“Окуунун маанилүүлүгү”
Балага бере турган нерселердин эң маанилүүлүлөрүнүн бири окуу жана жазууну үйрөтүү. Бала белгилүү бир максат үчүн окуу-жазууну үйрөнүшү зарыл. Окуп, жазууну үйрөнгөнчөлүк эмне үчүн окуп-жазууну билүү дагы маанилүү.
“Илим – бул билүүИлим өзүн билүү
Сен өзүңдү билбесең
Анда эмне үчүн окуу,”
деп айтат Юнус Эмре.
Бул темага кирүүдөн мурда төмөнкү суроолорго жооп берүүгө аракет кылалы: Илим деген эмне? Илимдин максаты эмне? Эмне үчүн китеп окуу керек? Китеп окуу менен жетүүгө аракет кылынган нерсе эмне? Бул суроолорго жооп берүүдөн мурда төмөнкү нерселерди эске алуу пайдалуу.
Бир адам, өмүр бою математиканын татаал негиздерин, эрежелерин үйрөнсө дагы, илимий, соода-сатыкка, өндүрүшкө байланышкан жана башка эрежелерди колдонууга мүмкүнчүлүк таба албаса, бул курулай маалыматты илим деп айтууга болбогондой эле, анын адам баласына пайдасы тийбей тургандыгы дагы анык. О.э. медицинанын баардык негизги эрежелерин үйрөнүп, бирок дарылоо жаатында эч нерсе жасабаса, бир оорунун дагы тамырын кармабаса же жүрөк согушуна кулак төшөбөсө, окуган маалыматтары эсинде сакталып калышы күмөн. Эң негизгиси, Юнус Эмре айткандай, адам баласы өзүн билиши керек. Мына ошондуктан, өзүбүздү өзүбүзгө таанытпаган илимдин бизге пайдасы тийбей тургандыгы анык.
а) Окуу-жазуу
Окуу жана жазууда Куран биринчи орунду ээлей тургандыгы анык. Бирок, Алла Тааланын койгон максаттарын билүүгө багытталбаган билимди жактабай тургандыгыбызды дагы бул жерде баса белгилеп кетмекчибиз. Келечекте Алла каалаган нерселерди түшүнүүгө умтулуусу үчүн балага Куран сүйдүрүлүп, анын жан дүйнөсүндө Куранга карата кызыгууну пайда кылуу керек. Өкүнүчтүүсү, ар кандай зордоо жолу менен балабызга “Бисмилла” деп айттыруу менен баардык маселелер чечилип калды деп ойлойбуз. Чындыгында “бисмилла” өтө маанилүү жана көп маселелерди чечип коюшу мүмкүн. Бирок, эң негизгиси Алла Таала каалаган нерсени окуп үйрөнүү.
Тарыхыбызда даңазалуу учурларыбыз көп болгон. Бирок, Ислам мамлекеттеринин илимий, башкаруу жана адилет орундарында Куранды толук жаттаган башкаруучулар, өкүмдарлар жана казылар болгон учур болуп өткөн.
Мурда дагы айтып өткөнүбүздөй, бул адамдар окуган илимдеринин маңызын түшүнө алышпагандыктан баардык тармактарда башкаларды туурап келишкен жана алардын ачылыш жасоого кудурети жеткен эмес. Жарым-жартылай билгендерин карманып алган бул адамдар бир учур келип, дин жол бербеген негиздерге каршы үн чыгара алышпастан, күнөө иштерин уланта беришти жана албетте Ислам дини аларга берген улуулукту сактай алышпады. Жан дүйнөбүздү дүрбөлөңгө салышы ыктымал, бирок булар оболу-кийин элдин ар намысы, дини менен ойношкондугун кайгыруу менен айтам. Булардын алган илимдери көкүрөктөрүнөн орун алып, маңызы түшүнүктүү болгон эмес эле. Аъраф сүрөсүнүн 178-аятындагы “Кимдерди адаштырган болсо, негизги жоготууга учурагандар ошолор” деген баян тууралуу Хафиз Абу Йаълаанын Хузайфа бин Ал-Йамаандан (РА) риваят кылган бир хадисте Алла Элчиси (САВ) мындай деп айтат:
“Силер үчүн корккон нерселеримдин бири, бир адам Курани Каримди окуп, Курандын укмуштуулугу анын кыймыл-аракеттеринде чагылат. Ислам дини ал үчүн бир кийим болот. Алла Таала каалаган убакытка чейин ал кийимге оронот, андан кийин Кудай сактасын, ал кийимди чечип, бир четке ыргытат. Бир тууганына каршы кылыч көтөрүп, аны ширк келтирдиң деп ага жалаа жабат”
Азирети Хузайфа: “Эй, Алланын Элчиси, ширк келтирдиң деп жалаа жапкан адамбы же жалаа жабылган адамбы, кимиси ширкке жакыныраак” – деп сураганда, Алла Элчиси (САВ): “Жок, жалаа жапкан (адам)” деп айткан.
Бүгүнкү күнүбүздө дагы Алланы тааныбаган, Алланын Элчисин (САВ) тааныбаган канчалаган белгилүү адамдар бар. Алар чоң түркөйлүктүн ичинде. Жаратылыштагы миңдеген белгилерди көрүп туруп ойлонбогон, жаратылышка карата сокур жана керең болуп жашаган адамдар, кандай атак-даңктуу адамдар болушса дагы түркөй инсандар болуп эсептелет. Себеби биз, адам баласынын сезимин, акылын, ой-пикир дүйнөсүн жарыткан маалыматтарды гана илим деп атайбыз, ал эми башкасына маалымат ташуучулук гана дейбиз.
Курани Каримдин алгачкы чакырыгы, “Раббиңдин аты менен оку...” деп башталган. Ооба, Алланын Пайгамбарга (САВ) алгачкы кайрылуусу “оку” деген сөз болгон. Бул “оку” деген сөздүн маанисин кайра эле Курандын өзү ачыктоо менен:
“Сен Ал Жараткан Раббиңдин аты менен оку” деп айтуу менен жаратуу деген улуу нерсеге көңүл бурдурууда. Бул жерде Курани Каримди окуу менен бирге жаратылыш китебин окулушу керектигин дагы эске салууда.
“Калем менен жазууну үйрөткөн Улуу Раббиңдин аты менен оку!” деп айтат.
Биз күбө болгондой эле бул жерде “окуу” жана “жазуу” деген сөздөр биринин артынан экинчиси айтылууда. Ооба, адам баласы окуп-жазат, бирок окуй турган баардык нерселерди жаратылыш китебин, өздүк ички маңызын, Курандын маанисин түшүнүү үчүн окуйт. Кээде өзүнүн физиономиясына, анатомиясына кээде жаратылышка байкоо жүргүзүү менен алган маалыматтарын, сезгенине жараша өз үй-бүлөсүнөн баштоо менен башкаларга дагы жеткирет. Ооба бул жерде “оку” деген буйрук бир гана Курандын сөздөрүн окуу болбогондугу сөздүн жүрүшүнөн дагы эле түшүнүктүү болуп турат. Куран, “оку” деген буйрук менен, Алла Тааланын буйруктарын жана ааламдагы болуп жаткан кубулуштарды жаратылыш мыйзамдарды окууга чакырууда. Ошондуктан жаратылышыбызды, ааламдагы кубулуштарды ошондой эле Алла Тааланын сөзү болгон Курани Каримди Анын аты менен окуйбуз. Бул жерде Куран оболу биздин жаратылышыбызга көңүл бурдуруу менен, “силер кандай жаратылдыңар” деген суроо узатып жаткансыйт. Дароо анын артынан бул жаратылуу бир “алактан” (уюган кандан), башка бир жерде “бир тамчы суудан” болгондугун баса белгилөө менен көңүлүбүздү жаратылыш сырларына бурат.
Бул, “жаратылыш китебин Куран менен бирге оку” деген Алла Тааланын адам баласына берген сабагы. Бул сабактан катардагы карапайым адам пайдалана алгандай эле, чоң ойчулдар дагы бул сабактан өз насибин алат. Ооба, Алла Элчисинин (САВ) кол алдында сабак алган карапайым сабатсыз адам менен аалым адамдар дагы ошончолук деңгээл айырмачылыгына карабастан, өз түшүнүктөрүнө жараша экөө тең бул сабактан пайдалана алышат.
Курани Карим жазуу маселесинде калемдин маанилүүлүгүн дагы баса белгилейт. Калем сүрөсүндө: “Нун... Калемге жана анын жазгандарына ант берем” деп айтуу менен калемдин маанилүүлүгүн белгилейт. Бул жердеги “нун” тамгасынын мааниси купуя. Бирок чоң тафсирлерде (Курандын түшүндүрмөлөрүндө) бул тамга “балык” деп жоромолдонушу менен бирге эле, сыячелек деген мааниге келе тургандыгын айткандар дагы бар. Ал улуу тафсирчилерди тафсирлери менен бирге өз жайына коёлу, бул жерде Алла Таала “нун” менен баштап, “калем” менен ант берүү менен маселени сунууда. Албетте бул Алла Тааланын назарында калемдин орду канчалык бийик экендигин көрсөтүүгө жетиштүү. Бул калем жасаган иштерибизди жазган Кирааман Каатибийндин же тагдырларды жазып, аныктаган периштелердин же силер мектепте же башка тармактарда жазууда колдонгон калем болсун, эч кандай айырмасы жок. Бул жердеги айырмачылык аны колдонуучулардын ортосундагы айырмачылык жана кандай болбосун Алла Тааланын калемдин аты менен ант бериши булардын баарын ичине камтыйт.
б) Илимдүү адам Алладан коркот
Курандын башка бир аятында: “Алладан, аалым (илимпоз) пенделер гана коркот” деп айтылат. Ооба аалымдар (илимпоздор) гана Алланы урмат кылышат. Себеби Алланы урматтоо Аны таанип-билүүгө байланыштуу. Алла Тааланы билбеген жана руханий сырлардан кабарсыз адамдар Аны урматтай алышпайт.
Ушул себептен балдарыбыздын материалдык жана руханий жактан туура тарбияланышына өбөлгө түзүү багытындагы аракеттерибиздин бири, албетте алардын туура ишенимге ээ болуулары. Алла Тааланын барлыгы тууралуу силер окуган далилдер деңгээл жана маданият айырмачылыгы менен бирге алар үчүн дагы маанилүү. Кээде бул далилдер, силердин күмөндүү ойлоруңарды кетире тургандай даражада болушу мүмкүн, бирок балдарыңардын жашы жана түшүнүк деңгээлдерине туура келбей калышы ыктымал. Андай учурда бул жааттагы адистик чараларды издөө зарыл.
Дагы бир нерсе, Алла Элчисинин (САВ) ыйык жашоо жолунун адамдардын жүрөктөрүнүн түпкүрүнөн орун алышы тууралуу “Чексиз Нур” аттуу китепте айтылгандыгына ишаарат кыла кетүүбүз зарыл деп ойлойм.
в. Шек-күмөндүү ойлордун жоюлушу
Бүгүнкү күнүбүздө “Алла Таала ааламды жаратты, ал эми Алла Тааланы ким жаратты” деген сыяктуу бир топ суроолорду угуп калабыз. Мындай суроолордун көптүгү, балдарга Алла Таала жөнүндө туура пикир берилбегендигин айгинелеп турат. “Алла Элчиси (САВ) эмне үчүн көп аялга үйлөндү?” деген суроонун артында дагы негизги нерсе, ал баланын Алла Элчиси жөнүндө туура маалыматка ээ болбогондугу. Ошондой эле, “Алла Элчиси өтө зээндүү болчу. Ал жүзөгө ашырган төңкөрүштөр Анын зээндүүлүгүнүн мөмөсү”деген жоромолдорду айткан адамдын дагы диний таалим жагынан кемчилдиги бар экендиги ачык көрүнүп турат. Ал адам “пайгамбарлыктын” маанисин такыр түшүнө алган эмес.
Ошондой эле ушул түрдөгү жаралардын чоңдугуна карабастан туура эмес чара көрүлсө, абал өтө татаалданат. Демек оболу баланын ички дүйнөсүн жана Алла Таала тууралуу ишенимин туура багытка салышыбыз зарыл. Белгилүү бир жаш деңгээлине жараша айткандарыңар баланы канааттандырышы мүмкүн. Мисалы, “Ийне устасыз пайда болбойт, ийне өзүнөн өзү эле жасалып калаарын ойлоо мүмкүн эмес. Демек ааламдын жаратуучусу бар. Ал – Алла Таала” деген сөз баланын ошол жашка таандык суроолоруна жооп бере алышы ыктымал. Силер ушундай жооп менен эки анжы ойго чөмүлүп турган баланын жардамына келсеңер, ал шек-күмөндүү ойду өрчүй электе жок кылган болуп эсептелесиңер.
Диний булактардан алынган маалыматтарга караганда мажусийлер (отпарастар, отко сыйынуучулар), Имам Аъзам Абу Ханифага кээ бир суроолорду узатышып, андан канааттандыраарлык жооп күтүшкөн. Илим, исскуство жана технология тармагында жаңы ой пикирлер пайда болуп, укук, фыкых жана социологияда кадыресе өнүгүүлөр болуп жаткан ошол доордо, мажусийлер Абу Ханифага “биз Аллага ишенебиз” деп айтышты. Ал учурда Имам Аъзам жашаган чөйрөдө көп санда мажусийлер бар болчу. Себеби Куфа аймагы мурдатан мажусийлер көп жайгашкан жер эле.
Абу Ханифа аларга баардык нерсени оңой тил менен түшүндүрдү: “Деңиз үстүндөгү кеме, жүздөгөн тоодой толкундардын арасында оңой эле жээкти көздөй бара жаткандыгын, бул толкундар анын багытын өзгөртпөгөндүгүн көрсөңөр, бул кемени ушул деңизде сүздүргөн жана чеберлик менен аны башкарган бирөөнүн бар экендигинен күмөн санайсыңарбы?” – дегенде алар баары бир ооздон “жок” деп жооп беришти. Ошондо Азирети Имам: “Андай болсо, ушул жылдыздар, ушул зор аалам, жер шары деңиз сымал нерсенин ичинде тартибин бузбастан сүзүп жүрөт. Бул нерсенин өзүнөн өзү болушуна кантип ишенесиңер?” – деп сурайт. Муну уккан мажусийлер: “Лаа илааха иллаллах, Мухаммадун Расуулуллах” деп айтышкан. Бул маектештин деңгээлине жараша кайрылуу. Бул кайрылуу кээ бирлери үчүн жөнөкөй болсо дагы, башка кээ бир адамдар үчүн жетиштүү болуп саналат. Жаш жогорулаган сайын дагы тереңирээк деңгээлде бул маселелерге басым коюлуп, ушул негиздердин тууралыгын баса белгилеп көрсөтүүгө болот. Ооба, адам баласынын мээси, көзү, ички организми, организмдеринин клеткалары, клеткалардын түзүлүшү, анатомиясы, физиономиясы өтө укмуштуудай жаратылган. Ар кандай жаш жана деңгээлге жараша бул темалардын ар бири илимий негизде баяндалса жетиштүү болот деп ойлойм.
Ушул сыяктуу, башка бир маектешке, мисалы: аба, суу, жарыктык, түрдүү витаминдер, протеиндер, карбонгидраттар же микроптор тууралуу нерселерден сөз козгоого болот.
Устат (Бадиуззаман Саид Нурси) Алла Таала тууралуу баяндаганда: “Айылбашчысыз айыл болбойт. Ийне устасыз болбойт. Бир тамга жазуучусуз болбойт, муну билесиң. Анан кантип, ушундай зор мамлекет башчысыз болсун?”. Бул туурасындагы баардык далилдер эске салынып, көз алдынан өткөрүлсө маанилүү маалыматка ээ болгондугубузду көрүүгө болот. Мындан кийин бизге бир гана даяр маалыматтарды пайдалануу жана маектештердин деңгээлдерине жараша кайсыл маселе биринчи орунга коюлуп, кайсынысы кийинкиге калтырыла тургандыгын белгилоо иши гана калат.
- Created on .