Этияттык

Этияттык – бир иш-аракетте зыян тартууга каршы жана дуушар болчу кырсыктардын натыйжасында өкүнүп калбаш үчүн маанилүү нерсе. Себептерге көңүл бурбаган адамдар катуу өкүнөт, же тагдырга таарынат. Ооба, алар ойлонбой иш кылып жаңылышат, анан тагдырга таарынуу менен экинчи жаңылыштыкты кетиришет.

* * *

Алдыга коюлган максат канчалык улуу болсо, ага жетүү үчүн ойлонуп, акылмандык менен иш алып баруу да ошончолук маанилүү. Мына ошондуктан, адам мойнундагы милдетинин улуулугуна жараша пайда жана зыяндарды да эске алуу менен ишин жөнгө салбаса, анда ал – баштаган ишине кайдыгер мамиле жасаган жеңил ойлуу бечара, же бир акылсыз. Андай акылсыздын иш-аракети бекер отурганынан да зыяндуураак.

* * *

Көздөгөн максатка жетүүдө талап кылынган шарттарга жана себептерге көңүл буруу зарыл. Бул жааттагы бир аз кайдыгерлик чоң катачылык болуп саналат. Акылдуу адам болушу ыктымал зыяндын алдын алуучу чараларды көрөт. Ооба, тагдырга таарынбаш үчүн этияттануу абзел.

* * *

Адам жети өлчөп бир кесиши керек. Жыйынтыгында, эч кандай пайда алып келбеген иштерден оолак болуу зарыл. Мындай этияттык болбостон жасалган иштер куру убарагерчилик болуп саналат. Андай иштер менен алек болгон адам - кем акыл, же бала кыял.

* * *

Пенденин улуулугу оор сыноо жана оор шарттарда ийгиликке жетиши менен билинет. Мындай оор шарттарда аткарылган иштеги ийгиликтер эң баштагы жакшы планга байланыштуу.

* * *

Этияттануу коркоктуктан болбогондой эле, алды-артын ойлобой иш кылуунун да эр жүрөктүк менен эч кандай байланышы жок. Ашыкча этияттанууда кээ бир зыяндар болушу мүмкүн, бирок анын чарасы табылат. Акыбетин ойлобостон, Донкихот сыяктуу иш жасоо ар дайым коркунучтуу.

* * *

Бардык жаман сапаттар сыяктуу эле бир максатка жетүү үчүн элди көтөрүп, сүрөп чыгуу адатын да Батыштан үйрөнгөнбүз. Бул тексиз пикирди жактырып-жактагандардын көз карашы боюнча бир жумуртканын жанында бир канчасынын какылдаганы нормалдуу болсо да, биздин көз карашыбыз боюнча элдик маселелерге сабырдуулук жана токтоолук менен чара издөө керек.

* * *

Алла Таала пендеге көздөгөн максатынын улуулугуна карата баа берет. Алдыга коюлган максаттын улуулугунун эң айкын белгиси – адамдын башкалардын бактылуулугу үчүн өзүнүн жеке жыргалчылыгынан кечиши. Коомдун тынчтыгы жана саламаттыгы үчүн жеке кадырына шек келтирилишине да чыдап, ачуусун басуудан дагы өткөн курманчылык болушу мүмкүнбү?!

* * *

Жеңиштерге жетишкен аскерлердин ийгиликтеринин себебин алардын эр жүрөктүүлүгүнөн деп ойлоп, согуштук тактикаларына маани бербестик, кандай акылсыздык болсо, бардык ийгиликтерди тайманбастыкка байланыштырып, этияттыкка көңүл бөлбөгөндүк да ошондой дөөпөрөстүк болуп саналат.

* * *

Тайманбастык сыяктуу эле этияттык да Алланын жардамына себепчи болот жана булар бир акыйкаттын эки тарабы болуп саналат. Булардын биринде кемчилик кетирүү көпчүлүк учурда Алланын жардамынын токтоп калышына жана ошону менен ийгиликсиздикке себеп болушу мүмкүн. Ар дайым ийгиликке жетүү үчүн көрөгөчтүк менен иш жасоо керек. Муну түшүнө алгандар кандай бактылуу!

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.