Балдарды Куранды сыйлап урматтоого үйрөтүү
Балдарыңарга Куранды окутуп-үйрөтүүңөр дагы өтө маанилүү. Бирок ошончолук дагы бир маанилүү нерсе – Куранды окуп жатканда анын Алланын Сөзү экендигин сездирүү. Биз доорубузда көп күбө болгон нерселердин дагы бири – кээ бир адамдардын окуган Кураны өз жүрөктөрүнө таасир этпегендиги. Силер Куран окууда балдарыңарга жакшы мисал болуп жана аны Раббинердин алдында же Пайгамбардын (САВ) алдында окуп жаткандай окуй алсаңар дагы бир жолу жаныңардагыларга таасир эткен болосуңар. Ооба, эгерде Куран жатканда өзүңөрдү кармана албай, көз жаштарыңар куюлса, буга күбө болгон балдарыңар силердин бул абалыңардан өтө башкача таасир алат. Мен ыкылассыз Куран окуу адамдарыбызды сезимсиз абалга алып келе тургандыгына ишенем.
Бир хадисте Алла Элчиси (САВ): “Адамдардын арасынан эң жакшы Куран окуган адам - Куран окуп жатканда терең кайгы менен окуган адам” Башка бир сахих хадисте: “Бул Куран кайгы менен түшкөн” деп айтылат.
Курандын негизги маселеси өтө көп көйгөйү бар адам баласы тууралуу болгондуктан, биз дагы кыймыл-аракеттерибиз менен ушуну көрсөтүшүбүз керек. Бирок бул деңгээлге жетүүнүн маанилүү негиздеринин бири, Курандын эмне деп жаткандыгын түшүнө билүү. Куран Алла Тааланын Сөзү болгондуктан ага таазим кылышыбыз мүмкүн, бирок Ал, Алланын Сөзү болгондугун чагылдыра билүү үчүн, бир аз болсо дагы аракет кылуубуз дагы Куранга таазим кылууну билдирсе керек. Ошондой эле силердин ушул аракеттериңер менен балдарыңар Курани Каримге таандык маанилерди көкүрөгүндө жана зээнинде терең сезип, руханий дүйнөсү тоёт.
Курани Каримдин маанилерин билүү менен гана жетинген адам динди түшүнүү жагынан кем болуп эсептелет. Ал эми Куран менен ушунчалык деңгээлде дагы байланышы болбогон адамдар - толугу менен жоготууга учурагандар. Курандан жакшы пайда алуу үчүн, Курандын маңызын түшүнө билүү жана балдарыбызга дагы үйрөтүүбүз зарыл экендигин дагы бир жолу эске салуу туура болот деп ойлойм.
Жогоруда айтылган хадистин түшүндүрмөсүндө Хафиз Мунави мындай бир окуяны баяндайт:
“Кичинекей бир бала Куранды жат көтөрөт. Ал таң атканга чейин Курани Каримди баштан аяк окуп чыгат (хатм), намазын окуп, эртеси күнү мугалиминин алдына барат. Өңү керсары тартып калган. Мугалими материалдык-руханий жактан жол көрсөтө алган чоң устат эле. Окуучусунун өңү керсары тартып калгандыгынын себебин башка окуучулардан сурайт. Алар: “Устат, бул окуучуңуз таң атканга чейин Курани Каримди баштан-аяк окуп чыгат жана албетте уктабастан эрте менен сабакка келет” – деп айтышат. Устат окуучусунун Куранды мындай окушун каалабагандыгы үчүн аны жанына чакырып: “Балам, Куран кандай түшүрүлгөн болсо, ошондой окуш керек” – дейт. Бүгүндөн баштап сен Куранды ушул учурга чейин окугандай эмес, менин алдымда окугандай оку!” – деп кеңеш берет.
Бала үйүнө кетип, түнү менен Куран окуп, эрте менен устатынын жанына келгенде, “Урматтуум, бул түнү Курани Каримдин жарымына чейин араң окудум” – деп айтат. Устат: “Эми сен бул түнү Куранды Пайгамбардын (САВ) алдында окуп жаткандай оку” – деп айтат. Окуучу кетип, кийинки күнү келет жана “Устатым, бүгүн араң эле бир сүрөө окуй алдым” – дейт. Устаты, “Балам, эми аны миңдеген пардалардын артында болгон Улуу Жаратуучунун алдында тургандай оку. Алла Таала сен үчүн түшүргөн сөзүн сенин оозуңдан угуп жаткандыгын ойлонуп оку” – деп жөнөтөт. Эртеси күнү бала устатынын алдына ыйлап келет: “Устатым, “алхамду лиллахи роббил ааламийн”, деп баштап, “маалики йаумиддийн” деген жерге чейин келдим, “иййака наъбуду” деп айта албай койдум. Себеби анын мааниси “бир гана Сага кулдук кылам” деген эмеспи. Ал эми мен өтө көп нерселердин кулу болуп калгандыктан бул сөздү айта албай койдум” – дейт.
Хафиз Мунави, ал жаш жигиттин көпкө жашабай, бир-эки күндөн кийин дүйнө салгандыгын айтат. Аны ушул деңгээлге чыгарган ал улуу устат, жаш жигиттин мүрзөсүнүн жанында турганда ал жаш жигит устаты уга ала тургандай үн менен, “Устатым “таййим” деген улуу даражага ээ болдум жана эсеп бербедим” – деп айтат.
Курани Каримдин маанисине ой жүгүртүп, сөздөрүн талдоого алуу менен “Раббимдин сөзү”, деп ага таазим кылуу менен жүзүнө-көзүнө сүрүү менен ага карата урмат-сыйын билдирип окуу, окуган адамды дагы, уккан адамды дагы Курандын чөйрөсүнө тартып, аларга жогорку ааламдардын эшигин кеңири ачат.
Бул икаяны айтуу менен, “Мындай ойлобосоңор Куранды окуй албайсыңар” дегибиз келген жок, бирок Курандын сөздөрү бизге эмне айтып жатат, руханий дүйнөбүздө кандай өзгөрүү жаратууда... ж.б. нерселер тууралуу баяндообуз, Курандын маектеши болгондугубуздун талабы деп ойлойм. Руханий дүйнөбүздү козгобогондой абалда Куран окуу жеке жана коомдук жашообузда таасирдүү болушу мүмкүн эмес. Биз Куран менен өзгөрүп, ага жүздөнүп, анын маани маңызын терең түшүнүшүбүз керек. Ошондо гана ал купуя сырларын бизге ачык көрсөтүп берет.
Темага кайталы. Ооба, ал жаш жигит өлгөн жок, Алланын алдына барды. Ал Курандын таза жүрөктөргө берген таасири менен жүрөгү токтоп, Алланын алдына сапар тартты. Албетте ал түбөлүк жашоого ээ болду. Ал, “иййаака наъбуду” деген сөздү айта албай, таңга чейин кайталай берген эле. Дагы башка бирөө мындай таасирди Каабада сезген. Ал башын Каабанын дубалына жөлөгөндө, өз алдынча: “Оо, Жараткан!” деп айтып алып, андан ары улай албай өзүнчө: “Сен ушуну айта ала турган абалдасыңбы? Эмнеге дагы эле элкөрсүндүк кылып жүрөсүң?” деген ойго такалып калган. Мындай сезимдерди башкага айтып түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Үйлөрүбүздө ушундай сезимдерге ээ болуп, Куранга чын дилибиз менен берилип, Алла Элчисинин (САВ) жолунда экендигибизди кыймыл-аракеттерибиз менен көрсөтө алсак, чөйрөбүз жазгы жамгыр көргөндөй жашылданып, айланабызда “кайрадан тирилүүлөр” болот жана коомдук жашообуз периштелерди суктандыра тургандай абалга келет.
а) Жек көрдүрбөө
Жакынкы жылдарда бизде жана башка ислам өлкөлөрүндө тарбияланган муундар, диндин жеңилдиктери жана көңүл көтөрүүчү кабарлары менен кеңири тааныша алышкан эмес жана андан ыраакта калышкан. Бул нерсе туура ой жүгүртүү менен талдоого алынганда, мунун себеби динден кабарсыздык жана аны үйрөнүүгө аракет кылбастык экендиги белгилүү болот.
Бүгүнкү күнүбүздө момундар, “Аллага ыйман келтирдик” деп айтканы менен бул сөздүн маани маңызын түшүнө албай жана көкүрөктөрү менен сезе албай жатышат. Мектептерде дин сабагы кирсе дагы, ушундай мүмкүнчүлүккө карабастан кээ бир дин жана адеп-ахлак сабагынын мугалимдери Куран жаттатуу менен гана чектелишкен. Динге кызыкпаган балдарга туура эмес таалим-тарбия усулдарын колдонуу менен алардын көкүрөгүндөгү аз өлчөмдөгү “динди урматтоо”сезимин дагы кыйратышкан. Алар мындай кылып жатышканда албетте, балдар динден алысташсын деп жасашкан жок, бирок кылымдардан бери уланып келген бир канча жаңылыштыктарыбыздын бири дагы бир жолу кайталанып жаткан эле.
Жеке мен ушул учурда дагы Алла Таала бизге берген мүмкүнчүлүктөрдү жетишинче колдондук деп айта албайм. Өлкөбүздүн жаш муундары, дин туурасында миңдеген шек-күмөн ойлорго чөмүлгөн. Биздин милдетибиз ошол шек-күмөндүү ойлорду жок кылуу, динди, Алланы, Алла Элчисин сүйдүрүү болгондугуна карабастан, буларды коё салып эле алар кийинки этаптарда өз каалоолору менен аткара турган иштерди маанилүү деп эсептеп, аларды динден үркүтүп жатабыз. Ооба, дин формалдуу нерселерден гана түзүлүп калгандай, балага кээ бир нерселерди жаттатуу менен гана чектелип калсак, Кудай сактасын бала динди жек көрүп калышы мүмкүн. Ал бир сабакка катышса, кийинкисине катышкысы келбей калышы ыктымал. Алты айлык балага чоң кишинин тамагын берүүгө болбогондой эле, белгилүү бир жашка чейин бир нерселерди жаттатууга мажбурлабоо керек. Ал ыйман эмне экендигин сезип, биле баштагандан кийин өзү жаттоого аракет кылышы ыктымал. Балага таалим-тарбия сүйдүрүү, ойго салуу, жактыртуу жана жаттатуу менен берилиши шарт. Мындай жолду колдонбостон ал байкуштун башын сандар менен айландырып, он эки, отуз эки, элүү эки парз деп кээ бир нерселерди жаттатуу усулун колдонсок, балага атайын, же билбестен динди жек көргөзүп салышыбыз мүмкүн.
Момундар бул маселеде кылдат болуп, диндин баардык жагы сүйдүрүлүшү керек. Баланын зээнин эмес, жан дүйнөсүн диндин маани маңызына ачуу зарыл. Балдар Куранды сүйүп, аны үйрөнүү, Алла Таала каалаган нерсени түшүнүүгө аракет кылуу алардын негизги амалына айланышы керек.
б) Фарз жана нафил (кошумча) ибадаттардын ирээттүү түрдө улантылышы
“Үй-бүлөңдү намазга буйруп, ага сабыр кыл. Биз сенден ырыскы сурабайбыз. Сага Биз ырыскы беребиз, жакшы акыбет такыбаларга”.
Кандай абалда болсо дагы ата-эне диний милдеттеринде кемчилик кетирбеши керек жана бала кулчулукка байланыштуу маселелерде эч кандай кемчиликтерге күбө болбошу зарыл. Пайгамбарыбыздын (САВ) эч калтырбаган тахажжуд намазы, жеке зикирлери, түнү турганда окуган өзгөчө дубалары бар. Ал бул зикирлерди убагында аткара албай калганда казасы керек болбогондугуна карабастан анын казасын кылчу. Ушундайча баштаган ибадат эч качан ташталбашы керектигин ачык көрсөткөн.
Сахабалар бир башталган ибадат кийин улантылышы зарыл экендигин өтө жакшы түшүнүшкөн. Ошол учурдун такыба адамдарынын бири болуп эсептелген Абдуллах бин Амр бин Аас ар күнү орозо кармоону жана таңга чейин уктабай намаз окууну каалачу. Ал үйлөнгөндө бир канча күн бою жубайынын жанына жакын жологон эмес. Жубайы бул тууралуу кайнатасы аркылуу Алла Элчисине арыздануу иретинде жеткиргенде Алла Элчиси (САВ) Абдулла бин Амр бин Аасты чакырып, жубайынын жанына барбагандыгы үчүн аны айыптаган. Алл Элчиси (САВ) андан парздардын сыртындагы ибадаттарын азайтуусун талап кылганда, ал дагы көбүрөөк ибадат кылууну каалагандыгын билдирген. Акыр аягында Алла Элчиси (САВ) аны бир күн орозо кармап, бир күн оозу ачык жүрүүнү, түндүн үчтөн биринде уктап, калган үчтөн биринде ибадат кылууга көндүрдү. Бирок бул улуу сахаба картайганда башка бир сахабага төмөндөгүдөй дегендиги тууралуу Бухари жана Муслим риваят кылат: “Аттиң, Алла Элчиси (САВ) айткандай кыла берсем болмок экен. Себеби картайган сайын, мындайча улантуу оор келип жатат. Бирок дагы эле нафил ибадаттарымды калтырып койгум келбейт. Алла Элчиси (САВ) мени кандай абалда калтырып кеткен болсо, ошондой абалда көрүшүн каалайм”.
Абдулла бин Амр жакшы үлгү, адам баласы адатка айландырып алган ибадаттарын таштабашы керек. Алла Элчиси (САВ) дагы сахих хадисинде: “Ибадаттардын эң жакшы аз болсо дагы ар дайым уланып турганы” деп айтат. Эгер күчүңөр жетпесе, белгилүү бир убакыттан кийин баланын алдында аброюңар түшпөөсү үчүн, күчүңөр жеткенчелик ибадат менен жетингениңер дурус. Парздарды жана сүннөттөрдү гана аткара алсак, аларда кемчилик кетирбешибиз керек. Эгер тахажжуд намазын баштаган болсок, аны сөзсүз улантышыбыз абзел. Витир важиб намазын баланын көзүнчө окуу зарыл болсо, ошондой кылуу керек, түн ортосунда туруп окуу таасирдүү боло турган болсо түнү туруп окуу туура. Аввабийн, ишрак жана духа намаздарын окуп жаткан болсок, аны калтырбашыбыз керек. Себеби балдарыңар “аткарылып жаткан ибадаттарды кээде таштап койсо дагы болот” деп ойлоп калбасын. Ушундайча кулчулуктагы олуттуулук анын көкүрөгүнө сиңсин жана силердин дагы бул маселедеги кемчиликтериңер себептүү силерди ойготсун. Ооба, ал “Ата, ишрак намазын окуп, духа намазын калтырып коюп жатасың!” деп айта алышы керек. Ошондой эле кылынган ибадаттар чын ыкыластан жана Алладан коркуу менен аткарылышы шарт. Ошондо гана балага жакшы таасирин тийгизет.
Буга чейин баса белгилеп айткыбыз келген нерсе, биз сыяктуу ойдогу адамдар үчүн. Ооба эгер балдарыбыздын сезимтал, динди бек тутунган, акылдуу болушун кааласак, биздин оюбузча бул нерсенин жолу ушул. Баардык нерсеге өз жолу менен жетүүгө болот. Башкача айтканда баланын туура жолдо болушун кааласак, биз дагы туура жолдо болушубуз шарт. Балдарыбыздын туруктуу болушу үчүн биздин дагы туруктуу көз караш жана ой-пикирге ээ болушубуз зарыл. Мунун жүзөгө ашырылышында бул дүйнөбүздүн жөнгө салынышы, акырет бактылуулугуна ылайыктуу болуу жана баланын дагы түбөлүк бактылуулукка ылайыктуу болуусу керек. Чындыгында бул айтылган нерселер күндөлүк режим жана доктордун берген кеңеши сыяктуу сезилиши мүмкүн, бирок буларды аткаруу кыйноого салбаса керек. Бул нерсе эрте менен, кечинде иче турган даарыңарды адаштырбастан, калтырбастан ичүү сыяктуу. Силер ушундайча туура жашап, үйүңөргө дагы туура жашоо көрүнүшүн орнотосуңар.
в) Ыйык нерселерди урматтоого чакыруу
Биз үчүн ыйык болгон кээ бир түшүнүктөр бар. Бул түшүнүктөрдүн артында болсо өтө ыйык маанилер бар. “Алла” деген түшүнүк биз үчүн өтө маанилүү жана ал ыймандын бир негизи. Аллага ишенбеген адам мусулман эмес жана анын ыйманы жок. Бул улуу жана ыйык түшүнүктүн белгилүү жаштан кийин (7-9 жаш) зээндерден жана жан дүйнөнүн түпкүрүнөн орун алышы жана балдардын бүтүндөй ой-кыялдарын ээлешине шарт түзүү баарыбыздын мойнубуздагы милдет экендигин унутпашыбыз керек. Баланын кыялынын төрүн Пайгамбар (САВ) ээлеши, ошол үй-бүлөдө ар дайым Ал тууралуу айтылышына байланыштуу. Эгерде бир үй-бүлөдө бир гана киноактёрлор жана артисттер тууралуу айтылса жана бала ар дайым кино гана көрсө, анын кыялында киноактёрлор болот. Алардан спортсмен, артист, киноактёрлор тууралуу сурасаң, алардын бир тобунун атын атап, бирок балким төрт сахабанын дагы атын атай албай калышы ыктымал. Жогорудагыларды эске тутушу балдарга пайдасыз болгондой эле, “кыялынын бузулушуна” себеп болушу мүмкүн.
Динде ыйык саналган баардык нерсе, ой-пикирибизде ар дайым ыйык деп билиниши керек. Мисалы, Кааба ыйык жай. Силер балдарыңардын жанында Кааба тууралуу сөз кылганыңарда ага аябай урмат кылууңар абзел. Анын чегине киргенибизде же Мадина Мунавварага жакындаганыбызда урмат-сый менен кадам таштообуз керек. Маселеге Алла Элчиси (САВ) аяк баскан жер деп, Имам Малик сыяктуу “Бул жерге бут кийим жана унаа менен кирүүгө болбойт” деген сезимде болуу зарыл. Ал улуу Имам, алыс жерден Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитине же башка бир мечитке хадис сабагына бара жатканда же Мадинанын чек арасына киргенде, минген унаасынан түшүп, ал жерде ошондой басуу керектигин айтчу. Албетте буга күбө болгон бала Пайгамбардын (САВ) мечитине катуу урмат кылат.
Курани Карим тууралуу дагы эле ушундай. “Ал эми ким Аллахтын белгилерин улуктаса, албетте, ал жүрөктүн такыбалыгынан” деп айтылат. Диний ыйык нерселерди урмат кылуу жүрөктүн такыбалыгынан. Жүрөктөгү такыбалык – жүрөктүн Алла Тааланы таануусу, Ага урмат-сый менен жүздөнүүсү, Ага корголоосу, Ага баш ийиши. Динге таандык нерселерге урмат көрсөтүү өтө маанилүү. Мисалы мечит баланын назарында өтө ыйык болууга тийиш. Ал Аллага алып бара турган жолдор мечит аркылуу өтөт деп билиши зарыл. Азанчынын “Аллаху акбар” деп чыккан үнү баланын назарында өтө ыйык көрүлүп, азан бүткөндө алакан жайып, “Аллохумма робба хазихид даъватит тааммати уассалаатул кааимати, аати саййидинаа Мухаммадинил васийлата уал фазийлата уабъасху макааман махмууданиллазии уаъадтаху иннака лаа тухлифул мииаад” Эй, бул улуу чакырыктын жана окула турган намаздын Рабби болгон Аллахым! Мухаммедке (САВ) Хакка жакындоо, бейишке жана андан улуу нерселерге жетүүнү насип кыл жана Аны өзүнө убада кылган Макаму Махмудка жеткир. Албетте Сен убадаңды орундатуучусуң” деп толкуп алуусу керек.
Демек, Аллага ишенип, Аны сүйсөк жана көкүрөгүбүздө такыбалык жана диний нерселерди сыйлоо сезими бар болсо, бул сезимдерибизди баланын жан дүйнөсүнө өткөрүп берип, Алланын улуулугун көрсөтүп, Аны сүйдүрүшүбүз зарыл. Табараний, Абу Умамадан риваят кылган бир хадисте Алла Элчиси (САВ): “Алланы, Алланын кулдарына сүйдүргүлө, Алла дагы силерди сүйсүн”– деп айткан. Алла жакшы таанылса сүйүлөт. Себеби адам баласы билген нерсесин сүйөт, билбегенине душман болот. Динсиз жана атеисттер Алланы тааныбагандыгы үчүн душман, эгер Аны тааный алышканда сүймөк.
Курани Каримда Алла Таала: “Инсандарды жана жиндерди Мага кулдук кылышсын деп гана жараттым” деп айтат. Ибн Аббас жана Мужахид (РА) бул жердеги (лийаъбудуун) “мага кулдук кылышсын деп” деген сөздү (лийаърифуун) “мени таанып, билишсин” деп ачыкташкан. Демек адам баласы Алланы билсе, кулчулук кылат, билбесе Анын берген ырыскыларын баалай албай, Ага каршы чыгат. Демек, биз балдарыбызга Алланы таанытышыбыз зарыл. Ошондо балдарыбыз Аллага карата сый-урмат сезиминде болот. Бирок ар кандай деңгээлдеги адамдарга Алланын таанытуунун өзүнчө жолдору болушу керек, адамдардын жашына жана түшүнүк деңгээлине ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Белгилүү бир жашка келип калган балага алдына коюлган дасторкондун Алла Таала тарабынан насип кылынгандыгын далилсиз түшүндүрүү жетиштүү болушу мүмкүн. Өспүрүм чагына келип калган балдарга жан-жаныбарлар, дарактар муктаж болгон жамгыр Алланын мээрими менен көктөн түшүрүлүп жаткандыгын айтып түшүндүрүү жетиштүү болот. Жашы ортолоп калган адамдарга болсо, Алланын деңиздерде, дарыяларда койгон “буулануу мыйзамын”, асмандан жамгырдын тамчы-тамчы болуп түшүшү тууралуу мыйзамдын кокустуктан болбой тургандыгын, баардык нерсе Алланын жардамы менен боло тургандыгын түшүндүрүү зарыл. Маалымат деңгээли жогору болгон балдарга болсо, позитивдүү билимдерге таандык далилдерди колдонуу менен анын деңгээлине жараша. Алланы таанытып, сүйдүрүшүңөр керек.
Алла Элчиси (САВ) бир хадисинде мындай деп айтат:
“Алланын силерге берген ырыскы-неьматтары үчүн Алланы сүйгүлө. Мени Алланын элчиси болгондугумдан Алла үчүн сүйгүлө. Менин Ахлу Байтимди (бала-чака, урук-тукумумду) мени сүйгөндүгүңөр үчүн сүйгүлө”.
Чеги жакшылап белгиленсе, бул сүйүү жана сүйдүрүү кыйын болбосо керек. Балдарыбызга керексиз маалымат булактарынын ордуна, Алла Элчисинин (САВ) өмүр баянын окута алсак жана алардын колуна жок дегенде Мухаммед Юсуф Кандахлавинин “Хаятус сахабасы” сыяктуу ар дайым кайрыла ала турган бир китеп берсек, Алла Элчисин (САВ) жана Анын сахабаларын жана алардын балдарын таануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат жана булардын ар бири алардын назарында идеалдуу каарман болуп, балдарыңар Азирети Хамза сыяктуу сырттан, азирети Али сыяктуу эр жүрөк, Азирети Абу Бакр сыяктуу дурус, Азирети Умар сыяктуу кара кылды как жарган калыс болууга умтулушат. Алла Таала алардан ыраазы болсун..!
Ооба ар дайым китеп текчебизде Курани Карим, Алла Элчисинин (САВ) өмүр баяны жана сахабалардын өмүр баяндары тууралуу китептердин болушу жана балдарыбыздын жан дүйнөсү ошолор менен азыктануусуна кам көрүү, тарыхый каармандарыбыз менен алардын ой-пикирин кеңейтүү жана өткөн улуу инсандарды аларга сүйдүрүү өтө маанилүү.
Бул жерде дагы бир нерсеге көңүлүңөрдү буруп кетким келет. Философиялык жана логикалык жолдор менен ишенимибизге чабуул жасаган шек-күмөндүү ойлорго каршы ар түрдүү далилдерди издөө акыл, ой жүгүртүүнүн талабы болсо дагы жалгыз эле логикага байланып калуу, кээде адам баласынын жашоосун кыйратып, аны үмүтсүздүккө салып коюшу мүмкүн. Адам баласы акыл, ой жүгүрткөндөн кийин ошол нерселердин жашоодо кандай пайда болгондугу тууралуу мисалдарды издей баштайт. Мына ошондуктан силер физиканын, химиянын, астрономиянын тили менен Алла Тааланын барлыгын жана бирдигин көрсөтүп турган миңдеген объективдүү жана субъективдүү далилдерди карманып, жогорудан түшүп турган нурдуу тепкич менен жогоруга чыксаңар дагы, практикалык жашоо тууралуу эч кандай мисал келтире албасаңар жана баланын акылы буга жетпесе, силер айткан диний көз караштар анын зээнинде философиялык теориялар сыяктуу кабыл алынат.
Айтылган жана айтыла турган диний баалуулуктар тарыхтын белгилүү учурунда жашоодо жүзөгө ашырылгандыгын далилдеп айтып бере албасаңар, уламыш сыяктуу кабыл алышы ыктымал. Силер бул баалуулуктар жүзөгө ашырылгандыгын мисал менен көрсөтүүңөр зарыл.
Жакынкы убактарга чейин, болуп болбогондугу тууралуу биздин көкүрөгүбүздө жана зээнибизде бир топ шек-күмөндүү ойлор бар эле жана өзүбузчө “Бул нерселер балким болуп өткөндүр, бирок бул дүйнө бул нерселерге бир эле жолу күбө болгондур. Булардын кайталанышы өтө кыйын балким уламыш сыяктуу туюлат” деген ой кеңири жайылган оору сыяктуу эле. Алланы, Пайгамбарды тааныган, Улуу Жаратуучуну жана Анын Элчисин өтө сүйгөн жаштарды көргөндө, сахабалар сыяктуу жамаат мындан кийин дагы жашай тургандыгына ишенебиз. Чындыгында Алла Элчиси (САВ) сүйүнчүлөгөн жана “карыптар” деп атаган, сахабаларга окшогон жамаат ислам динин туу чокуга чыгарат деген ишенимдемин.
Жаратылыш китебин окуй алгандыгыңарда такыбалыгыңар, Алла Таалага карата болгон сүйүү, сый-урмат, мечит, ибадатканалар жана ошол сыяктуу Ислам динине таандык нерселерге карата урмат-сый менен кылган мамилеңер бала үчүн аябай ыйык көрүнөт жана булардын баары аны Алла ыраазычылыгына чакырык катары кабыл алынат.
Азан, мусулмандардын ыйык сезимдеринин эң маанилүү символу жана намазга руханий даярдыкка ортомчу нерсе. Ошол эле учурда Алла таалага кулдук урууда намаздын канчалык улук ыйык экендигин билдирген Кудайдын өзүнүн чакырыгы.
Силер балдарыңарды ушундай сезимдер менен тарбияласаңар, алар дагы азанды угушканда толкунданып, көздөрү жашылданат, сезимдери козголот, Аллага карата сүйүү коркуу аралаш сезимдерге бөлөнөт. Ата-бабаларыбыз бизге карата кылган бул милдеттерди, Кудай буйруса, ушунчалык тоскоолдуктарга карабастан колго алабыз. Ооба, Ислам дининин ыйыктыктарын жар салып, аны келечек муундардын назарына өзүнө ылайык деңгээлде сунабыз жана Алланы, Алла Элчисин, Куранды баарына сүйдүрөбүз.
Жыйынтыктай кетсек; үйлөрүбүздө ибадаттарыбыз толук аткарылышы керек. Динге байланыштуу балдарыбыздын зээндерин ээлеп алган күмөндүү ойлор кечиктирилбестен жоюлуп, үйүбүздүн ичинде Аллага жакындоо үчүн кылынган ибадаттар, Алланын мээрими төгүлүп турган учурлар болушу керек. Үйүңөрдө Алла Элчиси (САВ) көрүнгөндөй руханий атмосферага толгон учурлар болууга тийиш.
Мына ушулар силердин диний жашооңордо балдарыңарга тартуулаган өтө баалуу нерселер болуп саналат. Балдарыңар келечектеги жашоосунда бул нерселердин мөмөсүн татып, силерге ыраазы болот.
Диний ыйык нерселерди сөз жана кыймыл-аракеттер менен урматтап көрсөтүү керек. Алардын назарында азан менен гана улуулугу даңазаланган Улуу Жаратканга болгон сүйүү алардын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнөн орун алат жана силер дагы буларга күбө болуу менен тагдырыңарга ыраазы болосуңар.
- Created on .