Момун бир жолу алданат

Бардык улуу ой-пикир системалашып, өз жактоочуларын табат. Мындай колдоо таба албаган көз караш, ойпикирлер пайда болоору менен кайра жоголот.

* * *

Бары-жогу, жыйналышы, тарап кетиши бизге таандык болбогон күчтөргө таянбоо керек. Ой-максаттарынын ишке ашышы үчүн буларга таянгандар ар дайым алданып, келечекти буларга негиздегендер өздөрү курган нерселеринин урандысынын астында калышкан.

* * *

Ар бир ыйык иштерде максаттын улуулугу, ой-пикир жана пландын тууралыгы, ал ишти максат кылган адамдардын ыкыластуу болушу өтө маанилүү. Ошону менен катар ойлонуштурулган иштин жүзөгө ашуусу үчүн зарыл болгон себептерди тандоо жана анын күтүлгөн натыйжа менен байланышын так аныктоо да ошончолук маанилүү. Жакшы жыйынтык алып келери белгисиз жана талкууланбаган себептерге таянуу менен иш баштаган адамдар аларга ишеним арткандарды үмүтсүздүккө түшүргөндөй эле, өздөрүн да жаман абалга салат.

* * *

Акыйкат акыйкатка гана таянышы керек. Акыйкатты эң туура жолдордон издөө керек. Акыйкат түшүнүгү болбогон аймактан акыйкатты издөө акылсыздык, туура эмес себептердин караңгы чөйрөсүнөн издөө алдангандык болуп саналат.

* * *

Жакшы нерселер жаман негиздердин үстүнө курулбайт. Жакшынын жамандардын арасындагы орду, айланып турган эшиктердин ортосундагы боштуктардан өтүү сыяктуу болушу керек. Токтобостон, жамандыктарга чалдыкпастан жолду улоо зарыл.

* * *

Түбөлүктүү акыйкаттар убактылуу негиздерге курулбайт. Суу үстүндө сүзүп турган аралга эң маанилүү курулуштарды куруу кандай болсо, башкаруусу башкалардын колунда болгон системалар аркылуу кызмат кылуу да ошого окшош.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.