Ата-эне жоопкерчилиги
Баардык адамдар өз кол алдындагылардан жоопкерчиликтүү. Кол алдынагыларды көзөмөлдөө ишиндеги баардык ийгиликтер анын сооп дептерине, терс көрүнүштөр анын күнөөлөрүнө кошулуп жазылат.
“Силердин ар бириңер кол алдыңардагылардан жоопкерсиңер: Мамлекет башчысы көзөмөлдөөчү жана колунун алдындагылардан жоопкерчиликтүү. Ар бир адам үй-бүлөсүнүн башчысы жана кол алдындагылардан жоопкер. Аял күйөөсүнүн үй-бүлөсүнүн башчысы жана көзөмөлүндө болгон нерселерден жоопкерчиликтүү. Ар бириңер көзөмөлдөөчү жана ар бириңер көзөмөлүндөгүлөрдөн жоопкер”.
Темабыз, балдар бизге аманат экендигине байланыштуу болгондо төмөнкү хадис дагы темабызга тиешелүү экендигин айтууга болот: “Ар бир төрөлгөн (бала) Ислам табиятында төрөлөт. Андан кийин ата-энеси аны христиан, жөөт же отпарас кылат”.
Ооба, ар бир туулган бала, баардык нерсеге даяр таза табияты менен төрөлүп, жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн силерге тапшырылат; б.а. аларды тарбиялоо иши силердин мойнуңарга жүктөлөт. Андан кийин балдар ата-энесин ээрчип, жөөт, христиан же отпарас болот. Албетте бул жерде дагы кошумчалай кетчү нерсе: балдардын кээ бирлери ата-энесине же чөйрөгө карап, муртад (динден кайткан) же динсиз болушат. Демек, балдардын тарбияланышында ата-эненин дини өтө маанилүү болгондой эле, тарбия жаатында дагы диндин негиз тутулушу өтө маанилүү.
Ар кандай нерсеге даяр абалда бул дүйнөгө келген балдарыбызды, өзүбүздүн руханиятыбызга карата тарбиялабасак, башкача адам болуп чыга келүүлөрү анык. Ошондуктан, эч байкабастан эле динден кайткан баланын атасы болуп калышыңар мүмкүн. Демек, өз убагында аларга өзүбүзгө таандык динибизди үйрөтүү менен алардын жат адам абалына түшүшүн тосуп калышыбыз керек. Бакчалардагы бактарды кыйыштырып, дагы жакшыраак мөмө алууга аракет кылабыз. Жыгач, таш, топурактан дагы баалуураак болгон балдарыбызга маани беришибиз керек эмеспи? Алар адеп-ахалаксыздыктын бузукулугуна каршы, ата-эненин жакшы тарбиясына ээ болуулары керек. Ооба, аларга туура кийлигишүү болбосо бошоңдоп, башкалардын колунда болсо бузулушат. Бул эки абалда тең, бизге терс багытка түшүшөт. Өзгөчө азыркы учурубузда ата-эне толугу менен дүйнө иштери менен алек болуп калгандыктан, балдары толук кайдыгер ташталып калган. Ал гана эмес, үстүбүздөгү кылымда болгондой балдар кайдыгер ташталып калган башка доор болгон эмес.
Дагы бир хадисте, Пайгамбарыбыз мындай деп айтат: “Акыр заманда аталарынын себебинен балдарына азап болсун!”. Бул сөздү уккан сахабалар таң калуу менен:
Мушрик аталары үчүн алар азап тартышабы? –деп сурашты.
Алла Элчиси :
- Жок, момун аталары аларды азапка салды.
- Оо, Алланын Элчиси, ал кандай болду?
- Аталары аларга диндин парздарын, б.а. диндин негиздерин үйрөтүшпөдү.
Бул хадисти төмөндөгүчө ачыктоого болот:
Ушул арзыбаган дүйнө жашоосу үчүн диндин парздары ташталып калды. Жоопкерчиликтүү адамдар, диний таалим-тарбияны толугу менен кайдыгер калтырып, материалдык нерселердин гана артынан чуркап калышты. Арзыбаган дүйнө пайдасы үчүн руханий жашоолоруна көңүлкош мамиле кыла башташты.
Куран окуу, аны үйрөтүү, диний таалим-тарбия убактыларын алат деп, диний маалыматтарды үйрөтүүгө маани беришпеди.
Жогорудагы хадистин мааниси ушул аят менен дагы толук дал келүүдө.
“Оо, жок! Силер нак (бул жалган) дүйнөнү сүйөсүңөр да, акыретти артка таштап коёсуңар”.
Алла Элчиси (САВ) сөздөрүн төмөнкүчө улантты: “Мен алардан алысмын, алар дагы менден алыс болушсун”.
Б.а “Балдарын кайдыгер таштап салган, балдарынын туура эмес жолдорго түшүп кетишине көз жуумп койгон ата-энелерден мен алысмын, алар дагы менден алыс болушсун”. Руханий жактан өлүп калбаган баардык аталар бул катуу эскертүүнү угушканда коркуп, титирешет. Мындай маанилүү жоопкерчилик тууралуу укканда халифа Умар бин Абдулазиз өзүн жоготуп бир күн бою өзүнө келе алчу эмес. Аны көз жуумп кете берет дешип, башында Куран окуп отурушчу. Ал эсине келгенде кыйкырып ыйлап, Алладан корккондугун айтчу. Ооба ал, кол алдындагылардын жоопкерчилигин өз мойнунда сезип, алардын укуктарын тебеледим го деген коркуу менен дендароо болчу.
Ал эми бизчи? Керт башынын гана ырахатын ойлоп курган үй-бүлөсүндө дүйнөгө келүүлөрүнө себепчи болушкан балдарынын руханиятына кайдыгер мамиле кылган ата-эне кейпиндеги мээримсиздер... Канчалык деңгээлде коркушубуз керек экендигин ойлодукпу!?
Негизинде бул туурасындагы баардык хадистер, кызыктыруу жана коркутуп-эскертүү иретинде айтылган. Биз дагы маселеге ушул жагынан карашыбыз керек. Бирок бул жаатта биз аткара турган кээ бир милдеттер бар; балдарды тарбиялоо маселесинде Исламдын жана Курандын бизге жүктөгөн жоопкерчиликтери бар. Мындан мурда принциптер көрүнүшүндө тизмектеген жана кийинчерээк ачыктоону ойлогон нерселер, балдарыбыздын сезимтал, адеп-ахлактуу жана такыба болуулары жана биз дагы ал үй-бүлөдө, сыйлуу ата-эне катары сезилишибиз, кабыл алынышыбыз, ал гана эмес, аалым, даанышман катары кабылдануубуз сыяктуу эле жоопкерчиликтерибиз дагы чоң.
а) Балдарга бирдей мамиле кылуу
Бул темалардын эң башында балдарыбыздын бирөөнү башкаларынан жогору койбоо принциби орун алат. Ооба, бул маселедеги кичинекей эле бир кемчилик, биздин сөздөрүбүз балдарыбызга таасирсиз болуп калышына жетиштүү болот. Алла Элчисинин (САВ) бул тууралуу төмөнкү кеңештери өтө маанилүү:
Нуъман бин Баширдин (РА) атасы азирети Башийр келип:
- Эй, Алла Элчиси, башка балдарым дагы бар, бирок, Нуъман өзгөчө. Уруксат берсеңиз, байлыгымдын ушунча бөлүгүн Нуъманга бергим келет.
Азирети Пайгамбар (САВ);
Башка балдарыңызга дагы ошончолук байлык бердиңизби, деп сурады. Башийр, Жок, деди Аллла Элчиси (САВ) бул жолкусунда мындай деп айтты:
- Алладан корккула жана балдарыңарга калыс мамиле жасагыла.
Андан кийин Башийрге кайрылып:
Сен, балдарыңдын баары сага бирдей мамиле жасашын каалайсыңбы? – деди.
Башийр:
- Ооба каалайм, деп жооп бергенде,
- Андай болсо, мындай мамиле жасаба, деп айтты.
Б.а. сен бир эле балаңа эмес, балдарыңдын баарына көңүл бур. Сен алардын бирине гана көңүл буруп, маани берсең, калгандарынын сага карата жакшылык кылуу сезимдери алсыздайт.
Алла Элчиси (САВ) маселеге жакшы чечүү жолдорун сунуштаган жана болушу ыктымал болгон көйгөйдү жойгон. Ырас, бир үйдөгү балдардын бирин башкасынан жогору коюу, оболу башка балдарда өздөрүнөн жогору коюлган бир туугандарына карата кызгануу сезими пайда кылат жана бир туугандарды бири-бирине душман кылып коёт. Бул маселелерди, психологиянын тар принциптерине таянуу менен чече салды деп ойлобогула. Биз бул жерде, Курани Карим биздин жан дүйнөбүзгө сездирүүнү каалаган акыйкаттардын жалпыны өз ичине камтуучулугу, инсандын табиятына ылайыктыгы, туура келгендиги жөнүндө айтып жатабыз.
Баарыбызга маалым болгондой, Юсуф (АС) түшүндө жылдыздар, ай жана күн өзүнө сажда кылып жаткандыгын көргөн эле. Бул кубанычтуу жана сыймыктана турган нерсени атасына айтканда, атасы, “Балам, муну бир туугандарыңа айтпа!” деп айтты. Пайгамбарлык баам-парасаты менен адамзат табиятын жакшы билген бул улуу инсан, андай нерсе бир туугандарында кызгануу сезимин козгой тургандыгын сезип, мындай түштү айтуу, напсин тарбиялай элек адамдардын кызгануусуна себеп боло тургандыгын түшүнгөн. Өкүнүчтүүсү, натыйжада корккон нерсеси болуп, бир туугандары Юсуфту (АС) өлсүн дешип, бир кудукка таштап жиберишет жана бул окуя менен пайгамбардын үй-бүлөсүндө дагы көралбастык адам баласын кандай абалга кириптер кыла тургандыгын көрсөтүп коюшту.
Ырас, балдардын бирин башкаларынан жогору коюу, бир туугандарында кызганууну пайда кыла тургандыгы жана эч байкалбай эле ата-эненин баарына бирдей эмес мамилелери себептүү, көкүрөктө аларга карата жек көрүү сезимин ойгото тургандыгы анык.
Бул ойлорду, сүйүүлөрүбүздүн-жек көрүүлөрүбүздүн, достуктарыбыздын-душмандыктарыбыздын себептери тууралуу ой жүгүртө турган болсок дагы жакшы түшүнөбүз: Өтө ынак досуң бир жолу өзүмчүлдүк кылып, сага жакшы мамиле жасай албады. Сен атайын же эрксизден муну зээниңде сактап калдың. Ар бир окуя, адам баласынын зээнинде бир из калтырат, андан кийин башка окуя менен ташкындап кетет. Сенин ошол көкүрөгүңдө сакталып жүргөн жагымсыз сезимдер козголуп, кармана албай: “Чындыгында мен сенин ушундай экендигиңди мурда эле сезген болчумун” – деп жибересиң.
Эми ушул сыяктуу жагымсыз окуялардын биринин үстүнө экинчисинин жыйылгандыгын, алардын бир тобунун бир убакта козголгондугун ойлоп көргүлөчү. Көптөн бери көкүрөгүңдө сакталып келген таарынычтардын баарын ал адамдын жүзүнө айтып салып, андан кийин напсиңди коргоого ала баштайсың. Мына баланын зээнине же эсине сакталып калган, силердин балдарыңардын арасындагы кандайдыр бир терс мамилеңер, ал баланы силерге карата ачуулуу кылып, андан кийин анын силердин сөзүңөргө кулак салбоосуна алып келет.
Негизинде бул нерсе, теманын бир тарабын гана түзүп турат. Маселени баланын бүтундөй жашоосун ичине камтый ала тургандай көрүнүштө карай турган болсок, иш дагы татаалдашат. Ошондой эле силер баардык нерсени анын балалыгына ыйгарып салып, анын сезимдери келечекте кандай абалга өсүп жетиле тургандыгын этибар албасаңар, бир күнү эч байкабастан эле өз жаңылыштыктарыңардын тепсендисинде каласыңар. Бала үйдө күбө болгон акыйкатка коошпогон кыймыл-аракеттер, сөздөр дептерге жазылгандай анын зээнинде өчпөй турган болуп сакталып кала берет. Учуру келгенде алар толугу менен сыртка чыга калат.
Мына ошол себептен ата-эне болгусу келген ар бир адам, белгилүү деңгээлде психология, педагогика же Курандын бул маселеге байланыштуу жалпысынан айтылган принциптерин билип, андан кийин жаңы жашоого кадам таштоо керек.
Бала тарбиялоо жеңил маселе эмес. Мен аары багууга кызыккан учурумда, аны багуу тууралуу курсту окудум. Аарылар менен алектенүү дагы канчалык оор экендигине күбө болдум. Ушул сыяктуу адам баласы, сөзсүз жакшы муун тарбиялоонун жолдорун үйрөнүп, коомчулукка жакшы кадрларды сунуусу керек. Периштелердикиндей улуу даража менен шайтандарды дагы уялта тургандай абалдын ортосунда түшүп-чыгып тургандай мүнөзгө ээ болгон адам баласын инсандык улуулукка чыгаруу канчалык маанилүү экендигин эч ким унутпашы керек.
б) Балдарга маани берүү менен мамиле кылуу
Алла Элчиси (САВ) балдарга өтө маани берүү менен мамиле кылчу. Балдарга жолукканда, аларга чоң кишидей мамиле кылып; кээ бирин артына көтөрүп, кээ бирин кучагына көтөрүп, аларга бирдей мамиле кылуу менен алардын баарын кубандыра тургандай мамиле кылчу.
Кээде көчөдөн өтүп бара жатканда, балдар ойноп жаткан болсо, Алла Элчиси (САВ) аларга чоң киши сыяктуу мамиле кылып, аларга “Ассалааму алейкум” деп айтчу. Алар дагы “Уа алейкум салаам йа Расуулаллах” деп жооп берчү. Алла Элчиси (САВ) балдарга өтө чоң маани берчү. Эгер бир балага, “Сага палан убакытта берем” – деп бир нерсеге сөз берген болсо, убада кылган убакытта сөзсүз убадасын аткарчу.
в) Ишенүү сезимин берүү
Адам баласы үчүн уялта турган нерсе, “Атаңа дагы ишенбешиң керек” деген пикир жана бул нерсе өтө жаңылыш. Азирети Пайгамбар (АС), ар дайым “ишенүү керек” деген пикирди берген жана анын жанындагы жаш балдар “ишенүүдөн” башка эч нерсе билишчү эмес. Анын ишенимдүү экендиги баарына маалым болчу. Анын ишенимдүү экендигин жаш балдар дагы билишчү. Албетте андай адамдардан куралган коом дагы ишенимдүү болмок.
Ошондой эле Алла Элчиси (САВ): “(Өз) баласына мээрим көрсөтпөгөнгө Алла Таала дагы мээрим көрсөтпөйт” деп айтат жана үммөтүн руханий жактан бай адам болууга чакырчу. “Аларды сүйгүлө, аларга сөз берсеңер сөзсүз убадаңарды аткаргыла. Алар силердин сөздөрүңөр менен кыймыл-аракеттериңердин ортосунда карама-каршылыкка күбө болушпасын” – деген мааниде кеңештери менен тарбияда эң идеалдуу нерселерге ишаарат кылчу.
Пайгамбарыбыз : “Силерден бириңер баласына бир нерсени убада кылган болсо, дароо аткарсын”, деп айтат. Бул хадис, “Бала эмеспи, алдап койсом боло берет” деген түшүнүктүн кандай жаңылыш экендигин көрсөтүп турат.
Ырас, ар бир жалган жана чындык менен коошпогон сөздөр, бир урук сыяктуу анын зээнинде, бүгүн болбосо дагы эртеңки күнү тозок дарагындай көрүнүп чыга келет жана силердин тарбиялоо аракеттериңерди таасирсиз абалга алып келет. Ата-эне ар дайым туура жолдо болушу шарт. Негизинде туура жолдо болгон силердин ар бир сөзүңөр чындык болушу зарыл.
Ооба, балдарыңар силерди “жалган айтты”, “убадасынан кайтты”, “бул дүйнөнүн мал-байлыгына көз артты” ж.б. деп айтуусу же силер тууралуу ошондой ойго түшүшүнө жол бербешиңер керек. Алар силерди ар дайым башкалардын камын ойлогон, чынчыл, момун, мусулман, такыба, моралдык жактан аруу, таза адам катары таанышы керек.
г) Деңгээлге карата тарбия
Бала билиши керек болгон нерселерди билип, билиши зарыл эмес нерселерди билбегени дурус. Руханий жактан билиши ылаазым болгон диний, элдик нерселерди билип, жашына, деңгээлине жараша пайдалуу маалыматтарга карк болушу керек. Бул маселенин кийинки бөлүмдөрдө дагы кененирээк талдоого алууну максат кылдык.
Бул дүйнөгө келген баланын өсүшүндө, балдардын доктуруна кайрылып, “Ушул аптада жэ ушул айда кандай азыктар берилиши керек?” – деп, режимге көңүл бургандай эле бала тарбиялоо маселеси тууралуу дагы ушул жааттагы адистерге кайрылып, “Беш жашта бир балам бар...он жашта балам бар...он беш жашта балам бар кандай тарбия беришим керек?” – деп кеңешип иш кылуу зарыл.
Ооба, ар бир ата-эне тиешелүү адистерге кайрылып, ошолор белгилеп берген эрежелерге карата балдарын тарбиялоосу абзел. Балаңар орто мектеп жашына келип калган болсо, далилсиз түздөн-түз Аллага ишенүү керек” – деп айтууңар, кээде Алла Тааланын бар экендигин жокко чыгарууга гана алып келиши ыктымал. Балким, ал учурда философия менен диний маалыматтарды айкалыштырып үйрөтүү таасирдүүрөөк болоор. Балаңар башталгыч класста окуп жатканда эле философия сабагын берүүгө аракет кылсаңар, анын башын айлантып салышыңар ыктымал. Демек, бир доктур сыяктуу баланын деңгээлин, доорун, маданий чөйрөсүн жакшы билүү менен ошого жараша нерселерди үйрөтүшүңөр зарыл.
- Created on .