“Руханият” сыйлыгынын лауреаты

Тарыхта маалым болгондой ар бир улут аты ааламга тараган өзүнүн атактуу инсандары менен сыймыктанып келет. Мына ошондой инсандардын бири – түрк элинин урматтаган уулу, кеңири белгилүү маданий жана коомдук ишмер, философ, гуманист жана акылман-агартуучу Фетхуллах Гүлен мырза.

Дегеле дүйнөнүн дүркүрөп өсүшүнө, адамзаттын цивилизациясынын өркүндөшүнө өзгөчө салымдарын кошуп келишкен тектеш түрк элдеринин жаңы тарыхынын барагына бүгүн дагы бир жагымдуу окуя – кыргыздар менен түрктөрдүн бир туугандыгын, эриш – аркак мамилелерин далилдеп турган кызыктуу көрүнүш көркөмдүү болуп жазылып жатат.

Эгемендүү Кыргызстандын жаңы замандагы тышкы саясатына көз чаптырсак, анда дипломатиядагы биздин алгачкы кадамыбызга астейдил мамиле жасап, акылдуулук менен жол баштап, жаш мамлекетибиздин дүйнөлүк аренага чыгышына чыныгы жардамын көрсөтүп, суверенитетибизди биринчилерден болуп тааныган, биринчи дипломатиялык өкүлчүлүктү ачкан Түркия Республикасы болгондугун биз дайыма сыймыктануу менен айтып жүрөбүз.

Мына ушунун натыйжасында эки өлкөбүздүн ортосундагы байланыштар барган сайын кеңейип жана тереңдеп, улам жаңы баскычка көтөрүлүп жатат.

Ал эми Фетхуллах Гүлендин илимий жана чыгармачыл эмгектеринде, идеологиялык жана практикалык иштеринде дал ушундай саясаттардын жүргүзулүшү терең орун алып, тынчтыкты, биримдикти, өз ара урматоону, байланыштарды кеңейтүүнү девиз кылып, адамдарды ак ниет, ак тилек жана ыймандуулук, ынтымакчылык менен жашоого үндөп келет.

Фетхуллах Гүлен мырза азыркы учурдагы түрк элинин маданияттын, руханий дөөлөтүн, илим – билимин, таалим – тарбиясын байытууга салмактуу салымын кошкон инсан.

Анын илимий, агартуучулук жана чыгармачылык иштери бир далай өлкөлөргө таралып, интелегециянын, саясатчылардын чөйрөсүндө кеңири кызыгууларды пайда кылууда.

Айрыкча Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маданий мамилелер, гуманитардык жана жаратылыш таануу илимдериндеги байланыштар проблемаларына болгон көз караштары прогресивдүү мүнөзгө ээ болуп, анын идеялары, сунуштары баалуу жана келечектүү экендигинен кабар берип турат.

Фетхуллах Гүлен мырзанын идеясынын негизги максаты улуттук өзгөчөлүктөрдү, салт – санааны сактоо менен дүйнөлүк цивилизацияга багыт алуу, башка улуттардын баалуулугуна шек келтирбей сый мамиле жасоо, гумандуулук, сабырдуулук жана чыдамдуулук сапатты жайылтуу болуп саналат.

Фетхуллах Гүлен мырза өз өлкөсүндөгү орчумдуу социалдык проблеманы - жеткинчектерге билим берүү жана жаштарды илим дүйнөсүнө тартуунун ыңгайлуу жана ийкемдүү жолдорун иштеп чыгып, аларды турмушка ийгиликтүү ашырган.

Мына ушунун натыйжасында бүгүнкү күндө Түркияда агартуу иши алгалап, башкасын айтпасак дагы «Саманчынын жолу» деген билим берүү системасы дүйнөлүк деңгеелдеги мектептерге айланып калды. Азыр Фетхуллах Гүлен мырза XXI кылымдагы глобалдуу проблемаларды, улуттук, диний карама – каршылыктарды чечүүдө тарбия берүүнүн ролу чоң экендигин дүйнө элдерине жеткирүү миссиясын ийгиликтүү улантып жаткан кези.

Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты Фетхуллах Гүлен мырза 45 илимий – популярдуу китептердин, ырлар жыйнактардын автору. Анын чыгармалары англис, немис, орус, араб, фарс, француз тилдерине которулуп, 100дөн ашык ырларына музыка жазылган. Фетхуллах Гүлендин түздөн түз жетекчилиги менен 500гө жакын конференциялар, симпозиумдар өткөрүлгөн. Анын сүйлөгөн сөздөрү өмүр жана эмгек жолун баяндаган материалдар 2250 нуска менен аудио – видео кассеталарга түшүрүлгөн.

Фетхуллах Гүлен мырза чыныгы элдик дипломат, талыкпаган ишмер экендиги талашсыз. Ал, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринин президентери, өкмөт башчылары, илимий, маданий, коомдук жана диний ишмерлери, дипломаттары, бизнесмендери менен жолугушуп тынчтыкта жанаша жашоо, экономикалык жана маданий байланыштарды кеңейтүү, терроризмди токтотуу, ар бир улутту, ар бир динди урматтоо, ислам динин экстремистик элементерден тазалоо сыяктуу маселелерди талкуулап, конструктивдүү пикир алмашууларды уюштуруп турат.

Адамзаттын рухий баалуулугун байытууга зор салымын кошуп жаткан Фетхуллах Гүлен мырзага Алла таала күч кубат берип, асыл максаттары орундалып, агартуучулук арышы арбый берсин. Жери алыс болсо да тилеги бир, жолу алыс болсо да жүрөгү бир, бир тууган кыргыз эли жана түрк эли түбөлүкө бирге болушсун!

Акун Токтосартов
27 февраль 2009 ж.
Бишкек ш.
Эл аралык «Руханият» ассоцияциясынын президенти.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.