Индонезияда Фетхуллах Гүлен

Индонезияда Фетхуллах Гүлен

Индонезия, дүйнөдө элинин саны боюнча эң чоң өлкөлөрдүн арасынан орун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бир тууган өлкө. Бул жерде бир канча жылдан бери жашап, ар кандай себептер менен жолуккан, бирге болгон интеллигент, ойчул, жамаат лидерлери жана илимпоздору Урматтуу Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырза тууралуу эң жакшы ойлорун жана көз караштарына күбө болдум. Алардын көбү Урматтуу Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырза менен жүзмө-жүз көрүшкөн эмес. Болгону анын которулган чыгармаларын окуп же алдына жүгүртмө жазуулары бар лекцияларын угуп, ага баа беришкендигин билдиришкен.

Өткөн жылы Индонезиянын 20 ар кайсыл университеттеринде жана академияларында Фетхуллах мырзанын калемине таандык “Чексиз Нур” аттуу Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (САВ) өмүр баяны жөнүндө жазылган чыгармасын таануу максатында уюштурулган семинарларга жана конференцияларга катыштым. Барган жерлерибизде жергиликтүү чыгаан адамдардын катышуусу менен ал программалар өзгөчө кызыктуу жана терең мааниге ээ болуп жатты. Өлкөнүн улуу ойчул адамдарынан Эмха Аинун Нажиб, Жакарта шаарында Мамлекеттик Ислам Университетинде уюштурулган Чексиз Нур конференциясына лекциясы менен катышты. Өлкөдө анын кадыр-баркы жогору болгондуктан 700 адамдык конференция залы, тик турган угуучулар, коридорлордо отургандан ж.б. менен миңден ашуун адам болду. Катышуучулардын толкунданган көз караштарынын кучагында Наджиб мырза чыгарманы анализдеп сүйлөдү. Сөзүнүн арасында төмөнкүлөрдү айтып өттү: “Бул чыгарманын автору Урматтуу Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырза Пайгамбарды (САВ) жанынан артык сүйгөн, руханий дүйнөсү деңиздей терең адам. Мына ушундай инсандын Түркияда төрөлүп, өскөнү да чоң мааниге ээ. Тарыхы, мүмкүнчүлүгү жана мамлекеттер аралык орду жагынан алып караганда Түркия Ислам дүйнөсүнүн көзүнүн кареги. Мына ушул мааниде да Урматтуу Гүлен мырза тагдырдын таамай тандаган эң ылайыктуу өлкөдү төрөлүп, өскөн. Ал - Түркиянын гана эмес, бүтүндөй дүйнөнүн мугалими. Анын Түркияда туулуп-өссө да ал биз үчүн керектүү инсан. “Даанышмандык – момундун кенчи” деген хадисте айтылгандай, биз андан жана анын чыгармаларынан жакшы пайдаланышыбыз зарыл”.

Биз үйүнө барып таанышкан дагы бир улуу инсан профессор доктор Ахмад Сияфии Маариф – өлкөдөгү эң чоң диний жамааттарынын бири, бүгүнкү күнүбүздө 30 миллиондон ашуун мүчөсү, 14 миң мектеби, 456 ооруканасы, 114 жогорку окуу жайы бар Мухаммадия жамаатынын мурдагы башчысы жана өлкөнүн эң алдыңкы инттеелигенттеринин бири. Ал бизге үйүнүн эшигин ачып жатып айткан эки ооз сөзү да өтө маанилүү эле: “Дүйнөгө багыт көрсөтө турган жигиттер, келгиле, киргиле”. Бул жолугушуубуздан кийинчерээк Чексиз Нурду таанытуу семинарына келген профессор Маариф семинардан чыгып бара жатып төмөнкү ойлорун билдирди: “Гүлен мырзанын ой чабыты Түркия менен чектелбейт. Ой-пикирлерин кагаз бетине эң сонун чагылдыра алган улуу ойчул. Ал бир гана Ислам илимдери эмес, Батыш көз карашын да эң жакшы билген илимпоз. Ал мугалим, ал жазуучу, миллиондогон адамдарга илхам башаты болгон аалым. Анын жагымдуу, жугумдуу сөздөрү угуучулардын жана окурмандардын аң-сезимине гана эмес, көңүлүнө да кайрылат”.

Мухаммадия жамаатынын азыркы лидери профессор доктор Дин Сиямсудин акыркы жолу Түркияда болуп өткөн 84кө жакын өлкөдөн илимпоздор, ойчулдар, диний лидерлер, муфтий жана шейхул ислам, министрлер катышкан “Ижма жана Жамаатт” аттуу симпозиумга катышып келгенден кийин жолукканыбызда чын дилинен төмөнкүлөрдү айтты: “Урматтуу Фетхуллах Гүлендин билим берүү жана диалог жаатындагы иш-аракеттерин аягына чейин колдойм. Укмуштай жакшы кызматтар болуп жатат. Биз дагы жаңы бир телеканал ачтык. Анда Чексиз Нурду окууга болот. Биргелешип программаларды уюштурууну сунуштайм. Биз биргелешип иштөөгө ар дайым даярбыз...”. Азыркы учурда бир канча гимназия, лицей, бир университетте окуу китеби катары окутулган Чексиз Нур, ар жылы Мавлидге байланыштуу университтерде уюштурулган жана миңдеген адамдар катышкан жарыштарда жаштардын Пайгамбарыбызга (САВ) болгон сүйүүсүнүн артышына себепчи болууда.

Дагы бир чоң ислам жамааты бул – Нахдатул Улама. Өздөрүнүн айтуусу боюнча жамаат мүчөлөрүнүн саны 50 миллионго жакын. Профессор доктор Саид Акил Сирож – ушул жамааттын азыркы учурдагы башчысы. Ал Чексиз Нур аркылуу Урматтуу Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырзанын чыгармалары менен таанышып, семинарларга катышкан. Профессор Сирож Фетхуллах Гүлен мырза тууралуу мындай дейт: “Фетхуллах Гүлен ар тараптуу лидердин сапаттарга өзгөчө инсан. Технологияга жанаша Куран жана сүннөт принциптери менен жашоону бизге эскерткен чыныгы аалым. Ал диний маселелерди мыкты ачыктап түшүндүргөн ойчул, эл аралык тынчтык, ынтымак жана келишимдин жарчысы”.

Нахдатул Улама коомунун негиздөөчүсү жана азыркы лидерлердин бири Салахуддин Вахид, Түркиялыктардын жоомарттык менен кылган кызматтарын орундуу көрүп, мындай деген: “Урматтуу Фетхуллах Гүлен жана анын колдоочулары бүтүн дүйнөдө Ислам дининин “ааламдарга мээрим” булагы болгондугун эң мыкты көрсөтүшүүдө. Кызмат Кыймылы кылган жакшы иш-аракеттер Индонезия үчүн илхам башаты жана жакшылыктардын жайылышы үчүн негизги рол ойнойт”.

Индонезия өлкөсүнүн эң белгилүү дин таанучуларынын бири Юсуф Мансур, Фетхуллах Гүлен мырзанын жүгүртмө жазуу менен которулган баянын укканда катуу таасирленген эле. Кийинки жолугушууларыбызда “Арадан көп убакыт өткөнүнө карабастан, ошол баянынын таасири али тарай элек” деп, көздөрүнө жаш толду. Анан “Кудайга шүгүр, Фетхуллах Гүлен мырзанын Пайгамбарыбызды тааныткан үнүн угуу мага насип болду. Анын Пайгамбарыбызга болгон сүйүүсү өтө укмуш экен! Мечитте анын баянын угуп отурган жамаат эле эмес, мени менен кошо Индонезиядагы залды толтурган Мусулмандар анын жанында отурбасак да ыйлап жаттык. Ошол күндөн баштап, Фетхуллах мырзаны жактырып, ал менин сабак алган мугалимим сыяктуу болуп калды. Дароо анын китептерин алып окуй баштадым. Анын ой-пикир, көз караштарын, иш-аракеттерин изилдеп билүүгө кириштим... Кудай ай! Анын чыгармаларынын укмуштугун айт! Аларга сүңгүп кирип сөз берметтерин таптым. Анын чыгармаларында адамзатка сүйүү жана жакшылык тартуулаган ажайып маңыз жатат. Анын иш аракетинен, көз караштарынан жана илиминен кээ бир адамдардан түздөн түз, кээ бирлери биз окшоп, бирөөлөр же чыгармалары аркылуу пайдаланып жатышат. Ал Пайгамбарыбызды сүйгөндөй мен да Пайгамбарыбызды (САВ) сүйөм деген үмүттө Урматтуу мугалим Фетхуллах Гүлен мырза менен жолугуп, кучактап көрүшүүнү өтө каалайм. Индонезияда же башка өлкөлөрдө анын жана аны колдоп сүйүүчүлөрдүн кылган кызматына чын көңүлүм менен өз салымымды кошкум келет” деди.

Аче – Осмон халифатынын доорунан бери бир тууган болуп келген Индонезиянын түндүгүндө жайгашкан шаар. Аче Ислам Университетинин ректору профессор доктор Юсни Саби менен көптөгөн программаларда жолугуп, көрүшүп турабыз. Ал кылынып жаткан кызматтар жана Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырза тууралуу кеңири маалыматка ээ. Мына ошол улуу инсан мындай дейт: “Фетхуллах Гүлен мырза – Пайгамбарыбыздын (САВ) чыныгы мураскору. Ал миллиондогон адамдар үчүн илхам башаты болгон. Биз да колубуздан келишинче чөйрөбүздү анын көз карашы жана ой-пикирлеринин ыңгайында жандандырсак жакшы болот!”.

Менин ынак досум, Жакарта Ислам Университетинин мурдагы ректору профессор доктор Амийн Абдуллах – Мухаммед Фетхуллах Гүлен мырза менен жолугуу бактылуулугуна ээ болгон бир канча Индонезиялык чыгаан адамдардын бири. Ал өз оюн төмөнкүчө билдирет: “Фетхуллах Гүлен мырза – илим, маданият жана социалдык тармактагы ой-пикирлери дүйнөгө жайылган учурубуздун Ислам ойчулу. Ал дүйнө жаштарына ааламдашуу доорунда мусулмандыктын чегинде жана замандын чаркына чайналбастан, учур агымында өз нугун табуу жаатында илхам башаты болууда”.

М. Фетхуллах Гүлен мырза илими, ой-пикири жана кылган кызматтары менен төгөрөктүн төрт бурчундагы илимпоз жана ойчул адамдарды таңкалтырган улуу инсан. Аны каралап, адамдардын урмат-сыйынан ажыратууга аракет кылып, анын атына көө жабууга кимдер аракет кылып жатышат. Күндүн жүзүн баткак менен булгоого аракет кылган байкуштар кандай күлкүнүштүү пас абалга түшүп жатканын билишсе жакшы болмок.

Али Үнсал, Жакартадагы Мамлекеттик Ислам Университетинде Фетхуллах Гүленди таанытуу клубунун жетекчиси.