Адамдын качан жана кантип өлө тургандыгы мурдатан белгилен­ген болсо, аны өлтүргөндүн кандай күнөөсү бар?

Бардык нерсе сыяктуу эле өлүмдүн да убакыт жана абалы мурда­тан аныкталган. Б.а. ааламдын башына келе турган бардык нерсе жек адам баласынын дагы башына келээри анык. Белгилүү жолдор ме­нен бул дүйнөгө келүү болуу, белгилүү негиздердин ичинде өмүр сү­рүү жана белгилүү убакыттан кийин бул дүйнөдөн көчүп кетүү ар бир жандуу үчүн качып кутулгус чындык. Бардык нерсе абдан кенен жана жалпы бир тагдырдын алкагында туулат, өсөт, анан өчүп калат. Бул эч өзгөрбөс жол жана түбөлүктүүлүккө чейин улана турган бир мыйзам.

Атомдордон зор системаларга чейинки баардык нерседе укмуш­туудай бир тартипти изилдөө менен пайда болгон табигый (пози­тивдүү) илимдер, бул илимдерге таандык туруктуу принциптер жа­на глобалдык эрежелер менен бардык нерсе үчүн мындай алгачкы белгилөө, дайындоо жана тагдыр кылуу апачык түрдө көрүлөт. Мын­дай алгачкы пландоо болбостон ааламдагы тартип жана ыргактуулу­гу тууралуу айтуу жана аны менен байланыштуу так илимдердин би­рин өнүктүрүү мүмкүн эмес.

Бул сөзүбүз менен илимдерди жана илимий ачылыштарды кичик көрсөткүбүз келбейт, болгону алардын ордуларына көңүлдөрдү бу­руп, дагы маанилүүрөөк болгон негиздерге көңүл буруу керек эке­нин баса белгилеп кетүүнү кааладык. Алар илимдерден жана илимий ачылыштар боло электе эле бар болгон тартип жана мыйзамдар. Ааа­ламдагы ушул мыйзамдарды койгон кандай улуу кудурет!

Негизинен, ишеним менен ыйманга байланыштуу ар бир акыйкат тышкы колдоолорго муктаж эмес. Көз караштары түрдүү бөтөн пи­кирлер менен булганып, жүрөгү башкалардын сөздөрү менен бузул­ган жаштарыбызды өз багытыбызга чакырып жатып, аларды жолдон чыгаргандардын көз карашындагы өзгөчөлүктөр тууралуу айта кетүү пайдалуу деп ойлойбуз. Мына ушул себептен маселенин ийне-жиби­не чейин баяндоону туура көрдүк. Бүтүндөй ааламдагы укмуштуудай айкаштык, атомдордон галлактикаларга чейинки баардык нерсенин тартиптүү кыймылы ааламдардын жаратуучусуна жана ээсине ишаа­рат кылып турат. Жаралгандан бери бардык аалам бул зор өкүмчүлүккө моюн сунуп, Анын эркине баш ийе абалдан абалга өтүп, азыркы учурга чейин уланып келген.

Бирок адамзат жана башка кээ бир белгилүү өлчөмдө эрктүү жан­дуулар алгач жаратылган учурунда башка макулуктар сыяктуу эле эрксиз болгону менен алар кийинчерээк эрктери менен айырмала­нышат. Мындай айырмачылыктардан улам «мурдатан белгилөөнүн» мааниси адам баласы жана башкалар үчүн башкача өңүттө болот. Не­гизинен, берилген суроо адамдын бул өзгөчөлүгүн аңдай албаган­дыктан жана аны башка нерселердей ойлогондуктан пайда болууда. Демек, адам жана башка жандуулардын арасындагы айырмачылык­ты билүү, маселени ачыктап берет деген ойдобуз. Ошондой эле Ал­ла Тааланын илими баардык нерсени толугу менен камтый турганды­гын кабылдоо керек.

Ооба, адамдын эрки жана тандоо жөндөмү бар. Ошол эркке ээ бол­гондугу үчүн сооп жана күнөө адамдын өзүнө ыйгарылат. Адам бала­сынын каалоосунун жана эркинин жасалган жумушка канчалык таа­сири болсо дагы, Алла Таала ал эркти себеп катары кабыл алган бол­со, пенде ошол эркин жакшылыктар жана жамандыктарга колдонгон­дугу үчүн күнөөкөр же күнөөсүз болушу, эрктин жакшылыкка жана жамандыкка карай ыкташына байланыштуу. Бул ыктоонун натыйжа­сында пайда болгон окуя адам баласы үчүн оор болсо да, ал бул ык­тоо менен аны чакыргандыктан, жоопкерчилик менен күнөө ага таан­дык... Ал жоопкерчилик менен күнөөнү мурдатан дайын кылып, таг­дыр кылган Зат жоопкерчиликтен жана күнөөдөн аруу.

Мына ушул сыяктуу ар бир адам ага берилген белгилүү өлчөмдөгү эрки жана ыктыяры менен жасаган иштери үчүн күнөөкөр деп табы­лып, жоопко тартылат же сооптуу иш жасагандыгы үчүн, сыйланат.

Ошондуктан, өлүмгө себепкер болгон да күнөөлүү болот, улуу дар­гөйдө кечирилбесе, сөзсүз айыпка тартылат.

Эми маселенин экинчи бөлүгүнө токтололу. Б.а. Жараткандын бар­дык нерсени толугу менен камтыган илими менен адам баласынын эркининн байланышын...

Алланын илиминде жаратылыштагы бүтүндөй баардык нерселер­дин себеп жана натыйжалары жанаша абалда. Ал өңүттөн: мурун ки­йин; себеп натыйжа; иллет маълул, ата-бала, жаз жай бир бүтүндүн эки тарабы сыяктуу.

Ким кайсыл жакка ыктайт жана ким эркин жана ыктыярын кандай нерсеге колдонот, булардын бардыгы абалтан билингендиктен, ошол себептерге карай пайда боло турган натыйжаларды тагдыр кылуу, аныктоо адамдын эркин жана ыктыярын тосуп, ошол ишти жасоого адам баласын мажбурлабайт. Тескерисинче, анын каалоосуна көңүл бурулуп, колдоого алынууда. Арийне, бир улуу зат кызматчылары­на: «Силер жөтөлүңөрдү басканыңарда, керемет белектерге ээ боло­суңар, себепсиз жөтөлсөңөр, белектерден ажыроо менен бирге жа­за көрөсүңөр.» десе, алардын каалоосун кабыл кылып, колдогон бо­лот. Дал эле ушул сыяктуу, Улук Жараткан кулдарынын бирине: «Сен ушул жакка оосоң, мен сенин каалооңо жараша ошол нерсени жара­там. Сенин ошол каалооңо карай эмитен эле аны белгилейм.» десе, Анын эркине көңүлгө алган болуп эсептелет.

Ошондуктан, «алгачкы белгилөө» да эркти байлоо болбогондой эле, адамды ыраазычылыгына карамакаршы бир ишке мажбурлоо да жок.

Мындан сырткары, тагдыр жана алдын ала белгилөө Алланын или­мий программаларынан турат. Б.а. кимдин кандай каалоосу бар экен­дигин билүүсү жана өзү жарата турган нерселер менен бир план жа­на программа абалына келтирүүсү дегенди билдирет. Билүү болсо, боло турган нерселердин мындай, же тигиндей болуусун талап кыл­байт. Болгон иштерди Алла Таала адам баласынын ыктыярына жа­раша жаратат. Ишеним тууралуу маселелерди изилдөөчү аалымдар «Илим маалымга көз каранды.» деп айтышчу. Башкача айтканда, кан­дай боло турган болсо, ошондой билинет, тескерисинче, ошондой би­лингени үчүн пайда болбойт.

Ким жакшы иштерди жасоого ниет кыла тургандыгын жана ким­дин жаман ниет менен эмне иш жасай тургандыгын жана бул ниет­терге карай эмнелерди жарата турганын белгилеп, тагдыр кылган. Ошол иштердин убактысы келгенде, пенденин каалоосу жана ниет­терине карай тагдыр кылган нерселерди каалагандай жаратат.

Ошондуктан, бир пенденин кандай абалда жана качан өлө турга­нын жана башка бирөөнүн бул ишке себепкер боло турганын мурда­тан дайындоосу пенденин өмүрүн кыйган адамды жоопкерчиликтен куткарбайт. Анткени пенденин тагдыры анын ыктыяры жана эрки эс­ке алуу менен коюлган. Ушул себептен, жасалган күнөө ага ыйгары­лып, жазасын тартат.

Тагдырга байланыштуу бул терең маселе өз булактарында кайра кайра талдоого алынышы керек. Биз билген нерсе сахаба доорунда­гы аалымдардын туура принциптеринин алкагында маселенин кара­пайым калктын түшүнүк деңгээлине жеткирилген маалыматтар бо­луп саналат.  

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.