Кудай ааламды эмне үчүн жараткан жана эмне үчүн мурда жаратпай кийинчерээк жараткан?

Бул суроонун эки жагы бар: бири – аалам эмне үчүн жаралган, экинчиси – эмне үчүн мурда жаралган эмес?

Оболу, айта кетишибиз керек: биз, адамдар бардык нерсени өзүбүздүн өлчөмдөрүбүзгө жараша ойлойбуз. Мисалы, биз бир нерсе жасаардан мурда аны зарыл деп ойлоп, анан жасайбыз. Көбүнчө, ал нерсеге муктаж болгон учурларыбызда гана жасайбыз. Ушундай ойлоп, Кудайды да өзүбүзгө салыштырып, аны да өзүбүздөй ойлойбуз. Чындыгында мындай суроо берилгенде Кудай Таала бардык кемчиликтерден алыс Зат экендигин унутпашыбыз керек,.

«Кудай ааламды эмне үчүн жараткан?» деген суроону талкуулап көрсөк болот: Ааламдын, дүйнөнүн жаратылышы кимге жакпайт экен? Ырас, кээ бир жан кыйнаган, иренжиткен окуялардан улам дүйнөгө келгенине бушайман болгондор, керек болсо өз жанын кыйгандар бар, бирок булар абдан аз. Бирок, негизинен жалпы пенделер жаралганына шүгүр кылышат. Биз муну абийирибиз менен сезип, бизди бул жерге алып келген Затка чын жүрөгүбүздөн рахмат айтабыз.

Бул аалам чоң-кичине, жандуу-жансыз түркүн түстүү ажайып нерселер менен кооздолуп, дайыма мезгилдер өзгөрүп, баарынын көңүлүн бура тургандай даярдалганы байкалууда.

Бул ажайып сулуу көрүнүштөр, бул укмуштай кооздуктар, ааламда дайыма өзгөрүп турган окуялар булардын баарын жасаган Бирөөнү көрсөтүүдө. Болгондо да Мээримдүү Бирөө.

Эми бул Жаратуучунун максаты тууралуу Кудай Таала хадиси кудсииде (мааниси Пайгамбарыбызга (САВ) вахий же илхам кылынган, сөзү өзүнөн чыккан ыйык сөз) мындай дейт: «Мен билинбеген кенч элем, билингим келди, бул ааламды жараттым».

Ааламды жаратуу – Кудайдын эрки. Анын себептерин суроо – биздин, адамдардын иши эмес.

Бай бир адам келип, муктаж адамдарга мээримин төгүп, аларды кийиндирип, ичирип-жедирсе, алардын арасынан бирөө булардын бардыгын эмне үчүн кылдың, кылбай эле койбойсуңбу деп суроо бере баштаса, кандай гана оройлук кылган болоор эле.

Кудай бул ааламды эмне себептен жаратуусу тууралуу суроо берсек, оройлук кылган болобуз. Ансыз деле бул темага өз акылыбыз менен түшүндүрмө бергенге аракет кылсак дагы эч кандай жыйынтык ала албайбыз. Анткени Жараткан эмне үчүн жаратканын өзү билдирмейинче эч нерсе айта албайбыз. Айтсак дагы кем калат.

Бирок бул суроого кемчиликтүү болсо дагы жооп катары төмөнкүлөрдү айтсак болот:

Оболу ааламды жаратуунун кандайдыр бир муктаждыктан улам пайда болбогонун жана бул иш Кудайдын өзүнө гана тиешелүү экенин билиш керек.

Бул ааламдын жаратылуусунун эң маанилүү себеби – Алла Тааланын өз рухий сулуулугун, кемчиликсиздигин жараткан макулуктарында көргүсү келгендиги. Тактап айтканда, илиминин жыйынтыктарын, кудуретин сулуулугунун чагылуусун, байлыгынын кеңдигин, ырайым жана мээриминин көрүнүштөрүн жаратылган нерселерден көргүсү келгендиги.

Жалпыбызга маалым бир эреже бар: «Ар бир жамал (сулуулук) жана камал (кемчиликсиздик) ээси, өз жамалын жана камалын көргүсү жана көрсөткүсү келет».

Бул нерсени өнөрлүү искусство чеберлеринен көрсө болот. Мисалы, мыкты сүрөтчү түрдүү сүрөттөрдү тартат. Чыгармаларын оболу өзү карап көрөт, андан кийин искусствосунун мыктылыгын көрөт. Абдан ырахаттанат. Анан көргөзмө ачып, көрүүчүлөргө көрсөтөт. Алардын баа бергенинен өзгөчө ырахат алат.

Дагы бир мисал, терең билимге эгедер бир аалым пайдалуу китептерин жазат. Өзүнүн илимий эмгектеринен башка адамдардын да пайдалануусун каалайт. Окуучуларынын китебинен пайдалангандыгын көрүп, алкыштарын укканда жасаган ишине ыраазы болот.

Кудайдын бул ааламды эмне үчүн жаратканы тууралуу жогорудагы мисалдар аркылуу билсе болот.

Бул тууралуу биз билүүгө тийиш болгон дагы бир маанилүү нерсе төмөнкүчө: «Макулуктарды жараттым, пайдалар, жакшылыктардын баары алар үчүн. Мага эмес. Тактап айтканда, алар менден пайдаланышат, мен алардан эмес».

Хадиси Кудсиинин баяны менен жаралгандар Алла Тааланын жардамына, сыйлоолоруна жана бардык жакшылыктарына муктаж.

Мына, бардык макулуктарды жоктон жаратып, аларга эң сонун белектерди сунган жана бардык муктаждыктарын жойгон, ошондой эле аларга түбөлүктүү жашоону убада кылган Кудай Тааладан «Эмне үчүн бул ааламды жараттың?» деп сурасак туура болобу?

Эми, «Мурда эмне үчүн жараткан жок?» деген суроого келели. Оболу, «мурда» дегени кандай? Мисалы, эмне үчүн бир триллион жыл мурун жаратып, 100 триллион жыл илгери жараткан жок десек, сурообуз абсурд бойдон калат. Анткени, биз муну менен Алла Тааланын өзүнө гана тиешелүү болгон «азалий» (башталышы жок) деген сапатты убакытка берген болуп эсептелебиз. Эзел (эзелки) деген түшүнүктү кандайдыр бир чекке салган болобуз, ал эми эзел деген башталышы жок дегенди билдирет. Тактап айтканда, ааламды жаратаардан мурун «убакыт» деген нерсе жок болчу, убакыт ааламдын жаратылышы менен кошо чогуу жаратылган. Убакыттын башталышы бар, ал эми эзелдин башталышы жок да. Убакыт жаңы эле жаралып атса, анан кантип неге андан мурун жараткан жок дей алабыз? Анткени андан мурун убакыт деген нерсе жок болчу. Биз бул суроону берүү менен бирге Кудайды убакыттын ичине киргизген болуп эсептелебиз, бул абсурддуу көрүнүш.

Өткөн чак, учур чак жана келээр чак деп үчкө бөлсөк, макулуктарга (жаратылгандарга) гана тиешелүү боло алат. Бирок эзелди минтип бөлө албайбыз. Айрыкча эзелдин башталгыч чекити да жок, антип ойлогонго да болбойт. Азалий болуу - турак-жайга жана убакытка муктаж жана көз каранды болбогон Алла Таалага гана тиешелүү. Кудайдын эзелий болушу - башталышынын жана акырынын болбошу деген сөз.

Алла Таала - азалий. Убакыт болсо нерселердин жаралышы менен башталган. Нерселер жаратылаардан мурда убакыт жок болчу. Андай болсо Кудайга карата мындай суроону бергенге болбойт. Бирок, «азалий жана абадии болгон Кудай эзелде эмне кылып жаткан?» - деп айтылса болот, бир аалым киши бул тема боюнча муну билдирет:

«Ыйык сапаттарына, барлыгына жана ысымдарын чагылдырып турган нерселердин акыйкаттарын, ички жүзүн, негиздерин, план жана программаларын, рухий кебете-кешпирлерин, өлчөмдөрүн эзелтеден эле жана илим алкагында такдир (баа берүү ойлонуу) жана мушахада (кароо, байкоо) кылып жаткан.

Алла Таалага тиешелүү болгон бул өзгөчөлүктөрдү алсыз, кемчиликтүү жана чектүү болгон макулуктардын түшүнүүсү, аңдап-кабылдоосу мүмкүн эмес. Адамдын акылы убакытка жана орунга (турак-жайга) көз каранды болбогон эзелийликти жана анын сырларын кантип көрө алат?»

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.