Алла Тааланын таануу жолдору кандай?

Кудай жараткан нерселеринен таптакыр башкача болгон Зат. Адам баласы болсо ушул чектүү ааламда дайыма чектүү ойлойт, чектүү кө­рөт, чектүү угат. Ырас, адамзат бул ааламда миллиондон бешин гана көрө алат. Миллиондон бешин гана уга алат. Мисалы, адам бир се­кундда 40 жолу титиреген үндү угалбайт. Миң жолу титиреген үн­дөрдү угалбайт. Андай болсо, адамдын үндөрдү кабыл кылуусу чек­телген. Анын көрүү жана угуу жөндөмү абдан чектелген. Мынчалык чектүү көргөн, уккан, билген адам баласынын «Кудай эмне үчүн кө­рүнбөйт? Кандай нерсе?» - деп суроосу чектен чыккандыкка жатат. Кудай Таала бардык кемчиликтерден аруу жана Ал сенин кемчонтой өлчөмдөрүң менен өлчөнбөй турганчалык Улук Зат. Адам баласы жа­рыктын ылдымдыгы менен триллион жыл алдыга кетип, триллион жылдык алыстыктагы нерселерди көрсө, бул Анын жанында микрос­кобдук бир нерсе да боло албайт. Биз али Антарктика материгин би­лелек жатып, баардык ааламды башкарган Кудайдын кандай экенин каяктан билмекчибиз! Биз Ал тууралуу кандай ойлосок да, Ал анын тышкарысында.

Ыйман маселелерин изилдөөчү: «Оюңа эмне келсе да, Алла андан башка.» дейт. Суфист болсо: «Оюңа эмне келсе, Алла анын сырты­нын, сыртынын, сыртында. Сен, ар дайым сени курчап турган парда­лардын ортосунда, үстү жабык нерсенин ичинде сыяктуусуң...»

Декарт (Descartes) мындай деген: «Адам баласы баардык жагынан чектүү. Чектүү нерсе чексиз нерсе тууралуу ойлоно албайт. Кудай – чексиз, түбөлүктүү. Ошондуктан чектүү ойлонгон адамзаттын ой жү­гүртүүсү Анын барлыгын камтый албайт.»

Улуу немис акыны Гёте: «Сени миңдеген ысмың менен айтышат, эй, Бар Экени Көрүнбөгөн Зат! Миң эмес, миңдеген ысым менен айт­сам, сени мактаган болуп саналбайм. Анткени сен бардык жакшы са­паттардын жогорусунда турасың.» - деп, бизге Кудай тууралуу ай­тууда.

Ойчулдар Алланы бар, бирок биз Анын кандай экендигин биле ал­байбыз деп айтышат. Алла адам баласы түшүнө ала турган, биле ала турган нерселерден эмес. Көз аны көрө албайт, кулак Аны уга албайт.  

Андай болсо, сен Ал тууралуу бир гана пайгамбарлардын таалимине баш ийип, ошол жол менен ишенүүгө тийишсиң!..

Алла кантип билинмек эле: Ал барлыктын да, илимдин да алгачкы булагы, алгачкы себеби. Барлыгыбыз Анын нурунун чагылышы, или­мибиз Анын илиминин шооласы гана. Ырас, белгилүү бир деңгээлде Алланы таанып-билүүнүн жана илим ээси болуунун жолу бар: бирок бул табийгат жана жаратылышты билүүдөн таптакыр башка нерсе... Туура эмес жол аркылуу Аны таанууга аракет кылгандар напсилери­нин менменчилигин сындыра албаган, ички туюмдарынын эмне эке­нин биле албаган кээ бир инсандар: «Алланы издедим, бирок таба ал­бадым.» деп жөөлүп, илимбилим жана философиянын атынан каа­пырдыгын билдирет.

Кандай абалда болсок дагы, Алла Таала өзүнүн бар экендигин биз­ге сездирет. Ошол сезим, ошол учкун Алланы таануунун негизин тү­зөт. Ага карабастан биз көп жолу барлыгыбыздан жана бул ички се­зиштен качып, ката жана далалаттарга түшөбүз.

Аалам муну эскертүүчү миңдеген тил. Куран жеткиликтүү баяны менен эң чоң эскертүүчү, Пайгамбарыбыз болсо кынтыксыз абалда бизге Алланы тааныткан.

«Жер-асманга сыйбаймын, Жүрөктөрдөн гана Өзүмө жай табамын» дейт Алла Таала
Ибрахим Хаккы

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.