Куран болгон жана боло турган баардык нерсе тууралуу баяндайт дешет, бул туурабы? Туура болсо, учурдагы кээ бир илим жана техникага байланышкан маселелерди буга кошууга болобу?

Улуу Жаратуучу адам баласынын үйрөнүшүнө уруксат берген жана материалдык-руханий өсүп-өнүгүшүнө ортомчу болчуу бардык нерсе тууралуу кыскача айткан. Бирок Кудай жол бербеген, адам баласынын бул жана тигил дүйнөлүк жашоосуна пайдасы тийбеген нерселер тууралуу айтышы мүмкүн эмес. Анткени мындай маанисиз нерселер тууралуу айтуу Куран сыяктуу улуу китепке жарашмак эмес, Куран баштан аяк пайдасыз жана бош нерселерден оолак!

Куран кайсы бир маселени талдоодо, өзүнө таандык бир жолу бар, бул жол тууралуу маалыматы болбогон, анализдеп, изилдөөчү адам үмүт кылган нерсесин жолуктура албай калышы ыктымал.

Курандын эң биринчи максаты – көргөзмө сымал болгон бул ааламды жана анын чыныгы Ээсин – сөз, саптар, параграф жана китептер аркылуу таанытуу, ыйман жана ибадат жолун ачуу, жекече жана коомдук турмушту тартипке келтирүү, дүйнөлүк бакубат турмуштун акыретте да уланышына шарт түзүп, адам баласын чексиз бактылуулукка жеткирүү.

Ошондуктан Куран бул улуу максатты жүзөгө ашыруу үчүн бардык нерсе тууралуу айтат. Керектүү маселелерди ушул максатка ылайык баяндайт. Бардык нерселер тууралуу ордуна жана даражаларына жараша кеп салат.

Мындай кылбастан, жалгыз XX кылымдын кээ бир укмуштары тууралуу айтса, баяндала турган көп нерсе баяндалбай, бир топ акыйкаттар, өзгөчө, адам баласы кайдыгер ташталып калмак. Бул болсо Курандын негизги максатына туура келбейт.

Адам баласы үчүн түшүрүлгөн жана анын Жаратуучусу менен болгон байланышын, анын түбөлүктүү жыргалчылыгын көздөгөн Куран максат кылган нерсесинин улуулугуна, кеңдигине жана зарылдыгына жараша көп кырдуулукка ээ. Анын бул көп кырдуулугун толук сүрөттөш үчүн китепканаларды толтурган китептер жана тафсирлер жазылган.

Адабияттын «дөө-шаалары» Курандын кереметтүү баянына айраң-таң калышкан, обөективдүү жана субөективдүү нерселерге (аалам жана анын ичиндеги окуялар менен кишинин напсиси, ички дүйнөсү жана жеке турмушу) назар салган илимпоздор анын нуру астында нерселер менен окуялардын чыныгы жүзүн көрүп түшүнө билүү бактысына жетишкен. Психологдор, социологдор адам баласынын рухуна байланыштуу татаал маселелерди анын жардамы менен чечишүүдө, адеп-ахлак жактан тарбиялоочулар болсо Куранды бүтпөс-түгөнбөс булак сыяктуу көрүп, келечек муундарды тарбиялоодо пайдаланууда.

Сөздү бул кенен жана бай китептин адистеринин баянына таштап, окурманга бул тууралуу жазылган тафсир китептерди сунуш кылабыз. Антпесе, бир жылда араң Куранды бардык тарабынан суроо-жооп менен баяндап берүү мүмкүн эмес экендигин урматтуу окурмандарыбыз дагы түшүнүшөөр.

Бирок Курандын дагы бир жагы бар, жаштар ошол тарабына көбүрөөк кызыгат, ал – Курандын позитивдүү илим-билимге тиешелүү жагы. Берилген суроодо ушул нерсе максат кылынгандыгы үчүн биз ушул жагына басым жасайлы.

Чындыгында, Курандын позитивдүү илим-билимге тиешелүү аяттарынын маани жана маңызында кээ бир нерселерге белгилер бар. Бул темада жүздөгөн чыгармалар жарык көрдү. Бирок көбү доордун илим-билими менен маданиятынын таасири астында калып, жазылган чыгармалар окурман үчүн шек-күмөндүү түрдө каралган. Али тактала элек теорияларды илимий чындык катары кабыл алып, Курандын чындыктарын алар менен чаташтырып, Куранды бурмалап, даражасын төмөн түшүрө турган көрүнүштөр болгон. Негизинде болсо, Курандын ошол маселелерге тиешелүү баяны ачык-айкын айтылган. Изденүү менен жашаган бардык деңгээлдеги инсандарга түшүнүктүү боло тургандай көрүнүшкө ээ. Куран аны алып келген периште менен тоодо кой баккан койчу Кудайдын буйруктарын бирдей түшүнө ала турган таризде. Курандын адамдын жан эргиткен лаззатынан сөз кылбай туралы.

Эми ушул айткандарыбызга далил катары Курандын кээ бир аяттарынан мисал келтирели:

1. Эзелтеден түбөлүккө карай бардык нерсени көргөн жана билген Улук Жаратуучу, оболу, жалпы мааниде келечекте илим-билим жана анын натыйжасы катары ыйман доору боло турганына көңүлдү бурууда: «Аларга ушул Куран чын эле Алла тарабынан түшүрүлгөн Туура (Китеп) экендиги анык маалым болмоюнча, албетте, Биз аларга тегеректин төрт бурчундагы жана өз тулку-бойлорундагы (Биздин бардыгыбызды жана кудуретибизди далилдей турган) аян-белгилерибизди көрсөтө беребиз.» (Фуссилат/53). Суфизм жолун карманган сопуларда «маврид» (далилдүү күчтүү негиз) катары билинген бул аят илимий жактан изилденгенде өзүнчө бир акылды таң калтырган мужиза экени байкалат.

Макро ааламдан микро ааламга чейин, адам баласынын изилдөө жана ой жүгүртүү алкагына кирген баардык нерсе келечекте илимий изилденген натыйжалары менен Куранды тастыктап, Жараткандын бар жана бир экенин көрсөтөт. Азыркы учурда китепканалардын китеп текчелеринен орун алган, бул темага байланышкан жүздөгөн китептерди карап көргөнүбүздө, Кудайдын баянынын тездик менен жүзөгө ашып баратканына күбө болуп, азыртан эле келечекте сырлары ачыла турган табиятка тиешелүү миңдеген тилдин Кудайга тасбих айтып жаткандыгын уккандай болобуз. Чындыгында азыркы күндө көптөгөн кубулуш, окуялардын тили менен “жети асман, жер жана алардын ичиндегилер Жаратканга тасбих айтышат. Ага мактоолор жана тасбих айтпаган эч нерсе жок. Бирок силер, алардын тасбихтерин түшүнбөйсүңөр” (Исраа/44). Акыйкат тууралуу биз түшүнгөн нерселер аз эмес. Ооба, атомдордун кыймылынан баштап, жылдыздардын чыгарган добуштарына чейин бир топ нерселерди түшүнүп жатабыз. Бирок, ааламдагы тасбихтерди сезип, түшүнө тургандардын саны аз, аны дүйнөгө жар сала турган Куранды түшүнгөн жамааттын акыбалы алсыз болууда.

2.

Башка жерде эне курсагында түйүлдүктүн өөрчүү этаптарынын бөлүнүшү тууралуу айтылат: «(Ант болсун) Биз инсанды ылайдын маңызынан жараттык. (Түшүндүрмө: «Ылайдын маңызы» - дегени – ылай жер жынысындагы бардык заттар) Андан соң аны (бардык адамзатты) алгач нутфа-бел сууну бекем жайга (жатынга) орноттук. Андан соң бул нутфадан коюу канды жаратып, коюу кандан бир кесим этти жаратып, бир кесим эттен сөөктөрдү жаратып, ал сөөктөргө эт каптадык, андан соң (ага жан киргизип, алгачкы бир тамчы суу-нутфадан бүтүндөй) башка бир жандуу абалында пайда кылдык. Эң көркөм жаратуучу (жоктон бар кылуучу болгон) Алла берекеттүү улук.» (Момундар/12-13-14).

Дагы бир аятта эне курсагындагы башка бир нерсе тууралуу баяндайт: «Ал силерди энеңердин курсагында үч (кабат) караңгылык ичинде акырындап (сперма, коюу кан, бир кесим эт) пайда кылып жаратат…» (Зумар/6). Биз билгендей, жатын ичи үч кабаттан турат – параметрий, миометрий, эндометрий. Булар суу, жылуулук жана жарык өткөрбөс чел кабыктан турат. Куран буларды «караңгылык» деп атап, адам баласынын ушул үч караңгылыктын ичинде жаратылганын түшүндүрүүдө.

Эми заманбап анатомияга жол көрсөтө турган бул аяттардагы нускалуу баяндарды доктурларыбызга калтырып, башка темага өтөлү.

3. Куран сүттүн пайда болушу тууралуу ачык жана даана баяндоодо: «Айтмакчы, силер үчүн үй айбандарында да бир өрнөк бар. Биз силерди алардын курсактарындагы нажасат (ыпылас нерселер, жарым сиңирилген азыктар) жана кандын арасынан ичүүчүлөр үчүн өтүмдүү, даамдуу болуп чыккан нерсе таза сүт менен сугарабыз.» (Нахл/66) Жеп-ичилген азык заттардын, оболу, жарым сиңирилиши, андан кийин сиңирилген азыктардын сүт бездеринде экинчи жолу процедурадан өтүшүн Куран дапдаана айтууда.

4. Курандын дагы бир мужиза-керемет баяны – бардык нерсенин эркек-ургаачы жуп болуп жаратылышы тууралуу. «Жерден өнө турган нерселерден, (адамдардын) өздөрүнөн да, алар билбей турган нерселерден да болгон бардык жуптарды жараткан аруу Зат» (Йасин/36). Жандуулардын эркек-ургаачы болуп бөлүнгөнү мурдатан эле белгилүү болчу, бирок чөптөрдүн, дарактардын жана «жана алар билбей турган канчалаган нерселер» - деген сөзү менен атомдорго, булуттарга чейин оң жана терс жуптарга бөлүү – чынында эле абдан ойлондурат жана таң калтырат. Куран дагы башка аяттары менен бардык нерсенин жуп болуусу туурасында терең токтолууда. Жогоруда айтылгандар жетиштүү болот го деген ой менен башка бир аятка көз жүгүртөлү.

5. Куран ааламдын жаратылышы тууралуу өзүнө таандык тариз менен баяндайт: «Каапыр болгон адамдар асман да, жер да (башында) тосулган (асмандан жамгыр жаабас, жерден болсо, бир да чөп өнбөс, тактап айтканда асман менен жер бири-бирине жабышылган түрдө болчу) болгондугун, анан, Биз аларды ачып жибергенибизди ( асмандан жамгыр жаадырып, жерден чөп өстүргөнүбүздү) жана бардык жандууну суудан (пайда) кылганыбызды көрүшпөдүбү?!» (Анбия/30).

Жаратылыштын алгачкы элементи «эфир» болобу, же жашоого башат болгон суу болобу, же жер шарынан жогору көтөрүлгөн газ жана буулардын кайра жамгыр түрүндө жерге түшүп, деңиздерди пайда кылуу менен, жандууларга ыңгай шарт түзө турган негиз болобу, же башкача түрдө пайда болобу айрымасы жок… Жаратылыштын бир бүтүндүн бөлүкчөлөрү экендиги баяндалууда жана чынар теректерден адамдарга чейин денесинин төрттөн үч бөлүгүн түзгөн суунун жашоого абдан зарылдыгы баса белгиленүүдө.

6. Бүткүл ааламдын ичинде өзүнчө жылдыз болгон күндүн өзгөчө мааниси бар. Куран анын эң маанилүү жагын бир ооз сөз менен төмөнкүчө баяндайт: «Күн (бир да секунд токтобой) өз мустакарры (тактап айтканда, өзүнө белгиленген сызыкта жана айланада) ичинде жүрөт» (Йасин/38). Бул баян Күндүн өзүнө бөлүнүп берилген орбитада айланганын айткандай эле, башка оордук борборун көздөй жылып баратканын да түшүндүрүүдө. Ошону менен бирге эле бир учурда өз жумушун, милдетин бүтүргөндөн кийин бир жерге барып токтой тургандыгына көңүлдү бурат.

Ушул бир ооз сөз менен көптөгөн чындыктарды айтуу Курандын тилинин бай экендигин айгинелейт. Ушундай кереметтүү жана жеткиликтүү дагы бир баян ааламдын кеңейүүсү тууралуу аят болуп саналат.

7. «Асманды Биз кудурет менен тургуздук. Биз аны дайыма кеңейтип баратабыз.» (Заарийат/47). Дагы бир ооз сөз менен чоң бир чындыкка көңүлүбүздү бурат. Асмандагы планеталардын бири-биринен барган сайын алыстап баратканын баяндаган аят кандай айтса да чындыкты айтат.

8. Дагы бир аятта бул жакындоо, алыстоо жана бири-биринин ичинде айлануу мыйзамына көңүлдү бурууда. «Алла асманды силер көргүдөй тирөөчү жок түркүксүз көтөрүп койгон…» (Раад/2). Бир мыйзам ичинде кыймылдаган системалар, жылдыздар жана спутниктер белгилүү бир эреже менен «түркүк» үстүндө айланууда, бирок ал «түркүк» жөнөкөй көзгө көрүнбөйт. Бул «түркүк» - планеталардын ортосундагы түртүлүү күчү. Хаж сүрөөсүнүн 65-аятында те асмандагы планеталардын жер бетине түшө турган абалда экендигин, бирок Улуу Жаратуучунун буга жол бербегендиги тууралуу айтылууда, бул болсо планеталардын тартылуу күчү.

Бул теманы Ньютондун мыйзамы же Эйнштейндин мыйзамы менен, кандай карасаңар да дапдаана түшүнүктүү болуп турат.

9. Учурдун актуалдуу маселелеринин арасында маанилүү жерди ээлеген Айга саякаттоо темасы бир ишаарат менен өзүнүн шыбагасын алууда деген ойдобуз. «Толгон айга ант болсун, албетте, силер (эй, инсандар), кабаттан кабатка минерсиңер» (Иншикак/18-19). Мурдагы тафсирчилер «бир абалдан башкача абалга өтөсүңөр, кейиптен кейипке киресиңер.» - деп тафсир кылышса да, биз Айга ант кылынгандан кийин жогоруда айтылган маани дагы ылайыгыраак деген ойдобуз.

10. Жер шарынын өзгөрүшүнө тиешелүү бир аят көңүлдү бурбай койбойт: «Биздин жерге келип, аны учтарынан кемиткенибизди көрбөй жатышабы жеңишке жеткен аларбы, же бизби?» (Анбия/44)

Жердин учтарынын кемигени – жамгыр, сел жана шамалдар аркылуу тоолордун коррозияга учурашынан дагы көбүрөөк уюлдардын өзгөрүүгө дуушар болуусу тууралуу айтылса керек

11. Акыркы мисал катары Ай менен Күндүн окшоштуктары тууралуу айталы: «Биз түн менен күндүздү эки белги-аян кылдык. Түндүн аян-белгисин өчүрдүк, күндүздүн аян-белгисин нурдандыруучу кылдык.» (Ал-Исра/12).

Ибни Аббас түндүн белгиси – Ай, күндүздүн белгиси – күн дейт. Ошондуктан, «түндүн аян-белгисин өчүрдүк» сүйлөмү аркылуу эзелки өткөн замандарда Ай дагы Күн сыяктуу жарык чачкан планета болгонун, ысыктыгы болгону, анан кийин Улук Жаратуучунун анын жарыгы менен ысыктыгын өчүргөнүн айтат, бир жактан алып караганда, айдын муруңку абалы баяндалып, бир жактан жылдыздардын тагдыры жана акыбети тууралуу сөз жүрүүдө.

Ишаарат кылынган бир нече мисалдар сыяктуу Куранда дагы бир топ аяттар адамзатка байланыштуу бардык нерсе тууралуу жалпысынан болсо дагы Куранда баяндалгандыгын, бул маселелер тууралуу Курандын кереметтүү баяндоосун жана адам баласынын бул маселелерди ушундай кереметтүү көрүнүштө баяндай алуусу мүмкүн эмес экендигин көрсөтүп турат.

Келечекте күчү жеткен бирөөнүн Курандын ушуга окшош аяттарын жогоруда айтылган өлчөмдөр ичинде түшүндүрмө берип тафсир кылат деген үмүт менен бул теманы аяктайлы.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.