М. Фетхуллах Гүлен – элдердин достугунун жарчысы

Түрк элинин чыгаан уулу – окумуштуу философ, теолог, публицист жана коомдук ишмер Фетхуллах Гүлендин ысмы дүйнө комчулугуна кеңири белгилүү. Ал 1938- жылы Эрзурум провинциясындагы Коружук айылында диний кызматкердин үй-бүлөөсүндө төрөлүп, негизги билимди медреседен алган. Анын дүйнөгө болгон көз карашы, ислам динин асыл идеяларын терең өздөштүрүүсү жана аны мезгил талабына жараша илим-билимдин жетишкендиктери менен айкалыштыра билген терең ынанымы үй-бүлөсүндө калыпталган. М.Ф.Гүлен өз эскерүүлөрүнүн биринде көз карашынын калыптанышына өзгөчө чоң энеси Мунисе ханумдун таасири зор болгондугун белгилейт. 14 жашынын өз айылындагыларга исламдын жол-жоболорун түшүндүрө баштап, 20 жашынан тарта Эдирне шаарында мугалим катары эмгек жолун баштаган. Аскердик милдетин өтөгөндөн кийин Измир шаарында балдарды тарбиялоо ишин уланткан. Бир эле учурда Түркиянын шаарларын кыдырып, эл арасында агартуучулук иштерди жүргүзгөн.

Көңүлүнүн тереңинде илим-билимге канык сугарылган, рухий дүйнөсү бай демилгелүү жаш муундарды көрүүнү эңсеген. Измирдеги анын алгачкы окуучулары устатынын демилгесин колдоого алышкан.

М.Ф.Гүлендин бир өзгөчөлүгү – эч качан мансап менен байлыкка умтулган эмес. Андыктан ал саясатка жана бизнеске аралашпаган. Бирок, анын дүйнөлүк деңгээлде ой жүгүртө билүүсү, өзүнүн идеяларына көпчүлүктү ынандыра алышы, татаал маселерди туура чече билүүсү, адамзатка болгон чексиз сүйүүсү менен ак дилинен кызмат өтөөсү анын Түрк элинин лидерине айланышына жана идеяларынын дүйнө элдери тарабынан кабыл алынышына алып келүүдө.

1990-1999 жылдардын аралыгында М.Ф.Гүленди Түркиянын премьер-министрлери Тургут Өзал, Тансу Чиллер, Месут Йылмаз жана Бүлент Эжевит, көптөгөн коомдук саясий ишмерлер кабыл алышып, өлкөдөгү жана дүйнөдөгү абалды талкуулашкан.

1997ж. АКШдагы иудейлер коомунун башчысы Абрахам Фоксман, Нью-Йорктогу католиктик чиркөөнүн кардиналы Джон О.Коннор М.Ф.Гүленге келишип, диндер арасындагы мамилелер тууралуу ой бөлүшкөн. Ал эми 1998ж. диний аралык баарлашууну жөнгө салуу үчүн М.Ф.Гүлен Ватикандын жетекчиси Папа Иоан Павел II нин кабыл алуусунда болгон. Бул мисалдар анын конфессиялар аралык диалог менен толеранттуулук идеяларынын ири теоретиги жана негиздөөчүсү экендигин көрсөтүп турат. Ал интервьюларынын биринде «мен диалог, чыдамдулук жана толеранттуулукту менин динимдеги принциптердин негизги өзөгү катары кабыл алам», - деп айткан.

М.Ф.Гүлен күч менен баш ийдирүү мезгили өткөндүгүн, азыркы илим-билим өнүккөн заманда башкаларды ыннандыруу үчүн терең билим, талбаган эмгек жана сабырдуулук керектигин белгилейт. Өзүнүн негизги аргументтеринин бири катары дүйнөдө ар түрдүү диндер болгону менен жер жана ишеним бирөө гана экендигин көрсөтөт.

Ислам дининин жол-жоболорундагы асыл ойлорду азыркы мезгилдеги адамзаттын жетишкендиктери менен айкалыштыра өркүндөтүп, исламдын илим-билимди жана аалымдарды жогору баалагандыгын таасын далилдейт. Дин адамзатты сүйүгө, кайрымдуу, адилет болууга, эмгекчилдикке үндөөрүн өз макалаларында ишенимдүү чагылдырат.

М.Ф.Гүлендин калеминен жаралган 65 китепке 7000 миңден ашуун макалалары менен ырлары киргизилген. Ойчулдун чыгармаларында дүйнөгө таанылган идеялары-диалог жана толеранттуулук, элдердин достугу, билим берүү, коомдук турмуш, ааламдашуу мезгилинде адамдын ээлеген орду сыяктуу маселелер ар тараптан кылдат изилденген. Анын 100 дөн ашуун ырларына музыка жазылып, көптөгөн ырлары артисттер тарабынан коомчулукка көркөм окулуп келет.

М.Ф.Гүлендин демилгеси менен дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде 500дөн ашуун илимий конференциялар, симпозиумдар жана семинарлар өткөзүлүп, аларда миңдеген катышуучуларды өз идеяларын колдоого жетишкен.

М.Ф Гүлендин эмгектери көптөгөн чет тилдерге, аларын ичинде орус, англис, кытай, немец, француз, испан жана араб тилдерине которулган. Өзү да түрк тилдеринен башка араб, фарсы жана англис тилдеринде эркин сүйлөөгө жана жазууга жетишкен.

Баардык нерселерге кылдат мамиле жасап, терең изилдей билиши жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгү М.Ф.Гүлендин дүйнөлүк деңгээлдеги ойчулдардын катарына кошулуусуна шарт түздү. Анын жалындуу жана ынанымдуу сүйлөй билиши идеяларынын эл арасына кеңири таралышына, көз караштарын колдоочулардын жана жайылтуучулардын санынын жыл санап өсүүсүнө алып келүүдө. Эл арасында «гүлендик кыймыл» деген ат менен таралган коомдук уюмдардын жана билим берүүчү менчик мектептердин ишмердүүлүгү түрк ойчулунун демилгелери дүйнө жүзүнөн колдоо тапканын күбөлөп турат.

Даанышман философ Гүлен: «Келечектеги цивилизация Батыштын илимий жетишкендиктери менен Чыгыштын этикасын жуурулуштуруунун натыйжасында калыптанат», - деп белгилейт. Анын толеранттуулук жана маданияттар аралык диалог жөнүндөгү идеясы билим берүү концепциясынын өзөгүн түзөт. Ал түркөйлүк менен экстремизм ар түрдүү социалдык оорулардын негизи болсо, билим жана толеранттуулук дүйнөнү сактаарын белгилеген.

Оюн андан ары өнүктүрө М.Ф.Гүлен «адамдардын эң коркунучтуу душманы наадандык, жакырчылык жана чагымчылдык болуп эсептелет», - деп жазган. Бул үч ооруну жоюунун жолдорун аныктап, наадандыкты элдин сабатын ачып, билим берүү, жакырчылыкты эмгек менен кайрымдуулук, ал эми чагымчылдыкты биримдик, баарлашуу жана сабырдуулук, дискриминацияга жол бербөө жеңет деп көрсөткөн. Булардын ичинен билим берүү мекемелерине айрыкча көңүл бөлүп, пикирлештери ачып жаткан мектептерде ар түрдүү улуттардын жана социалдык катмарлардын бирге окушу жаңычылдыкка жол ачаарын, алардын рухий дүйнөсү байып, ар тараптан гармоникалуу өнүккөн, адамзаттын жалпы тагдыры үчүн күйгөн муундун жаралышына алып келээрин көрсөтөт. Гүлендин билим берүү концепциясынын артыкчылыгы диндеги көөнөргүс насааттарды илимдин өнүгүүсү менен бирдикте карап, диний ишеним рухий дүйнөнү тазаласа, илим адамзаттын бакубат жашоосуна шарт түзөөрүн аныктаганында турат.

Анын пикирлештери тарабынан дүйнөнүн төрт континенинде: Япония, Кытай, Россия, АКШ, Нигерия, Кения, Чехия, Польша, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө 500дөн ашуун эл аралык лицейлер ачылган. Бул түрк мектептеринин идеялык шыктандыруучусу Ф.Гүлен болуп эсептелет. Ага таандык касиет – адамдарды өзүнө тарта билүүсү жана көз караштарын ишке ашыра турган пикирлештерди баш коштуруусу мындай окуу жайларынын ийгиликтүү иштөөсүнө шарт түзүүдө.

Түркиянын ишмерлери татыктуу муунду тарбиялоо үчүн билим берүү тармагына көп каражат керек экендигин түшүнүшүп, мектептердин ишмердүүлүгүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келишет.

М.Ф.Гүлен китептеринен түшкөн калем акыны студенттерге стипендия катары берип турат. Ал «мамлекеттин кубаттуулугу бекем үй-бүлөгө, тарбияга жана билим берүүгө байланыштуу», - деп эсептейт.

Түрк мектептери, колледждери жана университеттери заманбап жабдуулар, мыкты имараттар жана терең билимдүү мугалимдер менен камсыз кылынган. Окутуу процесси дүйнөлүк билим берүүнүн акыркы жетишкендиктерине ылайык жүргүзүлүп, мугалим менен окуучунун ортосунда өтө жылуу мамиле түзүлгөн. Окуу жайларда дүйнө элдеринин тарыхы, адабияты, маданияты, диний ишенимдери терең окутулуп, окуу процесси жок дегенде үч тилде жүргүзүлөт. Негизги максат дүйнөдө тынчтыкты сактоо жана ар түрдүү элдердин ортосундагы достукту чыңдоого багытталган. Эл аралык жана улуттук олимпиадаларда түрк мектептеринин окуучуларынын жеңиштерге жетишиши алардагы окуу процессинин тереңдигин күбөлөп турат.

М.Ф.Гүлен «Адам билим берүү жана тарбияны кесип катары кабыл албастан, түбөлүк жашоого жетүүнүн ыйык жолу катары кабылдаганда убакыт жана айлык акы жөнүндө ойлонбойт», - деп эсептейт.

Өзүн кудайдын жупуну үммөтүмүн жана бүт өмүрүм адамзатка таандык деп эсептеген М.Ф.Гүлендин ишмердүүлүгүн дүйнөнүн прогрессивдүү коомчулугу жогору баалоодо. Ал көптөгөн эл аралык сыйлыктарга, алардын ичинде ЮНЕСКОнун премиясына (2005), Кыргызыстандагы эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгына (2004) да татыктуу болгон. Ачык суроо жүргүзүүдө дүйнөнүн эң мыкты интеллектуалы деген наамга (2008) ээ болгон.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.