Мечиттердин кереметтүү дүйнөсү

Биздин маданиятыбыздын эң маанилүү жагын мечиттерибиз ээлейт. Бизде мечиттер, толугу менен өзүбүздүн цивилизациябыздын жана маданиятыбыздын жемиши. Бул мечиттер, биздин руханиятыбыздын тарыхы менен ушунчалык тыгыз байланышта болгондуктан, алардын чөйрөсүндө жашоо жагымдуу. Шаарларыбыздагы, айылдарыбыздагы мечиттер, турган жерлериндеги жашоочулар үчүн эне кучагындай мээримдүү жана уядай жылуу. Төрт тарабынан барып мечитке такалчу жолдордо момундар күнүнө бир канча жолу Аллага жолуккандай болушат жана Аллага жолугуунун кубанчын сезишет.

Биз кайда болсок дагы, ар дайым мечиттердин жүрөгүбүзгө салган руханий азыгын, аба, сууга муктаж болгондой муктаждык менен кабыл алып, ал чөйрөдөн угулган ар бир үнгө, сыйкырдуу бир кайрык сыяктуу кулак төшөйбүз.

Мечиттердин көпчүлүгү курулган жерлеринде жалгыз эмес. Алар айланасындагы медреселер, конок үйлөрү, кээ бирлеринин жанында ооруканалар, мончолор жана кербенсарайлар сыяктуу нерселери менен бирге. Ал чөйрөгө дили менен берилген адамдар ал жердин руханий таасиринде калат.

Чыгыштан батышка карай бара берсең, мечиттерден күндүн ар бир саатында жерден көккө такбирлер, күбөлүк келимелеринин көтөрүлүп, жер көккө кол сермеп, көктүн кооздугу толугу менен жерге чагылып тургандыгына күбө болгондой сезилет.

Pin It
  • Created on .
Copyright © 2024 Фетхуллах Гүлен Интернет Баракчасы. Бардык укуктар сакталган.
fgulen.com түрк ойчул-даанышманы Фетхуллах Гүлендин расмий интернет баракчасы болуп саналат.