Тарбия

Бизде: “Бала ыйык болсо, тарбиясы андан да ыйык” деген сөз бар. Бул сөз аябай таамай айтылган.

* * *

Бала тарбиялоодо ата-эне диета кармаган адам сыяктуу тарбиянын өлчөмүнө катуу көңүл бурууга тийиш.

* * *

Беш жашка чейин баланын зээни өтө ачык болот. Бул учурда балага кандай жакшы үлгү көрсөтүлсө да татыйт.

* * *

Ар бир адамдын келечеги балалык жана жаштык чагында алган таасирлери менен тыгыз байланышы бар. Балдар жана өспүрүмдөр жакшы сапаттар жана улуу сезимдер өкүм сүргөн аймакта өссө, алардын аң-сезими жогорулап, адеп-ахлактуу, үлгүлүү адам болушат.

* * *

Адам сезимдерин жаман нерселерден коруганына жараша адам. Жан дүйнөсүн жамандыктар бийлеп алган, руху напсисинин тебелендисинде калган адамдар сыртынан адам катары көрүнсө да, бир аз ойлонуп көрүү керек. Дене тарбияны баары билет. Бирок ой жүгүртүү жана ички сезимдердин тарбиясын түшүнгөн адам өтө аз. Дене тарбия менен каруусу, билеги күчтүү адамдар тарбияланган сыяктуу эле, ички сезимдерди тарбиялоо менен руханий дүйнөсү бай адамдарды чыгарат.

* * *

Бир элди оңдоо үчүн жамандыктарды жоюу менен эмес, жаш муундарга элдик маданият жана элдик тарбия берүү менен кызмат кылыш керек. Дин, тарых жана үрп-адаттардан жаралган урукту чар тарапка сээп өстүрбөсөң, жоюлган жамандыктардын ар биринин ордуна от сыяктуу бир канча жаңысы өсүп чыгар.

* * *

Балдарга окутулчу ыр жана кара сөз түрүндөгү аңгемелер ой-пикирге кубат, рухка туруктуулук, үмүт жана эркке жарык берсе, алардан эрки күчтүү, ой-пикири туруктуу муундар тарбияланып чыгат.

* * *

Кыздар келечекте бала тарбиялаган эне боло тургандыктан гүл сыяктуу назик, мээримдүү болуп өсүшү жана акыйкатты жактоо жагынан болот сыяктуу эрктүү болушуна маани берүү керек. Антпесе назик, сылык кылып тарбиялайбыз деп жатып аларды алсыз абалга түшүрүп салабыз. Ургаачы арстан да, арстан экендигин унутпайлы.

* * *

Тарбия толугу менен жакшы жана ал кимде болсо да бааланат. Ырас, тарбиялуу адамдар сабатсыз болсо да сүймөнчүктүү. Элдик маданият жана элдик тарбиядан алыс элдер одоно, түркөй жана бейбаш адамдарга окшош. Алардын достугунда кайрым, душмандыгында олуттуулук болбойт. Мындайларга ишенгендер үмүтсүздүккө кабылышат жана аларга таянгандар эртеби-кечпи, колдоосуз калышат.

* * *

Устага шакирт болбогон, жана жакшы адамдын тарбиясын албаган тарбиячылар башкалардын жолун чырак менен жарытууга аракет кылган сокурлар сыяктуу. Баланын уятсыздыгы жана тентектиги ал тарбияланган чөйрөнүн жакшы эместигинен келип чыгат. Үй-бүлөдөгү ой-пикир жана кыймыл-аракеттин чаржайыттыгы жана баш аламандыгы эселенген абалда баланын жан дүйнөсүнө чагылат. Албетте, андан коомчулукка чагылат...

* * *

Өлкөнү бейишке айланта турган мүнөзү туруктуу, жакшы муундар өсүп чыгышы үчүн мектептерде эң эле жок дегенде, башка сабактарчалык өлчөмдө тарбия жана элдик маданиятка басым жасоо зарыл. Таалим башка нерсе, тарбия башка нерсе. Адамдардын көпчүлүгү мугалим болушу мүмкүн, бирок тарбиячы болгондор өтө аз.

* * *

Эң зарыл болгонуна карабастан, эң аз маани берилген сабактар элдик маданият жана элдик тарбия сабактары болуп саналат. Бир күн кайтып, ушуга маани бере алсак, элдин өнүгүшү үчүн эң туура чечимге келген болор элек.

* * *

Акын төрөлгөндө эле акын болуп төрөлөт. Имруул Кайс эч билим алган эмес. Эйнштейн мектептен каччу экен. Себеби, анын ою башка эле. Ньютон математика сабагынан төмөн баа алганы менен математика тармагына теория киргизген. Тарбия жаатындагы маселелерибизде өздүк маданиятыбызга ылайык иш жүргүзүшүбүз зарыл. “Башкалар тигиндей кылып жатат, биз да ошондой кылууга тийишпиз”,- дебеш керек.

* * *

Жан дүйнөсү күзгүдөй тунук, фотоаппарат сыяктуу бат жазып алган балдардын алгачкы мектептери – өз үйбүлөлөрү, алгачкы тарбиячылары – өз энелери. Ошондуктан, энелердин жакшы тарбиячы болуп даярдалышы элдин келечеги үчүн өтө маанилүү.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.