М. Фетхуллах Гүлендин толеранттуулук жана диалог боюнча ой пикирлери

Сиздердин көңүлүңүздөрдү байыркы түрк аалымдарынын карапайым элге кайрылып айтып кеткен асыл мурастарын, акыл-кеңештерин, ата-сөздөрүн бүгүнкү күндүн окумуштуулары, даанышмандары, философтору, залкар жазуучулары, коомдук ишмерлери кандай деңгээлде элге жеткирип жаткандыгы жөнүндө өз оюмду сиздер менен бөлүшкүм бар.

XVII-XX кылымдарда жашап кеткен түрк дүнүйөсүнүн аалымдары, өздөрүнүн айтып кеткен ой-пикирлери, ырлары, жазмалары калк арасында кеңири таралып, эл оозуна алына баштаган. Байыртадан түрк элдери көптү билген, сезимтал, келечекте боло турган окуяларды алдын ала айткан аалымдарды - олуя деп аташчу. Алардын айтып кеткен асыл сөздөрүн, акыл-кеңештерин ошол замат жаттап алып ооздон оозго өткөрүп, кылымдар бою даңазалап жүрүшчү. Мисалга алсак, кыргыздардын арасында Арстанбек, Молдо Кылыч, Молдонияз, Жеңижок, Барпы, Калыгул олуянын айткандары бүгүнкү күнгө чейин эл оозунда сакталып, баркталып жүрөт. Кийинки жылдары коомчулукка белгилүү жазуучулар, акындар: Алишер Навои, Абай Кунанбаев, Расул Гамзатов, Давид Кугелтинов, Садирдин Айни, Мухтар Ауэзов, Берди Кербебаев, Сакен Сайфулин. Хамза Хакимзаде Ниязи, Түгөлбай Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев, Чыңгыз Айтматов, Олжас Сулайманов, Мухтар Шаханов, Анвар Алимжановдун жазган чыгармалары, айткан акыл-кеңештери коомчулуктун колдоосуна ээ болуп, алардын акылман пикирлерин колдогондордун саны жылдан жылга көбөйүүдө.

Ошол чыгаан асыл адамдардын ичинен Түркия Жумуриятынын белгилүү инсаны, философ, ислам динин иликтөөчү аалым Фетхулах Гүлендин дүйнөдө толеранттуулуктун негизги принциптерин орнотууга диалогдун ролу чоң экендиги жөнүндө айткан орчундуу пикирлери адамзатка өтө пайдалуу экендигин турмушта далилденүүдө.

Фетхуллах Гүлен Түркиянын бир кичинекей кыштагында ислам динин өтө кадырлаган адамдын үйүндө жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билимди ошол айылдагы медреседен алган. Гүлен өспүрүм кезинен баштап эле ислам дининдеги адам баласына керектүү таза ыйман-ынсаптын, боорукердиктин, достуктун, чындыктын, акыйкаттын, кичи-пейилдиктин философияларын терең изилдөөгө кызыккан. Ошонун негизинде ислам динин, тарыхын, маданиятын иликтеген көптөгөн эмгектерди жараткан. Анын китептери, жазган макалалары дүйнөлүк илимий коомчулуктун арасында ар түрдүү пикирлердин таралышына шарт түзгөн.

Өзгөчө Фетхуллах Гүлендин акыркы жылдары жазган китептерин, журналисттерге берген жоопторун окуп чыгып бул аалымды бүгүнкү күндүн Олуя адамы катары баалоого болот. Анткени анын ташка тамга баскандай сөздөрүнүн курчтугу, кыскалыгы, маанилүүлүгү жана чындыгы менен өзгөчөлөнүп турат.

Фетхуллах Гүлендин толеранттуулук маселеси боюнча мындан бир нече жылдар мурун айткан ой-пикирлери бүгүнкү күндө иш жүзүндө аткарылып, өзүнүн жемиштерин, ийгиликтерин берип жатат - аны келечектеги жаш муундарга баалуу мурас катары өткөрүп берүүбүз зарыл. Ал биздин жана сиздердин ыйык милдетибиз. Ооба, Гүлен мындан 30 жыл мурун Түркиядагы жаштарга билим берүү багытында жаңы муундагы түрк мектептерин түзүү керектигин, ал мектептер кийин дүйнөнүн бүткүл жергесинде курулуп, жаштарга терең билим таасирдүү таалим-тарбия бере тургандыгын эскерткен. Бул асыл ой, асыл максат ошол мезгилдеги Түркия жетекчиликтери тарабынан толук колдоого алынбаган. Тескерисинче, алардын пикиринде Фетхуллах Гүлен Ислам дининин таасирин күчөтүү максатында жаңы мектептерди курууга үндөп жатат, бул туура эмес деген ойлорду таратышкан.

Бирок, Фетхуллах Гүлендин пикиринде жаңы типтеги мектептер каржылоо жагынан мамлекетке көз карандысыз, менчик мектептер болуп, окуу иштери Европалык стандартта жүргүзүлүп, бул мектептерде улутуна, динине, тилине, өңүнө карабастан терең билим, татыктуу тарбия алган жаштар келечекте достукта, бир туугандыкта бекем сабырдуулукта (толеранттуулукту) сактоо менен жетишээри айтылган.

Фетхуллах Гүлендин асыл ойлорун, жакшы пикирлерин түрк иш-адамдары колдоп жаңы типтеги түрк мектептерин курушту, балдарды окутушту. Азыр бул мектептер Түркиядагы эң мыкты мектептер деп эсептелет. Андай мектептер дүйнөнүн бүт мамлекеттеринде курулуп, иштеп жатат. Ийгиликтери жакшы. Жакында эле Түркия Республикасынын билим берүү министрлиги менен Евразия Платформасы тарабынан өткөрүлгөн Анталиядагы илимий конференцияда Түркия Республикасынын Билим берүү министири Хусейин Челик мындай деп айткан эле:

- «Бир топ түрк иш адамдары дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде түрк мектептерин уюштурууда. Дүйнө элдеринин ортосундагы достукту бекемдей турган эң маанилүү көпүрөлөрдүн бири - бул билим көпүрөсү. Андыктан жакшы келечек үчүн дайыма үмүт менен жашашыбыз керек. Жогоруда иштеп жаткан түрк мектептериндеги мугалимдердин окуучуларга берген таалим тарбиясы сөзсүз түрдө жакшы ийгиликтерди алып келерине ишенем».

Ал эми экинчи бир оратор Россиянын Чыгыш таануу Институнун директору Ростислав Борисович Рыбаков дагы өз сөзүндө төмөндөгүдөй ой бөлүштү: - «Билим берүү багытында келечек муунду тарбиялоо олуттуу мааниге ээ болууда. Андыктан биз бул багытта бири-бирибиз менен тыгыз кызматташуубуз жана жаштарды тарбиялоодо аларды бири-бирин сүйүүгө, жагымдуу байланыштарды курууга аракет жасашыбыз керек.

Акыркы жылдары Туркияда билим берүү тармагында бир топ ийгиликтүү иштер жасалууда. Алсак, Фетхуллах Гүлендин аракеттеринин негизинде бир гана Түркияда эмес, бүткүл дүйнөдө түзүлүп жаткан мектептер бул багытта маанилүү утуш болуп саналат. Бул утуштан барыбыз пайдаланып калышыбыз керек».

Мындай жакшы жагдай кыргыз жергесинде да өкүм сүрүүдө. Айрыкча, Кыргызстандагы кыргыз-түрк мектептеринин ийгиликтери өтө жакшы. Бул лицейлерде бардык улуттун өкүлдөрү окушат, андыктан окуучуларды толеранттуулуктун духунда тарбиялоо көңүлдүн борборунда.

Фетхуллах Гүлен жаштарды толеранттуулукка бир мектепте тарбиялоо жаңыдан курулган мектептерде уюштурууну 30 жыл мурун айткан эле. Ал эми бүгүнкү күнү анын айткан эң жакшы пикирлери турмушка ашып отурат. Көрдүңүздөрбү, бул Фетхуллах Гүлендин олуялыгы эмеспи? Ооба, анын баалуу кеңештери, акыл-насааттары бул аалымдын олуя экендигин айгинелеп турат.

Ал эми Фетхуллах Гүлендин терроризм маселеси боюнча айткан ой пикирлеринде диалог сөзсүз түрдө керектигин аныктайт. Алсак, «Заман» гезитинин кабарчысы Нурия Акманга АКШда 11 сентябрдагы самолеттордун «террористик чабуулун» Ислам дини менен аралаштырып, бүт дүйнөгө мусулмандарды адам өлтүргүч катары көрсөтүүсү боюнча Фетхуллах Гүлендин ой-пикирин сураган эле. Анда Фетхуллах Гүлен ислам дининде кыянаттык менен адам өлтүрүү харам экендигин далилдеген көптөгөн пикирлер айтылган. Ал өзүнүн жазган китебинде : “Ишеничтүү элге жакын сүймөнчүктүү системаны бузукулук менен террористтик өңдө көргөзүү исламдын ички жан дүйнөсүн түшүнбөгөндүктүн айынан келип чыгат. (Инсанын өзүндеки севги 52-53)

Андан ары Фетхуллах Гүлен толеранттуулук боюнча мындай деп жазат: “Толеранттуулук ар түрдүү ар башка адамдарды жана алардын түшүнүгүн дал өзүндөй кабыл алып сыйлап жашоону билүү дегенди билдирет”. Ошондой эле анын пикири боюнча: “өчөшүп жоолашуу менен эч бир маселе ордунда туура чечилбейт. Маданияттуубуз деген адамдарды жеңүү уруш менен эмес келишим макулдашып ынануу менен гана болоору айкын. Буга биз өзүбүз да бекем ишенип ынтымакташып бирбирибиз менен убадалашалы».

Фетхуллах Гүлен өзүнүн эмгектеринин биринде адамдардын бирин-бири урматташуу жөнүндө төмөндөгүдөй ойду айткан: Жашоонун өзөгү негизги тамыры сүйүүдөн куралган. Жандуулардын бардыгын бирбирине (байланштырып) ынак кылган кубаттуу күч бул сүйүү.(Инсанын өзүндеки севги 135) Андан ары автор: “Сен адамзатты жакшы көрүп урматтап ага тамшанып суктана кара.! Бүт адамзатка кучагыңды жайып, (көңүлүңдү бур) жүрөгүңдү ач, көңүлүң терең (деңиздей) мухиттей кең болсун. Ишеним менен жашап адамзатка сүйүүңдү тартуула сен сүйбөгөн, колуңду созуп жардам албаган бир да жандык калбасын”.(өлчү ве йолдаки ышыклар-1. 35 бет).

Фетхулах Гүлен: «Ой пикирлери такыр ар башка инсандардын биригип кучак жайып ысык маанайда жолугушуусун кай бир учурда жоготуп алган бейиштин элесине окшотурган».

Ошондой эле автор: Кандай гана болбосун адам баласы диалог менен толеранттуулуктун жолун тороп тоспошу керек, ал жол ар дайым ачык болушу абзел экендигин далилдейт.

Сөзүбүздүн аягында Фетхуллах Гүлен олуянын айткан кээ бир учкул сөздөрүн сиздерге билдирүүнү туура көрдүк: “Жараткан бизге учурда диалог менен баарлашуу жагдайын, шартын түзүп берүүдө биз аны белек берекет катары кабыл алышыбыз керек. Ушундай жакшырган маанайды жаап тескери бурулуп кеткенге акыбыз жок”, “Адам баласынын кылган каталарын кечире билиш улуу иш. Ар бир ишибиз кыймыл аракетибиз диалог менен эриш аркак болуусу зарыл (талапка ылайык), “Толеранттуулук менен диалог жан дүйнөбүздүн бүрдөгөн бүчүрү, жайнаган гүлү, жашообуздун түбөлүктүү түркүгү”, «Толеранттуулукту бизге үйрөткөн нерсе бул биздин ыйман ишеничибиз. Толеранттулукту жашообуздун бөлүнгүс мүнөзү табияты катары кабыл алып жашаганда гана биздин мүдөөбүз кылымдар бою ишке аша бермекчи».

Фетхуллах Гүлен олуянын толеранттуулук боюнча жазгандары ушундай.

А. Ормушев
Махмуд Кашгари-Барскани атындагы
Чыгыш университетинин
ректору, профессор

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.