Азирети Адам ата менен Обо энеден дүйнөгө келген балдары (кыз менен бала) ошол кезде бири-бири менен үйлөнө алышчу, эми эмне үчүн тыюу салынган?

Бул суроонун дагы ушуга окшош суроолор сыяктуу кээ бир адамдар тарабынан ойлонулуп, системалуу түрдө жаштарды бузуш үчүн жайылтылып жаткандыгы өкүнүчтүү. Бул сыяктуу суроолорду сурап жаткандар маалымат алуу үчүн чын дилден сурап жаткандарына күмөнүм бар. Мунун артында эмне жаткандыгын бир аз көңүл буруу менен түшүнүүгө болот. Мындай суроолорду ойлоп чыгаргандардын негизги максаттарынын бири, балким биринчиси, диндин негиздеринде карама-каршылыктар бар дегендей ойго түртүү болуп саналат.

Ушуга окшош суроолордун дээрлик баарында эки жүздүүлүктүн белгилери бар. Кудай сактасын, «...Кудай жок. Дин – бул, апийим. Ыйык нерселер империялизмдин талоончул куралы. Арам-адал деп кишилерди каалоолоруна эркине дайны жок чек коюу.» Санай берсең кете берет ушинтип.

Алардын ою төбө чачты тике тургуза тургандай коркунучтуу: «Бири-бирине карама-каршы келген буйруктар менен ушул күнгө чейин жашап келген дин эми акыл жана логикага жеңилди. Андай болсо оюбузга келген бардык нерсени кылышыбыз керек. Анда карындашыбыз, ата-энебиздин бир туугандары менен үйлөнө берсек болот.»

Мына, жөнөкөй болуп көрүнгөн бул суроонун аркасындагы төбө чачты тик тургузган, ыпылас ой-пикирлер, булганыч пландар бар! Мынакей, «позитивизм» менен «рационализмге» таянып, тунук акылдарды булгоолор...

Коомубуздун бир бөлүгүндө динди жана жаштарды бузууну максат кылган мындай түшүнүктөргө карап, “бул дагы алардын бузук ойлорунун бири.” деп айтууга болот. Бирок биз, бир эки ооз сөз менен бул тууралуу бир нерсе айта кетели.

1. Оболу бул - диний маселе, болгондо да диндин деталдарына тиешелүү маселе. Динге ишенбеген, диндин негизги принциптерин кабыл кылбаган киши мындай нерселерге кийлигишүүгө таптакыр акысы жок.

2. Дин буйрук жана тыюу салуулары менен бирге ыйман келтиргендер үчүн жоопкерчиликтүү экендигинде эч кимдин күмөнү болбосо да, каапырлар үчүн мындай нерсе эч кандай мааниси жок болсо керек. Ушул себептен улам кээ бир адамдар каалаган ишин жасап жатса дагы, ыймандуу эч бир пенде аларга кийлигишпөөдө. Анткени кыймыл-аракет жана жүрүм-¬турумдагы бузуктук бир гана ой¬пикир бузуктугунан пайда болот. Ой-пикир жана көз караштарды оңдобогондон кийин, жүрүм¬-турумдарды түзөтүүгө аракет кылыуу бекер.

3. Бул маселе - диндин деталдарына тиешелүү маселе. Мындай маселелерде адамзаттын өнүгүүсүнө катарлаш өзгөрүүлөр ар убак болуп келген. Учурдагы буйруктар менен тыюулар ошол кездеги буйрук менен тыюулардан айырмасы жок. Бул жерде Алланын буйругу маанилүү. Ал кечээ бир туугандардын үйлөнүүсүнө тыюу салган болсо, бүгүн болсо ата-эне байланышы өңүтүнөн карап, жаңы тыюуларды салып, «Бул мамиле арам» дейт. Бул нерсе, баланын балагатка жетүү учурундагы жашоосуна таандык мыйзамдарга баш ийип, тамактанышы, кийим кийүүсү өзгөргөндөй, атүгүл ага деңгээлине жараша кайрылгандай эле, дайыма өнүгүп, өскөн адамзаттын жашоосунда ошол эле нерселерге көңүл бурулган. Баланын түшүнүгүнө баш ийүү пастык, билимсиздик эмес, тескерисинче, улуулук жана көсөмдүктүн белгиси. Так ошондой эле, алгачкы доордон бүгүнкү күнүбүзгө чейин өнүгүп келген адамзат үчүн ар кайсыл дооруна жараша эреже коюу дагы даанышмандык болуп эсептелет.

4. Бул маселе суроодо айтылгандай мааниде биз таянган булактарда жок. Исраилият булактарынан келиши дагы ыктымал. Бирок Курандын аяттарына таянып, жаратылыш чынжырын Азирети Адам менен жубайына байланыштырганыбыз үчүн, мындай нерсени кабыл кылууга мажбурбуз деп эсептейбиз. Маселенин түпкүлүгүнө үңүлбөстөн, сыртынан карасак, бул маселе адам баласына иштердин пайдалуу жактарына көңүл буруу керектигин үйрөтүү иретинде убактылуу уруксат берилип, кийинчерээк буга тыюу салып, акырындык менен мындай өкүмдөрдүн өзгөртүлүшү мүмкүн экендиги эскертилген.

5. Убактылуу уруксат берилген бул нерсе адамзат түшүнүгүнүн өзгөрүүсү менен башкача бир көрүнүшкө ээ болгон. Ооба, жогорудан келген буйруктар менен дайыма нурдуу үй-бүлөдө өскөн жана жүрөктөрү дайыма ойгоо болгон адам, албетте, башкалардан өзгөчөлөнүп турат.

Жер жүзүндө алгачкы инсандын аруулугу жана кылынган кичине күнөөнүн чоң жазасынын жан дүйнөнү титиреткен коркунучунун уланышы жана мындай күнөө аркылуу бейиштен оолактатылган алгачкы адамзаттын үйүндө уруксат берилген нерселер дагы кооптуу. Андай үй-бүлөдө бири-бири менен үйлөнө турган кишилер катар турса да, орозо кармаган кишилер сыяктуу, буйрук чыга турган убакытка чейин бири-бирине туура эмес көз караш менен карашпайт. Андай үй-бүлөдө жүрөктөрдө пайда болгон карөзгөй сезимдер вахийдин чагылгандай урган аяттары менен түзөтүлөт. Андай үй-бүлөдө бардык чектер алынып салынса да, адамдар жан дүйнөлөрү уруксат кылбаган чектен аша албайт.

Чындыгында, азыркы үй-бүлөлөрдө жогоруда айтылган нерселер жана жоопкерчиликтүүлүк жок болгондуктан, чектөөлөргө көңүл бурулбайт. Балким, өтө эрте жашта пайда болгон бузуку жүрүм-турумдар өмүр бою уланат. Ал үй-бүлөдө талап кылынган бейпилдик жана коопсуздук жоголгондуктан, ал үй-бүлө жылан, чаяндын уясына айланат.

Бир аз ой жүгүртүп көргүлөчү! Кыз бир тууганына, ата-энесинин бир тууганына, жээндерине карата айбандык сезимдер ойгонгон бир үйдө бейпилдиктин болушу мүмкүнбү?! Мындай үйдө ар ким каалаганына жетүү үчүн жамандыктарды ойлойт, атүгүл өз бир тууганына душмандык кылат.

Балким ошондой ой менен Азирети Адамдын балдарынын ортосунда болуп өткөн кылмышты кайталашат.

Демек, сезимдерди ооздуктоочу эрежелер, жан дүйнөнү тескеп туруучу чакырыктар турганда, ошол нерселер жаман жакка колдонулбаса да, эскертүүчү факторлордун жок болушу, жөнгө салып туруучу чөйрөнүн жоюлушу менен ар кандай туура эмес нерселерге жол ачылышы мүмкүн.

Жагымсыз нерселерди сүрөттөбөш үчүн гана көрүп, сезгендеримди баяндоону каалабай турам. Чындыгында, үй-бүлөдөгү кайдыгерликтин натыйжасында инсанды уялта турган түрдүү окуялар болууда. Буларды укканда, төбө чачын тик турат.

Бул маселени аяктап жатып,теманы бүтүрүп жатып, мындай демекчибиз: “Бир-бириңерге душман болуп (жерге) түшкүлө” (Бакара/36) деген үндөрдү уккан коомчулук Алланын өкүмдөрүн угуп, коркуп, титиреп туруусу менен бүгүнкү күнүбүздөгү үй-бүлөлөргө окшобогондой эле, ал учурдагы үй-бүлөлөргө тиешелүү убактылуу өкүмдөр дагы биздин заманыбыздагы үй-бүлөлөргө тиешелүү өкүмдөргө окшобойт.

Ошондой эле, мындай үй-бүлө канча жолу болгондугу тууралуу дагы так маалыматыбыз жок. Бул нерсе балким бир же эки жолу болгондур!

6. Үйлөнүүдөгү даанышман сырлардын бири байлыктын туура тарашын камсыздоо мүлктүн белгилүү колдордо жыйылышынын алдын алуу. Ал эми ошол доордо жалпы адамзаттын курамы Азирети Адамдын балдары болгондуктан жана жер шары толугу менен аларга берилгендиктен бир жерге чогулуу болчу эмес. Учурда болсо, коомдук түзүлүш таптакыр башкача абалда...

Муну да кошумчалай кетейин, башка жолдор менен байлык бөлүштүрүлсө да, түрдүү өкүмдүн пайда болушу мүмкүн эмес. Бул темада айтылган жана айтыла турган сөз – даанышмандыктын ээсинин баяны. Ал эми Алла Таала Адам менен Хавваны жаратууда, анан балдарынын үйлөнүүсүнөн башка жол таба албайт беле?

Аллага карата берилген мындай суроо билимсиздик жана адепсиздик болуп саналат.

Алла бир Адам менен Хавваны жараткандай эле, экинчи бир Адам менен Хавваны да жарата алат. Азыркы учурда жана өткөн бардык доорлордо миңдеген, жүз миңдеген ааламдарды жараткан Аллага экинчи Адам менен Хавваны жаратуу такыр оор эмес. Бул нерсе болгону Алла Тааланын даанышмандыгынын бир талабыдыр.

Албетте Алла Таала биздин чектүү өлчөмдөрүбүз жана сулуулук тууралуу тар пикирибизге карата жаратпайт. Биз ааламдагы кооздук жана жагымсыз нерселерди Алла Тааланын билдирүүсү менен биле алдык. Анын ар бир буйругун жол көрсөтүүчү катары кабыл алып, жаратылыштын сырларын чечмелеп, баамдадык. Анын ар бир өкүмүн туруктуу мыйзам экенин түшүнө алганыбызга жараша туура принциптерге ээ болдук.

Ал бүткүл адамзатты Адам менен Хаввадан тараткандыгын эң туура деп кабыл алдык. Ошондой эле адамдардын ортосундагы алака бул негиз менен тыгыз байланышта.

Адамдардын ортосундагы ынтымак алардын руханий биримдигинин өзөгүн түзөт. Дарактын тамырына жана ал өсүп чыккан урук тууралуу ой жүгүрткөндө таралган бутактар бир нерседен келип чыккандыгын баамдоого болот.

Адам катары баардык инсандарга карата мамилебиздин бар болуш себебин Адам менен Хавванын бирдиги менен Жараткан жан дүйнөбүзгө койгон сүйүү жана адамгерчиликтен деп билебиз. Кечээги күнкү өкүмдөрдүн бүгүнкү күндө өзгөрүшүн биз өкүмдөрүнө моюн сунган Алланын даанышмандыгынан деп билебиз. «Ар бир иште даанышман сыр бар, жөнсүз иш кылбайт Алла.» дейбиз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.