Балдардын алдындагы милдеттерибиз
а) Тарбиялык чөйрөнү даярдоо
Балдарыбыздын жакшы тарбияланышы үчүн чөйрөнүн дагы жакшы болушу шарт. Ооба, баардык балдар чөйрөгө жараша тарбияланат. Чөйрө элементтеринин эң башында үй-бүлө турат. Экинчиси мектеп, үчүнчүсү жоро-жолдош, дос чөйрөсү, төртүнчүсү бирге окуган классташтары болуп саналат. Коомдук жашоодо кийим тигүүчү дүкөнү, жыгач уста күркөсү, кийим үтүктөө күркөсү, кийим тазалоочу жай жана башка ишканаларды айтууга болот.
Силер балдар кыдырып жүрө турган ушул чөйрөнү жакшы тандай албасаңар, балдарыңарга бир күнү сөзсүз түрдө ар кайсыл бир илдет жугат. Ооба, бала бузук чөйрөдө сөзсүз бир күнү бузулат. Ошондуктан үйүңөрдөн баштап, чөйрөнү балдарыңар жакшы тарбиялана турган абалга алып келишиңер керек. Себеби, иш болуп өткөндөн кийин убакытты артка кайтара албайсыңар.
б) Арам тамак жедирбөө
Бала түйүлдүк учурунан баштап, адал ырыскы менен азыктануусу керек. Курсагыбызга түшкөн бир тиштем арам тамак же шектүү жолдор менен тапкандарыбыз, перзентибиздин убактылуу же түбөлүк туура эмес жолго түшүүсүнө себеп болуп калышы ыктымал.
в) Суук көздөн сактоо
Перзент дүйнөгө келгенден кийин анын тамак-ашына, кийим-кечесине көңүл бурганыбыздай эле, аны суук көздөрдөн сактоо дагы маанилүү.
Мисалы, кара ниет, көз караштары жаман, сөздөрү жагымсыз, күнөөкөр адамдардын көздөрүнүн учкундары наристенин кээ бир назик сезимдерин кыйроого учуратышы мүмкүн.
Бүтүндөй мына ушул нерселер, Алла, дин менен болгон байланыштардын талабы катары, балдарыбызга карата аткаруубуз керек болгон милдеттер болуп саналат. Ушул милдеттерди кылдаттык менен орундатсак, периштелер сыяктуу коомго айланышыбыз мүмкүн.
г) Үй-бүлө чөйрөсүн жөнгө салуу
Хадисте “Баланын алгачкы айта турган сөзү “Лаа илааха иллаллах” болушу керек” – деп айтылат. Баланын оозунан алгачкы болуп, табигый түрдө “ата, эне” деген сөздөр болгондой эле ага “Алла” деген сөздү үйрөтүү абзел” Себеби Алла Эзелки жана Түбөлүктүү Зат. Андан кийин бул негизги нерселердин үстүнө башка нерселер курулуп, жашына жана түшүнүк деңгээлине жараша эл, жер, эркиндик деген түшүнүктөрдүн айланасында болот. Эгер, бала башталгыч класстарда окуса ошого жараша... жогорку класста окуса философия жана социалдык илимдер окуп жаткан болсо, ошол деңгээлге ылайыктуу материалдар менен камсыздалат. Бир үй-бүлөдө Аллага карата урмат-сый болсо жана ар дайым Алла тууралуу баяндалып турса, анда балага үйрөтүлө турган нерселерди үйрөтүү максатына жеткен болуп эсептелебиз. Ооба бир үйдө намаз окулуп, Алланын аты аталып турса, баланын алгачкы айткан сөзү “Аллах” болушуна жеңилдик түзүлөт. Себеби мындай үйдө баардык нерсе өз багытын тапкан болуп саналат.
д) Чеги менен сүйүү
Алла Таала перзент берсе, Курандын бир аятында айтылгандай, жан дилибиз менен перзентибизди сүйүп, Алла Тааланы сүйгөндөй чектен ашып кетпешибиз керек.
Алланын назарында бул нерсе ширк эсептелип калышы ыктымал. Ооба, түздөн-түз бала сүйүүсүнө батып, Алланы унутуу чоң жаңылыштык экендиги шексиз. Аллага карата болушу ылаазым болгон сүйүү, башка бир убактылуу нерсеге багытталса, ал сүйүү кээде Алланын ачуусуна тийиши ыктымал.
Мына ушул себептен, чеги менен сүйүү өтө маанилүү:
1. Жүрөктөрдүн сүйүүсү Алла Таалага болушу керек жана Анын ордун башка эч нерсе, эч ким ээлебеши шарт.
2. Перзент Алла Тааланын бизге берген аманаты экендигин анык билишибиз керек. Биздин ага карата болгон сүйүүбүз, ал аманатты жакшы карап, багуубуз үчүн бир кызыктыруучу нерсе. Ооба, силердин перзенттериңерге карата сүйүүңөр, силерге тапшырылган аманатка кемчиликсиз мамиле кылууңар үчүн Алланын бир белеги.
е) Жакшы үлгү болуу
Тарбиялап жаткан балдарыбызга карата сезимдерибиз, ой-пикирлерибиз, сөздөрүбүз, руханий жашообузда ар дайым үлгү болуу максаты көздөлүшү керек. Ооба, алардын жакшы тарбияланышын кааласак, ушул нерсеге өтө маани беришибиз парз. Мисалы, алардын намаз окуусун кааласак, намазды алардын көз алдында толук көңүл коюу менен аткарып, Аллага карата адепти көрсөтүшүбүз керек. Ар дайым чындыкты айтып, жалгандан алыс болушубуз абзел. Алардын орунсуз сөздөрдөн оолак болуусун кааласак, ал үйдүн ичинде эч кандай орунсуз сөздөрдүн айтылбашы жана алардын зээндерине орунсуз сөздөр жазылбашы керек. Алардын улуу инсан болуп чыгышын, намыстуу жашашын кааласак, ошондой абалды ал үйдө орнотуу керек жана бул иштин башкы каармандары биз болушубуз зарыл.
Балдардын Курани Карим окушун, Курандын акыйкаттарына жан дилин беришин кааласак, ал үйдүн ичинде күн-түн алар уга тургандай жарыя абалда Куран окулушу керек.
Мына ошондуктан сөз, руханий сезимдер жана кыймыл-аракеттер үйдө эң таасирдүү таалим болуп саналат жана аны жакшы колдонуу керек. Тескерисинче, башкаларга жолдоп, “ушуга бир нерселерди үйрөтүп кой” дей берсеңер балага эч нерсе жеткирип, түшүндүрө албайсыңар.
ж) Балдарга Алланын берген ырыскы-неъматтарын баалай билүү жана Алланы сүйүүнү үйрөтүү
Маалым болгондой бала, башталгыч класстарында, кээде андан дагы улуу жашка чейин ибадат кылууга жоопкер болбойт. Мына ошондуктан бул учурда намазында, орозосунда жана башка диний милдеттериндегы кемчиликтери үчүн урулуп-согулуп, тилденилбейт.
Бирок, жоопкерчиликтүү болбогон бул учурунда ага айткандарыбыз өмүр бою анын эсинен чыкпайт. Алардын жасаган иштерин баалообуз дагы аларга өтө терең таасир калтырат. Ооба, балдарыбыздын жакшылыкты биле турган болуп тарбияланышына жакшы көңүл буруубуз зарыл. Алар, өзүлөрүнө кылынган жакшылыктарды билиши керек жана берген немат-тартуулары үчүн Аллага, жакшылыктары үчүн адамдарга алкышын айтуусу керек. Ооба, балдарыбызда жакшылык кылуу жана кылынган жакшылыктарды билүү сезимдерин өөрчүтүү менен Улуу Жаратуучунун улуулугун алардын жүрөктөрүнө жайгаштыруубуз керек. Мына ошондойчо ал Алла Тааланы улуу деп тааныйт жана адамдардын дагы кадырын билет. Бирөөнүн кадырын билүү анын табиятына дагы айланат жана ар бир немат үчүн чын дилинен Аллага шүгүр кылат.
Бул маселеге байланыштуу дагы бир нерсе, балдарыбызга нематтары менен бизди карк кылган Алла Тааланын мээрими, ырайымы тууралуу баяндалуусу. Алла Тааланын бизди кандай азык-зат менен камсыздагандыгы, бизге кандай сүйүү тартуулагандыгын түшүндүрүп “Ал өтө мээримдүү, бизди коргойт, баардык балээлерден сактайт” – деп балдардын көкүрөгүндө Ага карата ишеним жана сүйүү сезимин ойготушубуз керек. Ал гана эмес кичинекей нерселердин, курт-кумурскалардын Алланын мээрими менен азыктангандыгын дагы ылайыктуу тил менен түшүндүрүп, баланы Раббиси менен байланышын бекемдешибиз абзел.
Ушундайча, ал баланын зээнинде аалам толугу менен Алланын Рахман, Рахийм деген ысымдарын жар салган макулук катары кабылдана баштайт, ал нематтарга карата шүгүр кылуу сезими өөрчүп, ал үй шүгүр ишканасына айланат.
Бирок, бүтүндөй бул нерселерде, жашына карап кайрылуу керек, мисалы:
“Ал бербесе анар дарагы мөмө бербейт. Ал буйрубаса жандыктардын желининен сүт чыкпайт. Анын мээрими болбосо, көктөн бир тамчы дагы жамгыр жаабайт. Ал мээримин төкпөсө, жерде бир дагы чөп өспөйт,
Ал каалабаса биз сүйлөй албайбыз,
Ал көргөзбөсө биз көрө албайбыз,
Ал угузбаса, биз уга албайбыз,
Ал иштетпесе оозубуз сууланбайт,
Баардык иштерди биз эмес, Ал жасады
Ашказаныбыз иштебейт, бөйрөгүбүз кызматын аткара албай калат...
Ооба, балам, бүтүндөй булардын баарынын ээси Жараткан Өзү...
Буларды биз жасабадык, баардык нерсе Андан жана Анын көзөмөлүндө
Демек, балам бул нематтарды бизге берген,
биз үчүн даярдаган Алла Таалага карата жүрөгүбүз сүйүүгө толуп-ташса,
Ал муну дагы көбөйтөт.
Эгерде Алланын бергендерине шүгүр кыла албасак,
Ал нематтарын азайтат же биздин колубуздан аны пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алып коёт” деп, ар дайым оңдоого муктаж болобуз.
Ооба, баардык бул нерселерди кыймыл-аракеттерибиз, көз караштарыбыз, жан дүйнөбүздүн толкуусу менен бир кутпачы сыяктуу ага угузууга аракет кылабыз.
з) Иш жүзүндө көрсөтүү
Таалим-тарбия жаатындагы иштердин эң таасирдүүсү кыймыл-аракет менен көрсөтүлгөнү болуп саналат. Үйдө жашоону жөнгө салуунун, балдарга пикир берүү жагынан маанилүүлүгү талашсыз улуу.
Тахажжуд намазын, мүмкүнчүлүк болсо, балдар ойгоо болгон учурга дал келтирүү, жалгыз эле Алла Таала силерди көрүп турган ал караңгылыкта Алла Элчиси (САВ) сыяктуу жүрөгүңөр туйлап, “такаллубат” (бир абалдан башка бир абалга өтүп жатканыңарды) тымызын тиктеп турган балдарыңардын сезимине кандай таасир калтыргандыгын силер биле албайсыңар. Ал, “Эмнеге ыйлап-сыздап жатат, эмне үчүн жан дүйнөсү козголууда?” деп ойлойт. Эгер ал бул ойлорун ачык айтса, силер Алланын алдына чыгып, нематтарынан куру калып, Анын азабына дуушар болуп каламбы, деп коркуп жатам, деп айтышың керек. Сүйүү жана үмүткө толгон көз караштарыңар жана корккон абалдарыңар менен Аллага карата болгон урмат-сыйыңарды жана ар дайым Анын көзөмөлүндө экендигиңерди балдарыңарды сездиришиңер керек. Өзүңөргө шарт кылып алган бул жашоо көрүнүшүңөрдү жана эгер руханий тереңдикке ээ болгон болсоңор, аны балдарыңарга сездирүүгө аракет кылышыңар абзел. Тескерисинче, жан дүйнөбүзгө сиңбеген же силерге таандык болбогон нерселерди түшүндүрүүгө аракет кылсаңар, ага таасирдүү болбойт.“Алла Элчисинин (САВ) адеп-ахлагы кандай эле?” – деп Азирети Аишадан (РА) сурашканда, ал: “Силер Куран окубайсыңарбы? Анын адеп-ахлагы Куран болчу” – деп айткан эле.
Бул хадистен Алла Элчисинин (САВ) жашоо көрүнүшүн биз төмөндөгүчө түшүнөбүз: Алла Элчисинин (САВ) бир жашоо көрүнүшү бар эле, Куран дагы бизге ушундай улуу инсандын жашоо көрүнүшүн бизге баяндоодо.
Ооба, Алла Элчиси (САВ) Куранды бизге баяндаганда анын өкүмдөрүн иш жүзүндө жашап көрсөтүп, ошондойчо бизге жеткирген. Ошондуктан Анын кыймыл-аракет жана сөздөрү менен бизге айткан нерселери жүрөктөрдүн түпкүрүнөн орун алып, аны баары кабыл алып, аны жашоого аракет кылышкан.
Мына ошол себептен биздин кыймыл-аракеттерибиз башкача, айткандарыбыз башкача болбошу шарт. Негизинде, бул нерсе (сөз менен кыймыл-аракеттин дал келбештиги) кыймыл-аракеттеги эки жүздүүлүк деп аталат. Жан дүйнө менен кыймыл-аракеттин дал келбештиги баланы эл көрсүндүккө түртөт. Куранда баяндалгандай, ары барып, бери келген, жолдун ары жак, бери жагына чыккан “музабзаб” абалга алып келет.
Силер, балага Алланын тартуулары тууралуу баяндаган сайын, ал дагы Аллага карата силер менен бирге шүгүр кылып, “Силер айткан бизди инсан кылып жараткан жана сан жеткис ырыскы-нематтарын тартуу кылган, ден соолук берген, ата-энебизди жараткан, ар күнү түркүн дасторконун жайган; абаны, сууну, топуракты, дарактарды жараткан, жаратып, биздин кызматыбызга сунган Аллага миңдеген мактоолор болсун” – деп айтышмакчы.
Ошондой эле орду менен үйдөгү сүйлөшүүлөрдү ушул багытта жүргүзсөңөр, баардык нерсе башкача көрккө бөлөнөт. Балага карата өтө мээримдүү болуунун тарбияда өзгөчө орду бар. Алла Элчиси (САВ), жанында Ага кызмат кылгандарга өтө мээримдүү мамиле кылчу жана ага салыштырмалуу ата-эненин мамилеси бул жакта эле калып калчу.
Анас бин Малик (РА): “Азирети Пайгамбарга (САВ) он жыл кызмат кылдым; мен аткарбай койгон иш үчүн “эмнеге аткарбадың?”, кылып койгон бир ишим үчүн, “эмнеге мындай кылдың?” деп айтканы эсимде жок. Мени эч айыптаган эмес” – деп айтат. Ооба ал бөтөн бирөөлөргө дагы ушундай, ата-энеден дагы мээримдүүрөөк мамиле кылчу. Өз балдарына, неберелерине карата мээримдүү мамилесинде дагы теңдешсиз болчу.
и) Мээрим
Бала, таяктан, коркутуудан эмес, ал ата-энесинин мээриминен куру калуудан коркушу керек. Атасынын нааразы абалда тиктеши, энесинин мээримдүү жүзүнүн өзгөрүшүнө күбө болушу жана сезүүсү аны өзүнө келтире турган эң таасирдүү нерсе катары кабылданса, жетиштүү болот деп ойлойм. Бирок баланын силерге ишенүүсү, кайгыларын бөлүшүүңөргө ишениши өтө маанилүү. Демек, ал ыйлаганда колдон келсе отуруп, ичиңерден сызып, ыйлагыла, жок дегенде алардын кайгы-капачылыктарын бөлүшкүлө. Дүйнөдөн кайткан кээ бир адамдар үчүн асман ыйлап, арш титиреген сыяктуу эле, балдар кайгырганда силер дагы кайгырып, алардын кайгыларын бөлүшүүңөр абзел. Ушундайча алардын назарында дагы барктуу болуп, айткандарыңар аларга таасирдүү болот жана алардын жүрөктөрүнөн түпкүрүнөн орун аласыңар, андан кийин эч ким силерге карата болгон сүйүүнү алардын көкүрөгүнөн өчүрө албайт. Андан кийин аларга айткан ар бир сөзүңөр алар тарабынан кабылданат.
Ооба, эгер алардын периштелердей аруу болуп тарбияланып, келечекте эң жакшы көрүнүштө силердин жакшы жактарыңарды ээрчишин кааласаңар, анда ушундай мамиле кылууңар шарт.
к) Тартип
Үйдө тартиптин болушу дагы өтө маанилүү. Үй-бүлөдө ынтымакты орното турган тартип болбосо, үй-бүлө чыр-чатактан, балдар экианжылыктан кутула алышпайт.
Алла Таала, Курани Каримде: “Аллах кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүү эркектер аялдардын кожоюну. Аллахка моюн сунуучу – ал, күйөөлөрүнө баш ийүүчү, Аллахтын сактоосу менен күйөөлөрү жокто абийирлерин сактоочу – аялдар. Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насаат айткыла. Алардын төшөгүн бөлүп койгула. Ал эми силерге моюн сунушса, аларга каршы башка жол издебегиле. Албетте, Алла эң жогору жана улук зат”.
Эркек, үйдө, белгилүү себептерден жалпы тартиптин жоопкерчиликтүүсү болуп саналат. Ошондой эле ал көптөгөн маселелерде биринчи орундагы жоопкер деп айтууга болот. Негизинде, балдардын дагы ушундай жоопкер адамга муктаждыгы бар. Үйдө жоопкерчиликке маани берилгендигине ачык күбө болгон бала, жашоосунда чаржайыттык жана жоопкерсиздикке жол бербей турган адам болуп тарбияланып чыгат. Тескерисинче бир үйдө жоопкерсиз адамдын болушу жана эки тараптан эки түрдүү буйруктардын берилиши, баланын зээнин башаламан, астын-үстүн кылат.
Ошондой эле, бала ата-энесинин биринен корксо, экинчисинин канат алдына корголой алышы керек, албетте ал эненин кучагы. Мындай милдет бөлүшүүдө бала атанын сүрүн жана айбатын же мээрим жана ырайымын, энеде мунун тескерисин табат, кээде коркуп, кээде үмүттөнөт; бирок эч убакта жалгыздыкты сезбейт. Тескерисинче үйдө үй-бүлө жашоосун, мындай биримдикке байлай албаса, карама-каршылыктар улана берет, эркек өз алдынча бир башчы болгон мындай үй-бүлөдө балдар сезимсиз, катаал жана бейбаш болуп өсөт.
Ойдогудай муундар чыгышы үчүн баарыдан мурда идеалдуу үй-бүлөгө муктаждык бар. Ооба оболу үй-бүлө, Аллага жакын болуусу керек. Ата-эне же алардын бири Алланын халифасы катары бул ишти мойнуна алса, Аллага берилүүнүн негизинде үй-бүлө мүчөлөрү ошончолук улуу сапаттарга ээ болушат жана мындай бир үй-бүлөдө эч кандай көйгөй болбойт.
- Created on .