Жалакайлык жана туруктуулук

Акыйкат жолду табуу жана ага берилүү кандай маанилүү болсо, аны тапкандан кийин ал жолдо туруктуулук кылуу да ошончолук мааниге ээ. Акыйкат жолду тапкан адам оңою менен багытын өзгөртпөйт. Ар дайым жолун өзгөртүп турган адамдар, акыйкат жолду таба албаган бактысыздар, же анын баркын билбеген акылсыздар болуп саналат.

* * *

Акыйкат жолуна чын дили менен берилген азаматтар ышкысын жоготпостон, ар дайым алга умтулушат. Алар – издегенин таап, алдыдагы максатын так аныктап билген азаматтар. Ал эми туруксуздук кылып ары-бери кайсалап тургандар болсо, же издештин жолун билбеген сокурлар, же издөө менен табууну бири-бирине аралаштырып алган бечаралар. Издегендер гана табат, тапкандар ордунан козголушпайт, таптым деп ойлогон адамдар өмүр бою бир жерди айлана беришет.

* * *

Туруктуулук – душманды жеңүүнүн жана максатка жетүүнүн эң биринчи шарты. Кайрылып жоодон качкан адам ошол замат жоготууга учурай баштайт.

* * *

Жоодон качкан адам оболу, өз абийиринин астында, анан тарых жана келечек муундун астында күнөөкөр болот. Бардык улуу иштерде туруктуу болуу, эрдик болуп саналат. Туруксуз, напсисинин кулу болгон адамдар муну түшүнбөсө, түшүнүүнү каалабаса да, инсан акыйкатты бир жолу түшүнгөндөн кийин башка пайдалар аны кызыктырбайт, коркунуч ага тоскоол боло албайт, дене кумары аны азгыра албайт. Ал абада учуп жүргөндөй булардын баарынан ашып өтөт.

* * *

Бир кызматта ар дайым ой-пикирин өзгөртүп, туруксуз болгондор адамдардын аларга болгон ишениминен ажырап, бирге кызмат кылган жолдошторунун да үмүтүн үзөт. Кызматка ышкылуу бир жамааттын арасынан бир адамдын жаза тайып, катардан чыгып калышы биримдиктин ыргагын бузуп, андагы башаламандыкка себеп болгондой эле, бири-бирине бекем тутунган кызмат мүчөлөрүнүн кээ биринин четтеп кетиши досторун үмүтсүздүккө түшүрүп, душмандарын кубантат.

* * *

Жаратканга берген антын тез-тез бузган эрки бош адамдар ишенимден чыгып, акырындык менен башкалардын таасири астында болуп калышат. Убакыттын өтүшү менен адамдык сапатынан ажыраган бул бечаралар өздөрүнө жана жашап жаткан коомуна зыяндуу абалга келишет.

* * *

Бүгүнкү күнү кээ бир арзыбаган пайдалардын, бийлик-мансап, атак-даңк сыяктуу нерселердин артынан түшүп жүргөндөр коркунучтар эркибизди байлап сала турган күндө кандай кылышар экен?!

* * *

Адамзат тарыхы чептердин, шаарлардын, миңдеген эр жүрөк азаматтардын каны-жанын аябай күрөшүү менен алынгандыгын, көпчүлүк учурда бир кыянатчынын куйту иш-аракеттери менен түбөлүк колдон чыккандыгын көрсөткөн окуяларга толгон. Бир элге эле таандык мындай окуялар китептерге батпай турганчалык көп болгон.

* * *

Оо, ырайымсыз атак-даңк сүйүүсү, ыймансыз кумар, жаман сугалактык! Канчалаган адамдар аймагыңарга кирээри менен солгундай баштады. Канчалаган жүрөктөр силердин аймагыңарда бороонго кабылган жалбырактай куурап түштү. Канчалаган адамдар силердин айыңардан ибадаттан качып, ичкиликке берилишти. Ооба, силердин чөйрөңөргө кирген азаматтар эрдигинен айрылып, жаш жигиттер картайып кетишти...

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.