Кудай ааламды эмне үчүн жараткан жана эмне үчүн мурда жарат­пай кийинчерээк жараткан?

Бул суроонун эки жагы бар: бири – аалам эмне үчүн жаралган, экинчиси – эмне үчүн мурда жаралган эмес? Оболу, айта кетишибиз керек, биз, адамдар бардык нерсени өзүбүз­дүн өлчөмдөрүбүзгө жараша ойлойбуз. Мисалы, биз бир нерсе жа­саардан мурда аны зарыл деп ойлоп, анан жасайбыз. Көбүнчө, ал нерсеге муктаж болгон учурларыбызда гана жасайбыз. Ушундай ой­лоп, Кудайды да өзүбүзгө салыштырып, аны да өзүбүздөй ойлойбуз. Чындыгында мындай суроо берилгенде Кудай Таала бардык кемчи­ликтерден аруу Зат экендигин унутпашыбыз керек, .

«Кудай ааламды эмне үчүн жараткан?» деген суроону талкуулап көрсөк болот: Ааламдын жаратылышы кимге жакпайт экен? Ырас, кээ бир жан кашайткан окуялардан улам дүйнөгө келгенине бушай­ман болгондор, керек болсо өз жанын кыйгандар бар, бирок булар абдан аз. Бирок, негизинен жалпы пенделер жаралганына шүгүр кы­лышат. Биз муну абийирибиз менен сезип, бизди бул жерге апкелген Затка чын жүрөгүбүздөн рахмат айтабыз.

Бул аалам чоң-кичине, жандуу-жансыз түркүн түстүү ажайып нер­селер менен кооздолуп, дайыма мезгилдер өзгөрүп, баарынын көңү­лүн бура тургандай даярдалганы байкалууда.

Бул ажайып сулуу көрүнүштөр, бул укмуштай кооздуктар, ааламда дайыма өзгөрүп турган окуялар булардын баарын жасаган Бирөөнү көрсөтүүдө. Болгондо да Мээримдүү Бирөө.

Эми бул Жаратуучунун максаты тууралуу Кудай Таала хадиси куд­сииде (мааниси Пайгамбарыбызга (САВ) вахий же илхам кылынган, сөзү өзүнөн чыккан ыйык сөз) мындай дейт: «Мен билинбеген кенч элем, билингим келди, бул ааламды жараттым».

Ааламды жаратуу – Кудайдын эрки. Анын себептерин суроо – биз­дин, адамдардын иши эмес.

Бай бир адам келип, муктаж адамдарга мээримин төгүп, аларды ки­йиндирип, ичирип-жедирсе, алардын арасынан бирөө булардын бардыгын эмне үчүн кылдың, кылбай эле койбойсуңбу деп суроо бере баштаса, кандай гана оройлук кылган болоор эле.

Кудай бул ааламды эмне себептен жаратуусу тууралуу суроо бер­сек, оройлук кылган болобуз. Ансыз деле бул темага өз акылыбыз ме­нен түшүндүрмө бергенге аракет кылсак дагы эч кандай жыйынтык ала албайбыз. Анткени Жараткан эмне үчүн жаратканын өзү билдир­мейинче эч нерсе айта албайбыз. Айтсак дагы кем калат.

Бирок бул суроого кемчиликтүү болсо дагы жооп катары төмөнкү­лөрдү айтсак болот:

Оболу ааламды жаратуунун кандайдыр бир муктаждыктан улам пайда болбогонун жана бул иш Кудайдын өзүнө гана тиешелүү эке­нин билиш керек.

Бул ааламдын жаратылуусунун эң маанилүү себеби – Алла Таала­нын өз рухий сулуулугун, кемчиликсиздигин жараткан макулукта­рында көргүсү келгендиги. Тактап айтканда, илиминин жыйынтык­тарын, кудуретин сулуулугунун чагылуусун, байлыгынын кеңдигин, ырайым жана мээриминин көрүнүштөрүн жаратылган нерселерден көргүсү келгендиги.

Жалпыбызга маалым бир эреже бар: «Ар бир жамал (сулуулук) жана камал (кемчиликсиздик) ээси, өз жамалын жана камалын көргүсү жана көрсөткүсү келет».

Бул нерсени өнөрлүү исскусство чеберлеринен көрсө болот. Ми­салы, мыкты сүрөтчү түрдүү сүрөттөрдү тартат. Чыгармаларын обо­лу өзү карап көрөт, андан кийин исскусствосунун мыктылыгын кө­рөт. Абдан ырахаттанат. Анан көргөзмө ачып, көрүүчүлөргө көрсөтөт. Алардын баа бергенинен өзгөчө ырахат алат.

Дагы бир мисал, терең билимге эгедер бир аалым пайдалуу китеп­терин жазат. Илиминен башка адамдардын да пайдалануусун каа­лайт. Окуучуларынын китебинен пайдалангандыгын көрүп, алкыш­тарын укканда жасаган ишине ыраазы болот.

Кудайдын бул ааламды эмне үчүн жаратканы тууралуу жогорудагы мисалдар аркылуу билсе болот.

Бул тууралуу биз билүүгө тийиш болгон дагы бир маанилүү нерсе төмөнкүчө: «Макулуктарды жараттым, пайдалар, жакшылыктардын баары алар үчүн. Мага эмес. Тактап айтканда, алар менден пайдала­нышат, мен алардан эмес.»

Хадиси Кудсиинин баяны менен жаралгандар Алла Тааланын жар­дамына, сыйлоолоруна жана бардык жакшылыктарына муктаж.

Мына, бардык макулуктарды жоктон жаратып, аларга эң сонун бе лектерди сунган жана бардык муктаждыктарын жойгон, ошондой эле аларга түбөлүктүү жашоону убада кылган Кудай Тааладан «Эмне үчүн бул ааламды жараттың?» десе болобу?

Эми, «Мурда эмне үчүн жараткан жок?» деген суроого келели. Обо­лу, «мурда» дегени кандай? Мисалы, эмне үчүн бир триллион жыл мурун жаратып, 100 триллион жыл илгери жараткан жок десек, су­рообуз абсурддуу болуп калат. Анткени, биз муну менен Алла Таа­ланын өзүнө гана тиешелүү болгон «эзелий» (башталышы жок) де­ген сапатты убакытка берген болуп эсептелебиз. Эзел деген түшү­нүктү кандайдыр бир чекке салган болобуз, ал эми эзел деген баш­талышы жок дегенди билдирет. Тактап айтканда, ааламды жаратаар­дан мурун «убакыт» деген нерсе жок болчу, убакыт ааламдын жара­тылышы менен кошо чогуу жаратылган. Убакыттын башталышы бар, ал эми эзелдин башталышы жок да. Убакыт жаңы эле жаралып атса, анан кантип неге андан мурун жараткан жок дей алабыз? Анткени ан­дан мурун убакыт деген нерсе жок болчу. Биз бул суроону берүү ме­нен бирге Кудайды убакыттын ичине киргизген болуп эсептелебиз, бул абсурддуу көрүнүш.

Өткөн чак, учур чак жана келээр чак деп үчкө бөлсөк, макулуктар­га (жаратылгандарга) гана тиешелүү боло алат. Бирок эзелди минтип бөлө албайбыз. Айрыкча эзелдин башталгыч чекити да жок, антип ойлогонго да болбойт. Эзел - турак-жайга жана убакытка муктаж жа­на көз каранды болбогон Алла Таалага гана тиешелүү. Кудайдын эзе­лий болушу - башталышынын жана акырынын болбошу деген сөз.

Алла Таала - азалий. Убакыт болсо нерселердин жаралышы менен башталган. Нерселер жаратылаардан мурда убакыт жок болчу. Андай болсо Кудайга карата мындай суроону бергенге болбойт. Бирок, «аза­лий жана абадии болгон Кудай эзелде эмне кылып жаткан?» - деп ай­тылса болот, бир аалым киши бул тема боюнча муну билдирет:

«Алла Таала эзелде ар кандай чектөөлөрдөн аруу болуп жана үс­түндө эч кандай мертебе (даража) болбогон улухийетине (кудайлыгы­на) тиешелүү болгон иззат жана азаметин (улуулугун) мушахада кы­лып жаткан (карап жаткан).

Ыйык сапаттарына, барлыгына жана ысымдарын чагылдырып тур­ган нерселердин акыйкаттарын, ички жүзүн, негиздерин, план жана программаларын, рухий кебете-кешпирлерин, өлчөмдөрүн эзелде жа­на илим алкагында такдир (баа берүү ойлонуу) жана мушахада (ка­роо, байкоо) кылып жаткан.

Алла Таалага тиешелүү болгон бул өзгөчөлүктөрдү алсыз, кемчи ликтүү жана чектүү болгон макулуктардын түшүнүүсү, аңдап-кабыл­доосу мүмкүн эмес. Адамдын акылы убакытка жана орунга (турак- жайга) көз каранды болбогон эзелийликти жана анын сырларын кан­тип көрө алат?»

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.