М.Фетхуллах Гүлен – азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти

М. Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле каралашып, сыртта иштеген эмес. Фетхуллах жашынан эңмыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен. 1955-жылы он төрттөгү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айлына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү. Түркиянын жана дүйнөнүн мамлекет башчылары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн кезде азыркы адамдарды адептик жактан таза бойдон кармоонун жана өлкөлөрдү, диндерди ынтымактуу сактоонун проблемаларын көтөрдү. Ал биздин доордун үч «оорусун» жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси – «түркөйлүк», «билбегендик», мындан чыгуунун жолу - «билим». Экинчи оору – «жакырчылык», андан чыгуунун жолу – «социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды» ачуу. Үчүнчү кесел – «дискриминация», бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - «сабырдуулук жана диалог».

Фетхуллах Гүлен ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган, 500дөн ашык конференцияларды жана семинарларды өткөргөн, өз багытын, өзүнүн колдоочуларын тапкан. Анын ойлорун дүйнөлүк коомчулук дыкаттык менен үйрөнүп келет, мисалы, 2008-жылы 15-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Махатма Ганди менен Фетхуллах Гүленге байланыштуу конференция уюштурса, 12-февралда 250 миңнуска менен чыккан «Известия» газетасы анын бейнесин ар тараптан ачып берген П.Иноземцевдин «Фетхуллах Гүлен деген ким» аттуу макаласын жана «Аялдар аскерий адам да, дарыгер да болушу мүмкүн» деген маектешүүсүн баскан.

Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу (жүрөк антиопатиясы) 1999-жылдын 21-мартынан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.

Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.

 

Фетхуллах Гүлен АКШдагы 11-сентябрь окуясында журналисттер менен атайын баарлашууларды өткөрүп, ислам дининде адамды өлтүрүү – террорчулук жок экендигин жана бул кылмыштарды дин менен байланыштыруу туура эместигин кайра-кайра айткан.

Эларалык «Руханият» ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы «Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн» деген сыйлыгын тапшырган. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат, ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.

«Руханият» ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы «Саманчы жолу», дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келээрин белгиледи.


Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.