Мындай деп айтылат: кудай баардык нерсени жараткан, ал эми ку­дайды ким жараткан?

Бул суроо дагы көп берилген суроолордун бири. Биз бул суроону Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммеддин (саллал­лоху алейхи васаллам) пайгамбарлыгынын далили катары көрүп, Жа­раткандын билдирүүсү менен келечектен туура кабар берген көрөгөч­түгүнө таазим кылып, «Ашхаду анна Мухаммадаррасулуллах.» (Кү­бөлүк келтиремин, Мухаммед – Кудайдын Элчиси) деп күбөлүк кел­тиремин.

Ырас, Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) – Кудайдын сыйлуу элчиси. Кыяматка чейин боло турган нерселерди телевизор­дун экранынан көрүп тургандай бардык нерсесин туура айткан. Ке­лечекте боло турган нерселер тууралуу берген кабарлары убактысы келгенде дал айтканындай болуп жүзөгө ашкан. Мына, бул суроо да­гы алардын бири. Ал мындай деген: (Мындай нерсе сахабаларынын оюна да келген эмес) «Бир күн келет, буттарын айкалыштыра оту­руп, менменсинип, текеберденүү менен, баардык нерсе бүтүп, ушул эле калгансып «Муну Кудай жаратты, тигини Кудай жаратты, Кудай­ды ким жаратты?» - дешет.

Мен бул суроо суралганда өзүмчө ойлонуп, «Ашхаду анна Му­хаммадаррасулуллах.» - дедим. Кандай гана туура айткансың! Бул менменсинген, себептерди кудай деп тааныган жана бардык нерсени себептердин алкагында чечмелөөгө аракет кылган адамдардын ойпи­киринин тайыздыгын мындан да жакшыраак сүрөттөө мүмкүн эмес.

Негизги маселеге келсек, бул дагы каапырлар ойлоп тапкан су­роолордун бири. Көп жолу илими тайыз адамдар ушул түрдүү су­роолорго жооп таба албай кыйналышат. Ырас, алар чексиздикти тү­шүнө алышпайт, себептердин чынжырлама түрүндө узарып кете бе­ришин жана мындай алдоо кандайдыр бир нерсеге арзып арзыбасын эч качан талдай алышпайт.

Ошол себептен, шеккүмөнгө түшүп, минтип ойлошот: Алла да башка себептер сыяктуу бир себеп. Демек, Алланы да пайда кылган бир себеп бар болушу мүмкүн, деп ойлойт. Бул жаңылыш бир пикир­дин натыйжасы. Бул ой дагы Жаратканды тааный албагандыктан ке лип чыгууда. Алла-баардык себептердин жаратуучусу жана Алланын барлыгынын башталгычы жок.

Ушул заманга чейин ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөө­чү аалымдар себептердин мындай чынжырлама түрдө уланбай тур­ганын белгилүү усулдар менен аныктап, «Себептердин жаратуучу­су» болгон Алланын барлыгын далилдөөгө аракет кылып келишкен. Алардын бул темадагы ойпикирлеринин мазмунун бирэки мисал ме­нен түшүндүрүүнү туура көрдүк.

Ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөөчү аалымдар мындай дейт: Себептердин чынжырлама (тасальсул) түрдө уланып кете бере­рин ойлоо ал себептердин маңызын аңдай албастыктын жана Жарат­канга кайдыгер болуунун түшүндүрмөсү. Ырас, заттын эзелтеден бе­ри уланып келген кээ бир себептер чынжырынан натыйжасы деп би­лүү туура эмес. Мындай нерсени мүмкүн деп эсептөө алдануу. Миса­лы, жер бетинин жашылдануусу аба, суу жана күнгө; аба, суу, Күн кээ бир материянын бөлүкчөлөрүнө: кычкылтек, карбон, азот ж.б. сыяк­туу... бул заттар андан кичирээк бөлүкчөлөргө жана алар да алардан кичирээктерге көз каранды болсун дейли. Мунун ушундай узарып кетишине жана ааламдын жаралышын ушул жол аркылуу чечмеле­се болот дегенге ишенүү акылсыздык болуп саналат. Бир жерде бу­га каршы антиматерия, антиатом чыгып, метафизика физиканы жең­се жана алгачкы жана акыркы себептер керемет бир айкаштыкта, бир кызматкер сыяктуу иш аткарса, андан беш бетер!

Ырас, «Бул тигиден, тигил аркыдан, аркы башкадан...» деп айтуу тигил, же бул маселени чечүү мындай турсун, тескерисинче, бардык нерсени чиелентип, чаташтырып салат. Анткени мындай маселени мүмкүн деп эсептөө, «Жумуртка тооктон, тоок жумурткадан.» пики­ринин чексиздикке уланып кетишине ыктымал берүү сыяктуу абсурд­га окшош: тоок, же жумуртканы Кудурети Чексиз Зат жараткан деген ишенимге токтолгонго чейин пикирлердин бардыгы негизсиз болуп табылат. Тескерисинче, булар барлыгы өзүнөн болгон Улук Жарат­канга ыйгарылса, маселе дароо такталат. Андан кийин бир клетка ка­тары жумуртканын жаратылышы, же тукумун улантышы үчүн тоок­тун жаратылышын жана жумуртканын андан чыгышынын ортосун­да айырма жок.

Муну минтип кабылдабастан, «Ал андан, ал болсо, тигиден.» деп айтуу менен эч бир нерсе такталбай тургандай эле, жооп берилген ар бир суроо менен бирге бир нече жаңы суроо пайда болот. Мисалы, жаан булутка байланыштуу, булут оң-терс тамчыларга, алар болсо буулануу кубулушуна, ал болсо сууну пайда кылган элементтерге... ушундайча себептер чынжыры балким бир нече кадам дагы да ил­герилеп, уланышы мүмкүн, бирок токтогон жеринде кайра эле, «Бул мындай да болушу мүмкүн, тигиндей да.» деп адам баласы өзүн тео­риялардын кучагында деп сезет жана ошолор менен канааттангысы келет. Бул болсо, укмуштуудай мыйзам, айкаштыкты, бирибири ме­нен байланышта болгон, бир сырдуу кудурет күч астында пайда бол­гон баардык нерсени жаш баланын кыялдануусу менен чечмелөөгө аракеттенүү жана башка илимдердин максатын, келечегин караңгы­латуу болуп саналат. Чындыгында ар бир натыйжага жетүү үчүн сөз­сүз акылга сыя турган бир себеп болушу керек. Акылга сыйбаган жа­на логикага туура келбеген себептердин биринин артынан экинчиси­нин уланып кетишин туура көрүү куру бекер алдануу болуп эсепте­лет.

Эми бир мисал менен бул маселени ачыктоого аракет кылалы: ми­салы, мен арткы буттары болбогон бир отургучтун үстүндө отурам. Отургуч кулабашы үчүн өзүнө окшош үч буттуу бир отургучка таял­ган, ал башка бир отургучка... Ушинтип уланып кете берет. Бул нерсе чексиз уланып кете берсе да, арткы буттары болгон жана жерге толук отурган бир отургучка таялбаса, ишти чынжырлама түрүндө созо бе­рүү отургучка арткы бут болуп бербейт.

Дагы бир мисал, кагазга нөл жазалы. Бул нөлдүн солуна нөлдөн башка бир сан жазмайынча көптөгөн нөлдөрдүн катар жазылышы эч бир мааниге ээ болбойт. Триллиондогон нөлдөр катар жазылса да, баары бир нөл болуп тура берет. Качан гана солуна бир сан жазылса, ошондо бир мааниге ээ болот.

Мунун мааниси: Бир нерсенин өз алдынча барлыгы болбосо, өзүн­дөй эле муктаж заттардын аны жаратуулары мүмкүн эмес. Дайыма бир эле нерсеге муктаж жана бирдей эле алсыз болгондордун бир жерге чогулушу муктаждыкты жана алсыздыкты көбөйтүүдөн башка эч нерсеге жарабайт. Мүмкүн болбосо да, мүмкүн деп ойлоп, себеп­тердин кийлигишүүсү кабыл кылынса да, физиканын өзгөрбөс мый­замдарына шайкеш себеп менен натыйжанын ортосунда акылга сыя турган байланыштын болушу шарт. Бул боюнча, мисалы, жер шары­нын жашоого ылайыктуу абалга келгенинен баштап, адамдын ойло­нуучу бир барлык болушуна чейинки бардык нерсеге бир себеп та­буу, болгондо да акылга сыя турган жана ал натыйжаны берүүгө күчү жете турган бир себеп табуу керек.

Чындыгында, жер шарынын учурдагы абалынан, б.а. ылдамды гы, Күндөн болгон узактыгы, атмосфера катмары, периодикасы, жа­шоого ыңгайлуулугу; атмосфераны түзгөн газдардын пайдалары... сыяктуу нерселерден баштап андагы топурак жана өсүмдүккө; деңиз­дерге жана ал жердеги сырдуу мыйзамдарга, шамалдар жана алардын милдеттерине чейин миңдеген, жүз миңдеген кубулуш ушундай кере­мет ыргакта жүрүп жаткандыктан, булардын бардыгын сокур, дүлөй себептерге жана кокустуктарга ыйгаруу акылдын өзүн өзү жокко чы­гарышы болуп эсептелет.

Бул боюнча ыйман тууралуу маселелерди окуп-изилдөөчү аалым­дардын «циркуляция жана тасалсуль (чынжырлама)» жолу менен баардык себептерге талдоо жүргүзүп, аягында ошол баардык себеп­терди жаратуучу Алла экендигин далилдеп, андан кийин бардык нер­сеге «болуусу мүмкүн» деп билип, себептердин тизмегинин ээси Улуу Жаратуучу деп таанып, Алланын бирдигине багыт беришкен. Бирок алардын көп эмгек сарптоо менен жеткен бул натыйжасына кыска жана оңой жол менен дагы жетүүгө болот. Ырас, Улук Жарат­кандын ар бир жараткан нерсесинде өзүнө таандык мөөрлөрдүн бо­лушу Анын барлыгына бир эмес, миңдеген далил. Ааламдын сырла­ры илимий жол менен ачыла баштаган биздин доордо ар бир илим өзүнө таандык тили менен Анын барлыгын жар салууда.

Бул темада көптөгөн адамдар жазган абдан баалуу чыгармаларды жетиштүү деп эсептеп, темага кайтам.

Ооба, бардык нерсе Алла Тааланын кудурети менен кийинчерээк пайда болгон. Жаратуучу Алла Таала өзү болгондуктан ал жаратыл­ган эмес. Жаратылган бардык нерсе макулук жана башканын мээри­мине муктаж. Ал болсо, барлыгы өзүнөн, эч кимге муктаж болбогон Ганиййун алальЫтлак. Бардык нерсе Ага таянат жана бардык караң­гылыктар, түшүнүксүз болуп көрүнгөн нерселер Ал аркылуу жарык­ка чыгат. Баардык нерсени жараткан жана белгилүү бир максатка ка­рай багыттаган дагы Анын Өзү. Андан улуу эч ким жок.

Муну дагы бирэки жөнөкөй мисал менен түшүндүрүүгө аракет кы­лалы, мисалы, денемди бутум көтөрүп турат, бутум болсо жердин үс­түндө. Ушундай туруктуу нерсе турганда, мындан башка себептер­ди издөөнүн эч кажети жок. Дагы бир мисал: поезддин эң арткы ва­гонун анын алдындагы вагон тартат, аны болсо, анын алдындагы... ошентип отуруп локомотивге такалат. Аны болсо өзүнө тиешелүү кү­чү, кубаты, түзүлүшү жана кыймылына карап туруп «өзү кыймыл­дайт» дейбиз.

Жогорудагы бул мисалдар Алла жараткан нерселерден жана алдан ган акылдардын жаңы жаңы себептер менен локомотивди алмашты­руусу мүмкүн боло турган мисалдардан. Бирок, үзгүлтүксүз локомо­тив алмаштырса да, токтоп калганда, «Мына себептердин бүтүшү.» деп жүздөрүнө урабыз. Бул жерде акыл-ойду адаштырган дагы бир маселе чектүү ойлонгон адам баласынын эзелки (башталышы жок) деген түшүнүктү түшүнө албастан, материяны эзелки деп билип, акырында такыр болбой турган кээ бир нерселерди болушу мүмкүн деген ишенимге келип такалышы.

Биринчиден, эзел – өткөн убакыттын башталышы эмес, ал убакыт менен чектелбей турган нерсе. Убакыттар триллион көбөйтүү трил­лион жыл болсо да, аны эзел менен салыштырганда бир көз ирмем­дей дагы болбой калат. Ал эми себептердин чынжырланышына негиз болгон материянын бир башталышынын болушу илимий түрдө анык­талган. Электрондордун кыймылдары, ядролук физиканын сыры, да­йыма радиация жайган Күндөгү сырдуу кыймыл жана термодинами­калык мыйзамдуулук, баардык нерсенин соңу келе тургандыгын көр­сөткөн далилдердин бири. Соңу болгон бардык нерсенин бир башта­лышынын болушу талашсыз.

Ошондуктан, бардык нерсе оболу пайда болуусу менен Жараткан­дын барлыгын далилдегендей, өчүп кетүүсү менен Анын башталы­шынын жана соңунун болбогонун көрсөтөт. Анткени башталышы болгондун бир күнү соңунун келе турганы табигый көрүнүш болгон­дой эле, башталышы болбогондун соңу да болбой тургандыгы чын­дык. Ошон үчүн биз материя жана материядан пайда болгон бардык нерсеге, бүгүн бар болсо да, эртең жок болот деген назар менен ка­райбыз.

Бирок ааламдардын акырындап жоголушу, материянын акырындап түгөнүшү көп адамдарды алдай турган көрүнүштө. Бирок акырын­дык менен болсо да узун бир өтмүштөн учурга чейин кеңейген дүй­нөлөр бир күнү сөзсүз кичирейип, жок болот. Ооба, материя бүгүн бар болсо да, кээ бир позитивдүү натыйжалар аркылуу, өзгөрүп ба­ратканы талашсыз. Эми муну силерге төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө аракет кылайын:

А чекитинен чыккан бир поезд 50-55 км алыстыктагы Б чекитин көздөй багыт алды дейли. Поезддин ылдамдыгы саатына 55 км. Бул боюнча поезд бул аралыкты бир саатта гана басып өтөт. Бул ыл­дамдыкта жарым сааттай жүргөн соң, ылдамдыгын жарымына чейин төмөндөтөт. Алдыда дагы 27.5 км’лик жол бар, андыктан ылдамды­гын жартысына азайткан поезд бул 27.5 км аралыктын жартысын гана жарым саатта басып өтө алат. Бул темп менен жүргөн поезд жа­рым саат өткөн соң, ылдамдыгын дагы жарымына төмөндөттү дей­ли. Калган аралыктын жартысын жарым саатта басып өтөт. Ушин­тип ар бир жарым саатта ылдамдыгын жарымына чейин төмөндөтүп отурган поезд Б чекитине эч качан жете албачудай. Бирок акыры ара­лык түгөнөт, барылчу пунктка барылат. Бирок бул темп менен жүрө турган болсо, адам баласы ал жакка эч качан жете албайт деп ойлойт.

Ушул сыяктуу эле материя да акырындап эрип, жок болуп жатат. Бир нече миллион жылдан кийин болсо да бул нерсе аягына чыгат жа­на барлыгы өзүнөн болгон Алладан башка баардык нерсе жок болот.

Натыйжада, Алла заты менен бар жана Ал бардык нерсенин жа­ратуучусу. Ага жаратылган деп таануужаратуучу менен жаратыл­гандарды ажырата албаган акылдын тайыздыгы. Мындай коркунуч­туу ойпикирди ойлоп тапкан байкуштар акылдуу болуп көрүнөм деп жатып, акылсыздыкка түшүп кеткенин байкабай калышууда. Ооба, учурда бирөө материяны эзелки деши жана Алланы жокко чыгаруусу негизсиз.

Бирок зат жана кубулуштарды туура түшүнө албаган кээ бир мате­риалисттер материянын түгөнүш себептерин түшүнө алганга чейин пикирлери жаңылыш, сөздөрү жалган болгондугуна карабастан, кээ бир ишенчээк адамдарды алдай беришмекчи.

Иштин аныгын илими бардык нерсени камтыган Улуу Жаратуучу билет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.