Улуу адеп-ахлак
Азирети Пайгамбарыбыз (САВ): “Мен жакшы адеп-ахлактарды толуктоо үчүн гана жиберилдим” – деп айткан.” Алла Тааланын бизге берген чексиз неъмат-тартуулары, биздин ал неъматтарды ачыкка чыгара турган жөндөмдөрүбүз бар. Ооба, биз периштелердин арасынан орун ала ала тургандай жөндөмдөргө ээбиз. Чексиздиктен келген ал тартуулардын кадырын билүү – Улуу Жаратуучуга карата таазим кылуунун, ушунчалык мүмкүнчүлүктөр берилген табиятыбызды урматтоонун талабы. Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн китептер бул кабардын маңызы, пайгамбарлар бул акыйкаттын эң чынчыл, туура көрсөтүүчүлөрү, пайгамбарлыктын акыркы мүчөсү болсо, акыйкаттын кашкайган далили жана улуу адеп-ахлактын эң өзгөчөлөнгөн мырзасы.
Курани Карим, Калам сүрөсүндө, “Сен, улуу кулк-мүнөз ээсисиң”. Шуара сүрөсүндө дагы: “Бул, сенден оболку келген пайгамбарлардын ахлагы” – деп айтуу менен Анын бул улуулугун айгинелеп көрсөткөн.
Дүйнө жашоосунун кооздуктары
Курани Каримдин Кахф сүрөсүндө: “Мал-байлык жана уулдар - дүйнө жашоосунун кооздугу; өлбөс жакшы иштер болсо Раббиңдин алдында сообу жагынан кайырдуу жана үмүт кылууга дагы ылайыктуу” деп баяндалып, жалпы мааниде мал-байлык дүйнө жашоосунун кооздугу, салтанаты экендиги айтылат. Ооба айтылгандар, дүнүйө, мал байлыктын бул дүйнөгө тиешелүү жактары жана анын бул тарабы убактылуу жана жок болуп кетүүчү.
Демек бул дүйнө мал-байлыгы мактаныла турган нерсе эмес. Негизинде бала-чака дагы аны менен мактана турган нерсе эмес. Бирок, бул нерселер акыретке, Аллага багыштала турган болсо, улуу баалуулуктарга жетет жана түбөлүктүү жакшы иштерге айланат. Жакшы иштерге айланганда, бул дүйнөдө бир урук болсо, акыретте асман тиреген дарактар сыяктуу шиңгил-шиңгил болгон мөмөлөрү менен бой салышат.
Биз баяндоого аракет кылган бул нерселер, Курани Карим биз үчүн койгон принциптер катары, эң туура багытты көрсөткөн маанилүү негиздер болуп саналат. Булар Курандын гана чоң дарыканасы жана Алла Элчисинин (САВ) ыйык, берекелүү системасында гана бар. Вахийдин, сүннөттүн шаңдуу добушуна кулак түрүп, аны менен жашоо болсо, толугу менен буйрулган насип болуп саналат.
Мээримдүү болуу
Курани Карим, Азирети Айуб (АС) сыяктуу адамдардын ар кандай көйгөйлөргө дуушар болгондо Алланын мээримине корголонуулары зарыл экендигине ишаарат кылат. Ооба, Анын Мээримине корголоо, напсибизге, үй-бүлөбүзгө, көчө таптаган балдарыбызга, жакындарыбызга каршы Анын мээриминен жардам тилөө жана алсыздыгыбызды, муктаждыгыбызды билдирүү менен Анын, баардык нерсенин өтөөсүнөн чыга ала тургандыгын кабылдоо жана моюнга алуу болуп саналат. Ошондой эле мээримдүүлүк мээримдүүлүккө ортомчу болот. Мээримдүү болсоң, Алла Таала дагы мээрим кылат. Моралдык бузулуулардан сактансаң, Ал дагы бузулуудан сактайт.
Пайгамбарыбыз мындай деп айтат: “Жердегилерге мээрим кылгыла, периштелер же Алла силерге мээрим кылсын”.
Негизинде жол кырсыктары ж.б. натыйжасында башка келген нерселер балээ жана өлүм эмес. Эң чоң өлүм жана балээ, адам баласы өзүн сезим уйкусуна таштап салуусу, сезимталдыгын жоготушу жана жан дүйнөсүнүн өлүмү болуп саналат. Ооба эң чоң балээ, үй-бүлөдөгү өрттү биле албоо, бала-чаканын моралдык жактан кыйрашын сезбөө болуп эсептелет.
Ата-эне, үй-бүлөдөгү руханий өрттү сезе алышпаса, мындан өткөн бактысыздык, сезим сокурлугу, адашкандык болбойт. Андай адамдар өз ахыбалдарына канчалык ыйлашса дагы жарашат, бирок, ыйлоо үчүн дагы жүрөк керек.
- Created on .