Ислам жана террор дал келбейт

Ислам жана террор дал келбейт

Мусулмандыкта террорго орун жок

Ислам өкүлдөрү көптөгөн жылдар бою “ислам жана террор айкалышпайт” деп ырастап келишкен, бирок 2001-жылдын 11-сентябры келди. Андан кийин көптөгөн мамлекеттерде, алардын катарында Түркияда да бомбалар жарыла баштады. Буларды жасап жаткандар да биздин арабыздан чыкты. Биз буга каршы биринчилерден болуп көтөрүлүп чыгуубуз керек эмеспи?

Сиз туптуура айтасыз. Азыркы кезде дүйнөдө мусулманчылык эмне экенин жетиштүү деңгээлде билишпейт. Мусулмандар алдыга чыгып: «Чыныгы мусулмандыкта террорго орун жок», - деп айтуулары керек эле. Анткени, исламда адам өлтүрүү – Жараткандын эркине каршы жасалган кадам. Эч кимдин адам өлтүрүүгө укугу жок. Ал тургай согуш майданында да күнөөсүз адамдарга зыян келтирүүгө болбойт. Эч ким буга фатва (шариятта укуктук чечим) бере албайт. Эч ким жанкечти боло албайт. Коргоосуз адамдар кандай гана ишенимде болбосун, өзүнө бомба байлап, аларга жакындоого укугу жок. Алтургай бардык тең салмактуулуктар бузулган согуш убагында да мындайга уруксат берилбейт. Кичинекей балага зыян келтирүүгө болбойт, ибадатканаларда сыйынып жаткандарга тийүүгө болбойт деп айтылган. Бу жөн эле бир убакта айтылып калган эмес. Пайгамбарыбыз айтканды улуу урматтуу Абу Бакр (РА) айткан, урматтуу Абу Бакр (РА) айтканды Умар (РА) айткан, ал айтканды кийинчерээк Салахаддин Аюби да, Алпарслан да, Кылычарслан да кайталаган. Константинополду багынткан Фатих султан да ошону эле ырастаган. Айтты эле, башаламан Константинополь Стамбулга айланды. Тагыраак айтканда, бир да грек армянга, бир да армян грекке зыян келтирген эмес. Мусулмандар аларга эч жамандык кылган эмес. Шаар алынгандан кийин патриархияда Фатихтин чоң портрети илинген. Ал бир убактарда тартылган. Ал ошол мезгилдин патриархын өзүнө чакырып алып, ага ачкычты тапшырган. Бул тууралуу сый-урмат менен эскеришет. Ой-пикирлердин бардык агымдарына урматтап мамиле кылган бүгүн көп мааниге ээ болгон исламды бир жактуу түшүнүүгө болбойт.

Азыр ислам дүйнөсүндө кээ бир чала сабат, тиешелүү өлчөмдө даярдыгы жок насаатчылар бар экендигин өкүнүч менен айтууга милдеттүүмүн. Ислам – адилетүү дин, аны туура жеткирүү керек. Анын жолунда кандайдыр бир жалган нерселерди колдонуу одоно жаңылыштык. Эгер максат туура боло, анда ага жетиш үчүн колдонулган бардык каржаттар да туура болушу керек. Бул көз караштан алганда жан кыю аркылуу адам бейишке кире албайт. Мусулман: «Мен адам өлтүрүп, бейишке кирем» деп айта албайт. Адам өлтүрүп, Алла Тааланын ыраазылыгын ала албайсың, ал эми ар бир мусулмандын эң башкы максаты Алланын алкышына жана ыраазычылыгына татыктуу болуу жана Анын улуу ысмын бүт дүйнөгө даңазалоо болуп саналат.

Алар туура айтып жатышабы: мурда согуш майдандарда гана болгон, азыр болсо бардык жерде. Ошондуктан, муну согуш катары, жихад катары караса болобу? Жана ушул жолдо алар үчүн бейиштин жолу ушундай ачылат деп ойлогондору туурабы?

Ислам эрежелери белгилүү. Согушту адамдар жарыялай албайт. Согушту кандайдыр бир топ, уюм жарыялай албайт. Согушту мамлекет жарыялашы керек. Өлкө башчысы ага өкүм бермейинче, аскер буйрук кылмайынча ага кирүүгө болбойт. Мындай болбосо, ар ким өз билгенине жараша, согуш баштай берет. Өзүнө үч-төрт, кечиресиздер, баш кесер таап алып, алар менен бирге фронт түзөт. Башкасы болсо, өзүнө бөлөк баш кесерлерди табат. Акыл-эси ордундагы адамдар дагы, башка тараптын кандайдыр бир сапаты канааттандырбагандыктан, өз ара согуш баштоосу мүмкүн. Алар да көтөрүлүп, баланчага согуш жарыялайм деп чыгышат. Согушка, аны мамлекет жарыяламайынча, чыгууга болбойт. Бул оңой-олтоң нерсе эмес. Кимдир бирөө муну кылып жатса туура эмес, алар эң урматталган аалымдар болсо да. Анткени бул исламдын рухуна каршы келет.

Бүгүнкү күндө ойдогудай ислам дүйнөсү жок

Эгер бул ислам рухуна каршы келсе, эмне үчүн ислам дүйнөсүндө ушундай окуялар болуп жатат?

Менимче, бүгүнкү күндө ойдогудай ислам дүйнөсү жок. Мусулмандар жашап жаткан аймактар бар. Алар кээ бир жерде көбүрөөк, кээ жерде азыраак. Бул дагы мусулман маданияты. Өздөрүнүн түшүнгөнү боюнча исламды кайрадан калыптап жаткан мусулмандар бар. Мен бул сөздөр менен, өтө орой ыктап бара жаткан, мусулмандардын радикализмин айткым келген жок. Адам ишенген нерсесине чын ыкластан ишенүүсү керек жана чын ыкластан ишенген нерсесин туура кармануусу керек. Мусулманчылыкка кам көрүү керек. “Мусулман дүйнөсү” деп аталган аймактарда, бул түшүнүкө дал келген коомдор бар деп айтууга болбойт. Эгер бар деп айтсак, анда мусулманчылыкка жалаа жапкан болобуз. Эгер жок деп айтсак, анда адамдарга жалаа жабылган болот.

Мен азыркы кезде мусулмандар дүйнөнүн тең салмактуулугуна салымын кошконго мүмкүнчүлүгү бар экенин көрбөй жатам. Мен жетекчилерден мындай логиканы көрбөй жатам. Кандайдыр бир агартуу иштери жүрүп жатса да, азыркы кезде мусулман дүйнөсү өтө сабатсыз. Сиз муну ажылык убагында байкасаңыз болот. Сиз муну сыналгыда, парламенттерде, конференцияларда, өткөрүлгөн “тегерек үстөлдөрдө” көрсөңүз болот. Бул жерде зарыл болгон интеллектуалдык деңгээлдин жоктугу тууралуу сөз болуп жатат. Алар дүйнөлүк көйгөйлөрдү чече албайт. Балким, мындай нерселерди келечекте жасай алышар.

Тагыраак айтканда сиздин оюңуз боюнча “ислам дүйнөсү” деген сөздү колдонуунун кереги жоктур?

Мындай дүйнө жок. Жеке мусулмандык бар. Дүйнөнүн ар тарабында өзүнчө мусулмандар бар. Өзүнчө, бири-биринен айрым. Мен жеке өзүм идеалдуу мусулмандардын бар экенин көрбөй жатам. Азырынча башкалар менен бирге аракеттенип, биригип, биргелешип өздөрүнүн проблемаларын чечкен, аалам тууралуу ойлонгон, Куранды колуна кармап алып аны терең изилдеген, перспективаны аябай жакшы изилдеп, келечек үчүн долбоорлорду түзгөн, андагы өзүнүн ордун аныктай алган мусулмандар азырынча жок, ошондуктан мен ислам дүйнөсүнүн барлыгы тууралуу айта албайм. Ислам дүйнөсүнүн жоктугу позициясынан карасак, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бир нерсе жасап жатат. Өздөрү туура деп билген нерсени, мусулманчылыктын көз карашы жагынан туура деп баалап алган мусулмандар да бар деп айтсак болот. Мусулман окумуштуу-аалымдары бир пикирге келген, алардын, Куранды туура түшүнүүсүнө негизделген, көптөгөн тажрыйбадан өткөн “ижмалары” (окумуштуу-аалымдардын кайсы-бир маселе боюнча бир пикирге келүүсү) менен текшерилген, исламды түшүнүү бар экенин айтууга болбойт. Мусулманчылык тууралу жалпы маданият маанисинде сөз кылса болот.

Балким дайыма ушундай болгондур. Анан кыяматка чейин ушундай бойдон калабы?

Хижранын бешинчи кылымынан тартып ушундай. Бул аббасиддердин убактысынан же сельжуктар пайда болгон мезгилден башталат. Стамбулду алуу менен акыбал ого бетер кыйындаган. Бул бизге тагдыр тарабынан дайындалган мезгил. Андан кийинки убактарда жаңы талкулоолордун эшиктери жабылган. Ой-пикир чабыттары куушурулган. Исламдын жан дүйнөсүнө таандык болгон кенендик тарыган. Ислам дүйнөсүндө барган сайын уятынан ажыраган, алабарман, башкалардын пикирин кабыл албаган, ар бири жүрөктөрүн ача билүүгө жөндөмсүз адамдар пайда боло баштаган. Өздөрүнүн топтук кызыкчылыктарын биринчи катарга койгон адамдар. Мындай чектелгендик дервиштердин жайларында, хужраларда, жана өкүнүчтүүсү, медреселерде болгон. Мунун баары өз тармактарын жетектегендер тарабынан өзгөртүлүшү керек.

Террор жолуна түшкөндөр мусулман болуудан калат

Чыныгы мусулман террорчу болуптур деп ойлоого да мүмкүн эмес. Дин өз максатына жетүү үчүн адамды өлтүрүүгө жол бербейт.

“Аль-Каиданын” Түркияда дагы таянычы барлыгы айкындалды. Сиз бул маселенин диний тарабын айтып бердиңиз. Анын дагы башка тараптары барбы?

Бен Ладен - бул дүйнөдө мен эң жек көргөн адам, анткени, ал исламдын жаркын жүзүнө көө сүйкөдү, анын турпатын кирдетти. Бул акыбалды түзөтүү үчүн бардык күчүбүздү жумшасак да, буга көп жылдар керектелет. Биз бардык жерлерде ар кандай трибуналарда сүйлөп, китептерди жазып – анын ислам эместигин түшүндүрүүбүз керек болот. Бен Ладен ислам логикасын өзүнүн сезимдери жана каалоосу менен чаташтырып салды. Ал жасаган иштер – жүзү каралык. Анын тегерегинде чогулган адамдар да ошондой. Эгер Түркияда андай ойлонгон адамдар бар болсо, алар да жүзү кара болуп калышат. Биз мындай адамдардын ой жүгүртүүлөрүнө каргыш айтабыз. Бирок, “мусулмандар дүйнөсү” (мен мурда билдиргендей мындай дүйнө бар деп эсептебейм, болгону мусулмандар жашаган өлкөлөр бар) деп аталган жерлерде террорчулукту жоюу, мусулмандардын көйгөйлөрүн чечүү жолдорунда жатат. Балким, алар өздөрүн башкаруучу адамдарды шайлап жатканда башкача ойлонушар? Же болбосо, реформаларды жүргүзүшөр? Жакшы муунду тарбиялап өстүрүү үчүн мусулмандар өздөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүлөрү керек. Бир гана террорчулук көйгөйүн эмес. Аракечтик, баңгилик, тамеки тартуу сыяктуу жогорудан жиберилген башка жазалардай бул дагы кудайдын жазасы. Элдин арасындагы бөлүнүп-жарылуу да Кудайдын жазасы. Жакырчылыкк батуу да өзүнчө жаза. Башкаруучулардын кемсинтүүсү, мындай башкарууга моюн сунуу, ар дайым кордукта жашоо – бул да жаза. Түрктүн белгилүү акыны Акиф жазгандай :” Бүт жерде зордук менен зомбулук, кулчулук, кемсинтүү, ар түрдүү кемчиликтер, патологиялык күн корлук...”

Мунун баары – Алла Таала тарабынан, айрыкча биздин улутка жиберилген жаза. Менимче, мунун баарынан адептүү жана чынчыл адам болуу менен гана кутулууга болот, ал эми буга карай жол болсо, Аллага чындап берилүүдө.

Террорчулукка шыктуу адамдар, биздин көз алдыбызда мусулман үй-бүлөлөрдө өсүп жетилишти. Биз аларды мусулман деп эсептегенбиз. Алар террорчуга айлануулары үчүн кандай кубулуштарга дуушар болушту? Булардын баарына биз күнөөлү эмеспизби?

Биз күнөөлүбүз. Улут, жалпы калайык калк да күнөөлүү. Билим берүү тармагы да күнөөлүү. Исламдын негиздерин жакшы өздөштүргөн чыныгы мусулман террорчуга айлануусун элестетүү мүмкүн эмес. Террор жолуна түшкөн адам мусулман бойдон каларына ишенүү кыйын. Өз максатына жетүү үчүн дин адамдарды өлтүрүүгө жол бербейт. Биз аларга жакшы тарбия берүү үчүн кандай күч-аракеттерин жумшадык? Кандай насааттар менен алардын колу-бутун тушадык? Алар террорчу болбош үчүн алардын жоопкерчилик сезимин тарбиялай алдыкпы? Эгер адам диний баалуулуктар, Жараткандан коркуу, акыреттеги (тигил дүйнөдөгү) Сурак Күнүнөн коркуу менен, өзүнүн дининдеги эрежелерди бузуудан коркуу менен карманган болсо, анда биз диний маселелерге көбүрөөк көңүл бурушубуз керек эле. Балким, азыр деле террордук аркеттерден түзүлгөн кырдаалга таасир этүү үчүн кээ бир жолдор бардыр, бирок аларды да бууганга аракет кылышууда. Алар да болбосун деп жатышат. Тагыраак айтканда, окуу программаларында маданият жана адеп-ахлак сабактары да болбосун деп айтышууда. Биз, жашоого зарыл болгон нерселердин баары, анын ичинде жашоонун сергек болушу да мектепте калыптанышы керек деп жатабыз. Бул сабактарды дарыгерлер өтүүсү керек деп эсептейм. Жашоо, үй-бүлө, жубайлардын ортосундагы мамилелер, айрыкча балдарга тарбия берүүгө байланыштуу темалары боюнча сапаттуу сабактар берилүүсү керек. Көйгөй бир гана Түркия жана мусулмандардыкындай сезилген баңги талмага, кумар оюндарына берилүүгө паракорлукка белчеден батып жаткандыгында гана эмес. Паракорлук менен уурулук бардык жерде жайылууда. Ашкерелөөгө мүмкүн болгону ашкереленип жатат. Бирок, сураганга мүмкүн болбогон суроолор бар. Аларга жооп талап кылууга болбойт. Ошондуктан, баары жаап-жашырылып айтылбай калып, бул темалардан ушинтип оолактап кетишүүдө.

Алардын баары биздин арабызда тарбияланган адамдар. Алардын баары – биздин балдарыбыз. Алардын кээ бирлери мындай болуп кантип жетилишти? Кантип алардын кээ бирлери орой күчкө гана ишенген абалда тарбияланып калышты? Эмне үчүн алар адамзат баалуулуктарына каршы көтөрүлүп чыгышты? Эмне себептен алар өздөрүнүн улутташтарынын арасына кирип, аларга «сюрприз» даярдап, бомба сымал жарылышты? Алардын баары биздин арабызда жетилишкен. Бул деген тарбиянын жетишсиздигин билдирет. Демек, тарбия берүү системасын кемчиликтер жана жетишпегендиктер болгон, аларды терең иликтеп оңдоо керек. Демек адамды тарбиялоо алдынкы планга коюлган эмес. Бул убактын ичинде руханий канааттанууну эмне экенин билбеген, адеп-ахлагы өксүк жаш адамдардын - коомго пайдасыз жана мунжу муун калыптанган. Кимдир бирөөлөр аларга арзыбаган тыйын төлөгөн. Же болбосо роботторго айландырышкан. Азыр бул тууралуу сөз көп, прессада да бар. Кандайдыр бир дары-дармектерди беришкен Аларды дендароо абалга келтирип киши өлтүрүү, адамдарды жок кылуу максат же идея деп аны жасоого мажбурлашкан. Алардын жардамы менен бир нерселерге жетүүнү көздөшкөн.

Бул адамдарды роботторго айлантып жатышат. Кадыресе оюм боюнча Стамбулда дагы ушул сыяктуу нерселер болуп жатат. Террордук актыларга катышкандар, кудайга чын дилинен ишенгендер эмес жана мечиттерден чыккандар да эмес, чындап алар мындай ишке бара алышпайт. Роботтордун дин тууралуу билими тайкы. Алардын кайсы бир насаатчысы же сакалдуусу: «Баланча деген адамды өлтүрүү керек!», дейт. Түркияда көптөгөн адамдар курман болушту. Бир топ кишилерди өлтүрдү, башкасы башкасын жок кылды. 12-мартта (1971-жылы) адамдар колдоруна канга буланган бычактарды көтөрүп жүрүштү. Аскер кийлигишти. 12-сентябрда (1980-жыл) адамдар бир нерселерге жетүүгө аракет кылып, кайра эле колдоруна бычак көтөрүп, бири-бирин өлтүрүштү. Алардын бардыгы биринчи тарап да экинчи тарап да террорчулар, болгону өздөрүн актоо жолдорун ойлоп таап алышкан. Биринчиси: «Мен муну ислам үчүн жасап жатам» десе, экинчиси: «Мен муну биздин жер үчүн, улутубуз үчүн жасап жатам» дейт, үчүнчүсү: «Мен капитализм менен адамдарды эзүүгө каршы күрөшүп жатам» дейт. Мунун баары куру сөз. Куранда “сөз” деп эле айтылган. Эч кандай баалуулугу жок нерселер. Бирок ар бири – идея үчүн бири-бирин өлтүрүштү. Бул каргыш тийген идеялар үчүн канчалаган адамдардын жаны кыйылып кетти. Жетекчилердин бири: «Баланчанын көзүн тазалагыла» деген. Аны жок кылышкан. Биринчиси «жок кылынсын» деген, экинчиси да. Балким Сиз экөөбүз тууралуу да мындай буйруктар берилгендир, бирок тагдыр муну туура көрбөгөндүктөн, ишке ашпай калса керек. Так маалымат менде да бар болчу: “Аны дагы жок кылуу керек”, дешкен. Мунун баары террор болгон. Террорду мусулмандар гана эмес баары жасаган. Бара-бара мындай иштер көнүмүш адат болуп калган. Баарын мындай адатка үйрөтүштү. Менин эң жакшы көргөн жолдошторумдун бири бир жолу жыландын омурткасын бөлө чаап өлтүрдү. Өзү болсо имам болчу. Теология факультетинин бүтүрүүчүсү. Мен ага: “Табиятта жылаандар жашоо укугуна ээ. Аны өлтүргөнгө сенин кандай укугуң бар?”- деп аны менен бир ай сүйлөшпөй койдум. Бирок, коомду, көп сандаган адамдардын курман болушуна көнгөн абалга жеткиришти, ондон-жыйырмадан киши өлтүрүшсө: «Көп киши өлбөгөнү жакшы болбодубу», деп айтып калдык. «Болгону жыйырма-отуз киши курман болду» деп, бул айбанчылыкка биз көнүп калдык. Мына, коомду кандай акыбалга чейин жеткиришти.

Мунун баарын алдын алуу үчүн билим алуу керек. Мамлекет тийиштүү мыйзамдарды жана эрежелерди кабыл алышы керек. Азыркы убакта, коомдун аз сандуу катмары тагдырдын кийлигишүүсү менен запкы чекпей калган жана кандайдыр-бир анча маанилүү эмес окуяларга каршы чыгышып, аларга кийлигишүүнү каалап, майда бир деталдарды өтө эле апыртып жиберишти. Арадай нерсени чарадай кылып, маанилүү нерсени майда кылып көрсөтүшүүдө. Мындай кырдаалдан чыгуунун бир жолу бар – адамдарга эмне туура, эмне туура эмес экенин айырмалоону үйрөтүү. Мусулман террорчу болушу мүмкүн эместигин түшүндүрүү керек. Эмне үчүн түшүндүрүү керек? Куранда айтылган: «..жана ким чаңдын салмагынчалык жакшылык кылган болсо аны көрөт, жана ким чаңдын салмагынчалык жамандык кылган болсо, аны көрөт» (Куран, 99:7-8). Сен атомчолук бир нерсе кылган болсоң, ал үчүн жазаңды тартасын. Куран бир адамды өлтүрүү, бүтүн адамзатты өлтүрүү менен барабар экенин айтууда. Ибн-и Аббас (Мухаммед Пайгамбардын жан жөөкөрү) киши өлтүргүч түбөлүк тозокто каларын айтат. Бул нерселер диндин негизги түшүнүгү болгондуктан, демек аны үйрөтүү керек.

Автордун Түркиянын «Заман» гезитинин кабарчысы Нурия Акманга 2004-жылдын, 22-март – 1-апрель күндөрү берген интервьюларынан

Бен Ладен исламга жалаа жапты

Ислам кантип эле бири-бирине карама-каршы ыкмаларды – Бен Ладендин террорлугу жана Гүлендин сүйүү, сабырдуулук жана диалогго чакыруусун жаратсын. Экөө тең өздөрүнүн идеяларынын булагы катары диний ишенимди атап жатышат...

Мен билишимче Бен Ладен үй-бүлөсү бир топ эле чоң жана ошону менен бирге мамлекетке карыз бере ала тургандай каржылык күчкө ээ. Мен ажылыкка барганда ал үй-бүлөнүн бир өкүлү менен таанышкам. Бул ыймандуу адам болчу, анын сөзү боюнча үй-бүлө андан (Усама Бен Ладенден) баш тарткан. Ал убакта аны, АКШ Ооганстанда орустарга каршы пайдаланган жана ага Сауд Арабияга кирүүгө тыюу салынган деп айтышууда.

Балким, адамдар ошол 1986-жылы ага кызыгышкандыр, бирок менин эч бир кызыгуум болгон эмес. Андан кийин эмне болгонун сиздер билесиздер. Бен Ладендин атын эскергенде адамдын оюнда террордун атасынын элеси келет. Анын сыналгыга чыккан убактагы образы – сакалчан, чалма оронгон, колунда курал кармаган көрүнүшү – мусулмандарды жек көрсөтүү сезимин калыптоо үчүн атайын иштелип чыккан сыйактанат.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, Бен Ладен, балким, өз идеялары менен жалгыз эместир, ал сыяктуу ойлонгондор дагы пайда болушу мүмкүн. Бир жагынан караганда, балким, бардык бир жарым миллиард мусулман калкынын арасында ал сыяктуу эч нерсеге арзыбаган үч-беш киши болсо болгондур. Аларды ислам дүйнөсүнүн таштандылары деп айтсак да болот. Алар өздөрүнүн ылайыксыз аракеттери менен исламдын жаркын жүзүн булгап жатышат. Дүйнө адамдарына ислам тууралуу айтып бергиси келип жаткандардын мүмкүнчүлүктөрүн тарытып, алардын иштерин оорлоштурууда. Бул террор проблемасы бардыгы үчүн далыга урулган канжар жана эбегейсиз оор жүк болду. Бул балээден арылууга жумшалган эмгек, исламдын артыкчылыгын түшүндүрүү аркылуу көптөгөн адамдардын жүрөктөрүн багындырууга, жумшалса болор эле. Азыр болсо мусулмандар, диалогго баштардан мурда башкаларга террорчу эмес экендигин, радикалдуу аракеттерди жасабашын, террорчу-жанкечти эместигин маектешине ынандыруу үчүн көп күч коротууга мажбур болушууда.

Бир булактан кантип бири-бирине карама-каршы көз караштар келип чыгат?

Бен Ладен Куранга жана сүннөткө таянарын ырасташы мүмкүн. Эгер мени Алла Таала мусулман коомчулугунун жөнөкөй өкүлү катары эсептеген болсо, анда биз Куран жана хадистерди илимий жолдор менен түшүндүргөн ислам ойчулдарынын идеяларга таянабыз, бул идеяларын көптөгөн мусулман философтору, социологдору жана ислам аалымдары тутунушат деп айта алам.

Эгер негиз катары Аллахтын Элчисинин (САВ) жана такыба халифтердин иштерин аракеттерин алсак, анда Бен Ладен тууралуу сөз кылуу да болбойт. Алардын кылган кылыктары менен биздин Пайгамбарыбыздын иштерин бир катарга коюп кароого болбойт. Эгер исламдын тарыхый логикасына ылайык Мухаммад Пайгамбардын согуш аракеттерин талдоого алсак, ал өзүнүн талапкерлерине акаарат кылгандардан коргоо үчүн мыйзамдуу укуктарды колдонгон.

Же болбосо келишимге кыянаттык кылып, өз милдеттерин бузгандарды ордуна коюу максатында аракет жасаган. Бул нормалдуу нерсе. Меккени алуу дагы чыккынчылыкка жооп кайтаруудан башталган. Азыркы кезде заманбап демократиялык өлкөлөрдө да мындай мисалдар бар, жана БУУ буга каршы чыккан жок. Мисалы, Иракка демократия орнотуу үчүн кирип бардык деп айтып жаткандар бар болсо, алар Мухаммад Пайгамбардын иштери тууралуу эч нерсе деп айта алышпайт.

Бен Ладендин көз караштары кандай?

Эгер биздин Пайгамбарыбыздын иш-аракеттерин негиз катары алсак, Бен Ладен маселени толугу менен көрбөгөнү билинет, Куранга, сүннөткө жана өткөн жол башчыларыбыздын көз караштарын жалпы камтыбастан, айрым жоболорду гана алып жатат. Бир кеңири колдонулуп жүргөн мисал бар: аскердик топтор Византиянын чептерине тиреништи, аскерлерге жогорудан таш ыргытып, жаа менен атып, баштарына кайнатылган май төгүштү, кылычтар кырчылдайт (бул жерде Мухаммад Пайгамбар дүйнөдөн кайткан соң, 42 жылдан кийин омавийлердин доорунда Константинополь мусулман аскери менен курчалып, бирок, шаар туруштук бергендиги айтылууда). Ошол учурда кимдир бирөө: “...өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө жолдобогула...” (Куран, 2:195) деген аятты айтып, кыйкыра баштайт.

Абу Айюб аль-Ансари (Халид бин Зайд – Алла андан ыраазы болсун – Мухаммад Пайгамбардын (САВ) сахабаларынын бири, ал кезде картаң болсо да, аскердик кагылышууларга катышкан) кийлигишип, аяттын туура эмес чечмеленишин түзөйт: “Силер туура эмес түшүнүп жатасыңар, бул аят бир гана эскертпестен, силерге берилген нерселерди, мүлкүңөр менен жаныңарды Алла Тааланын жолунда сарптагыла деп буюруп жатат,. Эгер мындай кылбасаңар, мал-мүлкүңөр менен жаныңарды керек болгон жерде колдонбосоңор, анда өз колуңар менен өзүңөргө коркунуч жаратасыңар”.

Ушул сыяктуу эле, конкреттүү окуяларды эске албастан, «бутпарастарды кайсыл жерден көрсөңөр, өлтүргүлө» (Куран, 2:190-193) деген сүйлөм да туура эмес эске салынышы туура эмес жыйынтыктарга алып келет. Бул нерсе: силерди таанып, силердин араңарга кирип, андан кийин өзгөрүп, душмандык кылып, улутка чыккынчылык кылгандарды жазалагыла дегенди билдирет. Ар бир мамлекет өзүн мындай чыккынчылыктан коргойт, чыккынчыларды жазалайт. Андан ары минтип уланат: «Эгер алар кийин кайтып келишсе, намаз окуп, орозо кармап жана өздөрүнүн мурунку көз караштарын тутунса, анда аларга тийбегиле» (Куран, 2:190-193). Эгер маселени контекстинен бөлүп алып, бир сөздүн гана негизинде караса, ошондо Бен Ладендикиндей жана ага окшогондордукундай идеялар пайда болот.

Көйгөйдүн баары методологияда деп эсептейсизби?

Ооба, маселе бир тараптуу каралууда. Эгер мусулмандар тууралуу эскерилгенде, адамзаттын Асыл Таажысы (Мухаммад САВ), Куран жана сүннөт эске алынбаган болсо, эгер аларды жана алардын жаркын жүздөрүн биздин орой жана чектен чыккан аракеттерибиз тосуп калган болсо, анда биз жакшылык эмес, жамандык кылып жатабыз дегендик. Азыркы күндө Бен Ладен тирүүбү же жокпу белгисиз. Мен анын, өлүү болуусун жана мусулмандар мындай башаламан ыкмадан кутулуусун каалар элем.

Сиз Иракта уурдалып, баштары кесилип жаткандар тууралуу эмне деп ойлойсуз? Исламдын атынан жасалып жаткан мындай аракеттерге дин кандай карайт?

Баарынан мурда, статусуна карасак, алар туткундар эмес, барымтага алынгандар. Адатта, барымтага алышат, анан өлтүрүшөт. Эгер муну мусулмандар жасап жатышса, анда алар диндин атынан олуттуу кылмыш кылып жатышат.

Анткени, «бир да адам башка бирөөнүн күнөөсү үчүн жазаланышы мүмкүн эмес» деген эреже Курандын олуттуу жобосу болуп эсептелет. Эгер алардын позициясы мамлекетин басып алгандарга карата мамилени билдирсе, анда алар кайраттуулук менен боштондук үчүн күрөш баштоолору керек эле.

Америка ал жерге кирип барганда, алар ушунчалык жар салган аскеринин бардык бөлүктөрүн, дивизияларын жана корпустарын аракетке келтриши керек эле. Түрк эли Чанаккаледе жана Балканда жасагандай: “Жеңиш же өлүм!” деш керек эле. Чанаккаледеги түрк аскерлериндей болуп, салгылашып жаткандардын жарымы курман болсо да, болбоду дегенде, калган жарымы эркин мамлекеттин өкүлдөрү болмок. Эгер согушчу убакта согушпастан, кийин, америкалыктардын кетүүсүн талап кылып, колуңарга тийген бейкүнөө адамдарды өлтүрүп баштасаңар, бул жарамсыз иш.

Мындай жол менен кандайдыр-бир натыйжага жетүү мүмкүн эмес. Бул маселенин экинчи тарабы да бар. Эгер бул өлтүрүүлөр белгилүү жашыруун кызматтар тарабынан ишке ашырылып жаткан болсо, демек, кырдаалды курчутууга аракет жасалып жатат дегендик. Балким, ал жерден түрк ишкерлеринин чыгып кетүүсүн каалап жатышкандыр.

Мисалы, элчиликтин кароол кызматкерлерине аёсуз кол салууну эч бир нерсе менен актоого болбойт. Мындай аракеттерге кимдир-бирөө кызыкдар экенин жокко чыгара албайм. Аллага ишенген мусулман мындай ишке барарына мен ишенбейм. Бул нерсени жасаш үчүн акылдан адашкан абалда болуу керек.

Фетхуллах Гүлен мырзанын «Миллиет» гезитинин кабарчысы Мехмет Гүндемге 2005-жылдын 8-29-апрель күндөрү берген интервьюларына