Жаңы жүз жылдыктын босогосунда

Ар бир жаңы кылым же жүз жылдык ар бир жаңы таң, күндүн чыгышы же жаздын келиши сыяктуу жаңы үмүттөр менен коштолуп, жаңы башталышты түшүндүрөт. Бул жагынан алып караганда адам баласы бардык биз башкара албаган мезгилдерде жашоонун жаңы учкундарын, эртең мененки абанын демин издеп келген, босогону аттоо оңой болгон сыяктуу эле караңгылыктын ордуна жарыкты табууга умтулуп жана үмүттөнүп келген.

Биз качан бир гана кудайдын керемет күчү менен биринчи жолу эркек менен аял жер жүзүндө пайда болгондо болжолдой алабыз, ага турмушка ашырылган, өзүнүн онтологиялык маанисине жана баалуулуктары, баарынан биринчи анын негизиги тургундарынан – элдерден, асманга теңелген. Бүгүнкү биз колдонуп жаткан күнбаракка (календарь) салыштырмалуу адам Христостун туулган күнүнөн бери үчүнчү миң жылдыктын босогосунда турат. Бирок убакыт геликоид менен жылып жатканына байланыштуу дүйнөдө убакыттын ар түрдүү көптөгөн өлчөмдөрү бар. Мисалы, жалпы кабыл алынган жыл санак боюнча биздин жашообуз жакында жаңы миң жылдыкка кирет. Иудейлердин күнбарагы боюнча биз сегизинчи миң жылдыктын экинчи жарымында жүрөбүз. Индустардын жыл санагы боюнча Кали Юганын доорун сүрүп жатабыз. Эгер биз мусулмандын күнбарагын карай турган болсок анда биз экинчи миң жылдыктын биринчи жарымынын аягында жашап жатабыз.

Мындай учурда биз бардык жыл санактар салыштырмалуу экенин эстен чыгарбаш керекпиз. Бир кылымда жүз жыл болот деп жалпы кабыл алынган эрежеге карап биз адамдын орточо жашоо өмүрүн түзгөн алтымыш жыл бир кылымды түзөт деген ойду жок кыла албайбыз. Бул өңүттөн карай турган болсок биз Хритостун туулган күнүнөн бери төртүнчү миң жылдыкта ал эми мусулман күнбарагы башталган хижрадан бери үчүнчү миң жылдыкта жашап жатабыз. Бул маселени көтөрүп жатканымдын себеби батышта кеңири жайылып кеткен жаңы миң жылдык тууралуу айтылган укмуш сөздөр жана руханий жабыркоолор болду.

Адамдар дайыма үмүт менен жашашат ошондуктан алар үмүттүн балдары болуп саналат. Качан үмүтүн жоготкондо алар бул дүйнөдө өздөрү жашап жатса да аны менен жашоо маңызы да жоголот. Үмүт түздөн-түз ишенимге байланыштуу. Кыш мезгили жылдын төрттөн бирин гана түзгөндөй эле адамдардын же коомдун турмушунда да “кыштар” аз болот. Кудайдын жараткандары акылмандык жана мээримдүүлүк менен курчалган. Андагы күн менен түндүн алмашуусу үмүттү жандандырып, рухту жаратат. А ар бир жаңырган жыл жаз менен жайдын келиши менен жаңы үмүттөрдү алып келет. Бир адамдын же бир өлкөнүн жаманчылыгы кыскараак жана анын арты менен бактылуулук да бирге жүрөт.

Алланын акылмандыгынын башталышын өзүнө алган “кудайдын күндөрү” болгон бул айлампалар ошол акылмандыктын маңызына ишенгендерге, аны түшүнүүгө жана ичине кирүүгө жөндөмдүү болгондорго коркунуч же пессимизм алып келбейт. Тескерисинче, ал ким өз ичинен  ойлоно алуу жана угуу жөндөмдүүнө, терең таазим этүүгө, чын дилге ээ болгнондорго эскертип туруучунун, ыраазычылыктын, дайымкы ойлонуунун булагы болот. Ошондой эле дилибиздеги түндөр күндүзгө айланса, ал эми кыш жаздын башталышын алып келет. Адамдын жан-дүйнөсү ушул айлампанын негизинде тазаланат, өнүгөт жана өзүнүн түшүмүн берет. Кудай тарабынан адамга берилген жөндөмдөрдүн натыйжасында адам өнүгүп өнөрпозго айланат, роза гүлүндөй илим өсүп-өнүгөт, мезгилдин агымы менен технологияга биригет, а адамзат маңдайына жазылган жашоосунун бүтүшүнө жакындай берет.

Жалпы тарыхый факт же жеке субьективдүү оюм менен бүт нерселерге жалпы көз карашты айтып жатып мен төмөнкү нерселерди кайгы-капага толгон кыш мезгилин же ошол сыяктууларды мындан ары жыргап тосуп алуу дегенди билдирбейт экендигин белгилеп кетким келип жатат. Ошол жалпыга маалым болгон фактыга карабастан акыр-аягы оору организмдин оорусун күчөтүп, анын иммундук системсын күчтөнтүп жана медициналык прогресстин булагы болуп саналат да ал зыян алып келип патология болуп калат. Бул кадимки жана рухий ооруларга тиешелүү. Теологиялык жана моралдык көз караштан алып караганда алар биздин күнөөлөрүбүздүн жана руханий жабыркоолорубуздун натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле тыюу салынган мыйзамдарга же адеп-ахлак эрежелерине (диний, бул дүйнөлүк) жасаган мамилебиздин кесепетинин жыйынтыгы. Жада калса бул оорулар адамдарды өздөрүнүн катасы жана көңүлкоштугу тууралуу ойлондурууга түрткү бергенине карабастан алар адамзаттын кыйрашын жана запкы тартуусун алып келүүдө.

Куранда мындай деп жазылган: “Алар: Эгебиз – Аллах! – дегендиги үчүн гана жазыксыз жерден журттарынан куулгандар. Эгер Аллах адамдардын кээ бирин башкасы аркылуу коргобосо кечилканалар, чиркөөлөр, иудейлердин сыйынуу жайлары жана  ичинде Аллахтын ысмы көбүрөөк аталган мечиттер кыйратылмак” (Ыйык Куран 22:40). Башкача айтканда Аллах ушунчалык маани берген .........Куранда төмөнкүчө көрсөтүлгөн: силер бир нерсени зыян деп ойлойсуңар, бирок ал чындыгында силерге пайдалуу, ошол эле убакта такыр башка нерсени пайдалуу деп ойлойсуңар, а тескерисинче, ал силерге зыян алып келет. Мисалы, согуш кээде пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок өзүнүн негиздери менен жаралган абалды жөнгө салууга багытталганына карабастан ал белгилүү бир пайданы алып келиши мүмкүн. Анын артынан жанталашып түшпөш керек. Анткени көптөгөн жоготууларды алып келет. Алардан кийин үйлөрдө жарадар, майып адамдар, бүлүнгөн үй-бүлөлөр, боздогон жетим-жесирлер калат.

Кандай болгон күндө да жашоонун реалдуулуктарын көңүлгө албоого болбогон сыяктуу эле аны тоготпой коюу да болбойт. Адам жаратылышы күзгү сыңары, анда Кудайдын аттары жана сыпаттары чагылып турат. Анткени Жер шары Анын атына өнүгүшү үчүн башка жаратылгандардан айырмаланып адамдарга жоопкерчиликтүү болуу сапаты ыйгарылган. Эгер алар Жараткан тарабынан жиберилген каалаган жакшылыктын же жамандыктын максатын жана маңызын түшүнбөсө алар үмүтсүздүктөн жана жашоого болгон ишеничтен кутулбайт. Алар жашоо маанисиз кыймылга, жаратылыш (жаратылгандар) максатсыз кыйроого, нонсенс жалгыз бир негизге, өзүн-өзү өлтүрүү мактоого татыктуу сапатка айланып бара жаткандыгын жана андан эч жакка кача албаганын, жалгыз өлүм чындык экенин экзистенциалдуу адабияттан гана көрө алат.

Адамзаттын жаратылышынын маңызы

Тиешелүү предметке негизги жоболорду баяндоо менен биз көңүлүбүздү үчүнчү миң жылдыкка бурсак болот.

Адамзаттын тарыхы эки башталган. Алар адамзаттын өзөгүн өздөрү турмышка ашырып жана бири-бирин толуктап турушкан. Ал убакта адамдар тынчтыкта жана бейпилдикте жашашкан. Биринчи ата-апа жана алардан үй-бүлөлөр, андан ары түздөн-түз өздөрүнүн тукуму уланып кеткен. Алар бир коомдон болушуп, бирдей көз караштарга ээ болуп, бирдей шартта жашашкан.

Ошол учурдан бери адамзат жашоо өзөгү эч өзгөрүлбөй келатат жана такыр өзгөрбөйт. Бизди курчаган чындык, физикалык түзүлүш; негизги мүнөздөр жана муктаждыктар; төрөлгөн жана өлгөн жерибиздин орду, убактысы; кебетебизди жана ата-энебизди тандоо, ички дүйнөбүз биздин жаратылганыбыздын табияты сыяктуу эле эч өзгөрүлгөн жок. Мунун бардыгы өнүгүүнүн, жашоо реалийлеринин анча маанилүү болбогон өзгөрүүлөрүнүн өзөгүндө милдеттүү түрдө болгон айрым негизги жана өзгөрүлгүс реалийлерди жана баалуулуктарды талап кылат. Биздин жашоо асман астындагы жердин бейиши болчу.

Жогоруда айтып өткөндөй кээ бир нерселер бизге пайдалуу жана зыян болот. Биринчи караганыбызда бизге пророчные болуп көрүнгөн адамдык мүнөздөр. Мисалы: жек көрүү, ичи тарлык, өчөшүү, буйрук берүү мүдөөсү, сараңдык, жини келүү жана өзүмчүлдүк. Ошондой эле адам баласы башка жан-дүйнө муктаждыктарына жана каалоолоруна ээ. Алар Жерде болгон түзүлүшүн камсыз кылып турат, арасында сууга, тамак-ашка муктаждык, физикалык каалоо жана башкаларга муктаж болгондор да бар. Бардык адамдык муктаждыктар, талаптар, каалоолор адамзаттын жашоо негиздеринин орчундууларына көңүл бура турган универсалдуу, өзгөрүлгүс, өчпөс жагына багытталып кичинеден болсо да аралашып, тарбиялана баштайт. Мындай убакта сууга жана тамакка болгон муктаждык каалоонун плотисиндей эле адам үчүн толук жана салыштырмалуу жыргалчылыгынын булагы кооздолуусу жана түп тамырынан өзгөрүүсү мүмкүн.

Өзүмчүлдүк жана көрө албастык мыкты касиеттердин жана жакшы иштердин булагы болушу мүмкүн. Ичи тардык жана атаандашуу жыйынтыгында мээримдүүлүк жана ак көңүл сапаттарга ээ боло турган жарышка өтүп кетиши мүмкүн. Кастык сезими адамзаттын улуу душманы болгон шайтанга карата кастык сезимге айланып кетиши ыктымал. Ошондой эле кастык сезим кас болуунун өзүнө жана жек көрүүчүлүккө багытталган. Сараңдык жана ачуусу келүү эч чарчатпастан адамды жакшы иштерди кылууга түрткү берет. Өзүмчүлдүк биздин напсибиздин жаман жактарын ажыратууга жардам бериши мүмкүн. Демек, бузуку, күнөөлүү иш-аракеттерибизди кечирбей туруп жан дүйнөбүздү тазалоого жана тарбиялоого аракет кылуудабыз.

Бардык терс сапаттар тарбиянын жана аракеттин жолу менен адамга жакшылык алып келе турган булакка айланат. Ал так ошол жол менен “жаратылгандардын эң мыкты” деңгээлине жете алат. Дараметтүү адамдан чыныгы жетишкен адамга, эң мыкты үлгүгө, ааламдын жана турмуштун жолун жолдоочуга айланат.

Бирок бул негиздер дайыма эле адамзаттын жашоосундагы реалдуулуктарга төп келе бербейт. Терс сезимдер жана мүнөздөр адамдарды жаман кылып таштайт. Аларды жаман жолго азыгырышат, кээде жакшылыкка үндөгөн дин деле тыя албай калат да а жыргалчылыкка чакырган жакшы сезимдерди жана мүнөздөрдү тоготпой калат. Бардык адамзат бүтүндөй ички, жеке аракеттин жана анын тышкы көрүнүшүнүн жыйындысы болгондой эле адам жашоосу бир индивиддин деңгээлиндей. Бул адамдын жеке дүйнөсүнө айланат. Коом жана тарых күрөшүү, таймашуу, согушуу, эзүүчүлүккө, заалимге майданына, акырында адам өзү жабыркайт.   

Эркектер жана аялдар өзүнүн жасаган иштеринин акыбетин көрүшөт. Адамзат тарыхынынбашталышында бактылуу жашачу. Алар өздөрүнүн кубанычын, кайгы-капасын тең бөлүшкөн бир коом болчу. Бирок кийинчерээк алар өздөрүнүн колдорун, буттарын көңүлсүздүк кишени менен байлап салышкан. Ал кишен ичи тардык, сараңдык жана башкалардын мүлкүнө ээ болуу эле. Натыйжада тууганы Каин (Кабил) тарабынан Авел (Хавил) өлтүрүлдү. Жыйынтыгында адамзат бөлүнүү жолуна түштү. Күн, ай, жыл сыяктуу өтүп кеткен миң жылдыкка карабастан бул “көрүнүш” кайталанууда.

Экинчи миң жылдык

Экинчи миң жылдык крестүүлөр жортуулунан башталды. Андан соң ошол убактын тарыхында эң негизги окуя болгон монголдордун мусулман дүйнөсүнө жортуулу болду. Согуштарга, талкаланууларга, кээде диндин атынан же экономикалык, саясаттык, аскердик басымдуулуктун атынан жасалган кылмыштарга карабастан бул миң жылдык руханий, метафизикалык, түбөлүк баалуулуктарга негизделген чыгыш цивилизациясынын өнүгүшүн жана илимге негизделген батыш цивилизациясынын өнүгүшүн кульминациясын көрдү. Дал ушул убакта көптөгөн географиялык, илимий ачылыштар болду.

Бирок чыгыш жана батыш цивилизациясы бири-биринен алыста турган. Болбой турган бул ажырым биринчи илимий негиздерден чегинүүнү жана акыркы руханий дүйнөдөн, метафизикадан, түбөлүк, өзгөрүлгүс баалуулуктардан ыраак тутууну шарттаган. Натыйжада бул миң жылдык ишенүүгө кыйын болгон оор кырсыктарга туш болду. Менменсинген жана өзүмчүл адамдардын кылган иштеринин айынан адамзат бүткүл дүйнөлүк колониализмди; массалык түрдө өлтүрүүлөрдүн аябай көптүгүн; миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйган төңкөрүштөрдү; элестете албаган кызыл кандуу согуштарды; расалык дискриминацияны; чындыкты, эркиндикти, изгиликти жана адамзаттын намысын жок кыла турган идеологиялар жана философиялар жүргүзүлгөн режимдер тарабынан негизделген социалдык жана экономикалык акыйкатсыздыктарды жана “темир парданы” көрдү. Мунун натыйжасында жана библиялык алдын-ала айтуулардын негизинде Батыштагы көпчүлүк элдер бул дүйнө кайра канга боёлуп, талкаланууга жана жамандыкка туш болот деп коркууда. Алардын абдан үрөйлөрү учкандыктан жаңы жүз жылдыкты абай салып күтүүдө.

Биздин тилектер (күтүүлөр)

Учурдагы баарлашуунун жана ташып алып баруунун буюмдары ааламды глобалдуу айылга айлантып салды. Бир өлкодө болуп жаткан радикалдык өзгөрүүлөр бир гана өзүндө болот деп үмүттөнгөндөр абалдын чыныгы абалын сезбей жатышат. Азыр интерактивдүү мамилелердин мезгили. Элдер жана улуттар мурункудай болбой бири-бирилерине муктаж жана көз каранды болууда жана бул өз ара мамилелешүүнү жакындатууда.

Бул орой колониализмди алмаштырган жана эки тараптуу кызыкчылыкты камтыган система алсыз тараптарга пайдалуу нерселерди алып келүүдө. Мындан сырткары технологиялык прогресстин жан өзгөчө санарип электрондук технологиянын өнүгүш кесепетинен маалымат алмашуу жана ага ээ болуу процесси жакшырууда. Натыйжада деспоттук системадан башкаруучулары адам укугун урматтаган демократиялык алмашып адамдын аброю биринчи орунга чыгууда.

Ар бир адам өзүнчө түр, инвивидуум, анын жеке укуктары коом үчүн тепселенбеш керек; а социалдык укуктар жеке укуктарга байланыштуу. Мына так ушул себептен азыркы диндерден таба турган негизги укуктар жана адамдын эркиндиги Батыштагы абдан жүдөгөн согуштарда көңүлгө кабыл алып турушту. Алар бардык мамилелешүүлөрдө биринчи орунда турат. Алардын башында кудай бизге берген жана кайра алган жашоо бар. Исламдан бул укукка басым жасай турган болсок, Ыйык Куранда мындай деп жазылган: “Ким акысыз адам өлтүрүп же жер жүзүнө бузукулук таратса, анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете” (Ыйык Куран 5:32).

Динге жана ишенимге ишенүүдө эркиндиги; оюн айта алышы; үй мүлкүнүнө ээ болуу жана кол тийбестиги; үй-булөлүү болуу жана балалуу болуу; баарлашуу жана саякаттоо, билим алууга укугу адамдын башка укуктарынан болуп саналат. Учурдагы мыйзам чыгаруучу система кабыл алган ислам укуктук негиздери ушул жана башка адам укуктарына негизделген. Алардын арасында бардык элдер тил же расалык дикриминацияны кабыл албаган адамдык жандык деген фактыга таянган жашоону, динди, жеке менчикти, адамзат уруусун жана акыл парасатын, элдердин теңдигин кайтаруу сыяктуулар бар. Мунун бардыгы жаңы миң жылдыктын жашоо негизине кирет жана кириш керек.

Мен дүйнөнүн кээ бир адамдардын коркунучтарын жокко чыгарып, бактылуу, акыйкат жана мээримдүү жер болоруна ишенем жана үмүтүм бар. Ислам, насранийлик (христиандык) жана иудаизм тамырлаш болот, иш жүзүндө бир негиз салуучу принциптери бар жана бир булактан камсыз болушат. Алардын көп жылдан берки атаандаштыгына карабай бактылуу дүйнөнү куруу жана кудай тарабынан жаратылгандар үчүн жалпы мамилелерде жана жоопкерчиликтерде бири-бири менен диалогго келүүгө зарыл. Азыр бул диалог Азиянын жана башка аймактын динин өзүңө кабыл алууга чейин кеңейди. Анын жыйынтыктары оңунан чыкты.

Жогоруда белгилегендей, ушул диалогдун өнүгүшү зарыл иштерден болуп саналат жана бардык диндин өкүлдөрү жакындоонун жана мамилелешүүнүн жолун табат.

Учурдагы муун болбош керек болгон айыгышкан күрөштөрдүн башкача айтканда илимдин динге каршы күрөшүүсүнө күбө болушту. Бул чыр-чатак атеизм менен материализмди пайда кылды. А бул башка динге караганда насранийликке (христиан дини) таасирин тийгизди.

Илим динге каршы чыга албайт, анткени максаты жаратылышты жана адамзатты түшүнүү болуп саналат. Анда кудайдын кудуретинин жана эркинин көрүнүшүнүн жыйындысы берилген. Тарыхтын башталышында китеп болуп чыккан (Куран, Евангелие, Тоорат) Алланын сөзү диндин булагы болуп эсептелет. Насраний (христиандык) жана мусулман окумуштуулардын жана теологдордун аракетине, ошондой эле “Рисала-и нур” китебинин авторуна байланыштуу көп кылымдарга чейин созулган дин менен илимдин ортосундагы чыр-чатак аягына чыгып бараткандай же болбосо анын маанисиз экендиги аныкталат.

Бул чыр-чатактын аякталышы жана руханий, адеп-ахлактык жактан илим менен диндин бириккен билим берүүсүнө болгон жаңы көз караш чыныгы дилдеги, диндин нуруна толгон, кыраакы, бардык адамдык мыкты сапаттарга, моралдык баалуулуктарга ээ болгон, социалдык-экономикалык, саясий маалыматтардан кабардар болгон адамдардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин аалам аякталышынын астында “жаздын” келишин, “жаштыктын” кайтуусун көрөт. Бул жаз бай менен кедейдин ортосундагы айырмачылыктын азайышын; иштелгенине, капиталга, адамдын муктаждыгына жараша дүйнөлүк байлыктардын адилеттүү бөлүнүшүн көрөт. Расасына жана тилине же өң-түсүнө, дүйнөтаанымына  карата болгон дискриминациянын жоголушун, ошондой эле адамдын укугунун,эркиндигинин корголгонун көрөт. Адамдын жеке аброю биринчи орунга чыгат. Өзүнүн дараметин реалдаштырууну үйрөнүп адамдар сүйүүнүн, илимдин жана ишенимдин канатында “эң мыкты адамдык жандык” болууга карай алдыга умтулат.

Ушул жазда заманбап илимий жана технологиялык прогрессти кабыл алуу менен адамдар илимдин жана техниканын деңгээли бүгүнкү күндө бөбөк жаңы колдонгонду үйрөнө баштагандагы өсүү баскычын эстетип жатканын түшүнүшөт. Адамзат башка өлкөлөргө саякат жасагандай эле космоско да саякатты уюштурат. А өздөрүн сүйүү үчүн курмандыкка чалган жана кастык эмне экенин билбеген Алла жолундагы  саякатчылар башка ааламдарга өздөрүнүн руханий эргүүсүн алып барат.

Ооба, бул жаз сүйүүнүн, боорукердиктин, ырайымдуулуктун, диалогдун, башкаларды түшүнүүнүн, бири-бирине болгон сыйдын, акыйкатыктын жана укуктун негизинде пайда болот. Бул мезгил качан адам баласы өзүнүн чыныгы маани-маңызын ачканда гана келет. Адеп-аклак жана жакшылык, укуктуулук жана изгилик бул дүйнөнүн негизги маңызы болуп калат. Бүткүл ааламга каршы эртеби-кечпи бул жолго түшөт жана буга эч ким тоскоол боло албайт.

Биз чексиз ырайымдуу Аллабыздан суранабыз жана Ага биздин үмүттөрдүн жана тилектердин орундалышы үчүн жалынабыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.