Кудайды сүрөттөө аркылуу билсе болобу?

Алла тууралуу биз бизге үйрөтүлгөндөн башкасын билбейбиз. Акыл бул туурасында эч нерсе айта албайт. Бул маселеде акыл ва­хийди гана ээрчийт. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен ачыктоого болот:

Мисалы, биз бир үйдүн ичинде отурабыз. Анан бир убакта каалга кагылды. Чындыгында, бул каалганын эле кагылышы болчу. Бирок, биз менен отурган кээ бир адамдар, кээ бир ойпикирлерди айта баш­ташты: «Эшикти тыкылдаткан баландай киши, түкүндөй киши ж.б.» Биз муну элестетүү дейбиз. Башка бирөөлөр болсо: Мындай маселеде элестетүү туура эмес. Акылдын милдети каалганын кагылышынан анын артында турган бирөөнүн бар экенин тастыктоо, бирок каалга­нын артында турган ким экендиги каалганы каккан адамдын өзүнө гана маалым. Биз муну түшүнүү дейбиз.

Бул мисалды темабызга төмөнкүчө байланыштырсак болот: Биз Алланы жараткан нерселеринен ысымдарына, ысымдарынан сыпат­тарына, сыпаттарынан Затынын чагылышына жогорулап, Аны таа­нууга аракеттенебиз.

Башкача айтканда, жараткан нерселеринде чагылып турган Алла­нын ысымдары жана сыпаттарын көрүү менен ырахаттанабыз. Кээ­де мээримине күбө болуп, кубанабыз, кээде айбат сүрүн көргөндөй коркобуз.

Жогорудан белгилүү болгондой, биз Улуу Жаратуучуну толук таа­ный алабыз деп айта албайбыз. Анын билинишин өзүнө таандык тил менен биз көрүп турган аалам жана кайып ааламынын биригүү че­кити болгон вижданга (жандүйнөгө) калтырабыз. Ырас, Алла ысым­дары менен, сыпаттары менен белгилүү Зат. Азирети Сыддык айт­кандай: Аны таанып-билүү, таанып-билүүгө алсыз экендигиңди ка­был алуу. Же болбосо Пайгамбарыбыздын сөзү катары белгилүү бол­гон бир сөздө айтылгандай: «Сени татыктуу түрдө биле албадык, эй, Маъруф!» дейбиз.

Куран Каримдин Анын ишаракеттерине байланыштуу аныктама­ларында, Аны кыймыларакеттери жана сыпаттары менен бир Маъбу­ду Мутлак деп таанып, баардык кемчиликсиз сыпаттар менен били­

не ала тургандыгына дилибиз менен ишенип, Анын сулуулукта дагы кемчиликсиз экендигине күбө болобуз.

Андай болсо, Жаратуучуга берген убадабызды дагы бир жолу жа­ңылап, мындай дейбиз: Эй, Маъбуду Мутлак! Сени татыктуу түр­дө биле албаганыбыз чындык, бирок бизге күрөө тамырдан да жа­кын болгон жана нормо ааламдагы бул жакындыктын ичинде бүт­күл ааламды китеп барактарындай ачып, жабуудагы улуктугуң, мик­ро аалам менен макро ааламдын ортосундагы байланышты карап, са­га таандык чыгармалар менен Затыңды тааныйбыз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.