М. Фетхуллах Гүлен: саясый сүрөттөмө
Көпчүлүккө мусулман дүйнөсүнөн бүт дүйнөгө тараган жана коомчулукка, жалпы адам-баласына жаккан иштери жетишээрлик деңгээлде жетпей жатканы белгилүү факт. Бирок “аз болсо да саз”, дегендей, арабызда аракети менен элге таанылып, колдоого алынып, алкышка арбыган улуу мусулман инсандары аз эмес. Кыргыздын белгилүү жазуучусу жана ойчулу, өз улутунун атагы менен даңкы болгон Чынгыз Айтамтовдой, түрк дүйнөсүн башкаларга таанытып келаткан улуу инсандар да бар. Ошондой иштердин бирин Түркиянын белгилүү коомдук ишмери, руханий жактан абдан бай жана келечек муунга колдон келген жакшылыгын аябай келаткан Фетхуллах Гүлен аткарып да, түйшүгүн да тартып келатат. Бул адамдын абройу менен эл арасындагы урмат-сыйы Түркиянын сыртына чыгып, учурда жүздөн ашык мамлекеттерде ал баштаган Гүлен кыймылы ийгиликтүү иштеп, коомчулукка пайда келтирип, суктанаарлык натыйжа берүүдө. Гүлендин сунушу менен дүйнө жүзүндо жаш муунга жөн гана жалпы билим бербестен, анын ички дүйнөсүн, руханий даярдыгын көтөрө турган мектеп системасы, мусулман гана дүйнөсүндө таркалбастан, башка мамлекеттерде да ийгиликтүү иштеп жатат. Андан тышкары Гүлендин сунушу менен Эл аралык маданий борборлор ачылып, интеллигенцияны, маданият тармагында иштеген адамдарды, искусство жана адабият айдыңында эмгектенип, дүйнөлүк мурасты жаратып жаткандарды бириктирүүгө шарт түзүлгөн. Ушу эки гана тармакта ишти бир багытта жана үзүрлүү алып барып, анын натыйжасында дүйнөлүк өнүгүүгө чоң салымын кошкон Гүлен, социалдык кыймылдын башында турган инсан катары дүйнөлүк мусулмандар арасында жана акыл-эстүү, толерантуулук менен ыймандуулукту ыйык көргөн коомчулукта чоң урмат-сыйга ээ. Ал баштаган кыймыл өз катарына эл аралык араздашууну жараткандарга, экстремисттик диний кыймылдарга жана коомдук руханий байлыктарды баалабагандарга каршы турат. Бул кыймыл кулачын жайып, азыр бүт дүйнөгө тарап, коомго таасирлүү салым кошуп, татыктуу орун алып бараткан кези. Кыймылдын иши коомчулукка сиңип, ислам дүйнөсүнөн башкаларга тарап жатканынын эмне себеби бар деген суроо туулушу мүмкүн. Учурда жекелик менен эч нерсеге карабастан баюу, өзү менен өзү гана калган коомго айлануу коркунучу күчөп бараткан кезде, Гүлендин ойу боюнча, эл-журтка белгилүү жана таасирлүү, харизмасы бар инсандар, алардын арасында саясый, социалдык, маданий жана дин жагынан да даярдыгы бар урмат-сыйга ээ болгон атуулдар биригип, дүйнөдө тынчтыкты, эл аралык достукту, толеранттуулукту жайылтуу маселеси менен алектенишүүдө.
Мусулман дини жана дүйнөсү азыр эл аралык коомчулукта бир топ этияттуулук менен кабыл алынаары талашсыз. Өзгөчө диний экстремизмдин таасири өтө курч кабыл алынып, жалпы ислам дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип келет. Буга өзгөчө батыш мамлекеттери менен коомчулугу абдан шектүү карап, ошого татыырлык мамиле кылып келет. Дүйнөлүк маалымат каражаттары да ушу маселеде исламды терс жактан көрсөтүүгө ыктап, пайдалуу жана коомго жагымдуу жактарына басым кылууга ашыкпайт. Аларды байкамаксанга салышып, көп маани бергиси жок. Батышта тараган стереотиптик көз караш бойунча, ислам бир өңчөй, жана көп пикирдүүлүк менен демократияга каршы. Дүйнө жүзүндө үстөмдүк кылып жаткан батыштын көз карашы бойунча, демократия менен ислам, толеранттуулук менен эркиндик өз ара антагонисттер. Көпчүлүк учурда үстүртөдөн гана карап, бир бүтүмгө келүү өкүм сүрүп, анын натыйжасында ислам дүйнөсүнүн оң сапаттары менен коомчулуктун өнүгүүсүнө кошкон салымы бааланбай келет. Ишенимдүү булактарган таянып айтылган маалымат үстүртөдөн алынып, жалпы эл-журтка туура эмес жеткирилип, ката пикирди жаратуу процесси күч алууда. Маалымат доору күч алган сайын коомчулук үчүн объективдүү жана толук маалымат алуу кыйын болуп баратат. Ошол себептен коомчулукта туруктуулук өкүм сүрө элек. Исламга каршы туруктуу пропагандалык маалымат агымы күч алган сайын, өтүп кеткен Кансыз согуштун илеби даге эле сакталып келаткандай көрүнөт. Ал болгону мээлеген бутасын гана өзгөртүп, жаңы душманын тапкан өндүү. Анын алгачкы натыйжасы катары “Цивилизациялар аралык согуш” термини да пайда болуп, ансыз да тынчый албай жаткан дүйнөнү экиге бөлүп, батыш менен ислам тирешүүсүн түптөөгө жол изделүүдө. Кее бир серепчилердин баамында, мунун артында “дүйнөлүк жаңы тартип” орнотуу максатын көздөгөндөр турат. Түзүлгөн кырдаалдын мындай болушуна ислам коомчулугун жана кыймылдарын таануу агымдарынын начарлыгы, аны түшүндүрүү жана салттуу болуп калган изилдөөлөрдүн начарлыгы себеп. Теориялык жактан жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана ички кыймыл аракеттер кошумча тоскоолдуктарды жаратууда. Дал ошол себептерден улам батышта “ислам коомчулугу көп байкалбаган жана тымызын иш алып барат” деген айып тараган. Исламдын баалуулугун жана накта маңызын дүйнөгө таратууда Түркиянын ролу арбын. Эки дүйнөнүн – Батыш менен Чыгыштын – ортосунда жайгашкандыктан, Түркия көптөгөн кыйынчылыктарды башынан кечирип келет. Маданий, диний жана этникалык багыттардагы айырмачылык менен кошо, диний түрлүү агымдардын таасири астында коомчулук дале болсо кыйын абалда калууда. Акыркы жылдары саясый жактан такшалган адамдар таасирин күчөтүп, Түркиянын өзүндө жаңы агымдын пайда болушун жана ага элдин колдоосун жарата алды. Фетхуллах Гүлендин карманып келген философиялык көз карашы жана сабырдуулук менен ар маселени чечүү зарылдыгын орнотуу аракеттери Түркиянын өзүнөн чыгып, башка өлкөлөргө да тарала башташы, жаңы көз караштын жана мамиленин пайда болуусуна жол ачты. Гүлендин ой жүгүртүүсү жана адам-затынын жаратылышын түшүнгөн инсан катары, улама салтын колдонуп келаткан даанышманы деп айтса болот. Улама агымынын өзгөчөлүгу – ислам мурастыгын келерки муундарга толугу менен түшүндүрүп берип, сактап калуу аракети. Гүлендин башынан өткөргөн доор ага чоң таасир кылып, ойлонуусун терендетип, анын руханий жана социалдык жактан калыптануусун түптөгөн. Анын ислам таанытуу жана окутуу багытындагы иштери келечек муундар үчүн окуп үйрөнүүгө мурас болуп калаары шексиз.
Гүлендин дагы бир бир көңүл бура турган жагы – анын ораторлук маданияттуулугу менен салтты айкалыштырып, сактай билүүсү. Ислам коомчулугунда ораторлук таратуу аркылуу өз тарыхы менен салтын, жалпы мурастарын өткөрүп берүү абдан бийик бааланчу. Гүлен ушул өзгөчөлүктү тыкандык менен колдонуп, исламдын баркы менен маанисин, анын азыркы доордогу ролун да элге жеткире билгенинде. Гүлендин дүйнөлүк масштабтагы жалпы кыймылы, анын ораторлук чеберчилигинен башталган. Элге кайрылып сүйлөгөнүндө, Гүлен өзүнүн терең ой жүгүртүүсү менен гана эмес, аны менен кошо жүрөгүнөн чыккан ысык ишенүү менен айткан сөздөрү аркылуу ойун адамдардын аң-сезимине жеткире билген. Жаңы доордогу талаптарга ылайык жашоо зарылдыгын таану менен бирге, Гүлен ыймандуулук менен диндин айкалыша жүрүүсүн, башкаларга мамилени адамгерчиликтүү кылууну, чыдамкайлык менен достукту, толеранттуулукту жайып, жаңы аң-сезимдүү адам-затын куруу вазийпасын аткарып келет. Анын негизинде бул ойчул жана даанышман социалдык жактан өзүн курмандыкка чалууга даяр болгон жаңы коомдук системаны түзүүгө чакырган.
Кубан Абдымен.
- Created on .