Доорубузда пайда болнон суроолор тууралуу

Кылымдар бою чогулган шеккүмөндүү ойлор жан дүйнөнү кый­нап, инсандардын ишенимдерин кыйроого учуратты. Бул күмөндүү ойлор учурубузда атеисттик көз карашка айланды. Христиан дүйнөсү бул шеккүмөндөргө туруштук бере алган жок. Бизде да алгачкы учур­ларда ишенимде ой-кыйыштар болду. Атүгүл бул кылымдын башын­да ыйманынан ажыраган кээ бир жаштар акыркы жазган каттарын­да ыймансыз жашоонун маанисиздигин баса белгилеп, өз жандарын кыйышкан. Миң жылдан бери ойлоп чыгарылган кыйратуучу курал­дар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, карапайым калктын таянычы бол­гон исламдык негиздер, исламдык ишаракеттер, исламдык символ­дор талкаланып, анын натыйжасында инсандардын жандүйнөсү бу­зула баштаган. Бул коркунучтуу жаралар Курандын жана ыймандын дарылары менен айыктырылууга тийиш болчу.

Аалымдарыбыз муну билишчү... Маркум Умар Насухи да мындай деген эле: «Кылымыбыздын ислам аалымдары бул заманда аңсезим­дерди адаштырган кээ бир жаңы философиялык теорияларды сын­га алып, диндин негиздерин тереңдетип изилдеп-талдоолору зарыл.» (Муваззах илми келам) Кылымыбызда жашаган руханияттын мык­ты дарыгеринин диагнозу менен айтканда: «Материализм рухий чу­ма сыяктуу сындоо жөндөмү өнүккөн сайын жайылуу мүмкүнчүлүгү артууда. Илимбилимден телкин, маданияттан таклид (тууроо) алган... Буга туура эмес түшүнүлгөн эркиндик менен менменсинүүчүлүк ко­шулса, андан бетер кеңири жайылууда.» Бул оору кээ бир атактуу жа­зуучулардын романдары сунулуусу менен, чумадан да күчтүү түрдө жайыла баштады. Жаш жана алсыз зээндерде, жүрөктөрдө өсүпөөр­чүдү. Айылда, шаарда бул шеккүмөндөр тууралуу сөз кылына турган болду. Мектептерде, атүгүл кафелерде дин, ыйман тууралуу сөз бо­луп калганда, сөзсүз булардан кеп козголчу.

Кээ бир адамдар бул нерселерди укпагандай, шеккүмөндөрдү жү­рөгүндөгү ыймандын күчү менен талкалап, жан дүйнө жана зээнде­ринде даярдаган зындандарга ыргытышты; жоопторун таба алышпа­са да ыймандарынын күчү, ибадаттан алган рухий ылаззаттар ал шек­күмөндөрдү унуттура алган.

Кээ бирлери бул каршы чыгууларды айткандардын ниеттерине ка­рабастан, аларды жокко чыгарууга аракет кылышты. Мындай куру­лай каршылык көрсөтүүлөр болсо, гангренанын тереңдеп жайылы­шына себепкер болду. Жакшы ниет менен жооп издөө үчүн сураш­тыргандар болсо, ынандырарлык жооп таба албай калганда, корку­нучтуу шеккүмөндөргө дуушар болушту. Бул убакта атеизмдин ай­лампасына кабылып, түпсүз туңгуюктарга кулагандар дагы болду.

Мындай абал болсо, материалисттик көз карашка ээ жана бул тү­шүнүктөрүн идеологиялык согушка айланткандар үчүн абдан ыңгай­луу болчу. Көбүн ушулар аркылуу сулатышты. Жок эле дегенде жа­ралашты.

Мурда ыймансыздык караңгылыктан улам болчу, ошон үчүн аларга акыйкат түшүндүрүлгөндө, түркөйлүк, сабатсыздыктар жоюлуп, на­тыйжада чындыкка жетип, бейпилдикке бөлөнчү. Азыр болсо, илим­билим жана философия тармагында бул каапырдык бороончапкын болуп улупуңшуп жатат. Анан калса, мындай түшүнүккө ээ болгон кишилер өздөрүн билебиз деп ойлогондору үчүн, илимий деп кабыл кылган бул пикирлеринен башка эч нерсени кабыл кылгылары кел­ген эмес. Ошентип, чындыкты изилдөө жөндөмдөрү мокоп калган. Ошон үчүн мурда булардын миңден бири гана туура жолго келчү. Ал кезде инсандардын көпчүлүгү ыймандуу болгондуктан, булардын ан­ча зыяны жок болчу. Ал эми биз жашаган доордо болсо таслимият (исламдын шарттарына кың дебестен моюн сунуу) кыйрагандыктан, көп кишинин ыйманына доо кеткен абалда турат... Ошон үчүн каа­пырдыктын жайылышы менен баардык жерде шеккүмөндүү ойлор­дун ичинде кайсалаган, атүгүл бардык нерсесинен ажырагандарды көрчү болдук.

Мына, ушул абалга келгенден кийин, бул жаранын дарылоо уба­гы келип, өтүп баратканын сезген кадырлуу жазуучубуз чоң бир мук­таждыкты жоюу максаты менен бул китепти даярдады. Мазмуну жа­гынан алганда кыйла кенен жана терең маселелерге анализ жүргүзү­лүшү, кудай буюрса, көкүрөктөгү жана зээндердеги күдүк ойлордун жоюлушуна себепкер болот.

Сафвет Сених

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.