Тоголок Молдо менен Фетхуллах Гүлен

1. 1860-жылы азыркы Ак-Талаа районунун Куртка деген жеринде туулган. Теги Саяк уруусунун Чоро саяк уругунунан. Атасы Абдырахман, энеси Коңур да өз эмгектери менен кылып, эптеп оокат кылган кедей адамдар болушкан.

Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле оокат кылган, карапайым аял болгон.

2. Тоголок Молдо атактуу комузчу жана акын, чечен катары таанылган Музоокеден үлгү алган. Ал Тогол Молдонун зээндүү, идиретүү экендигин байкап, дин мектебине берет, арабча жакшы кат таанып, ал тилдеги диний китептерди жана адабияттарды окууну мыкты өздөштүргөн. Т. Молдо Музооке жөнүндө:

Өзүмдүн бабам Музооке,
Чертип жүргөн комузун.
Комузуна келтирип,
Кошуп жүргөн добушун, деп жазган.

Тоголок Молдо өз заманындагы акындардын арасында сабаттуу, жаза, окуй билген адам болгон. Кыргыз адабияттында аны жазгыч акын катары тааныйбыз.

Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен.

Музооке өлгөндөн кийин Тоголок Молдонун үй-бүлөсү Чүйдүн Токмок шаарына жакын Жаңы-Чек жана Кара -Дөбө деген айылдарына келип туруп калышат. Ошондо Т. Молдо казак тилинде чыккан китептерди көп окуган. Казактын кыйын акындарынын бири -Майкөт менен таанышып, аны менен бирге жүрүп, көп ырларды үйрөнөт, үлгү алат. Майкөттүн көп ырларын ал жатка билген.

Тоголок Молдо казак адабиятынан сырткары татар, өзбек адабиятынын мыкты өкүлдөрүнүн чыгармаларын көп окуган. Абайдын, Низами, Навои, Фирдоуси, Хафиздин чыгармаларын түп нускасында араб арибинде окуган. Татар акыны Абдулла Тукайдын, атактуу татар педогогу Ыбырай Алтынсариндин китептерин да мыкты өздөштүргөн.

Тоголок Молдо өз ырларында Жусупбек Шайкул казакчалатып бастырып чыгарган түрк жана чыгыш элдеринин адабий чыгармаларын окуп, «көзү менен көрүп, бир далай аңгеме куруп, айтып жөргөнүн» эскергенин билебиз.

3. Дагы бир маанилүү нерсе: 1890-1910-жылдардын аралыгында Тоголок Молдо Шабдан баатыр тарабынан Токмокто ачылган мектептерде кыргыз жаштарынын билим алып, эл арасында агартуучулук иштердин жүрүшүнө да өз салымын кошкон.

Гүлен аскердик милдетин өтөгөндөн кийин Измир шаарында балдарды тарбиялоо ишин уланткан. Бир эле учурда Туркиянын шаарларын кыдырып, эл арасында агартуучулук иштерди жүргүзгөн.

1955-жылы 14ү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айылына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү.

Тоголок Молдо 1890-жылы атайын ат арытып Кетмен -Төбөгө барып, Таласка кеткен Токтогулду күтүп отуруп, улуу акын менен таанышып, аны менен көп күн бирге болот. Кийин Токтогул менен экинчи жолу жолугат. Мындан сырткары Ош, Жалалалабад облустарынын көп жерлеринде болуп, Эшмамбет, Ботобай, Калмырза, Жөжө, Чоңду деген акындар менен таанышып, бир жай бирге болгону айтылат.

Анжиянда, Куршабда,
Ботобай деген бар экен.
Акын экен шул тапта,
Акындыгы мыкты экен,
Айткан сөзү ыктуу экен.
Фаргананын өзүндө,
Жалгыз акын өзүм дейт,
Сайрап турган кезим дейт.

Тоголок Молдо жазгыч акын гана болбостон айтышкан өнөрү да болгон. Бошкой деген акын менен айтышканы белгилүү.

4. 1916-жылы Тогуз-Торого көчүп барып 1923-жылга чейин жашайт. «Өзгөрүш», «Аялдардын тендиги», «Насыят» ж.б. чыгармаларын ошол жерде жараткан. Жайлоодо мектеп уюштуруп, балдарды окуткан, жаңы заманга үндөгөн. Анын мындай аракети жергиликтүү төбөлдөргө жакпай, куугунтукка алышкан. Окуу китептерин тартып алып, өртөлгөн фактылар бар,. Ошондо акындын куржун толо көп ырлары да өртөнүп кеткен деген айтымдар бар.

1936-жылы Кыргыз илим изилдөө институтуту Фрунзеге алып келет. 190 басма табак материалдарды өзү жазып тапшырат. 1938-жылы Жазуучулар союзуна мүчө болот. 1939-жылы Москвадагы кыргыз истусствосунун декадасына катышып, «Ардак белгиси» ордени менен сыйланат. Улуу акын көзү өткөндөн кийин чыгармалары басылып келди, мектептерде, ВУЗдарда окутулууда.

Фетхуллах Гүлен адабий, публицистика багытында ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган. Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.

Тоголок Молдонун чыгармачылыгын 7 багытка бөлсөк болот:

1. Кошоктору, 2. Сүйүү ырлары, 3. Түрдүү ырлары, 4. Балдар ырлары, 5. Жомоктору, 6. Тамсилдери, 7. Элдик дастандары. Мындай дараметтүү, бардык тармакты камтыган акын кыргыздарда жок.

5. Т. Молдо өзүнүн чыгармаларында коомдогу терс көрүнүштөрдү кесин сынга алып келген, жаштарды эмгекке, билимге, адамдарды сабырдуулукка, диалогго, ымалага, үндөгөндөн тажабаган, аялдардын укугун талашкан.

Билбес жаман туугандан,
Билселүү жат жакшы,
йүңдө бекер жатканча,
йрөнсөң илим, кат жакшы.
Сараңдык кылган бакылдан,
Сакылык кылган март жакшы.
Кадырын тапкан эр жигит,
Кары, жашка тең жакшы деп жазган улуу Тоголк Молдо.

Фетхуллах Гүлен баарыбыз билгендей биздин доордун үч «оорусун» жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси – «түркөйлүк», «билбегендик», мындан чыгуунун жолу - «билим». Экинчи оору – «жакырчылык», андан чыгуунун жолу – «социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды» ачуу. чүнчү оору – «дискриминация», бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - «сабырдуулук жана диалог».

6. Тоголок Молдо да дүйнө жыйып, байыйын деген эмес. Анын болгону жалгыз аты болгон. Убагында Касымбек деген бай өзүнө ырчы бол, оокат ашыңды тындап ал, балдарыңды бак дегенде да көнбөгөн. Байымбеттин өзүнүн тогуз баласы болгон дешет, бирок бирөө да токтобоптур. Иниси Байтымбет отузга чыкпай каза болгондо, анын чиедей төрт баласын - Токтаалы, Турдаалы, Кайырса жана Сапияны Тоголок Молдо өзү багып алат. Алардын ичинен азыр көзү тирүүсү эле - Сапия эне (София) азыр 108 жашка келген, Чүйдө чөбөрөлөрүнүн колунда. Ага София деген атты Тоголок Молдо өзү койгон экен.

Ф.Гүлендин бир өзгөчөлүгү – эч качан мансап менен байлыкка умтулган эмес. Анткени анын тарбиясы, алганы билими дал ошого сугарылган эле. Мына ошол сапаты бүгүнкү бийиктикке жеткирип отурат.

Калкынын терең урмат-сыйына ээ болуп улуу Тоголок Молдо 82 жаш курагында 1942-жылы Ак-Талаада дүйнөдөн өткөн, сөөгү Курткага коюлган.

Жалпылап айтканда Тоголок Молдонун чыгармачылыгына эки багыт чоң түрткү берген, байыткан, терңдеткен.

1. Музооке, Тыныбектин таасири менен кыргыздын «Манас» баштаган улуу рухий казынасын терең өздөштүргөндүгүндө.

2. Арабча жаза билип, чыгыш жана түрк адабий мурастарына сугарылгандыгында.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.