• Башкы бет
  • Чыгармалары
  • Доорубузда Пайда Болгон Суроолор
  • Куран Керимде «Кимге далалат (адашкандык) мурад кылсам, далалаттан кутулбайт.» деп айтылат, ары «Адам баласына акыл бердим, ирадасын (эркин, каалоосун) өз колуна калтырдым, мындан тышкары туура жолду да, ийри жолду да көрсөттүм. Кайсынысы менен жүрсө, ошо

Куран Керимде «Кимге далалат (адашкандык) мурад кылсам, далалаттан кутулбайт.» деп айтылат, ары «Адам баласына акыл бердим, ирадасын (эркин, каалоосун) өз колуна калтырдым, мындан тышкары туура жолду да, ийри жолду да көрсөттүм. Кайсынысы менен жүрсө, ошо

Бул суроодо эки вариант бар: бири Алла Таала кулли ирадасы кан­дай кааласа, ошондой болобу, же адам өз ирадасы менен кылабы? Бул суроодогу аят төмөнкүчө: «Мен йахдихиллаху фалаа мудилла лах. Ва ман йудлил фалаа хаадия лах: Алла кимди хидаятка жеткизсе, аны эч ким адаштыра албайт. Кимди адаштырса, эч ким ага хидаят бере ал­байт.» Мааниси боюнча хидаят: туура жол, рушд, пайгамбарлардын жолу. Далалат болсо, бузукулардын жолу, туура жолдон адашуу де­генди билдирет.

Жакшылап көңүл буруп карай турган болсок, булардын экөө тең кыймыл-аракет. Адамзатка таандык жагынан бир функция болуп са­налат. Ушул себептен улам, экөөнү тең Аллага ыйгаруу талап кылы­нат. Жогоруда айтылгандай, ар бир иш Аллага таандык. Ага таандык болбогон эч бир иш жок. Далалатты Мудил ысмынын талабы менен, хидаятты Хаади ысмынын чагылуусуна байлаган бир гана Алла. Ырас, экөөнү тең Алла берген.

Бирок бул кулдун эч бир кийлигишүүсү болбостон, Алла тарабы­нан зордолуп, далалатка түртүлүп, же хидаятка багытталат, мунун на­тыйжасында же бузуку, же рашид (дурус) болот деген мааниге кел­бейт.

Бул маселени кыскача төмөнкүчө түшүнсө да болот. Хидаятка (туу­ра жолго) түшүүдө, же далалатка түшүүдө бир иш канчалык болсо, мисалы, бул иш он тонна салмакта болсо, мунун он пайызын да адам­га ыйгаруу туура эмес. Чыныгы мүлктүн ээси Алла жана ал иш сөз­сүз түрдө мүлктүн ээсине берилүүгө тийиш.

Бир мисал келтирели: Алла хидаят кылат жана бул хидаяттын се­бептери бар: мечитке келүү, насаат угуу, пикир жактан өнүгүү. Булар хидаяттын жолдору. Куран Каримди угуу, маанисин изилдеп, те­реңдиктерине үңүлүү да хидаяттын жолуна кирет. Мечитке баруу хи­даятка бир аз жүз буруу болсо да, Алла мечитке келүүнү хидаятка се­беп кылышы мүмкүн. Хидаят кылган Алла, бирок бул ишке пенде кадам таштайт.

Инсан шарапканага, бутканага барат, ушундайча «Мудилл» ысмы­нын эшигин каккылап, «Мени туура жолдон адаштыр.» деген бо­лот. Алла кааласа, аны туура жолдон чыгарат. Кааласа, адаштырбайт. Жакшылап көңүл буруп карай турган болсоң, адам баласында кичи­некей бир эрк бар, ал хидаятка дагы, адашууга дагы чыныгы себеп боло албайт.

Төмөнкүдөй бир мисал келтирейин: Силер Куран Каримди, шарият маселелерин укканыңарда, же илимий бир чыгарма окуганыңарда, жүрөгүңөр нурга толот. Ал эми кимдир бирөөлөр мечиттин жанында азанды, шарият маселелерин, чын дилден дуба кылып, жалбаруулар­ды укса, аны жактырбай, тынчы кетет: «Бул эмне ызычуу үн?» деп азан тууралуу жаман сөз айтат.

Демек, хидаят кылган да, далалатка түшүргөн да Алла. Бирок ки­ши далалаттын жолуна кирген болсо, Алла миңден 999, 9 дана ашы­гыраак өзүнө таандык ишти орундатат (баскычка баскандай), андан кийин пенде адашуу жолуна ыктаса аны жазаландырат, же кечирет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.