Батыш өлкөлөрүндө чиркөө өкүмдарлыгы жана кечилдик
Бул жаатта Ислам менен батыш өлкөлөрүнүн арасында кадыресе, чоң бир өзгөчөлүк бар. Батыш өлкөлөрүндө илимдин жеңиши менен христиандыктын жана кечилдиктин өкүмдарлыгы кулаган. Ислам дүйнөсүндө болсо батыш өлкөлөрүнүн тескерисинче, илимдин өнүгүшү менен динге жүздөнүү өөрчүгөн.
Реннесанс жана Реформадан мурда Европада, чиркөөнүн өкүмдарлыгы астындагы адамдарга чоң салыктар салынып, чиркөөнүн ар дайым өзгөрүп турган мыйзамдарынын алдында баары кыжаалат, баарынын маанайы пас болуп, эртеңки күнү эмне болот деп сарсанаага түшүп турушчу.
Чиркөөнүн кызматкерлери болгон руханий жол башчылар илим-билимге карата катуу душмандык кылышкан жана илимий ачылыштарга жакшы көз караш менен караган эмес. Бүтүндөй илимий ачылыштар маани-маңызына каралбастан четке кагылып турган. Ар кандай илимий ачылыштарды жасагандыгы үчүн жазалоочу жайларда катуу жазага тартылгандардын саны аз эмес болчу.
Адамдар, бул эзүүчү түшүнүккө каршы чыга алышчу эмес. Кээ бир аристократтардан башка жалпы калк, айрыкча кедейлердин эзилиши, аялзатынын укуктарынын тебелениши, ал гана эмес ар түрдүү ишканаларда аялзаты жарым адам катары саналып, жарым эмгек акы менен иштетилишишин натыйжасында, дээрлик баардык адамдарда динге карата жек көрүү сезими пайда болгон эле.
Мына ушул жалпы жек көрүү себебинен ар кайсыл жерлерде төңкөрүштөр болуп, чиркөөгө таандык баардык нерселер кулаган, чиркөө өкүмдарлыгы ушундайча кулап, адеп-ахлактык баалуулуктар дагы жер менен жексен болгон.
- Created on .