Курандын «Оку!» деп баштоосунда кандай даанышман сыр (хикмат) бар?

Алланын «Икра = Оку» буйругу ошол эң шарапаттуу барлыктын затында чагылуу менен бирге адамзатка аманат кылынган чексиз максат үчүн бир милдет ыйгаруу жана бир даават (чакыруу).

Караганда маани-маңызы түшүнүлүп, Улуу Жаратуучунун мыйзам менен кудуретинин улуктугуна күбө боло турган бул аалам лавхи махфуздун бир чагылуусу.

Алла адамзаттан башка жандуу жансыз бардык макулукту «ка­лем» катары милдеткер кылып, ушундайча ар бир макулук өзүнө тап­шырылган, өзүндө болуп өткөн окуяларды жазган жана дагы эле жа­зууда.

Жандуу жансыз ар бир макулук бир китеп. Ушул себептен, «Кө­рүп, күбө бол!» түрүндө эмес, «Оку!» деген бир буйрук келген. Ант­кени китеп, окуу үчүн. Ар бири бирден китеп болуп саналган маку­луктарга толгон бул керемет аалам, илахий бир китепкана экендиги чындык. Адамдан бөлөк бардык макулуктар бир гана «жазууга» мил­деттендирилсе, адам баласына жазуу жана окуу милдети жүктөлгөн.

Илим жаратылыштагы мыйзамтартип жана түрдүү нерселердин бирибири менен болгон байланыштарын түшүнүү жана бул түшү­нүктөрдү топторго бөлүп, жыйноо болуп эсептелет. Жаратылыштагы тартиптеги кылдаттык жана айкаштык кокусунан боло калган эмес. Ошондуктан мындай бир тартиптин, албетте, бир негиздөөчүсү бар, болгондо да Анын барлыгы бардык нерседен дагы ачыгыраак бол­гон негиздөөчү.

Ар бир нерсе ачыкка чыгарылуудан мурда ойлонулат. Кагазга тү­шүрүлөрдөн мурун архитектуралык пландын архитектордун зээнин­де сүрөттөлөөрү сыяктуу... Адам баласынын акылы бул нерсени кан­дай элестетип, сүрөттөйт, ал өзүнчө кеп, жаратылышты камтый тур­ган масштабдагы бул тартип лавхи махфуз болсо, жазылуу мыйзам Куран Карим жана ал лавхи махфуздун күзгүсү.

Демек, адам баласы окушу керек. Окуган сайын түшүнүүгө аракет кылат, кээде туура эмес түшүнөт, жаңылыштык кетирет; тажрыйба­ларды жүргүзөт; илимди изилдеп талдоо менен ишеничтүү, таяныла турган абалга жеткизет. Кароо башка, көрүү башка, түшүнүү башка, түшүнгөнүн кабыл кылып, аңсезими менен жандүйнөсүнө сиңирүү башка; андан кийин аны жүзөгө ашыруу башка жана жүзөгө ашырга­нын башкага түшүндүрүү таптакыр башка.

Ырас, түшүнүпаңдоого байланыштуу бул түрдүү түшүнүктөр да­йыма боло бере турган көрүнүш. Анткени ааламда көптөгөн мый­замдар бар жана булар мыйзамды негиздөөчү тарабынан керемет ай­каштык менен жүргүзүлүүдө. Булардын бир канчасын санай кетсек, алар төмөнкүлөр:

  1. Бирден көпкө баруу,
  2. Көптөрдүн арасында окшоштуктардын, айырманын жана ка­рамакаршылыктардын болушу,
  3. Карамакаршылыктардын ортосундагы байланыш,
  4. Мунаваба (милдетти биринин артынан бирин аткаруу),
  5. Үйрөнүү, унутуу жана кайра үйрөнүү,
  6. Аракеттенүү,
  7. Тахлил жана таркиб (анализдөө, синтездөө)
  8. Илхам.

Адам баласы бул мыйзамдардын бардыгына баш иет. Ушул себеп­тен, албетте, көп инсан болот жана инсандардын ортосунда окшош­туктар, айырмалар жана карамакаршылыктар болот. Ошондой эле, адамдар окшош, түрдүү көз караш, ишеним, мамиле жана аракетке ээ. Бирок баардык бул табигый карамакаршылыктар кыймылсыз, бош эмес, жандуу жана кыймылдуу бир тең салмактуулуктун ичинде бо­лот.

Кайра эле ушул себептен улам, бир ыйманды гана максат кылган агым илимден ажырайт жана бир гана илимди максат кылган агым ыймандан ажырайт.

Ушул себептен илим менен караңгылык (сабатсыздык), кабыл алуу менен жокко чыгаруу, улуулук жана төмөндүк, зулумдук менен ади­леттик, сүйүү менен жек көрүү, согушуу менен тынчтыкта болуу, сергектик жана ыкшоолукту камтыган бир тобокелге таянган жа­шоо темпинин жанында бардык нерсени адам баласы жасай алат де­ген ишенимге таянган сабырсыздык жана шашмалык, бузупталкалоо сыяктуу катаал окуялар болуп турат.

Бул себептен улам, ал тандалма инсан, адамзаттын сыймыгы үйрөт­көн нерселер да унутулуп, кайрадан эстелип, үйрөнүлөт. Ушул сыяк­туу эле мындай бөлүктөргө бөлүнүү, бир тахлил, түрдөнүү, көбө­йүүнүн натыйжасында, албетте, мында да жаңыдан кароо, жаңыдан теркип ишке ашат жана албетте, бир илхам, бир зухур болот. Булардын бардыгы болгон, болууда жана үзгүлтүксүз боло бермек­чи. Азирети Мусага социалдык илимдерди жана коомдук түзүлүш­түн сакталышын камсыздай турган буйруктар «Он буйрук», Азире­ти Исага коомдук мамилелерде жумшактык, мээрим, сүйүү жана то­леранттуулук, сабыр; Азирети Мухаммедге (саллаллоху алейхи ва­саллам) булардын бардыгына кошумча катары илим, даанышмандык, оюн кыскануска баяндап берүү... жөндөмдөрү жана сапаттары берил­ген эле.

Бул себептен улам, мусулман болуу башкаларга салыштырма­луу, бир өңүттөн караганда, оорураак, жоопкерчиликтүүрөөк, бирок ошончолук улуу нерсе. Анткени коомдук негиздерден башка сүйүү жана толеранттуулук, жумшактык жана мээрим, сабырдуулук менен кошо илим, даанышмандык... сыяктуу дагы бир топ сапаттарды та­лап кылат.

Ушул себептен, физика, химия, астрономия, биология сыяктуу илимдердин тармагында жасалган ачылыштар, өнүгүүлөр, акыры лавхи махфузда ойлонулуп, Куран Каримде жазылган жана ааламда мезгил мезгили менен жана биринин артынан бири көрүнгөн негиз­дердин кээ бирин кенен түшүнүүгө өбөлгө түзгөндүктөн, баардык жан дүйнөсү терең инсандарды куттуктап, мактоо керек.

Бирок мындай кызматтын ийгиликтери менен бирге, Жараткан­ды жокко чыгаруу, илахий илхам менен иршадды кабылдабоо, адам­ды кудайлаштыруу, адамдын эркин чексиз кылуу сыяктуу адашуудан адамзатты коргоо зарылдыгы туулат.

Физика жана химия лабораторияларында жүргүзүлгөн тажрыйба­ларга, үйрөнүлгөн мыйзамдарга баш ийип, физика, химия жана био­логия кубулуштарына жаңы багыттар көрсөтүлбөсө, жаңы нерселер­ге ачылыш жасоо жана жаңы нерселерди ойлоп табуу ийгилиги ман­чыркатып, көздөрүн тумандатып, аны коомдон таптакыр бөлүп салуу коркунучу бар.

Учурдагы илимдерди сенектиктен, супсактыктан куткаруу; оболу илимдерге негиз болгон маселелерди татыктуу түрдө түшүнүүгө жар­дам берет; экинчиден адамдын эрки жана акылы жете турган нерсени аткаруу, ички сезимдерин жашоосунда жүзөгө ашырат.

Ошондо сабаттуу инсандардын тилинен бал куюлуп, ааламды ки­теп сыяктуу сөзмө сөз, сапма сап окушат. Ансыз деле ааламды китеп­тен башкача көрүү мүмкүн эмес. Анткени, алгачкы жаратылган нерсе «калем», алгачкы буйрук «оку» болгон...

Бирок, бул маселе биз ойлогончолук оңойолтоң эмес. Тышкы жана ички сезимдердин окуяларга карата кылдат болгон бир сезим, бир көрүш болсо да, бул сезимдердин бириндеги кемчилик калгандарын таасирсиз кылат.

Ошон үчүн Кураны Мужизуль Баянда сокурлук, дүлөйлүк жана дудуктук бирге эскерилет. Анткени таквиний буйруктар көз менен окулгандай эле, танзилий буйруктарды кулак кабыл алып, аны тил баяндайт.

Ошондуктан, объективтүү жана субъективтүү нерселерди көрө ал­баган, кулагына угулганда укпайт, укса да түшүнбөйт. Ошондуктан, кулагына Кудайдын буйругу угулганда жандүйнөсү ойгонбогон пен­де Жаратуучунун жаратылышка койгон мыйзамдары (ашшарият-ул фитрия) менен курубекер алпурушуудан өзүн куткара албайт.

Демек, «Оку!» бир бүтүндөшүүнүн жана бүтүндөштүрүүнүн, бир назар салуунун жана талдоонун, көрүп, сезүүнүн, андан кийин бул ички сезимдерди тил менен баяндоо болгондуктан, биз үчүн алгачкы буйрук болуусу кандай гана маанилүү.

Маанилүүлүгүнө карай бир аз узун баяндалды жана мезгил мезги­ли менен деталдуу темаларга токтолду. Кайра кайра талданып окула турган болсо, бизге кечиримдүүлүк менен карайт деген ойдобуз.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2021 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.