Бүткүл пайгамбарлар араб жарым аралынан чыккан, ал эми пайгамбар жөнөтүлбөгөн башка материктерде жашаган элди ыйман жана аткарган иштеринен жоопкер деп айтуу кандай адилеттүүлүк болот?
Бул суроонун эки жагы бар:
1. Пайгамбарлардын бир гана Араб жарым аралынан чыгышы жана башка эч бир материктен эч кандай пайгамбардын чыкпашы.
2. Пайгамбар жөнөтүлбөгөн элдердин азапка (тозокко) ташталуусунун адилеттүү болбой турганы тууралуу.
Эми, кезеги менен ушул эки негизди карап чыгалы.
Пайгамбарлык – эң ыйык, эң улуу милдет. Пайгамбар тандалат, анан даражасы жогорулатылат, анан инсандарга жиберилип, аларды туура жолго баштоо милдети жүктөлөт. Вундеркингдерде болгондой пайгамбар жалгыз акылы жагынан гана өзгөчө эмес. Ал баардык сезим жана жөндөмдөрүн колдонуп, Кудай тараптан дайыма вахий күткөн инсан.
Пайгамбардын денеси рухуна, акылы жүрөгүнө баш ийет. Бардык сезими өркүндөгөн, өзгөчө көрүү, сезүү жана билүү сезими табигый чектен алдаганча ашып кеткен. Адамзат пайгамбар аркылуу гана чындыкты таба алат. Пайгамбар бизге турмушту үйрөтөт, бардык нерсени жараткан Жаратуучуну, Кудурет жана Эрк Ээси болгон Алланы ысым жана сыпаттары менен чогуу айтып, үйрөтөт.
Андай болсо, жер шарынын эч биринде пайгамбардын үнү жана нуру жеткен жок деп ойлобош керек. Бир музейде жол көрсөткүчкө муктаждык сезилгендей эле бул ааламдын да тааныштыруучусу, жол көрсөтүүчүсү болууга тийиш. Ушул укмуштай кооз аалам сарайын аны көрүүгө келген көрүүчүлөргө айтып түшүндүрө турган, билинбеген сырларды чечмелеп бере турган жол көрсөткүч инсанга муктаждык бар.
Дүйнөдө христиандык, жөөттүк сыяктуу көптөгөн бузулган диндер бар жана булардын алгачкы пайдубалындагы тазалыкты кабыл кылышыбыз керек. Куран «(Сенин үммөтүңдөн мурдагы) ар бир үммөт ичинде да албетте бир эскертүүчү – пайгамбар өткөн.» (Фаатир/24) – деп жалпы өкүм берүүдө. Бирок биз дүйнөнүн бардык жагынан чыккан жана саны 124 миңге жеткен пайгамбарлардын 28ин гана билебиз. Булардын көбүнүн качан жана кайсыл жерде жашаганы тууралуу маалыматка ээ эмеспиз. Негизи бардык пайгамбарды билүүгө тийиш эмеспиз. Куран: «Алардан Биз сага икая кылып берген кишилер да бар, жана алардан Биз сага икая кылбаган кишилер да бар.» (Гаафир/78) – деп, ысмы айтылбагандарга өтө маани бербөөнү эске салууда.
Дагы бир нерсе, бүгүн диндер тарыхы, философия жана антропология изилденгенде, бири-биринен абдан узак болгон коомдордо дагы бир топ окшош жактар байкалууда. Жыйынтыктап айтсак, баары тең «көп кудайлыктан» «бир Кудайга» ыкташкан, ар кандай апаат келгенде, бардык «кудайларды» таштап, Бирөөнө гана алакан жайып, жалбарышкан. Канарья Аралдарында жашагандардан кызылтерилерге чейин бардык коомдордо окшош ишенимдер бар.
Проф. Др. Махмуд Мустафанын жапайы эки уруу тууралуу жазган эмгектери бул негизди ырастайт. Доктордун айтканына караганда мавмавдар «Мужай» - деген Кудайга ишенишет. Бул Кудай - бир. Эч кимди тууган да эмес, бирөө тарабынан туулган да эмес. Жубайы, теңдеши жана окшошу жок. Ал көрүнбөйт, билинбейт, кылган иштери, жараткан нерселери аркылуу гана таанылат.
Экинчи Неямнеям уруусу тууралуу да дээрлик ошол эле нерселерди айтат: Алар да сөзү бардык нерсеге өткөн, токойдогу бардык нерсени өз эрки менен иштеткен жана жаман кишилерди чагылган менен урган Кудайга ишенишет.
Бул жерден эмнени түшүнсөк болот? Алардын Кудай тууралуу түшүнүгү менен Курандагы Кудай тууралуу баяндын ортосунда дээрлик айырма жок. Керек болсо, мавмавдар Ихлас сүрөсүнүн мазмунундагы Кудайга ишенишет десек жаңылышпайбыз.
Маданияттан ушунчалык узак жана биз билген пайгамбарлардын таасир алкагынын тышындагы бул коомдор али турмуштун эң жөнөкөй мыйзамдарын билбесе да, бул эң терең диний ишенимди кайдан билишет! Демек, «Ар бир үммөт үчүн пайгамбар болот. Анан, качан пайгамбарлары келгенде, ошол үммөттөргө зулумдук кылынбастан, алардын ортолорунда адилет өкүм кылынат.» (Юнус/47) деген баян илахий жана бүткүл ааламдык чындык, эч бир материк бул чындыктан сыртта калбайт.
Др. Махмуд Мустафа айткан нерсеге окшош окуяны 1968-жылы Керкуктук математика профессору Др. Адил Мырза да айтып берген эле. Аспирантурасын Америкадан окуп жүргөн жылдары жергиликтүү калк менен көп көрүшүп турчу экен. Аны алардын ишенген ынанымы абдан таңгалдырыптыр, анткени ошол жергиликтүү калк (кызыл терилер) бир Кудайга ишенип, Кудайды жебес-ичпес, убакытка көз каранды болбогон Зат катары карашып, ааламда болуп жаткан бардык окуянын Анын эрки менен болорун көп айтышчу экен.
Мындан сырткары Алла Тааланын көптөгөн салбий жана вужудий (Алла Тааланын кандайдыр бир материалдык денеге ээ болбогонун, көп эмес, Бирөө гана экенин жана башталышы, аягы болбогонун билдирген сыпаттары) сыпаттары тууралуу айтышыптыр, андай болсо Кудай тууралуу ойлогон бул ой-пикирлери үчүн аларды жапайы деп айтыш туура болбос...
Демек, чыгыш-батыш, дүйнөнүн бардык жеринде жогоруда айтылган ынаным биримдиги жалгыз Ааламдын Ээси тарабынан гана ошол жерлерге жөнөтүлгөн элчилер аркылуу гана болушу мүмкүн. Анткени эң кыйын философтор да түшүнө албаган Жалгыз Кудайга ишенүү ынанымын жапайы туземдик элдерге ыйгаруу мүмкүн эмес. Демек, кумурска менен аарыны унутпаган Чексиз Ырайымдуу Кудай, адамзаттын бардык түрүн да унуткан эмес, пайгамбарсыз калтырган эмес.
Эми, суроонун экинчи тарабына өтөлү, тактап айтканда, пайгамбар жөнөтпөгөн кишилерге азап берилеби, берилбейби, ушул негизди аныктайлы.
Оболу, биринчи бөлүмдө айтылгандай, жер жүзү пайгамбардын нурунан куру калган эмес, убактылуу «пайгамбар рахматы» жаабай калса да, аз бир убакыт өткөндөн кийин көнөктөп төгүлүп турган. Ошондуктан, ар бир адам баласы аздыр-көптүр бул рахматты көргөн, уккан. Тилекке каршы, дин бузулган жерде фатрат (эки пайгамбардын ортосундагы убакыт) доору өкүм сүрүп, пайгамбар нуру өчүп калган. Ар бир караңгылыктан кийин бир нур, ар бир нурдан кийин караңгылык басып турганда өз эрктеринин тышында калгандарга Алла Таала рахматын сүйүнчүлөгөн: «Биз пайгамбар жибермейинче (ал аркылуу Өзүбүздүн буйруктарыбызды жиберип, ага моюн сунуудан баш тартмайынча, бир да адамды) азаптоочу эмеспиз.» (Ал-Исра/15)
Демек, оболу эскертүү, анан жоопкерчилик, анан кийин гана азап, же рахмат...
Мазхаб имамдары тафарруатта (Ислам дининин деталдары) бир аз башкача ой жүгүртүшөт. Мисалы, Имам Матуридий жана аны жактагандар ааламда ар бири бир китеп сыяктуу миңдеген далилдер болгондон кийин Кудайды билбеген кутулалбайт дешет. Ашаарийлер болсо, «Бир пайгамбар жөнөтпөй туруп, азап бербейбиз.» - деген мааниге келген аятка таянышып, төмөнкүдөй ой жүгүртүшөт: «Бир кишиге Кудайды тааныткан киши барбаса, анда тозок азабынан кутулат.»
Бул эки имамдын көз караштарына түшүндүрмө бергендер да бар: Бир киши эч бир пайгамбарды көрбөсө (билбесе, укпаса), бирок Кудайды танбай, буттарга сыйынбаса – анда, ал ахли нажаат (кутулуучу). Анткени адамдардын ичинде кээ бирлери бар: өз акылы менен ааламда болуп жаткан нерселерден Кудайды таба алышпайт. Ошондуктан, мындай жаратылыштагы кишилерге оболу Кудай тууралуу бирөөлөр айтышы керек, анан кийин кылган иштерине жараша, же жаза, же сыйлык берилет.
Бирок бир инсан атеизмди кесип катары көрүп, анын философиясын сүйлөп, билип туруп «Кудайга каршы согуш ачса», дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да жазасын көрбөй койбойт.
Натыйжа катары төмөнкү нерсени айта алабыз: Кудай пайгамбар жөнөтпөгөн бир да материк болбогондой эле, ичинде пайгамбар келбеген узун бир фатрат доору да жок. Дээрлик бардык доордун өкүлү аздыр-көптүр пайгамбар рахматынан өз насибин алган. Пайгамбар ысмы таптакыр унутулган жерде экинчи пайгамбар жөнөтүлгөнгө чейин ошол доор «фатрат доору» - деп аталган жана ушул фатрат доорунда өтүп кеткен кишилердин тозок азабынан кутула турганына аныктама берилген. Эң негизгиси, билип туруп Кудайды жокко чыгарбаса болду...
- Created on .