Эстен кеткис жолугушуу

Каарманыбыз Дүйшөнкул Жумаков Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылынын тургуну. Райондук кеңештин депутаты жана маалында анын төрагасы да болгон инсан. Ал соңку жылдары Түркияга эки жолу саякаттап, кийин Европа, андан соң АКЪны көрүү бактысына туш болуп, ал жактан түркиялык агартуучу-аалым М.Фетхуллах Гүлен менен кол алышкан. Өзүнүн жер шарынын өнүккөн алкактарын кыдыруусунун бирден-бир шарапатына «Себат» билим берүү мекемеси түрткү болду эсептейт. Анда кеп кезегин мейманыбызга берсек.

«Сөздү бир аз алыстан баштасам, беш баламдын кичүүсү Жолдош Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы кыргыз-түрк лицейинде окуп жатат. Натыйжада аталган лицейдин директору урматтуу Халил Коч мырзанын уюштуруусу менен ата- энелер 2008-жылдын март айында биринчи сапарда Түркияга саякаттоого бардык. 10 күн аралыгында Стамбул, Бурса, Анталия жана башка шаарларын кыдырганбыз. Экинчи курдай ошол жылдын ноябрь айында лицейдин окуучулары менен бирдикте Түркияга баруу шыбагасы буюрду. Ал жактан Университеттерге, мектепке барганбыз. Ошондо Түркиянын билим берүүгө жасаган иш -аракеттери абдан жаккан. «Себат» билим берүү мекемесине демөөрчүлүк кылышкан жаран дар менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Алар биздин балдардын түркчө, англисче сүйлөп, ырдап бергендиктерин жогору баалашкан. Кийин саякаттоо Европа өлкөлөрүнө улантылып, Белгия, Франция, Голландия, Швейцария өлкөлөрүн 2010-жылдын апрель-март айларында кыдырдык. Биз барган бардык европалык мамлекеттерде миңдеген түрк боордоштор жашап, иштешип чоң-чоң ийгиликтерди жаратып жатышыптыр. Биздин кыргыз уландар дагы жогорку окуу жайларында билимдерин андан ары карай улантып, аларга түрк туугандар абдан жакшы жардам берип жатышкандыктарына күбө болгон элек. Алардын дээрлик баарысы кыргыз-түрк лицейлерин аяктаган балдарыбыз экен. Ошондо ким түрк тилин билсе, Европадан адашып кетпестигине ынанганмын. Ал эми мурунку эл-жер көргөн бир тең, үстүбүздөгү жылдын февраль айында АКШга жасаган саякатыбыз бир тең болду десем аша чапкандыкка жатпайт.

Бул саякатыбыз дагы М.Субакожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинин деректири Халил Коч мырзанын көмөгү аркылуу жүзөгө ашырылды. АКШда болгон сапарларыбызды эки нукка ажыратып караар элем. Биринчиси, албетте дүйнөдөгү эң ири өнүккөн мамлекеттин өзүнө болгон мамиле. Биздин багыбызга АКШнын маданияты, тарыхый жерлери, жашоо тутумун көрүү вазыйпасынын буюрганы. Ал жактан дагы түрк боордошторго, кыргыз балдарга жолугуп пикирлештик.

АКШда дагы түрк лицейлер ачылып, окутулуп жаткандыгы бизди өзгөчө кубандырды кылды. Экинчиси жана эң башкысы бул Пенсильвания штатын да жашап жаткан Фетхуллах Гүлен аалым менен жолугушуу болду. Ошол көз ирмемдер өмүрүбүздөгү эстен кеткис эң урунттуу, жашообузда мурда дагы, кийин дагы кайталанбоочу көрүнүш болгонсуду. Чынын айтсам бул асыл адам жөнүндө угуп жүрсөм дагы, аны чукулдан билип, китептерин окубаптырмын. Биз барганда ал адам менен жолугушууга келгендер аябай көп экен. Көрсө ушундай абал дайыма болоорун эшиттик. Мен ал адамдарды ошол эле америкалыктар деп ойлогом. Бирок алар биз сыяктуу дүйнөнүн булуң-бурчунан келгендер болуп чыгышты. Алды жумалап жүрүшүп, анан барып Гюлен аалымга жолугуша алышат экен. А биз болсо барган күнү эле асыл адамга жолугууга, сүйлөшүүгө жетише алдык. Мында биздин касиеттүү Ак Калпагыбыз жана Халил Коч мырзанын дипломатиялык чеберчилиги башкы ролду ойноду. Фетхуллах Гүлен биз менен таанышып, эң биринчи эле Ак Калпак жөнүндө сурады. Кеп кезегине кичине чегинүү кылсам, Чикаго шаарынан Канат жана Азиз аттуу кыргыз балдар жеңил унааны убактылуу пайдаланууга алышып, бизди салып жолго чыкканда эле өтө катуу кубанышып, сүйүнүшкөн болчу. Жолдо келе жатып, Үсөн жана Эрзат деген балдарга жолугуп, алар да биз менен бирге жөнөштү. Алардын да сүйүнгөндөрү бир башкача экендиги билинип турду. Көрсө Ф.Гүлен аалымга жолугушууга бара жаткандыктарына кубанышкандыктарын кийин билдик. Бул төрт балдарыбыз баары тең «Себаттын» бүтүрүүчүлөрү болуп чыгышты. Үсөн айтат, бүгүн-эртең көз жарам деп турган колуктумду жана жумушумду да таштап келе жатам деп. Себеби алар мурда биз бараткан адамга барышып, жолугаалбай кайра кетишкен экен. Биз ал жерде бир күн өргүп, эртеси кайттык. Гүлен аалымдын көп эмгектеринин бири бул «Себат» билим берүү сыяктуу мекемелерди негиздеп, дүйнөнүн булуң-бурчуна жайылтуусу. Анын бирден бир жемиши ал мектептерде окуган балдардын кандай гана мамлекетте болбосун окуп, жашап жана иштеп кеткендиктерине даңгыр жол ачкандыгы. Муну биз өз көзүбүз менен көрүп, күбө болдук. Билимдүү, ыймандуу адамдар бийликте тургандыктан Түркия учурда дүркүрөп өсүп өнүгүп жатат.

Сөзүмдүн аягында бар бол улуу аалым Фетхуллах Гүлен! Бар бол Түркия, түрк боордоштор демекчимин! Ат-Башыда жашаган Дүйшөнкул Жумаков мырзанын дүйнөнү кыдырган саякаттарынын таасирлерин кагаз бетине түшүргөн.

КҮМӨНДӨР УСУПТЕГИН. Заман Кыргызстан гезити 20-саны. 10-июнь 2011.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.