Ислам аалымы М.Ф.Гүлен жана жаңырган дүйнөнүн чакырыктары

“Эгерде илим асманда болсо да, албетте, ажам[1]
балдарынан бир топ азамат адамдар ошого да жетишет”
Хадис- шариф

Адамзаттын тарыхында инсандардын согуштан үрөй учуу жана зомбулукту жек көрүү сезимдери, акылга сыйбай турган түрдө, улуу жеңүүчүлөрдүн аракеттерине суктануу жана пикир келишпестиктерди күчкө салып чечүүгө умтулуу менен бирге жашап келе жатат. ХХ кылымда болуп өткөн каардуу эки жолку дүйнөлүк согуш бул таң калаарлык көрүнүштү эч өзгөртө алган жок. Эми жаңы кылым кандай болор экен?

Дүйнөнүн XXI кылымдагы өнугүүсүнүн негизги багыттары жөнүндө көптөгөн илимий божомолдор айтылып келет. Батыштын “микропроцессордук”, “телекоммуникациялык” жана “маалыматтык” деп да аталып жаткан технологиялык ынкылаптын бүткүл дүйнөгө  тийгизген таасиринин натыйжасын болжолдоп, баалоо кыйын маселе. Мындай шарттарда мамлекеттердин мааанисинин, фундаменталдык ролунун, функцияларынын өзгөрүшү күтүлөт. Демек, адамзат дүйнө коомунун жаңы түрүнүн калыптанышына туш болот деген жыйынтыкка келебиз. Аларды аныктоочу негизги шарттар катары илимий-техникалык ынкылаптын көчкү сымал бүткүл дүйнөнү капташы жана социалдык чөйрөнүн ар кыл түзүмдөрүнө тийгизген таасиринин универсалдуулугу; байланыш каражаттарынын массалык өнүгүшүнүн натыйжасында көз ирмемде глобалдык масштабда каалаган кабарлашуучу менен байланышып жана баарлашуу мүмкүнчүлүгү пайда болушу; ошондой эле дүйнөлүк экономиканын жана экономикалык өз ара көз карандылыктын мамлекеттер аралык мүнөзү болуп саналат.

Биз учурда көптөгөн өзгөрүүлөрдүн күбөсү болуудабыз. “Кудайсыздардын империясы” аталган өлкөнүн урандыларынын үстүндө алардын дини өз тарыхый ордун тапты. Батыш христан диний агымдары Чыгышка багыт алып жатса, буддачылар Батыштын мамлекеттеринде орун-очок алууда. “Инжилчилердин” катары Азия, Африка жана Латин Америкасында 300 миллиондон ашып, миссионерлери талыкпай аракет жүргүзүүдө. Мусулмандар миллиарддан ашты.

Албетте, бул тенденциялар бир караганда жакшы: адамдардын ыйманга келгени кубанарлык нерсе да. Бирок, тилекке каршы, кансыз согуш аяктагандан кийин адамдарды диний негизде карама-каршылаштыруучу күчтөр пайда болду. Буга мурунку Югославиянын бөлүнүүсүндөгү православ сербдер, католик хорваттар, босниялык мусулмандар ортосундагы жаңжал мисал боло алат. Алардын бири-бирин өлтүрүүсү күчөп баратса да, маданияттуу Европа көпкө чейин көңүл таасир берерлик бөлбөй койгонун баарыбыз унута элекпиз. Бул сыяктуу кагылышуулар “окшоштуктардын конфликти” (“конфликт идентичностей”) деп аталып, андан чыгуунун жолдору толук аныкталына элек. Кан төгүлүүнүн географиясы кеңейип, Афганистан, Ирак, Индия, Пакистан, Филиппиндерде, Африканын булуң-бурчтарына чейин жайылды. “Туруксуздук догоосу” деген геосаясый түшүнүк пайда болду. Анын бир учу биздин Борбордук Азия регионунакелип такалат. Европада антисемитизм кайра жанданды. Мусулмандарды жек көрүү Америка менен Европада айрыкча күчөп турат.

Жаңырган дүйнөнүн белгиси болгон глобалдаштыруу да, тилекке каршы, ислам жана мусулмандар жөнүндөгү Батышта калыптанып калган терс пикирлерди өзгөртө алган жок. Тескерисинче, глобалдык маалымат согушунун негизги күчтөрү - массалык мааалымат каражаттары “ислам коркунучу”, “ислам террору”, “ислам экстремизми” деген түшүнүктөрдү көбүртүп-жабыртып, ченемсиз өлчөмдө таратышууда. Натыйжасында, эгер 2004 жылы америкалыктардын 44% ислам зомбулукту колдойт деп ишенсе[2], 2006 жылы бул көрсөткүч 50% га жеткен. “Көптөн бери бышып келе жаткан Американын арабдарга жана исламга болгон душмандыгы акыры аягында көрүндү, - деп жазат Джеймс Брук, - Бул душмандыкты сиздер АКШнын бардык жеринен көрө аласыз. Аны сиз Ак Үйдөгү шыбырашуудан жана Капитолий Дөңсөөсүндөгү ызы-чуулу жарыш сөздөрдөн уга аласыз. Эгер кара өңдүү элдерге же жөөттөргө карата айтылса ал адам жумуштан бошотула турган сөздөр, арабдарга жана мусулмандарга карата айтылса, анда талкууга да алынбайт. Бул күнүгө, дээрлик ар бир газетада жана тележаңылыктардын ар бир чыгарылышында орун алып келе жатат”[3].

2001 жылдын 11 сентябрындагы АКШдагы террорчулук актыларынан кийин мусулмандарга негизсиз кинээ коюу күчөдү. “Биз алардын өлкөлөрүн басып алып, жетекчилерин өлтүрүп, элдерин христианчылыкка каратышыбыз керек”,- деди белгилүү амеркалык журналист Энн Коултер. Бул окуялардын 9 жылдыгына карата бул күндү Куран өрттөө күнү кылып белгилөө аракеттери Флорида штатында көтөрүлдү. Мындай фактылар, тилеккке каршы, Россияда деле кездешет. Россиянын скинхеддери эле эмес телеберүүлөрүндө да “ислам деген сөздү уксам Калашниковдун автоматын колума алгым келет”; “кудайга шүгүр, бизде мусулмандарга каршы колдонуучу күчтөр бар” деп сүйлөгөн белгилүү инсандар бар. “Кыргызстанды экиге бөлүп, эки кошуна мамлекетке кошуп коюу керек”, - деп Москва эл аралык мамилелер университетинин профессору 2005 жылы эле бүтүм чыгарган. Мындай мисалдар көп. Ушуга байланыштуу касиеттүү Курандын орусча которгон В. Порохова “Мусулмандардын жөөттөргө жана христиандарга болгон жат мамилеси алардын динин кабыл албагандыктан эмес, ал жөнүндө Куранда даана жазылган (С.2, ай.62; С.3, ай.84; С.5, ай.43-46), анын себеби – алардын мусулмандарга кээде ачык агрессияга чейин жеткен душмандык мамилесинен, жана Исламды алар таптакыр дин деп кабыл албагандыгынан”[4] -, деп эсептейт.

Бул бүгүн эле пайда боло калган көрүнүш эмес, карама-каршылыктардын тарыхый себептери бар. Батыш өткөн замандарда Чыгыш жөнүндө негизинен мифтерге жана уламыштарга негизделген түшүнүктө болгон. Ошол кезде калыптанып калган “артта калган Чыгыш” деген туруктуу көз караш бар. Ошого байланыштуу “ак дамдын түйшүгү” деген кеңири таралган максима анын миссиясын Азия менен Африканын элдерин “караңгылыктын падышачылыгынан” евроамерикалык цивилизациянын жарыгына алып чыгуу деп эсептейт. Орустардагы “азиячылык” (азиатчина) деген түшүнүк ачык эле терс маанидеги кемсинтүүчү сөз, анын түпкү мазмуну расисттик жана ошого жакын маанайдагы пикирлерге байланыштуу. Далил катары орус тарыхчысы В. Соловьевдун пикирин келтире кетели: “Эбейгейсиз Кытай империясы... дуйнөгө эч кандай бийик идеяны же чоң эрдикти бере алган жок жана бере албайт; ал жалпы адамзаттын рухуна тиешелүү эч бир салым кошкон жок жана кошо албайт”[5],- деп жазган. Белгилүү француз тарыхчысы Г. Лебон ушундай эле маанайда ой жүгүрткөн: “Негрден же япондон оңой эле бакалавр же адвокат даярдап койсо болот;  муну менен ага сырткы кана өзгөрүү берилет, бирок психикалык дүйнөсү өзгөрүүсүз калгандыктан ал мындан эч кандай пайда ала албайт... Бул негр же япон канча каалашынча диплом ала алышат, бирок алар эч качан жөнөкөй европалыктын денгээлине чейин көтөрүлө алышпайт”[6]. Бул максатка жетиш үчүн Лебондун эсеби боюнча эң жок дегенде миң жыл керек болмок...  

Бүгүн дүйнө тез өзгөрүлүп бара жатат. Илим менен техниканын мурда болуп көрбөгөндөй, кээде кооптонууга дуушар кылган өнүгүүсү, жашоонун бардык тармактарындагы коомдук мамилелердин татаалданышы социалдык-саясый конфликтердин жаңы түргө ээ болушуна алып келүүдө жана азыркы мезгилдеги согуштардын өлчөмүнө жана мазмунуна таасирин тийгизүүдө.

“Исламдын радикалдык тарапкерлери Батыш дүйнөсүн талкалаганга аракеттенип жатышат! Бул цивилизациялардын кагылышуусу биздин күндөрдүн саясый тарыхынын аныктоочу фактору болуп калды”, - деп “Еврейлер цивилизациялардын конфликтинде”[7] деген китептин бет ачар барагында жазылып турат. Америкалык тарыхчы, дин таануучу А. Пименовдун пикиринде Батышка коркунуч мусулмандар эле эмес, “жаңы христиан” фундаменталисттери тарабынан да пайда болууда жана индустардын экстремизми бүгүн дүйнөлүк маселеге айланып бара жатат. Анын пикиринде бул үч багыттагы фундаментализм жалпы душманы болгон Батышка каршы биригип кетиши да мүмкүн. Ошондуктан “болочок конфликттердин сценарийлери батыштын саясатчыларына да жана батыштын интеллектуалдарына дагы көз каранды”[8], - дейт А. Пименов. 

Глобалдашуунун шартында ич ара араздашуулар тез эле региондук жана эл аралык аренага чыгып кетет. Ошондуктан ар кандай катмардагы, диндеги, улуттагы адамдарда  “Саясатчылар жана ар кандай таасирдүү күчтөр динди өз кызыкчылыгына пайдаланышына, бурмалашына жана диндерди бири-бирине карама-каршы коюшуна кантип жол бербөө керек? Ар кандай маданияттын өкүлдөрүн кантип жанаша, тынч жашоого алып келүүгө болот? Ушундай татаал кырдаал боюнча жана андан чыгуунун жолдору жөнүндө ислам аалымдары кандай пикирде?”- деген орчундуу суроолор пайда болот.

Мындай татаал суроолорго дүйнө интеллектуалдары жооп издешүүдө. Алардын  эң алдында бүгүн бүтүн түрк элдеринин сыймыктуу аалымы  М.Фетхуллах Гүлендин ысмын атасак болот. Жоон топ илмпоздордон айрымаланып, ал адамзатты тынчсыздандырган суроолорго жоопту Ыйык Куранга жана Мухаммед (САВ) пайгамбардын хадистерине таянып, жооп берет. Бекер жеринен көптөгөн эмгектеринин эки томдугу “Доорубузда пайда болгон суроолор”[9] деп аталган эмес. Ушуга байланыштуу: “Кудайга шүгүр, Түрк дүйнөсүнүн аалымдары жеке улутунун, тутунган дининин кызыкчылыгы менен чектелбестен дүйнөлүк масштабдагы бейпилчиликти жана коопсуздукту камсыз кылуунун жолдорун сунуш кылып, багыт берип жатышат”, - деп сыймыктанганга биздин толук негизибиз бар.  Түрк атабыздын урпактары жоокер, баатыр эле эле болбостон, акылман да болгон. Даанышмандардын атагын чыгарып, айткан сөздөрүн көкүрөгүнө түйүп алып, жайылткан. Ошон үчүн элдерибиз кылымдардын арасына тумандай тарап, жоголуп кетпей XXI кылымдын босогосун аттап отурат.

Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын хадис- шарифтеринде “Эгерде илим асманда болсо да, албетте, ажам[10] балдарынан бир топ азамат адамдар ошого да жетишет”,- деп айтылат. Экинчи хадис-шарифте Пайгамбарыбыз (САВ) “Эгерде ыйман асманда болсо да алибетте, ажам балдарынан бир топ азамат адамдар ошого да жетишет”[11], - деген. Бул хадисти дин адистери Азирети Имам Аъзамга карата алдын ала айтылган деп эсептешет. Бирок, биздин оюбузча, бул пикир доорубуздун чыгаан интеллектуалы деп официалдуу түрдө эл аралык деңгээлде таанылган Мухаммед Фетхуллах Гүленге да тишеси бар. Өзүнүн кутбаларында, пикирлешүүлөрүндө, макалаларында, китептеринде М.Ф. Гүлен азыркы дүйнө тартибине жана глобалдаштыруунун шартында жөнөкөй адамдын ааламдагы орду тууралу кыска, бирок кеңири мазмундагы мусулман адамдын ой толгоолорун баяндайт. Мусулмандар жөнүндөгү, ислам дини тууралуу “Биз эмне үчүн Аллахты көрбөйбүз?”, “Аллахтын өзүн ким жараткан?”, “Эмне үчүн дин кулчулукка тыйуу салбайт”, “Кудайды кантип таануу керек?”, “Ислам баардык проблемаларды чече алабы?” деген ж.б. у.с. курч пикирлерден качпай, терең, салмакттуу ойлору менен жооп берет[12].

М.Ф. Гүлендин эмгектерин терең үйрөнгөн адамдарда  “Ислам – бул экстремизмдин дини” деген сыяктуу тескери пикирлер жоголот.

1996 жылы патриарх Варфоломей менен жолугушуп жана коомдук сабырдуулук жөнүндөгү пикир алмашууларынан башталган Фетхуллах Гүлендин талыкпаган ишмердигин дүйнөнүн элдери бүгүн “маданияттардын ортосундагы көпүрө” деп баалашты. Бул адилет баа өзүнөн өзү келген жок.

2001 жыл 11 сентябрдагы АКШдагы террорчулук акцияларынан кийин ислам аалымдарынан алгачкыларынан болуп М.Ф. Гүлен “Ислам менен террор карама-каршы”, - деп далилдеп чыкты. Ал өзүнүн көптөгөн эмгектеринде, маектеринде жана насыйкат сөздөрүндө ислам менен терроризмдин сыйышпастыгын аныктап, зомбулук менен мусулмандардын дининин эч байланышы жок экендигин далилдеп келе жатат: «Мусулмандар алдыга чыгып туруп, «Чыныгы мусулманчылыкта террорго орун жок», - деп айтышы керек. Анткени исламда адам өлтүрүү – бардыгынан улук Кудайдын эркине каршы кадам» , - деп айтты “Мусулманчылыкта террорго орун жок” деген маегинде, - “Эч ким жан кечти боло албайт. Эч ким бомба байланып алып, бейкүнөө адамдарга барганга акысы жок, алар кайсы динде болсо да. Согушта да мындай аракеттерге уруксат берилбейт...”[13]. Аалим чыныгы мусулман террорчу болуп кетет деп ойлоого да мүмкүн эместигин белгиледи жана ар ким эле жихад жарыялай бергенге акысы жоктугун, ал маселени мамлекет гана чече тургандыгын дагы бир жолу адамдардын эсине салды.

Жан кечтилик жөнүндөгү ар кандай жаңылыш пикирлер да ислам окумуштуусунун көз жаздымында калган жок. “Шахид - бул Кудайдын Сөзүн башкаларга таратуу жана жеткирүүгө өз өмүрүн берген мусулман”, - деп баса белгиледи М.Ф. Гүлен дагы бир кеңири белгилүү болуп калган “Аркы дүйнөгө ишенүү”[14] деген китебинде. “Ким бул дүйнөдө (кудайдын жазасынан) корксо, түбөлүк дүйнөдө өзүн толук бойдон коопсуз сезет, - дейт М.Ф. Гүлен, - Мындан башка жаштыктын алаңгазарлыгын тыя турган кандайдыр бир мыйзамды билесизби? Ар бир өлбөй койбос өзүн коргоп кала турган башка бир тегерек чийинди билесизби (өлгөндөн кийин жашоо барына ишенүүдөн башка)? Эгерде терс жооп берсеңиз, сиздики чын болуп чыгат. Ошондуктан бардык педагогдор жана тарбиячылар бул чындыкка кулак төшөп, жана, аны менен куралданып, аны ишке ашыруусу керек”[15].

М. Ф. Гүлендин ислам динине, мусулмандарга жана жалпы эле адамзатка тийгизген таасиринин натыйжасы иш жүзүндө улам даана көрүнө баштады. Мисалы, 2009 жылы 26-27 майда Берлинде «Мусулмандар салт менен азыркы мезгилдин өнүгүүсүнүн аралыгында» деген эл аралык конференция «Фетхуллах Гүлендини кыймылы – маданияттар ортосундагы көпүрө» девизи астында өттү. Кызыктуусу Вашингтондук профессор Томас Мишель “Гүлендин окутуусундагы Ыклас концепциясы” деген докладында Батыштын ислам дүйнөсүнүн ролун түшүнүүгө аракет жасоонун ордуна аны четке кагуу, этибарга албоо позициясында экендигин ачык сындап айтты. Анын пикиринде бул өз кезегинде экинчи тарапты ошого жараша мамилеге алып келет жана карама-каршылык күчөп, диний радикалдашууга түртөт.

Азыркы шартта М.Ф. Гүлендин өркүндөп өнүгүүгө тоскоол болгон үч оору – билимсиздик; жакырдык жана укуктук теңсиздиктен кантип кутулуу жөнүндөгү ойлору өтө манилүү. Жакыр жашаган мусулмандардын оор абалы да диний фанатизмге жана экстремизмге алып келери жөнүндө Т. Мишель да өз ойлорун айтты. Мунун натыйжасында Ислам дини жана жалпы мусулмандар жамааты жаман атты болууда деп белгиледи америкалык окумуштуу. Ошондуктан жакырчылык маселесин чечүү менен бирге, алардын билим деңгээлин көтөрүү маселесин чечүү керек деп, Ф. Гүлендин айткандарын бекемдеди.

Өз мекени – Түркияда биздин аалымыбыздын кадыр-баркына бир мисал. Атактуу Стамбул шаарындагы Түркиянын эң даражалуу мечиттеринин бири – Султанахмеддин мечитинде 1977 жылы 9 сентябрда М.Ф. Гүлен диний насыят окуганда Туркиянын ошол кездеги премьер-министри Сулайман Демирель, тышкы иштер министри Ихсан Сабри Чаглаянгиль жана башка бийлик өкүлдөрү  кунт коюп угушкан.

Албетте, диндердин ортосунда эрегишсиз, цивилдүү мамилелердин коомдук – саясый туруктуулукту камсыз кылуудагы ордун жана мааанисин түшүнгүсү келбеген чөйрөлөр да жок эмес. Батыш менен Чыгыштын ортосундагы идеологиялык чек аралар жоюлган менен, ажырымдар дале жоголо элек. Алар – аң- сезимдерде сиңип калган жана ал стереотиптерден арылуу үчүн көптөгөн убакыт жана аракеттер керек. Бул көйгөйлөрдү жөнгө салууда түрк элдеринин атактуу уулу, толеранттуулук менен диалогдун негизинде жанаша жашоого дүйнө элдерин үндөгөн М.Фетхуллах Гүлендин ролу бийик экендиги талашсыз.

Молдалиев О. А.
Саясый илимдердин кандидаты
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети, Кыргызстан


[1] Ажам – чет элдик (араб эмес) деген мааниде.

[2] Государство и религия с мусульманским населением. Ташкент, 2004. –С. 78.

[3] Джеймс Брук. Глубокие корни исламофобии или Где был Ньютон без арабов? //www.Islamonline.net

[4] Коран/Перевод смыслов и комментарии в Пороховой. 7-е изд. –Алматы, 2002. –С. 666.

[5] Соловьев В.С. Сочинения в 2-х томах. –Т.1. –М., 1989. –С. 353.

[6] Лебон Г. Психология народов и масс. – Челябинск: Социум, 2010. - С. 38.

[7] Мороз Е. Евреи в конфликте цивилизаций. –М.: АСТ; 2009.

[8] На пути к глобальному религиозному конфликту. Washington ProFile 02 марта 2005

[9] Гүлен М. Ф. Сомнения, рожденные веком. Т1. М., 2004: Т.2. 2005.

[10] Ажам – чет элдик (араб эмес) деген мааниде.

[11]Отонбай уулу Дүйшөнбек ажы. Асаасул – ислам. Бишкек: МП “Билим Офис”, 1993. -С. 150.

[12] Гүлен М. Ф. Сомнения, рожденные веком. Т1. М., 2004: Т.2. 2005.

[13] Гүлен М. Ф. Ислам и террор несовместимы . –Ислам о терроре и акциях террористов – смертников /сост. Эргүн Чапан. – М., 2005. – С. 17 - 18.

[14] ГүленМ. Ф. Вера в потустороннюю жизнь. М.: ООО “Издательство Новый Свет”,2006. –С. 11.

[15] Көрсөтүлгөн булак. – 8 бет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.