талап кылын­гандай эле, биздин мойнубузга жүктөлгөн милдеттерде дагы аша ча­буу жана кайдыгерлик туура эмес. Кыскасы, ыйманда орто жолду тандоо шарт жана эң башта бир Алланын барлыгын тастыктоо, Анын кемчиликсизл сыпаттарга ээ болуп, кемчиликтүү сыпаттардан аруу экени келет. Анткени бир Алланын барлыгын, же сыпатын кабылда­боо динсиздик болуп эсептелгендей эле, «Алла дене, мүчөлөрдөн пайда болгон жана мекени бар.» деп айтуу каапырдык болуп саналат. «Алла бар, камал сыпаттары менен бар, дене, мүчө сыяктуу нерселер­ден аруу, мекенден аруу.» деген ойпикир жана акыйдасы болсо, мур­дагы эки бузук пикирдин ортосундагы орто жол жана адилеттүүлүк.

Ишенимге байланышкан башка маселелерди да ушундайча кароого болот. Мисалы, «Адамдын кудурети менен ыктыяры жок.» деп айтуу зордоо, «Адам өзүнөн пайда болгон бардык иштердин жаратуучусу.» деп айтуу аша чапкандык. Жөнөкөй бир шарт менен адамдын ирада­сын кабыл кылуу жана бардык нерсени Алланын жаратуусу негизи менен кароо болсо адилеттүүлүк.

Бул негиздердин бирин яхудийлик алса, экинчисин христианчылык алган. Мисалы, яхудийликте атайылап адам өлтүрүлгөндө кечирим кылынбастан, пенденин өмүрүн кыйган кылмышкер өлтүрүлүшү ке­рек. Христианчылыкта болсо сөзсүз кечирүү керек. Биринде аша ча­буу, экинчисинде ашыкча жеңилдетүү (тафрит) бар. Бул маселеде ор­то жол болсо, кечирим жолу ачык болуу менен бирге жазаландыруу да бар. Теориялык жана практикалык жашоодо мындай орто жолго мисал табууга болот.  

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.